Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Нотр-Дамдагы өрт тарыхый жайдын сырын ачты


Нотр-Дамдагы өрт. Апрель, 2019-жыл.
Нотр-Дамдагы өрт. Апрель, 2019-жыл.

Нотр-Дам чиркөөсү темир арматура колдонулуп курулган алгачкы имарат экени аныкталды. Озон катмары Жердеги токойлордон чыккан өрттөн улам бузулушу мүмкүн. Климаттын жылышы менен жазында гүлдөр мөөнөтүнөн мурда гүлдөй баштады жана бул жалгыз өзгөрүү эмес. "Азаттыкта" илимдеги соңку жаңылыктардын топтому.

Нотр-Дамдагы өрт анын сырын ачты

Париж 8 университетинин окумуштуулары атактуу Нотр-Дам чиркөөсү темир арматура колдонулуп курулган алгачкы имарат экенин аныкташты. Бул жөнүндө Popular Science басылмасы Plos One илимий журналына шилтеме жасоо менен кабарлады.

2019-жылы катталган өрт окумуштууларга Нотр-Дамдын мурда белгисиз бөлүктөрүн изилдөөгө жол ачкан. Алар имараттын ар кайсы бөлүгүндөгү таштарды бириктирүүгө колдонулган 12 темир кашаанын үлгүсүн алып, изилдеп көрүшкөн. Натыйжада, бул темирлер 1160-жылдары, Нотр-Дамдын курулушунун алгачкы баскычтарында колдонулганы жана ал мындай ыкма менен курулган алгачкы чиркөө болгону белгилүү болду. Окумуштуулардын айтымында, ал кездеги куруучулар өз ишинде ар кандай эксперименттерди жасашкан. Курулуштагы бул технология ошол кез үчүн чоң жетишкендик катары бааланган. Ал эми Нотр-Дам өз мезгилиндеги эн бийик имарат болгон.

Нотр-Дамды реконструкциялоо иштери. 2022-жыл.
Нотр-Дамды реконструкциялоо иштери. 2022-жыл.

Эми бул ачылыш бир гана археологиялык илим изилдөөгө эмес, XII жана XIII кылымда Парижде темир кантип сатылып, кантип жайылганын изилдөөгө да жол ачат. Анткени курулушта колдонулган темирлер ар кайсы жерден чогултулуп, бириктирилген.

Эске салсак, 850 жылдык тарыхы бар чиркөөнүн кыл чокусу менен чатыры 2019-жылдын 15-апрелинде өрттөн улам урап түшкөн. Оңдоп-түздөө иштери былтыр башталган. Ага чейин конструкцияны бекемдөө, куруучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселеси талкууланган болчу. Нотр-Дам чиркөөсү 2024-жылдын аягында сыйынуу жана туристтер үчүн ачылары 6-мартта белгилүү болду.

Токойдон чыккан өрт озон катмарын бузат

Күндүн тик тийүүсүнөн калкалап турган озон катмары Жердеги токойлордон чыккан өрттөн улам бузулушу мүмкүн экенин Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары билдирди.

Буга чейин абага бөлүнгөн синтетикалык булганыч заттардан улам Антарктиданын үстүндө озон катмарынын ажыраганы маалым болгон. Бирок 1987-жылдан бери бул ажырым кайрадан калыбына келтирилүүдө. 2019-жылы ажырым эң кичине көрсөткүчкө жеткени да аныкталган. Бирок 2021-жылы, Австралиядагы ири өрттөн кийин Антарктиданын үстүндөгү озон катмарындагы ажырым кайра чоңойгону байкалган.

2019-2020-жылдагы Австралиядагы өрттөн улам атмосферага 1 миллион тоннадан ашуун түтүн бөлүнүп чыккан. 2020-жылдын сентябрь айында озон катмарындагы ажырым 10% көбөйгөнү анык болгон.

Соңку 20 жылда эле токойлордо 4 ири өрт катталды. 2003-жылы Орусиянын тайгасындагы эле өрт 220 000 чарчы чакырым токойду жок кылды. Азырынча токойдогу өрт кантип озон катмарына таасир этери так аныктала элек. Бирок негизги теория өрттөн чыккан түтүн стратосферадагы азоттун диоксидин кескин кыскартып, озон катмарынын химиялык жардыланышына алып келет.

Климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан гүлдөр

Мичиган университетинин окумуштуулары климаттын өзгөрүшүнүн гүлдөргө тийгизген таасирин изилдешти. Климаттын жылышы менен жазында гүлдөр мөөнөтүнөн мурда гүлдөй баштаганы байкалган. Бул көрүнүш өсүмдүктөр менен аларды чаңдаштырган аарылар, чымчыктар, жарганаттар сыяктуу канаттуулар жана жаныбарлардын ортосундагы өз ара байланышка таасирин тийгизет. Ошол эле учурда глобалдык ысуунун натыйжасында айрым гүлдөрдүн көлөмү чоңойгонун байкоого болот.

Мичиган университетинин окумуштуулары Американын Түндүк жана Түштүк Каролина штаттарынан ипомея гүлүнүн уругун эки мезгилде: алгач 2003-жылы, кийин 2012-жылы чогултушкан. Бул мезгил аралыгында бул аймакта орточо температура жогорулап, жаан-чачын менен кургакчылык катар жүргөн. Тогуз жыл айырма менен чогултулган уруктарды отургузуп, көлөмүн ченешкенде, гүл сезилээрлик чоңойгонун байкашкан.

Окумуштуулар мындай өзгөрүүнү гүлдөр көбүрөөк курт-кумурскага муктаж болгондугу менен түшүндүрүштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG