Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Орусиялык блогердин билдирүүсү. Кыргыз жарандыгын алгандарды ачыкка чыгаруу талабы


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алганын социалдык тармактарда жазганы талкууга түштү. Мындан улам айрым активисттер анын жарандыгын жокко чыгарууну талап кылып чыгышты. Президенттин жарлыгы менен ушул айда Кыргызстандын жарандыгы берилгендердин тизмесин ачык жарыялоо талабы да коюлуп жатат.

Буга чейин ондогон орусиялыктар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан. Президенттин администрациясы Садыр Жапаровдун соңку жарлыгына ылайык жарандык алгандардын тизмесин мурдагыдай ачык жарыялабай, жашыруун кылып койгону да талкууланууда.

Каржы боюнча социалдык тармактарда өзүнүн блогун алып барган орусиялык мурдагы финансист Михаил Жуховицкий кыргызстандыктарга ушул жылдын март айында таанылган. Украинадагы согуштан улам кыргыз жарандыгын алууну каалап, ондогон орусиялыктар аракет көрө баштаганда, Михаил алардын арасында болгон.

22-августта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, анда кыргызстандык журналисттерге нааразылыгын билдирип чыкты. Жуховицкийдин жазганына караганда, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн айынан бийлик жарандык алгандардын тизмесин адаттагыдай ачык жарыялаган эмес. Ошол эле посттун алдына блогер Кыргызстандын паспортун ал "оюн үчүн" гана алып койгонун кошумчалаган.

Михаил Жуховицкий
Михаил Жуховицкий

"Менин 13 досум Кыргызстандын жараны болду. Мен жигиттерди сүйүнттүм бүгүн, негизи эле ар бир жарлык кубанычтуу окуя. Тилекке каршы, сиз бул маалыматты ачык текшере албайсыз. Америка жана Евробиримдик каржылаган жергиликтүү журналисттердин акылсыздыгынан улам бул жарлыктарды ачык койбой, жашырып коюуга туура келди. Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу жарлык акыркы жолу 2022-жылдын 31-декабрында жарыяланган, бирок аны да кийин жашыруун кылып коюшту. Жарандыкка эрте бергендер - азаматтар, эми жакында өзгөртүүлөр болуп, бул өлкөнүн жарандыгын алуу ыктымалдыгы жокко эсе болуп калат".


Жуховицкийдин Фейсбукка жазган бул билдирүүсүнүн алдына 130дан ашык пикир жазылган. Анда көбү кыргыз паспортун алуу алда канчалык оңой экенин, мамлекеттер арасындагы атайын келишимге ылайык аны алып аткандар көп экенин жазган. Жуховицкийдин өзү болсо анда Кыргызстандан сырткары дагы беш өлкөнүн жарандыгы бар экенин топтолгон пикирлердин бирине жооп иретинде жазган.

- Сурен Вердиян: Жарандык көп болсо, кыргыз паспортунун эмне кереги бар? Кандай пайдасы бар?

- Михаил Жуховицкий: Жөн гана көңүл ачуу үчүн. Эмнеге бардык нерсенин мааниси болушу керек? Бул кызыксыз.

Орус блогердин посту, албетте, көз жаздымда калган жок. Социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары аны Кыргызстандын жарандыгынан ажыратууну талап кылышты. Алардын арасында активист Миржан Балыбаев да бар:

"Өзүн да "оюн үчүн" эле Кыргызстандын паспортунан ажыратып, персона нон грата деп жарыялаганга кудурет жетеби? Биздин паспортту "таза көңүл ачуу үчүн" алса болобу? Бул кемсинтүү эмеспи?! Биздикилер алардын аркасын жаап, кыргыз паспортун алышканын жашыруун сыр кылып жатат, алар болсо бетибизге жаба түкүрүп, бизди мазактап жатышат! Намыс барбы?!".

Активист Руслан Акматбек да мындай мамилеге тез арада реакция кылууну талап кылууда.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Мындай болбойт! Бул жалпы эле коомго, бүтүндөй өлкөгө түкүргөндүк! Андан сырткары бул окуя өлкөнүн беделине таасир этип коюшу мүмкүн. Эртең бул үчүн биздин эле жарандар кыйналып калышы мүмкүн, силер жакшы билесиңер да, азыр жарандарыбыз шенген визасын мурдагыдан аз алып калышты. Тактап айтканда жарандарыбыздын эркиндиги чектелүүдө. Ошол эле этностук кыргыздар, Кыргызстанга инвестиция тарткандар айлап-жылдап паспорт ала албай жүрүшөт. Ал эми санкцияга илинген "орус элитасы" чуркап келип, кыргыз паспортун дароо алууда. Азыр тизмени бекитип, көргөзбөгөнгө аракет кылышууда. Бул түмөн суроолорду жаратат. Демек, кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон, алар бар. Эми бул үчүн ким жоопкерчиликти өз моюнуна алат? Тийиштүү мекемелерден адекваттуу реакция болуп, кыргыз паспортун "прикол үчүн" алгандар биз бүтүндөй бир мамлекет экенибизди түшүнүп, биздин паспорттор баалуу экенин билиши керек".

Руслан Акматбек эмне үчүн өлкө бийлиги бир жагынан кызыкдар чет элдиктердин баарына паспорт берип, экинчи жагынан өз жарандарынан тартып алып жатканына баш катырууда.

Былтыр ноябрда бийликтин дарегине айтылган сындан улам өлкөдөн күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров да ушул суроого жооп таба албай жаткандардын катарында:

Болот Темиров
Болот Темиров

"Бул кош стандарттуулуктун ачык мисалы. Бул бийликтин эки жүздүүлүгү, уятсыздыгы. Менин паспортумду жокко чыгарышып, өз өлкөмдөн чыгарылсам, экинчи жагынан Кыргызстандын паспорттору каалагандарга ушинтип берилип жатат".

Орус жарандары Кыргызстандын паспортторун Орусия Украинага басып киргенден кийин активдүү ала баштаганын ушул жылдын башында чыккан чыккан. Алардын арасында ондогон орусиялык мурдагы жана азыркы чиновниктер, бизнесмендер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башкалар бар экени аныкталган. Маселен, Кыргызстандын паспортун Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, орус өкмөтүнүн жогорку соттордогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевский, андан сырткары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттиктин мурдагы жетекчиси, азыр "Бирдиктүү Орусия" партиясынан Мамлекеттик думанын депутаты Юрий Петровдун уулу жана аялы алган. Айтмакчы, Петров Евробиримдиктин, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн санкциялык тизмесине кирген жана Украинанын соту аны өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салган деген айып менен сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан.


Жарандык алган кыргызстандыктардын аты-жөнү буга чейин президенттин жарлыгында ачык көрсөтүлүп келген. Бирок акыркы убакта ал тизме ачык көрсөтүлбөй калды. Буга президент Жапаровдун администрациясы түшүндүрмө бере элек.

"Бизге аброй алып келбейт"

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мурдатан эле каалагандарга сатылып келген кыргыз паспортун же жарандыгын алуу азыр да жеңил экенин айтып, мындан улам президенттин администрациясынан ачыктыкты талап кыларын айтты:

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Парламент жарандык алгандардын тизмесин жарыялашы мүмкүн, жумушка чыккандан кийин бул маселеге сөзсүз кайрылам. Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алып, аны менен четке чыгып кеткенден кийин кыргыз элине каршы чыккандар болгон, аны биз иш жүзүндө көрдүк. Ошондуктан жарандык алуу боюнча иштерди карап, мыйзамды катаалдаштырыш керек. Тилекке каршы, коом, эл, аткаминерлер ар кандай. Айрымдары акчага кызыгып паспортторду сатып ийип атат, кээси жасалма паспорт берип атат. Ушундай тенденция улана берсе, абийирибиз төгүлүп, кыргыз паспортунун баркы кетет. Негизи бул маселени УКМК да катуу текшерүүгө алып, паспортторду ким берүүдө, эмнеге берүүдө, жарандыкты берүү процедурасы кандай жүрүп атат - ошонун баарын текшерип чыкпаса болбойт".


Буга чейин "Азаттык" “Сколково” фондунун улук вице-президенти, биомедициналык технологиялар кластеринин директору Кирилл Каем, бир кездери Кремль менен тыгыз кызматташкан “Наши” жаштар кыймылынын комиссары Мария Александровна (Дрокова) Бухер, Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин экс-депутаты Камил Фергатович Абдуллин, Чувашиядагы “Группа Оргсинтез” компаниясынын башкы директору Ярослав Кузнецов, Благовещенскидеги Asia Import Group компаниясынын ээси Артём Лылык жана башкалар кыргыз жарандыгын алганын жазган.

Эл аралык Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов орус элитасы үчүн кыргыз жарандыгы арзан жана тез алынуучу документ экенин айтып берди:

Илья Шуманов
Илья Шуманов

"Жиховицкийдин "прикол үчүн" алдым дегенине мен кошулбайм, ал жөн гана кыргыз паспортунун баасын түшүргүсү келип атат. Барган сайын орус жарандыгынын таасири азайып атат. Орус бизнесмендери кыргыз паспортун алып, сырткы экономикалык иштерди аткарууда тобокелдиктерди азайтат да, анын өнүгүүсүн бекемдеп алат. Мен кыргыз паспортун алууга кызыктар болуп жүргөн, ал эле эмес, Орусиядан Кыргызстанга көчүп кетүүнү каалаган бир канча адамды тааныйм. Союз маалында туулуп калгандарга кыргыз, казак, өзбек жана башка Борбор Азия мамлекеттердин паспортун жеңилдетилген тартип менен берүү да орусиялыктарга бир топ жардам берип атат. Бирок санкцияга илинип калуу коркунучунда турган, орус бийлиги менен бизнес алып барган, Украинадагы согушту колдогондор да жарандык алууну көздөп атат".

Шумановдун көз карашында, "кыргыз бийлигинин алдында мындан ары ким менен иштешкиси келет деген тандоо турат":

"Кыргыз президенти кол койгон жарлыктын ачык жарыяланбаганын коомдогу талкууларды азайтып, чоң нааразылыктарды болтурбоо аракети катары бааласак болот. Маселен, Кыргызстан санкцияларга кабылып калууну каалабайт. Биз АКШнын бийлиги бир канча кыргызстандык компанияларга санкция салганын көрдүк. Аны айланып өтүүнү чектөө максатында Кыргызстан менен АКШнын өмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүн да көрдүк. Ошондой эле биз кыргыз бийлигинин санкцияларды айланып өтпөө боюнча коомдун алдындагы милдеттенмелерин да көрдүк. Жарандык алгандар тууралуу жарлыкты ачык жарыялабаганы Кыргызстан үчүн АКШ же Европа бийлигинин ишенимин алып келбейт. Ошондуктан бул рационалдуу кадам эмес".

Жылына дүйнөдөгү паспорттордун индексин жарыялап турган Henley & Partners компаниясынын соңку 2022-жылда жасаган индексине ылайык, эң таасирдүү паспорттордун сап башында Жапония турат. Алгачкы ондукка кирген өлкөлөрдүн арасында Орусия жок. Бул өлкө Украинага согуш ачкандан бери бир канча өлкөлөр санкция жарыялап, анын жарандарын визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Буга чейин орусянын жарандыгына ээ болгондор 50дөн ашык өлкөгө визасыз кирүү укугуна ээ болгон. Азыркы тапта бул тизме кыйла кыскарып кеткен.

Быйыл 31-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Ага ылайык, 1704 киши жарандык алып, 46сы жарандыктан чыккан. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун 24 жарлыгы менен 6 316 адам кыргыз жарандыгын алып, 646сы чыгып кеткен.

Санарип өнүгүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин Жарандык жана миграция бөлүмүнүн башчысы Назгүл Абакова Kaktus Media басылмасына курган маегинде 2022-жылдын тогуз айында Орусиянын 1631 жараны кыргыз жарандыгын алуу үчүн кайрылганын билдирген.

ОsОО.kg порталы апрель айында кезектеги отчётун жарыялап, анда 2022-жылы Кыргызстанда эң көп фирмаларды чет элдиктер ачканын жазган.

Кыргыз жарандыгын алган орус үлкөндөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00


2022-жылдын февраль айында Орусия Украинага кол салгандан кийин орусиялык ишкерлер менен санарип адистердин жапырт миграциясы башталган. Жай айларында Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөлүк IT-адистерге “санарип көчмөн” макамын ыйгаруу жобосун иштеп чыккан. Ал макамды алган адистер жана алардын жакын туугандары Кыргызстанда каттоосуз жана жумушка уруксатсыз жайгашып, ишмердик жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берилет.

Кыргызстан, Беларус, Орусия жана Казакстандын ортосунда жеңилдетилген тартипте жарандык берүү тууралуу келишим бар.

Кыргызстанда жарандык алуунун тартиби “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамы менен белгиленет. Анда жалпы жана жеңилдетилген тартиптер каралган. Чет өлкө жараны кыргыз жарандыгына жалпы тартипте өтүү үчүн Кыргызстандын аймагында беш жылдан кем эмес туруктуу жашашы зарыл. Ал эми качкындар, инвесторлор жана суроо-талапка ээ кесиптин ээлери үчүн үч жылдык мөөнөт да каралган. Ошол эле маалда, жеңилдетилген тартип да каралган, ага ылайык, Кыргыз ССРинде 1991-жылга чейин туулган же ата-энесинин бирөөсү болсо да өлкө аймагында байырлаган адамдар өлкөдө бир жылга чейин жашагандан кийин жарандык ала алышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG