Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Порошенкого ким телефон чалган?


Алмазбек Атамбаев менен Петро Порошенко.
Алмазбек Атамбаев менен Петро Порошенко.

Украина президенти 2-ноябрда ким менен сүйлөшкөнү талкуу жаратууда.

Украин тарап алгач Петро Порошенко кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен эки тараптуу маселени талкуулады деп маалымат чыгарган. А Бишкек аны четке кагып, бул кимдир бирөөнүн тамашасы болушу мүмкүн деп болжоду.

Коомчулук ушу тапта Украина президенти Петр Порошенкого 2-ноябрда ким телефон чалганын талкуулоодо. Порошенконун расмий сайтына кыргыз-украин президенттери телефондон сүйлөшкөнү боюнча маалымат чыгып, бир күндөн кийин кайра алынды.

Ал маалыматта өлкө башчылары кыргыз-украин алакасын, тагыраагы, бардык деңгээлдеги саясий диалогду жандантуу зарылдыгы менен соода экономикалык мамилелерди күчөтүүнү талкуулашканы жазылат. Ошондой эле Орусия бөгөт койгонуна байланыштуу Украина товарларын Кыргызстанга өткөрүүнүн альтернативалуу жолдорун сүйлөшкөнү кабарланган.

Айрым маалымат каражаттары ыктымал телефондук баарлашуу бир сааттай болгонун жазышты.

2-ноябрдын кечинде кыргыз тарап муну четке какты. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов:

- Бул маалымат туура эмес. Украинанын президентин кимдир бирөө тамаша кылган болушу ыктымал. Мындай сүйлөшүү мурдатан пландалган эмес. Украинанын президентинин сайтына сүйлөшүү болду деп чыккандан кийин гана биз "болгон жок" деп маалымат бердик.

Украин президентинин сайтынын англис тилиндеги маалымат
Украин президентинин сайтынын англис тилиндеги маалымат

Удаа эле кыргыз тышкы иштер министрлиги телефон чалынбаганы тууралуу Киевге расмий кат жөнөтөөрү маалым болду.

Порошенконун администрациясы маалыматты алып салганы менен башка комментарий бербеди. Украиналык журналист Ростислав Хотин өлкө жетекчисинин маалыматтык коопсуздугу бек корголорун айтууда. Ошол эле учурда аны кимдир бирөө тамашага салышы же телефон чалуу болушу ыктымалдыгын четке какпайт. Ал кыргыз-орус алакасын эске алып, Кыргызстан сүйлөшүү болгон күндө деле аны ачыкка чыгарууну каалабашы ыктымал дейт:

- Балким тамаша. А балким тамаша эмес. Анткени Кыргызстандын өтүнүчү менен украин тарап маалыматты алып коюшу мүмкүн. Анткени, телефон чалуунун өзү эле колдоо катары көрүнүп калбашы үчүн. Анын үстүнө украин тарап менен Орусияга байланыштуу көйгөйдөн улам мамилени күчөтөбүз деп сүйлөшүп атса. Кыргызстан балким орус-кыргыз мамилесин татаалдаштырбаш үчүн ушинтиши мүмкүн. Ал эми Орусия менен алакасында Украинанын жогото турган эч нерсеси калбады. Ошон үчүн Украина түшүнүү менен кабыл алышы ыктымал.

Негизинен Украина менен Кыргызстан талкуулап, жөнгө сала турган маселе жок эмес. Мисалы, расмий маалыматка караганда, эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 2014-жылдан кийин эки эсе азайды. Соода алмашуунун 94% Кыргызстанга импортту түзөт. Украинадан дары-дармек, май, кушмекер, кондитер азыктары баштаган товарлар алынат. Украин жаңжалы башталгандан кийин Орусия санкция салып, ал өлкөнүн товарларын өз аймагынан өткөрүүгө чек койгон.

Эми тамашага келсек, кимдир бирөөнү телефондон тамашалоо "пранк" деп аталат. Буга чейин орусиялык пранкерлер Киевдин мэри, белгилүү боксер Виталий Кличко баштаган украин аткаминерлерин тамашага салышкан. Ошол эле пранкерлерден жабыркагандардын эң белгилүүсү деп беларус президенти Александр Лукашенкону айтса болот. Тамашакөйлөр Лукашенкого Украинанын качкын президенти Виктор Януковичтин уулунун атынан чалып, башкалка маселесин талкуулайт. Айтмакчы, Вован жана Лексус каймана аты бар ал пранкерлер Атамбаевдин атынан Порошенконун тынчын алышпаганын билдиришүүдө.

Порошенко кызматка келгени Алмазбек Атамбаев менен көзмө-көз жолугуша элек. Буга чейин телефондон сүйлөшкөндөрү да белгисиз. Ал балким кесиптешинин үнүн тааныбай деле калышы мүмкүн. А бирок, кыргыз президентинин үнүн окшоштуруу оор деле эмес.

Кыргызстандык куудул Талант Анарбаев президенттин эле эмес, башка бир топ адамдардын үнүн окшоштуруп туурайт. Алтургай жергиликтүү пранк шоуга да катышкан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG