Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:50

Пенсиялык реформа: өкмөттүн 11 сунушу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү 2023-жылдын январь айынан тарта масштабдуу пенсиялык реформаларды баштай турганын жарыялап жатат. Демилгечилер жалпысынан пенсияга чыгуу курагын көтөрбөөнү жана бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды камсыздоону убада берүүдө. Бирок иш жүзүндө айрым категориядагы жарандар үчүн алдыдагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасы терс болору айтылууда.

Жыл соңунда парламентте "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Аталган мыйзамдын алкагында Социалдык фонд пенсия тутумун реформалоо боюнча 11 сунушун мыйзамга киргизип, парламент талкуусуна алып чыкты.

Реформалардын алкагында Министрлер кабинети "Келечек булагы" деп аталган Кыргызстандын туруктуу пенсиялык тутумунун стратегиясын иштеп чыкты. Документ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууну максат кылат.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 2023-жылдын январынан тарта пенсиялык тутумду реформалоо башталарын жарыялады. Ал жарандардын пенсиялык камсыздоонун деңгээли мамлекеттин социалдык саясатынын натыйжалуулугунун башкы көрсөткүчтөрүнөн болорун айтууда.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев жарандардын пенсиялык укуктарын камсыздоодо маселелер бар экенин, мамлекет аны чечүүгө умтулуп жатканын билдирди.

"Акыркы убакта пенсиялык системанын адилеттүүлүгү, төлөнгөн пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрү менен алынган пенсиянын өз ара байланышы боюнча маселелер барган сайын көтөрүлүп жатат. Ушундан улам, эмгекке жарамдуу курактагы жарандар татыктуу карылыгын алдын ала камсыздоо менен бирге, пенсиялык төлөмдөрдүн адилеттүүлүгүн, учурдагы пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун көздөгөн кадамдар каралууда. Бул маселеде мамлекет жарандарга татыктуу пенсия алышы үчүн пенсиялык укуктарды түзүүгө толук кандуу финансылык катышуусуна шарттарды түзүүдө көмөк көрсөтүшү абзел".

Реформалар кандай өзгөрүүлөрдү сунуштайт?

Демилгеленген реформалык мыйзамда бир катар позитивдүү жана ойлондура турган жагдайлар бар. Алгач жагымдуу бөлүгүнөн баштайлы.

Биринчиси - пенсиянын базалык бөлүгү көтөрүлүүдө. Буга чейин пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына карап 702 сомдон 3170 сомго чейин ар башка суммада чегерилип келген. 2022-жылдын 1-октябрынан тарта аны эмгек стажынан ажыратып, баарына бирдей 3170 сомдон кылып теңдеп коюшкан.

Экинчиси - каза болгон пенсионердин 18 жашка чейинки балдарынан окуп жатканы жөнүндө документтер талап кылынбайт. Буга чейин каза болгон пенсионердин 16 жашка чейинки балдары жана күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер ата-энесинин пенсиясын алып келген. Өзгөрүүдөн кийин ал курак 18 жашка чейин узартылат жана мындай пенсияны маркумдун күндүзгү, сырттан жана чет өлкөдө окуган студент балдары (23 жашка чейин) дагы алса болот.

Үчүнчү жагымдуу жагдай - реформалар ишке ашса, III топтогу майыптыгы бар адамдарга пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 100% төлөнөт. Буга чейин аларга пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн жарымы эле берилип келген.

Төртүнчүсү - убагында талап кылынбаган пенсияларды алуу мөөнөтү узартылат. Буга чейин пенсионер башка өлкөгө узак мөөнөткө кетип калса, ага пенсия берүү токтотулуп, кайтып келгенден кийин четте жүргөндө албай калган пенсиясынын үч жылдык суммасы төлөнүп берилчү. Жаңы мыйзамда ошол мөөнөттү беш жылга узартуу каралган.

Ошондой эле, курагы боюнча пенсия чектөө жол-жобосу жөнөкөйлөтүлөт. Пенсияга чыгып жаткан адамдан 1996-жылга чейинки эмгек стажы тууралуу маалымкат талап кылынбайт. Реформадан кийин пенсияны чегерүү үчүн жарандын паспорту гана керек болот.

Жогорудагы позитивдүү учурлар менен катар, сунушталган реформалардын концепциясында пенсиялык куракты жогорулатуу жана каражат үнөмдөө боюнча да бир катар пункттар каралат.

Биринчиден, минималдык камсыздандыруу стажы төрт эсеге көтөрүлөт. Мыйзам долбоорунда минималдык камсыздандыруу стажынын төмөнкү чегин беш жыл деп белгилеп, аны 20 жылга чейин жеткирүү сунушталат. Ал 2023-жылдан 2038-жылга чейин этабы менен көтөрүлөт. Муну менен катар эмгек стажы жетпегендер үчүн белгиленген пенсиянын көлөмү жоюлуп, баарына бирдей 3170 сомдон болот.

Экинчиден, жеңилдетилген категориялар боюнча пенсияга чыгуунун мөөнөтү үч жылга көтөрүлөт. Учурда бийик тоолуу аймактарда жашаган эркектер 55 жашта, аялдар 50 жашта жеңилдетилген шартта пенсияга чыгат. Эгерде мындай аймакта жашаган аялдар үч балалуу болсо, анда алардын пенсияга чыгуу мөөнөтү дагы беш жылга төмөндөйт. Сунушталган өзгөрүүлөргө ылайык, ушундай жеңилдетилген категориядагы жарандардын пенсияга чыгуу курагы үч жашка жогорулатылат. Ошондой эле, аракеттеги мыйзам боюнча, 30 жылдан ашуун эмгек стажы бар эркектер 60 жаштан жана 25 жылдан ашуун эмгек стажы бар аялдар 55 жаштан пенсияга чыгууга укуктуу. Соцфонд ушул өңдүү мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуунун түрлөрүн 2025-жылга карата жалпы пенсиялык куракка теңдөөнү демилгелейт. Мекеме бул ыкма бийик тоо шартында жашаган жана иштеген адамдардын экономикалык активдүүлүгүн узартып, пенсия менен камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатат деп күтөт.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп жаткан айымдардын пенсияга чыгуу курагы өзгөртүлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп жаткан айымдардын пенсия курагын 58 жаштан 60 жашка чейин көтөрүү сунушталууда. Ага ылайык, эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматкер айым пенсияга өз убагында чыгууну кааласа, анда 58 жаштан, ишин уланткысы келсе, анда 60 жаштан чыга алат.

Расмий статистика боюнча, алардын саны 7,5 миңдей адамды (10%) түзөт. Соцфонддун божомолу боюнча, бул бир жагынан айымдардын экономикалык активдүүлүгүн узартса, экинчи жагынан жашоо узактыгынын тенденцияларына дал келүүнү көздөйт.

Дагы бир үнөмдөө – каза болгон пенсионерди көмүүгө берилүүчү каражаттан каралууда. Буга чейин каза болгон пенсионерди көмүү үчүн соцфонддон 17 800 сом бөлүнчү, ал пенсиянын базалык бөлүгүнүн 10 эсесин түзчү. Октябрь айында пенсиянын базалык бөлүгү көтөрүлгөндөн кийин бул сумма 31 миң сомго чыккан. Анткени, мурда ал пенсиянын базалык бөлүгүнө байланып келген.

Пенсиялык реформалардын алкагында ал мындан ары эсептик көрсөткүчкө байланып, 20 миң сомго түшүрүлөт.

Баткен районунун Кыштут айылынын тургуну Абдыразак Айдаров алыскы аймакта жашаган жаран катары 60 жаштан пенсияга чыгуу үчүн жакында документтерин тапшырып келген. Ал татаал шартта жашагандар үчүн жеңилдик категориялары сакталса дурус болмок деген пикири менен бөлүштү.

