Орусиянын жарнама сайттарынын бирине “Кыргызстандын жарандыгын алып берем” деген жарыялар чыгып жатканы тууралуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлдү.
Кыргыз жарандыгын "саткан" жарыялар
Avito.ru сайтында Кыргызстандын жарандыгын 120 миң рублден 600 миң рублге чейин алып берүү жөнүндө жарнама жайнайт.
Мындай жарыяларга кардар катары байланышкан учурда Кыргызстандын жарандыгын алуу беш-алты айлык убакытты аларын жана ал мыйзамдуу экенин дароо айтышат экен. Биз жарнамадагы номурлардын бирине чалдык.
- Алло, саламатсызбы. Мен жарыя боюнча чалып жаттым эле...
- Угуп жатам.
- Кыргызстандан жарандык алуу боюнча сурайын деп...
- Ооба, алып бере алабыз. Болгону баасы боюнча өзгөртүү болууда. Кечинде толук маалымат бере алам.
- Болжол менен канча болот?
- 12 миң доллардай болот.
Мындай "кызмат" көрсөткөндөрдүн бири аты-жөнүн жашыруун калтыруу шарты менен кыргыз жарандыгын алуу жол-жобосун кенен айтып берди. Ал өзү Орусиянын жараны экен.
"Мыйзамда жылчыкча бар экен. Советтер союзунун жарандары, тактап айтканда союз тараганга чейин жашагандар Кыргызстанда жеңилдик менен жарандык алат. Мен билгенден 1991-жылы октябрга чейин төрөлгөндөр алса болот. Ошол эле учурда сиз Орусиянын жарандыгын да сактап каласыз. Орусия кош жарандуулукту кабыл алат. Албетте, кепилдик беребиз. Кыргызстандагы Ички иштер министрлигинде, паспорт берүүчү мекемеде байланыштарыбыз бар”, - деди бизге маалымат берген адам.
Ал соңку учурда кыргыз жарандыгын алууну каалаган орусиялыктар көбөйгөндүктөн мындай кызмат көрсөтүүнүн баасы өсүп кеткенин билдирди.
Ири сумма ичинде паспорт алууга документ чогултуу, тийиштүү органдарга арыз таштоо сыяктуу кызматтар кирет. Ал кыргыз жарандыгын алгысы келгендерди Бишкектен тосуп алып, коштоп жүрүүчүлөр бар экенин айтууда.
“Алгысы келгендер абдан көп. Кыргызстан азыр кыска мөөнөттө жарандык алууга ыңгайлуу. Жаман өлкө эмес, орус тилдүү, санкцияларга кабылган жок. Кыргыз паспорту менен Европага, АКШ ж.б. каалаган жерге барсаң болот. Азыр орус паспорту менен чет өлкөдө жүрүү кыйын. Мисалы, Түркияда орус паспортту менен узак мөөнөткө убактылуу жашоого уруксат бербейт, банк эсептерин ачуу кыйын”, - деди ал.
Жарандык алуудагы жылчыкча
“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдан тышкары 1999-жылы кол коюлган “Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын ортосундагы жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө” макулдашуу бар.
Ага ылайык, СССР ыдыраган 1991-жылга чейин туулган жогорудагы үч өлкөнүн жарандары Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн шарт менен алса болот.
2022-жылы президент Садыр Жапаровдун 24 жарлыгы менен 6316 адам кыргыз жарандыгын алса, 646сы адам жарандыктан баш тарткан. Аталган төрт тараптуу макулдашууга 24 жарлыктын бешөөндө гана шилтеме берилген жана аларда Орусиядан жер которуп келгендердин ысымдары басымдуу.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова 18-майдагы жыйында мындай көрүнүштү кескин сынга алган.
“Бул нонсенс. Демек, Кыргызстандын жарандыгы сатылып калыптыр да. Биздин атайын кызмат кайда? Санариптик өнүктүрүү министрлиги эмне менен алек болууда? Биздин паспорттор ар кайсы жерде сатылгандыктан, дайыма ызы-чуу болот. Эми коммерциялык максатта сатыла баштаптыр”.
Орусия өткөн жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан бери Борбор Азия анын ичинен Кыргызстанга келген орусиялыктардын агымы көбөйгөн. Алардын арасында кыргыз жарандыгын алууга ниеттенгендер да бар экени айтылып келет.
Алардын арасында бул өлкөнүн Мамлекеттик Думасынын депутатынын үй-бүлөсү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, спортсмендер, ишкерлер бар экенин "Хроники" иликтөө долбоору таап чыккан. Андагы маалыматта соңку үч жылда 352 орусиялык кыргыз жарандыгын алган.
Иликтөөчү журналисттер өз өлкөсүнүн жарандыгын алган кыргыздарды эсепке алган эмес. Орусияда туулган жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алгандарга гана анализ жасашкан.
"Хроники" Түндүк Батыш федералдык округунун статистикасын өзүнчө карап чыккан. Алардын эсебинде 2021-жылдан бери бул аймакта туулуп- өскөн 43 киши Кыргызстандын жарандыгын алган.
Эл аралык Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов бул процессти орус элитасы Кыргызстанды дүйнөгө жол ачкан укуктук талаа катары колдонуп жатканы менен түшүндүргөн.
“Бул Кыргызстанды экинчи паспорт алууга жардам бере турган укуктук талаалардын бири катары тандашканын билдирет. Ал экинчи паспорт дүйнө кыдырып саякаттаганга, бизнес жүргүзгөнгө чектөөнү алып салат жана банктык чектөөлөрдү жоёт. Бул көпчүлүк орусиялыктар тушуккан кыйынчылыктарды жеңилдетет. Мунун Кыргызстан үчүн кандай тобокелдиктери болушу мүмкүн? Ушундай схеманы криминалдык өтмүшү бар адамдар да колдонуп жатат”.
Кыргыз өкмөтүнүн реакциясы
Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул жарнамаларга байланыштуу комментарий берип, мындай маалыматтарга алданбоого чакырды.
Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу же чыгаруу иши менен министрликтин Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти алектене турганын билдирди.
Мыйзам боюнча, 18 жашка чыккан чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар кыргыз жарандыгын алууга арыз берсе болот. Ал үчүн акыркы беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашашы керек. Ата-энесинин бири Кыргызстандын жараны болсо, Кыргыз ССРинде төрөлүп, мурдагы СССРдин жарандыгын алгандар жарандыкты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алат.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарандыкка кабыл алуу жөнүндө 2022-жылы чыгарган жарлыктарынын негизинде Орусиянын ондогон таанымал аткаминерлери менен ири ишкерлери Кыргызстандын жарандыгын алганы талкуу жараткан.