Жеңиштин жетимиш экинчи жазы
9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 72 жылдыгы белгиленди. Анын урматына Бишкекте эскерүү митинги жана "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Расмий маалыматта ушул тапта Кыргызстанда Жеңиштин жетимиш экинчи жазын тоскон 671 гана согуш ардагери бар.
Бишкектеги Жеңиш аянтындагы эскерүү митинги аскердик парад менен коштолду. Ардагерлердин алдында сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн колбашчысы катары акыркы ирет куттуктап жатканын, ардагерлерге камкордук көрүү үчүн колунан келген аракетин көргөнүн билдирди:
- Ардагерлерге ай сайын кошумча он миң сомдон төлөйлү десек, бюджетте акча жок эле. Чет элдик спонсорлордон жыл сайын каражат таап жаттык.
Атамбаев соңку кезде дүйнөдө тынчтыкты бузуу аракеттери, анын ичинде жүз миңдеген кыргызстандык эмгек мигранттары жашаган Орусияда ксенофобияны, калктар ортосундагы кастыкты жайылткандар көп болуп жатканына токтолду.
Жеңиш күнү Бишкек баштаган өлкөнүн бир катар шаарларында "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Баш калаанын мэриясы быйылкы жөө жүрүшкө 30 миңге жакын адам катышканын билдирди.
Социалдык сайттарда “Өлбөс полкту” Москва пост-советтик мамлекеттерде Улуу жеңишти шылтоолоп өз пропагандасын жүргүзүү максатында жайылткан иш-чара деп сындаган кызуу талкуулар болду. Талкууну Георгий тасмасын тагынуу керекпи же жокпу деген маселе дагы күчөттү.
Кремлдин колдоосу менен акыркы жылдары уюштурулуп жүргөн "Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда төртүнчү ирет өттү. Айрым коңшу мамлекеттер бул маршты өткөрүүдөн баш тарткан.
1941-1945-жылдардагы немистик фашисттерге каршы согушта 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган. Алардын 114 миңден ашыгы майдандан кайтпай калган. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон.
Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.
Таза шайлоону камсыздоо аргасы
12-майда Бишкекте жарандык активисттер "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деген жыйын өткөрүштү. Ага саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттик жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, алдыдагы президенттик шайлоону калыс жана тынч өткөрүү талкууланды.
Жыйынга катышкан экс-президент Роза Отунбаева президенттикке талапкерлердин айрымдары саясий куугунтукка кабылып жатканын айтты:
- Бүгүнкү кырдаал мурдагыдай эле болуп калды. Атамбаевди колдобогон президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле саясий куугунтук коркунучунда турушат. Айрымдары камакта, башкаларына кылмыш иштери козголууда. Жасалма, жетишсиз негиздер менен камашууда. Бул жерде тандалма камоолор айкын болуп турат, - деген Отунбаева өлкөдөгү туруктуулук үчүн саясий элитаны диалогго чакырды.
Экс-депутат, "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов президенттикке талапкерлерди "жигитче келишим" түзүүгө чакырды. Мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов башка мамлекеттерде деле "жигитче келишим" түзүү ыкмасы бардыгын айтып, анткен менен анын Кыргызстанда ишке ашуусунан күмөн санады.
Шайлоодо талапкерлер "бийликчи" жана "оппозициячы" болуп экиге бөлүнүп калганын айтып, баарына бирдей мамиле жок деген пикирлер да болду.
Форумга катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ал жетектеген мекеме “шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын интернеттен онлайн режимде көрүп туруу мүмкүнчүлүгү болот” деп, процессти ачык-айкын өткөрүүгө убада берди.
БШК төрайымы шайлоого катышууга бел байлаган айрым саясатчыларга мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзбөй турууну эскертти. Эксперттер болсо БШК мындай эскертүүлөрдү шайлоо өнөктүгү расмий башталгандан кийин гана бере алат деп түшүндүрүшүүдө.
Быйыл күздө өтө турган президенттик шайлоонун так датасы азырынча белгисиз. Парламенттеги КСДП фракциясы шайлоону 15-октябрда өткөрүү демилгесин көтөрүүдө.
Франция: Макрондун максаты менен милдети
Жекшембиде Франциянын шайланган президенти Эммануэл Макрон ант берип, Елисей сарайында кызматка расмий киришти.
Француз республикасынын тарыхындагы эң жаш президенттин алдында кандай максат-милдеттер турат?
14-майда бийликти Франсуа Олланддан расмий өткөрүп алгандан көп узабай, ал Германияга барып, канцлер Ангела Меркел менен кездешмекчи. Майдын этегинде болсо НАТОнун саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп жана башка дүйнөлүк лидерлер менен алгачкы жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле жаңы президенттин алдында эң башкысы шайлоодо убада кылып келгендей, бөлүнүп калган Францияны бириктирүү, жумушсуздукту ооздуктоо, экономиканы көтөрүү өңдүү олуттуу маселелер турат.
“Биздин алдыбызда чоң максат турат. Ага жетүү үчүн эртеңден баштап эле чыныгы көпчүлүктү түзүүгө киришебиз. Ал көпчүлүк өлкө үмүт артып жаткан, өлкөбүз татыган өзгөртүүлөрдү ишке ашырууга тийиш” – деп белгилеген июндагы парламенттик шайлоодо анын партиясы мүмкүн болушунча көбүрөөк мандат алууга тийиш экенин жеңиштен кийинки сөзүндө Макрон.
39 жаштагы кесиби боюнча банкир, мурдагы экономика министри Эммануэл Макрон “Алга деген кыймылын бир жылдай мурун шайлоого аттанаарын жарыялагандан кийин түзгөн. Шайлоонун эртеси кыймыл “Алга, республика” деген аталыштагы партия болуп өзгөртүлдү.
Артында салмактуу партиясы жок, калың элге кечээ эле таанылган Макрондун ийгилигин көпчүлүк аналитиктер анын жаңылануу, өлкөнүн саясий айдыңын өзгөртүү убадасы менен түшүндүрүшөт. 40 жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан салттуу партиялардын саясатына ичи чыкпаган француздар бул ирет борборчул талапкерге артыкчылык беришти.
Прагада жайгашкан Европанын саясаты институтунун саясий аналитиги Мартэн Мишло Франциянын саясатына жаңы келген, 39 жаштагы Макрондун жеңишинин сырын мындайча түшүндүрөт:
- Биринчиден, Макрондун жеңиши Франциянын европачыл багытын тастыктады. Шайлоонун экинчи турунда франциялыктарга бирдиктүү валютадан баш тартууну, кайсы бир түрдө Еврошаркеттен чыгууну жактаган Ле Пен айым менен ачыктык саясатын туткан Макрон ортосунда тандоого туура келген. Экинчи бир маанилүү нерсени белгилей кетүү зарыл. Макрон мырза франциялыктардын саясатка, саясатчыларга ишенимин кайтарууга убада кылып келди. Бул ушул тапта абдан чечүүчү маселе болуп турат. Ушул шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө элдин саясий партиялардан, башкаруудагы саясатчылардан үмүтүн үзүп койгону даана байкалып калды. Макрон саясий турмушка жаңы дем берет деп ишенгендер көп.
Макрондун жеңиши дүйнөдө популизм өсүп, ашынган күчтөр улам бир өлкөдө баш көтөрүп жаткан чакта бирдиктүү Европанын ийгилиги катары кабыл алынууда.
АКШ: Талаштуу иликтөөгө илээшкен чыр
АКШда эки партиянын кармашы күчөгөн сайын демократтар өткөн жылкы президенттик шайлоого Орусия таасир эткенби деген иликтөөнү көз карандысыз комиссияга берүүнү талап кыла баштады.
9-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Федералдык иликтөө бюросунун - ФБРдин жетекчиси Жеймс Комини күтүлбөгөн жерден кызматтан алды. Медиада бул президенттик шайлоого Москва Трамптын кызыкчылыгына таасир эткенби деген иликтөөгө саясий боек сүрттү.
Рейтер агенттиги өткөн аптада Коми Сенаттын комитетиндеги көрсөтмөгө даярданып жатканда Ак үйдүн кыжырына тийген деп маалымдайт. Вашингтондогу аткаминердин айтканына таянган агенттик баш прокурор Жефф Сешнс жана анын орун басары Род Розенштайн ФБРдин башчысынан 3-майда комитетте эмне айтарын сурашкан деп жазып чыкты. Коми аны айтуудан баш тартканда Трамп кеңешчилери менен муну кызматтык этиканы сактабагандык деп баалаган жана бул президенттин чечимине шыкак берген.
Медиа агенттиктер Коми кызматтан алынардан бир күн мурун ФБРдин Орусияга байланыштуу иликтөөсүн кеңейтүү үчүн адистерди тартууга Юстиция департаментинен кошумча акча сураганын жазышты. Коми көбүрөөк каражат сураганын мыйзамчыларга өзү да айтып берген.
Юстиция департаменти болсо Коми кошумча каражат сураганын жокко чыгарып, деги эле анын кызматтын кетишине каржылоонун эч кандай байланышы жоктугун билдирүүдө.
Ак үй болсо Коминин кетишин Сенатта берчү көрсөтмөсү менен байланыштырбайт. Президенттик администрациянын маалымат катчысы Сара Хакаби Сандерс ФБРдин башчысы “команданын тартибин одоно бузган” деп комментарийледи.
Шаршембиде Вашингтон Коми шайлоо жылы демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун эмейлдери боюнча иликтөөнү жетектөөдө мүчүлүштүк кетиргени үчүн иштен алынганын билдирген.
Демократтар Коми өткөн жылкы шайлоо алдында Клинтондун каттары боюнча иликтөө баштап, ага сокку урган деп күнөөлөп келишсе, эми Орусия менен байланышкан иликтөөдө чечүүчү киши четтетилди деп чыгышты.
Сенаттагы демократтардын лидери Чарльз Шумер президент Коминин кызматтан алып «чоң ката» кетиргенин Трамптын өзүнө айтканын билдирди.
- Конгресс биздин шайлоого Орусия кийлигишип, Трамптын жеңишине салым коштубу дегенди иликтөөдө. Сенат муну иликтеп жатканын билебиз. ФБР Трамптын шайлоо штабы орустар менен тил табышып алганбы же жокпу – өтө олуттуу айыпты иликтеп жаткан. Бул иликтөөлөр президенттин үйүнө өтө чукулдап калды беле? - деп суроо берет Чарльз Шумер.
Ошол эле маалда ондогон республикачылар Коминин кызматтан алынышына тынчсызданып, алардын ичинде Орусия менен иликтөөнү жүргүзүүдө атайын прокурордун дайындалышын эп көргөндөр да бар.
9-майда күтүлбөгөн жерден кызматтан четтетилген Коми кийинки күнү гана комментарий берип, өз кесиптештерине жолдогон коштошуу катында “президент ФБРдин башчысын кандайдыр бир себеп менен же себепсиз эле кызматтан алып саларына көзү эбак эле жеткенин”, Трамптын аны “кандай жол менен кетиргенин” талдоого убакыт коротпой турганын айткан.
ФБРдин мурунку башчысы 16-майда Сенаттын чалгын комитетинин жабык жыйынында көрсөтмө берет. 56 жаштагы Жеймс Коми АКШнын тарыхында кызматтан четтетилген ФБРдин экинчи жетекчиси. Бул мекемеге башчы болуп келген киши 10 жыл кызмат өтөйт. Буга чейин демократтар менен республикачылардын бирдей сыйына татыган Комини төрт жыл мурун экс-президент Барак Обама дайындаган.