"Беш балам бар, 61 жашка чыкканы калдым, май айында туулгам. Документтерди кечээ жакында тапшырдым, 15-20 күн болду. Үлүш менен эсептеди, "Туңгучта" иштеген төрт жылдык стажым бар экен, совхоздо дагы 10-15 жыл иштегем. Стажымды кенен жетет деди. Азыр алты айдан көтөрүп отуруп 63 жашка чейин алып барат деген сөздөр болуп атат. Биз райондон 60 чакырым алыс жайгашканбыз, тоо жериндебиз. Биз үчүн үч жыл эрте чыккан жакшы, тоолуу айылда жашоо кыйын. Абал оор, 63 жашка чейин карып кетип атабыз".

Реформаларга сын пикир арбын

Социалдык фонд пенсия тутумун реформалоо иштерин жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүнбөшү керектигин билдирүүдө. Каражат чыгымдарды оптималдаштыруу аркылуу теңдештирилет.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Соцфонд мындай демилгелери менен бюджетти үнөмдөө максатын гана көздөп жатканын айтып, пенсионерлердин укуктарын чектеген жагдайларга көңүл бурууга чакырат.

"Бул жерде биз пенсиядан акчаны үнөмдөбөшүбүз керек. Аларга пенсиялык акчасын кайра кошушубуз керек. Инвестор табышыбыз керек, завод-фабрика иштетишибиз керек. Биз ошол жагын карап, акчаны кантип көбөйтүүнү ойлошубуз керек. Пенсия алып жаткан адамдын акчасын кармап, укугун тебелебешибиз керек. Сиздер реформаларды ошондой багытта алып кетип жатасыздар. Мына, "пенсиясынын базалык бөлүгүн токтотуп турушубуз керек, иштеп жатканда маянасын гана алсын, пенсиясын токтотуп туралы" деп айтып жатасыздар. Эгерде ошолордун айлык акысы жетсе, алар пенсиясын алып эле, үйүндө жатып иштебейт болчу. Алар пенсия жетпегени үчүн иштеп жатат".

Кыргызстандын 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзамында эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан жогору көрсөткүчтө кармоо милдети коюлган. 2022-жылдын аягына карай өлкөдөгү жашоо минимуму 7200 сомду түзөт. 2023-жылдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сом болсо, камсыздандыруу бөлүгү кошулгандан кийин орточо пенсия 4966 сомду түзөт. Демилгечилер реформалардын натыйжасында пенсионерлердин 10% жашоо минимумунан өйдө пенсияга жетишерин болжошууда.

Депутат Дастанбек Жумабеков өкмөттүн көрүп жаткан аракеттери баары бир жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоого жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

"Баш мыйзамыбыздын 44-беренесинин 2-пункту – "пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат" деп атат. Бул Баш мыйзамда так көрсөтүлгөн. Ушул Баш мыйзам 2021-жылдын 5-майында кабыл алынып жатканда, биздин шайлоочуларыбыз, балким, ушул пунктка карап добуш берген. Ушул пунктка ишенип ушул Баш мыйзамды колдогон, туурабы? Мен көпчүлүгү ушунун негизинде да колдосо керек деп ойлойм. Эми, ушул эле Баш мыйзамдын 97-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүкчөсүндө "ар бир адам Баш мыйзамда таанылган укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик актыларда бузулду деп эсептесе, алардын конституциялуулугун талашууга укуктуу" деп турат. Эртең сиздерди Конституциялык сотко берсе, сиздер мыйзам алдында жооп беришиңиздер керек".

Эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда ар бир пенсионерге 0,8 иштеген калк туура келет. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2022-жылдын аягына карай пенсионерлердин саны 740 миң кишини түзөт. Өлкөдө жалпы иштеп аткан калктын саны 1 млн. 400 миң киши болсо, анын ичинен реалдуу сектордо иштеп, социалдык төлөмдөрүн төлөп жаткандар 600 миң кишини түзөт. Социалдык төлөмдөрдүн 97% реалдуу сектордогу 600 миң иштөөчүгө, 3% бейформал сектордо иштеген калган 800 миң кишиге туура келет.

Кыргыз өкмөтү фискалдык реформалоо аркылуу көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, салык менен социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөн адамдардын санын арбытуу аракетин көрүп жатканын айтып келет. Натыйжада, сандар чогулган салыктар менен социалдык төгүмдөрдүн көлөмү артып баратканы көрүнөт. Деген менен, аны менен катар салыктан качып, көмүскөгө оогон экономиканын үлүшү да өсүп баратканы ар кайсы статистикалык маалыматтарда чагылдырылууда.

Экономист Элдар Абакиров Кыргызстанда социалдык төлөмдөр системасына катышкан жарандардын санын көбөйтүү саясатын күчөтүү жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо зарыл деп эсептейт.

“Аларды (ишкерлерди) көмүскөдөн жалгыз камчы менен коркутуп-үркүтүп чыгара албайсың. Стимул керек. “Сен өзүңө канча акча чогултсаң, ошончо пенсия аласың” деген стимул эң туура, классикалык ыкма деп ойлойм. Ошол ыкмага өтүш керек. Бизде болгону 2% эле өзүң үчүн топтомо фондго кетет, калганы баары жалпы фондго кошула берет. Ал жерде дагы адамдардын жумушуна жараша бирөө көбүрөөк алса, бирөө такыр эле аз алат. Демек, адилеттүүлүк жок, ошон үчүн көбү пенсияга акча чогулткусу келбейт”.

Соцфонддун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар экинчи пенсионер мөөнөтүнөн мурда жана жеңилдетилген шартта пенсияга чыккандар болуп эсептелет. Алардын көпчүлүгү бюджеттик жана мамлекеттик кызматта иштегендер.

Пенсиялык система боюнча эксперт Жамийла Тогузбаева жеңилдик берген категорияларды жоюу менен тескерисинче, турмушу жашоо минимумунан төмөн болгон жакыр калктын саны көбөйөт деп эсептейт. Ал пенсионерлердин бюджетин үнөмдөөдөн башка да бир катар натыйжалуу жолдор бар экенин айтты.

Жамийла Тогузбаева
Жамийла Тогузбаева

“Жеңилдетилген пенсияга альтернатива болгон жаңы жумуш орундарын ачып, маянаны көбөйтө турган чараларды аткарсак, анда туура болмок. Негизги максатты пенсияны кесип, Пенсиялык фонд менен Каржы министрлигинин бюджетин үнөмдөөгө коюп, бирок ал жарандар кантип жашарына кайдыгер карабай, мындай маселени комплекстүү чечүү абзел. Мен жеңилдетилген пенсияны азайтуу чаралары жумуш орундары жетиштүү, калкынын жарымынан көбү орточо айлык алган өлкөдө жакшы болмок деп эсептейм. Пенсияны каржылоону түз жүргүзбөй, инвестициялап көбөйтүү вариантын карап чыкса да жакшы болмок. Пенсиялык системага такыр салым кошпогон ишканаларды көмүскөдөн чыгаруу жана топтомо пенсиялык фондго чогулган каражатты натыйжалуу башкаруу варианты да көңүл чордонунда болушу керек”.

Эл аралык эмгек уюмунун жобосу боюнча пенсиянын көлөмү орточо маянанын 40% кем эмес болушу керек. Кыргызстандын экономикалык шартында бул жобо аткарылбайт.

Эл аралык стандартка ылайык, бир пенсионерге үчтөн көп жумушчу туура келиши керек. Мындан аз болсо, пенсиялык системанын туруктуулугуна доо кетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG