Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Филокартчы жыйнаган ажайып дүйнө


Балтика деңизи. 1939-ж. Польшада чыккан открытка.
Балтика деңизи. 1939-ж. Польшада чыккан открытка.

Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдимиталип Мурзакметов ондогон жылдардан бери куттукча (открытка) чогултат. Аны открытка жыйнап, филокартияны эрмек кылган Кыргызстандагы бирден бир филокартист десек да болот.

Филокартия. Бул терминди сиз “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн” таппайсыз. Филокартия деген бүгүнкү маанисинде открыткаларды чогултуу, изилдөө жана системага салып сактоо дегенди түшүндүрөт (“phileo” — “cүйөм” — байыркы грек тилинде, “carte” — “кагаз, барак”— француз тилинде). Ал эми филокартия менен алпурушкан адам – филокартист же филокартчы деп аталат. Филокартист деген термин да жогоруда аталган сөздүктө жок. Бирок Кыргызстанда көркөм открытка чогултканды эрмек кылган адам бар. Ал Ош шаарынын тургуну - Абдимиталип Мурзакметов. Абдимиталип мырзанын коллекциясында эң эски открыткалары 80 жыл мурда чыккан.

- Иван Крыловдун тамсилдерин бир художник (аты-жөнүн эстей албай атам) иллюстрациялаган экен. Ал открыткалар 1940-жылдан бери эскирбептир, сапаты жакшы. Аларды караганда ырахат алам. Азыркы художниктер Крыловдун китептерин иллюстрациялай турган болсо, ошондой деңгээлде тарта алышабы, кудай билет?

И. Крыловдун "Аюу жана маймыл" деген тамсилине арналган открытка. Филокартчынын коллекциясынан.
И. Крыловдун "Аюу жана маймыл" деген тамсилине арналган открытка. Филокартчынын коллекциясынан.

Мурдагы советтик мейкиндикте 1940-жылга чейинки открыткалар дүйнөсүнө саякаттоону каалаган адамга филокартияга байланыштуу сайттарга бир баш багып көргөн кызыктуу. Открыткалар шаарлардагы кооз архитектуралык имараттар, ал кезде популярдуу художниктердин эмгектери, атактуу артисттер, саясый ишмерлер жана этностор тууралуу күтүүсүз маалыматтарды берет. Мисалы, Түндүк Кавказдын элдери деген 1910-жылы чыккан открыткалар топтомунан мен бу аймакта түркмөндөр, түрктөрдүн карапапах уруусу жашаганын, жалпы аймактагы элдердин кандай кийингенин, Бакуда Түрк маданиятынын үйү (сарайы) болгонун билдим. Түндүк Кавказдын түпкүлүктүү элдеринин кийимдерин, жүзүн жана турпатын Макс Тильке деген художник түрдүү боёктор менен келиштире тарткан экен. Ал эми “Ташкент. Ооган аялдар. 1930-ж.”, “Арап колхозчулар, Тажик ССРи. 1930-ж.” деген открыткалар ал кезде улуттук азчылыктар али титулдуу улуттарга кошуп жазыла электигин кабарлайт. Эгер сатып алам десеңиз, бул жана башка мурдагы советтик открыткалардын баасы 1 доллардан 70 долларга чейин болот.

Оштук филокартист А. Мурзакметов.
Оштук филокартист А. Мурзакметов.

Мурдагы советтик жана азыркы экс-советтик республикаларда чыккан открыткалар эмнеси менен айырмаланат?

- Азыр “Любимая тёща” (Сүйүктүү кайнене) деген аталыштагы открыткага дейре чыгып жатат,-деди Абдимиталип мырза жылмайып. - Кайнене, балдар, кыздар, жээн, бөлө дегендей, бүгүн кимди да болсо өз открыткасы менен куттуктаса болот. Булар бир эле милдетти аткарат: -куттуктай турган гана. А союз мезгилинде открыткалар бир нерсени таанытып-билдирүү, билим берчү милдетин аткарчу. Ар бир открытканын аркасында сүрөттөгү предмет тууралуу маалымат берилчү. Ал маалыматты китептен окуп алсаң да болот, бирок маалыматты открыткадан алган кызык да. Себеби, ал көрсөтмөлүү болуп жатат: өзүн көрөсүң, артын окуйсуң, анан эсиңде жакшы сакталат да. Мен биологдорго барып, бир-эки терминди айтсам, алар: “Сен муну кайдан билесиң?”- дешет да. Алар менин открытка жыйнаганымды билишпейт да. Сапаты, түсү жагынан азыркы открыткалар жакшы чыгып калды. Анткени полиграфия өнүгүүдө да. Бирок, таанып-билүүчүлүк жагы экинчи планга жылып калды да. Совет доорунда "элдин баарын билимдүү кылабыз, ар тараптуу билим беребиз" деп отуруп эле ушундай открыткаларды чыгара берген экен да. Ал открыткаларды бүгүн деле кайра көргөндөн, окугандан тажабайм да.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:32 0:00


А. Мурзакметов филокартист катары негизинен адабият, жаратылыш, искусство темасындагы открыткаларды жыйнайт. Маал-маал открыткалардын көргөзмөсүн уюштуруп да турат.

- Төртүнчү курста окуп окуп жатканда тарых факультетинде биринчи жолу көргөзмө уюштурдум, Нооруз күнү болуш керек... Элде открыткага кызыгуу бар экенин ошондо байкадым да. Мен үчүн көнүмүш иш сыяктуу болуп жатса, мугалимдердин бардыгы таң калышып... (Студент үчүн окуткан мугалимдери таң калып жатышса, чоң сыймык да). Агайларым-эжейлерим таң калып жатышат деп, көңүлүм көтөрүлүп... Ошондо көргөзмөнү бир күнгө деп уюштургам. “Абдмиталип, дагы бир күн коё тур, эртең баламды ээрчитип келейин” деп, эки-үч эжей суранышты. Эртеси Уразова Жамиля эже Элдияр деген баласын, Анара Кадырова эже Эсен деген баласын ээрчитип келип, открыткаларды көргөзүштү. Көптөр каалоолорун жазышты. Бүгүнгө чейин бир дептер толтура каалоолор жазылган. Андан кийин открыткалардын көргөзмөсүн ар беш жылда уюштуруп жүрдүм. Эгер ошол каалоолордун баарын жазсам, бир чоң килейген китеп болуп кетмек.

Абдимиталип Мурзакметовдун коллекциясынан.
Абдимиталип Мурзакметовдун коллекциясынан.

Мындай көргөзмөлөр Абдимиталип мырзага шык-дем, эргүү берсе, көрөрман жаңы дүйнө менен таанышып, руханий лаззат алат. Муну студент-филокартчы 1992-жылы өзү окуп жүргөн Ош мамлекеттик университетинде уюштурган алгачкы жана андан соңку көргөзмөлөрдө “Каалоо дептерине” калтырылган төмөнкү сөздөр күбөлөйт.

“Абдимиталиптин коллекциясын көрүп жатканда Достоевскийдин: “Сулуулук дүйнөнү сактап калат”, - деген сөзү эсиңе түшөт. Бир нече минута, сааттын аралыгында көзүңдүн кумары канат... Чынында эле, бардык нерседе кооздук бар тура. Ыракмат сага, студентим!

Уразова Жамила. Методика кафедрасынын мугалими. 18-март, 1992-жыл”.

"Борбор Азиянын көпөлөктөрү". А. Мурзакметовдун коллекциясынан.
"Борбор Азиянын көпөлөктөрү". А. Мурзакметовдун коллекциясынан.

"Абдимиталип аке! Ушул көргөзмөңүздү көрүп, башка дүйнөгө бир кирип чыккандай болдук. Шаарга бардык, жаныбарлар менен аралаштык, гүлдөргө орондук, иши кылса бир жашарып алдык...

“Ж” группа. 4-курс. Алийма, Айтолкун, Бурабия, Рахат”.

“Эх, Кыргызстан, Ташкент, Новосибирск, Казан, Душанбе, Ялта. Не деген керемет жерлер! Ушул шаарларга барбасам да баргандай болдум. Албетте, Митал Мырзакматов агай аркылуу. Ырахмат сизге! Жеке менин өзүмө жакканы Ялта болду. Мурун уккан элем: "Пулуң болсо калтада, дем аласың Ялтада. Пулуң болбосо, калтада, эмне бар сага Ялтада” дегенди. Мурун Ялтанын атын укканым менен өзүн (сүрөтүн) көргөн эмес элем. Мына эми көрдүм”,-деп жазат 1996-жылы 8-майда Ноокат жатак гимназиясында өткөн көргөзмөдөн кийин 11-класстын окуучусу Жолборсова Венера.

Филокартия мурдагы советтик өлкөлөргө салыштырганда Батыш дүйнөсүндө алда канча мыкты өнүккөн. Гиннестин рекорддор китебинин ырасташынча, эң алгачкы открытканы 1840-жылы англиялык жазуучу Теодор Хук (Theodore Hook) почта менен жөнөткөн. Ошого анын бурчуна сыя штамп урулган. Бул открытка (Penny Peanuts) 2002-жылы Лондондогу аукциондо латвиялык коллекционер Юджин Гомбергге 31 758,75 фунт стерлингге сатылган. Бул 40 миң долларга барабар акча.

Дүйнөдөгү эң кымбат открытка-"Penny Peanuts".
Дүйнөдөгү эң кымбат открытка-"Penny Peanuts".

Биринчи открытка-сувенир 1869-жылы 1-октябрда Австрияда пайда болот. Кийинки жылы француз Леон Безнардо (Léon Besnardeau) бир бетине сүрөт түшүрүлгөн алгачкы открытканы басмадан чыгарат. Бирок сүрөттүү открыткалар 1898-1919-жылдар арасында кеңири жайылган. Бул жылдар тарыхта “Почта открыткаларынын алтын асыры” деп аталат. Жарыша эле филокартчылар коому жаралып, филокартиялык журналдар жана каталогдор чыга баштайт. Ал кезде филокартчылар почтадан жөнөтүлгөнүн бетиндеги штампы тастыктаган гана открыткаларды баалашкан.

Беларус тилиндеги открыткалар.
Беларус тилиндеги открыткалар.

Ал эми кыргыз тилинде жазуусу бар открыткалар барбы? Тарых илимдеринин кандидаты А. Мурзакметовдун айтымында, кыргыз тилиндеги открыткалар совет доорунда чыгып, төбөлсүздүк доору келгени дээрлик токтогон.

- Кыргыз тилиндеги открыткалар өтө эле сейрек, аз. Менде ошо союздун шарапаты менен чыгып калган открыткалар бар: “Фрунзе шаары”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргызстандын колдо жасалган өнөрү (?)” деп аталат. Алардын баары Ленинградда орусча, кыргызча, англисче чыккан открыткалар. Акыбал бизде азыр деле оңолуп кеткен жери жок. Акыркы жылдары туристтерге багытталган открыткалар чыгууда. Көзүм көргөн жерден открытка алып атам. Бирок Кыргызстан жөнүндө открыткалар аз. Өзүмдү соороткон нерсе: Кыргызстанды өз көзүм менен көрүп жатпаймынбы! Открытка чыкканда аябай жакшы болмок. “3000 жылдык тарыхы бар Ош шаары” эле дейбиз. Бирок Ош жөнүндө отрытка жок дээрлик. Менде совет мезгилинде чыккан жалгыз открыткасы бар. Ош кыргыз драма театры, артында Сулайман тоо жана каштан дарагы (ал дарак азыр да бар) көрүнүп турат. Театрдын алдынан бир “ГАЗ-24” өтүп баратат. Фотограф ошол көрүнүштү сүрөткө тартып алган экен. Мен үчүн эски Оштун элеси түшүрүлгөн открытка кымбат. Мындай да... Мен аны бирөөнүн колунан сатып алганым үчүн кээде сапаты начарлары, эскирип калгандары болот. Бир учурда аларды иргеп, эскилерин жөн эле ыргытып салсамбы, бирөө көрсө жакшы эмес деп ойлоп жүрдүм. Кийин билип калдым, андай эски открыткаларга кызыккан адамдар бар экен да. Себеби бир мезгилдеги шаардын өң-келбети (облиги) анын бүгүнкү көрүнүшү боюнча гана элестетилип калат экен да. Мурун кандай болгону эстен чыгат экен да. Ошого открытка тарыхый жактан баалуу болуп калат. Муну билгенден кийин эски открыткалардын баарын сактап койдум да. Мисалы, Орусиянын шаарларында иштеп жүргөн тааныштарым менен менин коллекциямдагы открыткаларды көрүп калганда, алар: "Эй, биз мына бу жерде жүрөбүз. Бирок, азыр бу жерде момундай нерсе турат. Мобу азыр жок”, - дешет. Музейдин экспонаты канчалык эски болгон сайын, ошончолук баалуу боло берет да...

Ялта. Бухара эмири атындагы көчө. ХХ кылымдын башындагы открытка.
Ялта. Бухара эмири атындагы көчө. ХХ кылымдын башындагы открытка.

Филокартчыны өкүндүргөн мындай көрүнүштүн бир башаты совет мезгилинде открыткаларга көбүн эсе шаарлардын келбети түшүрүлүп, кооз жерлер аз түшүрүлгөнүнө байланыштуу болушу ыктымал. Өзүм, мисалы, филокартиялык сайттарды эртеден кечке аңтарып, 1930-1939-жылдарга таандык бөлүктөн Кыргызстанга тиешелүү үч гана открытка таптым. “Дом Правительства Киргизской ССР” деген жазуусу бар открытка Өкмөт Үйү 1936-жылы 7-ноябрда ачылгандан 1-2 жыл кийин чыккандай. Экинчи открыткада кадимки Алыкул Осмонов дарыланган Койсары курортунунун ашканасы (Койсары, столовая) түшүрүлгөн. “Сопу-Коргондогу көпүрө” открыткасы да астындагы “Ош уезди” деген жазуусуна караганда, ал 1940-жылга чейин чыккан. Бул тарыхый открыткалардын ар биринин сатыкка коюлган баасы 2 долларга жетпейт.

Ош Мамлекеттик университетинин Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Абдимиталип Мурзакметовдо мындай ар бири өзүнчө сөзгө татыктуу 10 миңден ашык открытка бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG