Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Прокурор далил катары алынган акчаны букмекерге уттурдубу?


Башкы прокуратуранын имараты
Башкы прокуратуранын имараты

Бишкекте прокурор далил буюм катары турган 700 миң доллардан ашык каражатты букмекерге уттуруп жиберди деген маалымат талкууга түштү. Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Башкы прокуратура Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Рустам Абдрасулов кармалганын ырастап, бирок букмекер тууралуу маалыматты тактаган жок. Коомчулукта укук коргоо кызматкеринин мындай жоругу кызуу талданып, анын жана жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуштагандар көбөйдү.

"Мамлекетке зыян келтирилген жок"

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Рустам Абдрасуловдун кармалганы 22-сентябрда белгилүү болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттары ишенимдүү булактарына таянуу менен ал кылмыш ишинин алкагында далил буюм катары алынган 700 миң доллардан ашык каражатты өзү билемдик менен сейфтен алып, букмекердик конторага уттуруп жибергенин жазып чыгышкан.

23-сентябрда Башкы прокуратура бул боюнча билдирүү таратты. Анда 21-сентябрда кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын эсебине түшкөн акчаны инвентаризациялоодо ири өлчөмдөгү каражат жетишпегени аныкталганы жазылган.

Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоп, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесинин (Шектүүнү кармоонун тартиби) негизинде Рустам Абдрасулов кармалган.

"Бүгүнкү күнгө Рустам Абдрасулов ыйгарып алган акча каражаты толугу менен ордуна коюлду. Ал акча жеке адамга таандык болгон, мамлекетке зыян келтирилген эмес. Тергөө аракеттери улантылууда",-деп жазылат Башкы көзөмөл органы тараткан билдирүүдө.

Мекеме букмекер тууралуу маалымат берген жок. Сот органдарынан да маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Прокурордун кармалышы эмнени каңкуулайт?

Ишембиде Рустам Абдрасулов Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) кармалганы тууралуу маалымат тарады. Кийинчерээк ал үй камагына чыгып кетти деген кабар айтылды. Бул маалыматтарды расмий тактоого мүмкүн боло элек.

Канткен күндө да Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкеринин кылмыш иштеринен түшкөн эсептеги акчага байланыштуу кармалышы жана букмекер тууралуу маалыматтар ар кандай талкууларга жем таштады.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев тергөө Абдрасуловдун ишинде келтирилген чыгымды төлөтүүнү негизги максат катары карап жатканын сынга алды.

"Баш коргоо чарасын тандоо саясаты мыйзамда келтирилген чыгым төлөнгөнүнө жараша каралат. Адатта көбү соттолсо дагы, чыгымды ордуна койбой коет. Ошондуктан азыр тергөө кызматы Абдрасулов жоготкон акчаны ордуна койдургусу келип атат. Азыр иш козгоп, зыянды ордуна койдуруу жана жазасын берүү зарыл. Кылмыш жоопкерчилине тартылышы керек ал адам, иштен кеткени да абзел. Менин пикиримде "сен чыгымды төлөп койдуң, эми барып мурдагы иштеп аткан ишиңди уланта бер" деп айтпайт эч ким, иштен айдалат. Буга окшогон кызматкерлерден укук коргоо органдарын тазалап, жетекчилер үчүн катардагы окуя катары көз жаздымда калып калбашы керек".

Рустам Абдрасулов Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ылайык ("Ишенип берилген мулктү ыйгарып алуу" ) кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымал. Анда үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат деп жазылган. Бирок Абдрасулов менчик ээсине же башка ээлик кылуучуга зыянды кайтарып берсе жазадан бошотулушу мүмкүн.

Башкы прокуратура кызматкерин актап жатабы?

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөгөн Башкы прокуратурадагы мындай көрүнүшкө мекеме жетекчилиги жооп бериши керек деген пикирде. Анын көз карашында, прокуратуранын өзүнүн "мамлекетке зыян келген жок" деген маалымат таратканы органдын кандай иштеп жатканын жана кадр маселесине көңүл буруш керектигин далилдеп койду:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

"Аларды камаганда эмне, мамлекет бакканы туура эмес, андан көрө төлөтүп,анан чыгарып коюу керек" деген тенденция күч алып кеткен. Анын негизинде далай адамдар миллиондорду чөнтөгүнө салып, анан кайра төлөмүш этип чыгып кеткен. Ага Райымбек Матраимов баш болгон кызмат абалынан пайдалангандар мисал боло алат. Абдрасуловдун ишинде "мамлекетке зыян келтирилген жок" деп Башкы прокуратура өзү бүтүм чыгарып, аны актоого аракет көрүп жатат. Кандай кылмыш болбосун, ал жазасын калышы керек да. Болбосо кылмыштуулуктун саны арбып, "кармалсам да төлөп берип, кутулуп кетем" деген психология калыптанып калат. Келтирилген зыянды калыбына келтирүү бул милдеттүү нерсе. Абдрасулов билип туруп, кылмыш ишине барып атпайбы. Ал жаш бала эмес да, "байкабастыктан алып коюптур, эми мына ордуна коюп койдук" дегидей. Тилекке каршы азыркы бийликтин саясаты ушундай болуп атат. Башкы прокуратура мыйзамдуулуктун аткарылышын көзөмөлдөй турган орган. Ошол эле күч структураларынын ишин көзөмөлгө алат. Анан прокуратура өзү "мамлекетке зыян келген жок" деген позицияны карманып атса, мыйзамдуулукту башка ким көзөмөлдөйт?".

Саясат талдоочулар прокуратура кызматкери "ишенип берилген мулктү ыйгарып алуу" беренесинен сырткары 337-берене менен ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жоопко тартылышы керек дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев муну Кыргызстанда коррупция менен күрөштүн натыйжасыз болуп жатканы менен байланыштырды:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Түрмөдөн чиновниги да, башкасы да коркпой калды. Анткени түрмөгө түшөт, бир аздан кийин чыгып кетет. Жаңылыктарга ондогон адамдар кармалганы тууралуу маалымат чыгып, анын жыйынтыгында кайра үй камагына чыкканы айтылат. Бизде коррупция менен күрөш катуу болуп аткандай түр көрсөткөнү менен жакшы натыйжа берген жок".

Бул иште аты аталган прокурор Рустам Абдрасулов тууралуу маалымат тапкан жокпуз, анын кызматка качан дайындалганы да белгисиз. Башкы прокуратура толук маалымат дүйшөмбү күнү бериле турганын кабарлады.

Прокуратура кызматкерлери кармалып, иш козголгон окуя биринчи жолу катталган жок. 1-сентябрда УКМК Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майору З.У. аттуу кызматкерин пара талап кылуу жана алуу фактысы боюнча кармаган. Кармалган прокуратура кызматкери тергелип жаткан кылмыш иши боюнча маселени оң жагына чечүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу опузалап, пара алганы аныкталганы кабарланган. Ал эки айга атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.

2023-жылдын 27-июнунда Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси 20 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМК кармаган. Анда ал кылмыш ишин козгобош үчүн 50 миң доллар опузалаганы айтылган. Ошол эле күнү шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

2023-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңештин биргелешкен тармактык комитеттеринин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасаган. Жарым саатка созулган отчетунда Зулушев жалпы укук коргоо системасынын ишинин эффективдүүлүгү жогорулаганын айткан.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

"Кадр маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат жана прокуратура органдарында ич ара тазалануу иштери тынымсыз жүрүүдө. 2022-жылы кызматтык милдеттерин так аткарбаганы жана прокуратура кызматкеринин кадыр-баркын кетирүүчү жосундарды жасаганы үчүн 12 кызматкер прокуратура органдарынан бошотулган. Мындан сырткары кадрдык резервге сынак аркылуу 184 талапкер кабыл алынып, анын 97 кызмат менен камсыз болду. Биздин ишибиз формалдуулукту жоюуга, коррупциялык иштерди болтурбоо жана жарандардын мамлекетке болгон ишенимин арттырууга багытталат".

Зулушевдин 2022-жылдын жыйынтыгы тууралуу жасаган баяндамасында прокуратура органдарында иштеген төрт кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 300дөн ашыгы тартиптик жаза алганы белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG