Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Лейтенанттын өлүмү, милициянын баркы


Милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловду акыркы сапарга узатуу үчүн кесиптештери барды. Өзгөн. 29-январь, 2021-жыл.
Милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловду акыркы сапарга узатуу үчүн кесиптештери барды. Өзгөн. 29-январь, 2021-жыл.

Алай районунда киши колдуу болгон 31 жаштагы милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун сөөгү жерге берилди. Ушул айдын башында Ош облусундагы милиция кызматкерин жарадар кылган дагы бир окуя катталган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Алай районунун үч тургуну Нурланбек Эркуловдун өлүмүнө шектүү катары кармалганын маалымдады.

«31, 32 жана 54 жаштагы үч жаран кармалды. Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталды. Кылмышка байланыштуу далил заттар алынды. Сөөктү жүктөп барган автоунаа, маркумду урган арматуранын сыныктары табылган. Тиешелүү экспертиза дайындалып, азыр тергөө жүрүп жатат».

Милиция маалымдагандай, кармалгандардын бири буга чейин Орусияда каракчылыкка айыпталып, соттолгон.

Нурланбек Эркулов 31 жашта болчу.
Нурланбек Эркулов 31 жашта болчу.

31 жаштагы Нурланбек Эркулов 2019-жылдын 15-мартынан тартып Алай райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү болуп иштеп жаткан.

Маркумдун сөөгү 28-январда Алай районундагы Гүлчө дарыясынын жээгинен табылып, 29-январда өзү туулуп-өскөн Өзгөндүн Дөң-Булак айылында жерге берилди. Артында жубайы жана эки уулу калды.

Алай райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Адылбек Абылов киши колдуу болгон кесиптешин минтип эскерди.

«Чакырууларга биринчи ыкчам тергөө тобу барышы керек. Нурланбек машинеси жок болсо да тергөө тобунан мурда барып, өзүнө караштуу аймакты жакшы карачу. Элге сылык мамиле кылган жакшы жигит эле. Айыл өкмөттөн облустук администрацияга чейин макташып, грамота алып жүрдү».

Милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун өлүмүнө чейин Ош облусунда милициянын дагы бир кызматкерине кол салуу болгон.

12-январдан 13-январга оогон түнү Кара-Кулжа районунда милициянын кенже лейтенантын белгисиз адамдар атып кеткен. Далысынан жараат алган кызматкер ооруканага жаткырылган.

Маркум Нурланбек Эркуловдун сөөгү 29-январда жерге берилди. 2021-жыл. Өзгөн району, Дөң-Булак айылы.
Маркум Нурланбек Эркуловдун сөөгү 29-январда жерге берилди. 2021-жыл. Өзгөн району, Дөң-Булак айылы.

Юрист Мамат Шайиев жогорудагы окуяларды коомчулукта күч органдарына болгон сый мамиленин жоголуп кеткенинен көрөт. Ал тартип сакчылары жарандарга мамилесин өзгөртүшү керек деген пикирде.

«Азыр милициянын ичинде тартип жок. Өздөрү кылмышка барат же кылмышты жаап-жашырып коюшат. Жыйынтык көргөзүш үчүн адамды кыйнап, кылмышты моюнга алдырган учурлар бар. Жакында эле Ноокатта 26 жаштагы бала милициянын ур-токмогунан каза тапты. ИИМди реформа кылуу үчүн анда иштегендердин ички маданиятын да көтөрүү керек».

Ал эми милициянын ардагери Сулайман Маматов күч органдарына көбүрөөк укук берип, ошого жараша кадр саясатын да жакшыртуу керек деп эсептейт.

«Эл арасында түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү зарыл. Милицияга көбүрөөк укуктарды беришсе болмок. Милиция кызматкери билимдүү, ким менен сүйлөшүп жатканын сезген кыраакы болушу керек».

Милициянын ардагери, мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков башка өлкөлөрдү мисалга тартып, мамлекет күч кызматкерлерин коргоп, материалдык абалын жакшыртышы керек деп эсептейт.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

«Илгери милицияга жакын барып ийининен тартып койсоң жооп берчүсүң. Башка мамлекеттерде тартип сакчысына себепсиз жакын жолоого да болбойт. Бизде болсо видеого тартып, жулмалап жатышат. Күн сайын эле көрөм. Мамлекет милицияны моралдык, материалдык жактан коргошу керек. Андай болбосо милицияга эч ким иштебей коёт».

Ош облусунда 2013-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев үйүнүн жанында киши колдуу болгон.

​Кыргызстанда күч органдарынын өмүрүнө кол салган фактылар маал-маалы менен катталып турат. Мындай көрүнүштөр убагында коомчулукта талкууланып, өкмөткө сын айтылганы менен убакыт өткөндөн кийин унутта калууда.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

XS
SM
MD
LG