Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Өзүнөн мурда өзгөнүн камын көргөн Тапай


Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев. 28.3.2019.
Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев. 28.3.2019.

Кыргыздын таанымал жазуучусу, сатириги, фельетончусу, бата айтуу устаты Калканбай Ашымбаевдин чыгармачылыгынын бир шиңгил өрнөгү тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиев өз блогун сунуштайт.

Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев (ал 1932-жылы 10-сентябрда Кыргызстанлын Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында туулган) кыргыз окурмандарына бир топ аңгемелери, “Интергельпо” романы, анан “Батакөй чал” философиялык этюддары, ак баталары менен кеңири белгилүү.

Муундар ортосундагы мамиле-катнаштын нарктуу салтын улаган улуу сөздүн кудуретин жазуучу кемелине келтирип сыпаттап берет.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун “Тапай” деген кызыктуу баянына токтолобуз.

Бакыраң көз кара бала үйүнүн жанынан өткөндөрдүн баарына “Салоом алейкум!” деп учурашат. Улуулар кичинекей баланын бул жоругуна мыйыгынан жылмайып, көбү анча деле маани бербей, тааныгандар “а, Тапай, Чапай” деп тим болушат. Бала өз атынан атабай шакаба кылгандарына деле таарынбайт. Бирөө жумшаса декилдеп чуркап кыйыктанууну билбейт. Анысынан бир нече ирет энесинен тил угуп, атүгүл токмогун да жеген.

Тапай кайда экен деп издеп калса, баласы кошунасынын тоогун айдашып жүргөн болот. Канча айтты, укпады, балдар менен кубалашып ойногондун ордуна улуулардын сөзүн тыңшап, кеп аңдыйт. Ушундай да бала болот экен. Чоң кишилер менен каадалуу адамдай сүйлөшөт, аябай жакшы көргөн адамы - кошунасы Ыйманаалы деген бутунан аксап баскан аксакал киши. Тапай менен ынак, кээде ортончу кызы Анар менен ойнойт. Жети жашар кошунасы келгенде Ыйманаалы кадимкидей сүйүнөт.

“ – Кел, Тапай, кеп урушабыз, - деп аны сырдашынан бетер сыйлайт. Тапай аны “аба” дейт, андан сырын жашырбайт. Абасы күнүгө сугаттан кайтканда Тапай белен.

- Аба, карагерди кошуп келейин.

- Энең урушуп жүрбөсүн?

- Урушпайт. Баары бир кайра тартканда уйду айдай келем, Тапай күнүгө ушинтет. Бүгүн да абасынын атын кошкону белеңденип турат: шапкесин өйдө көтөрүп, илгичин ондоп, мурдунун суусун бет аарчысы менен сүрттү. Кокус жолдон бирөөлөр кезигип калса, Тапай эмне жүдөп калган дебейби”.

Тапайга ушул жагат, басыктуу ат үстүндө танк мингенсип өзүн бийик сезип, үйүнүн жанынан өтүп баратканда энесинин “Сырдыбай, уйду айдай кел” дегенин угуп, кайтканда уйду айдай келерин ойлоп дүйнөсү түгөл. Эл жумуштан, мал кезүүдөн кайтып, күндүзү тынч турган айыл бака-шака түшүп кызуу кыймылга басылып, алоолонуп күйүп бараткан күн батыштагы мунарыкка батып, бир ажайып көрүнүш башталат. Карагер үстүндөгү Тапай тизгинди учурагандардын баарына саламын айтат.

Бул ирет дүйнө капар баратса, алдында тегирменге унун тарттырып келгенге улоо таппай Асанбек турду. Какшыгы жок сүйлөбөгөн кераяк неме Тапайды көрө коюп, сүйүнгөнүн айтпа:

“ – Эй, тарт бери! – деди керсейип.

- Абам атчынын колуна тапшыр деген.

- Абаң менчигине басып алыптырбы, тарт бери! – деп Асанбек жакындай басты. Тапай атты такымга чаап, бөлп-бөлп желдиргенде аттын жонунан көтөрүлүп жатты. Качып баратып айтканы бул:

- Атчыдан сурап албайсызбы?

- Эх, Тапай, Тапай! – деди Асанбек аргасыздан күлүп. Тапай сарайга келсе, жан адам көрүнбөйт.”

Эми эмне кылат? Мурда бул жерде турганда Тапайды аттан түшүрүп жүгөнүн шыпырып колуна карматышчу. Карагерди жоошутуп жалын тартып эптеп аттан түштү. Дубалга жакын бастырып барган, жүгөнүн шыпырайын десе карагер башын чулгуп ойкуштай басып кетти. Дагы жакшы, аттын чала шыпырылган жүгөнү жолдо түшүп калган экен издеп отуруп акыры таап алды. Антип-минтип жүгөндү таап келгиче, бададан кайткан уйлар айылды аралап кетиптир. Тапай уюн издеп жүгүрүп атып, алка-шалка терге түштү. Уюн энеси тосуп алса жакшы, тоспосо кайсы короого кирип кетти экен деп издемей башталат. Күйүккөн бала жүгөндү көтөрүп үйгө келсе, энеси менен Ыйманалы кошунасынын аялы урушуп атышыптыр. Мына сага.

“ – Уюңду эмне тосуп албайсың ыя, төлө көйнөктү!

- Төлөбөйм!

- Төлөйсүң!

- Төлөбөйм дейм, уктуңбу!

- Койсоңорчу болбогон кепти, - деп Ыйманалы аялын жулкулдатып алып кетти. Аны көргөн Тапай энесин колдон алды.

- Койчу, энекебай...

- Кибиреген жашабагыр! – деп энеси Тапайды көмөлөтө бир койду. – Бирөөнүн атын кошкуча уйду көздөбөйсүңбү? Көйнөгүңдү чайнап кетпедиби?!

Тапай бетинин топурагын аарчып тура калды. Ал Ыйманалы көргөн жокпу деп артын кылчак-кылчак карады. Энеси демитип болбойт:

- Уйду карай тур дебедим беле. Бирөөнүн жумушу жакшыбы, же өз жумушуң жакшыбы? – Тапай башын шылкыйтып үн катпайт. Ал энесинин ошентип, кез-кез ачууланганын жактыра бербейт. Ал көбүнчө атасына ыктайт. Атасы бирөөгө жаман айтпаган, көпкө аркасы тийген, көптү сыйлаган киши.”

Ал киши жайлоого малчыларга кеткен эле. Азыр болсо анын көзүнчө аялдар жажылдашмак эмес. Ал күн ошентип аяктады, кечке ары-бери чуркап, бирөөлөрдүн ишин кылып жүргөн баланы уйку басып, үйүнө кирер менен отурган жеринде кулады.

Эртеси Тапай ойгонуп, сыртка чыгып бетин муздак суу менен жууп эшик алдында турса Ыйманалы абасы карагерди жетелеп кетип бараткан экен. Тапай абасына салам айтты. Абасы “энең урдубу?” деп сурабады. Тапайга ушунусу жакты. Анан үйүнүн жанындагы дөңгө чыкса атасы жайлоодон келатыптыр.

Тапайдын сүйүнгөнүн айтпа, эшикке жакындаган атасына озунуп салам айтты. “Алекума салам, кандай, баатыр акеси?” - деп атасынын көңүлү куунак экен. Ат байланып, кымыз түшүрүлгөндөн кийин “абамдарды чакырып коёюнбу?” деди эле атасы макул болду. Тапай Ыйманалынын үйүн көздөй зуу койду. Кечээки урушту атасына айткан жок, антсе ушак болуп калбайбы.

Бирок урушту көрүп калган кошунасынын кызы Анар Тапай менен ойнобойм деп мурдун чүйрүдү. Ага капа деле болбоду, кыз кишиге теңелмек беле. Ыйманалы аялы менен кымыз ичкени келишкенде кечээ эч нерсе болбогондой улуулар кызык кептен козгошуп, баарынын жарпы жазылып көңүлдүү отурушту.

Тапайдын кубанычында чек жок эле. Мына, атасы келип баары жайына келди. Ыйманалы абасы атын өзү тутуп келди, болбосо Тапай барып карагерди кармап жетелеп келмек. Мындай иштерди Тапай жакшы көрөт.

Баарынан да абасы кеткенден кийин энеси “эмнеге чакырдың?” деп уулун жемелебеди. Тапай атасы келгенден кийин баары жай-жайына келгенине, энесинин ачуусу жазылып, эки үй ортосунда кайрадан ынтымак орногонуна, бир гана Анар тултуңдап “ойнобойм” дегени болбосо баары жакшы аяктаганына сүйүнүп отурду.

Баланын кирсиз таза дилинде адамдар урушпаса, бирин-бири сыйлап кадырлап турушса деген гана ой турду. Өзүнөн мурда башкаларды ойлоп, өзгөлөрдүн камын көрүп, мээримин төгүү айкөл адамдын колунан келчү иш экенин Тапай биле элек болчу. Убакты-сааты келгенде ал да чоңоюп, жигит болуп, элинин керегине жараган азамат болор. Ага чейин элдин кызматын кылып, энесинин урушканына, кээде колу тийип калганына кайыл болуп бирөөлөргө жакшылык кылсам деп ат эткенден так этип, эмне жардам кыла койсом экен деп, жардам колун сунуп турар.

Калканбай Ашымбаевдин мына ушул кичинекей каарманы кадимки батакөй чалдын кичирейтилген, сөз багып, салтты улап, өзүн каадалуу киши сезип алган дили ак, жүрөгү таза адамдын жалпылаштырылган образы.

Даректүү тасма. Жазуучу К.Ашымбаев: "Жаш муундун сөзгө чоркоктугу кейитет". Super.kg. 14.9.2016.

Жазуучунун кийинки жылдарда жараткан “Батакөй чалы” окурман журтунун кызыгуусун жандырбас колдон түшпөй окулчу чыгармага айланды.

Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин “Батакөй чал” китебинин мукабасы. (Бишкек: Эркин-Тоо, 2006. – 102 бет).
Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин “Батакөй чал” китебинин мукабасы. (Бишкек: Эркин-Тоо, 2006. – 102 бет).

Өзү да бата айтуу устаты болгон жазуучу К.Ашымбаевдин “Батакөй чал” чыгармасында автордун кыргыз карыясы кандай болуш керектиги, азыркы доордогу аксакалдыктын коом алдындагы милдети, орду таасын, таамай ачылып берилген.

Китептеги адеп-ахлак өңүтү жатык тил менен чагылдырылган ошол этюддардын бирине назар салыңыздар:

“Байкуш, кыргызым, той десе тополоңу түшүп, ошол тойдо өздөрүнүн ар-намысын, кудуретин, ырыс-ыйманын жана байлыгын даңаза этишке кумарланат десең. Бир карап турсаң той - ата-бабабыздан бери укум-тукумга таберик этилген керемет күзгүсүбү деп да кетесиң, бир туруп, той - биздин элди түк күттүрбөс кур намыска айландыбы деген күдүк ойдун күбүрүнө түшөсүң.

Илгери-илгери той десе, күлүгүн суутуп, кушун таптап, балбандарын камдап, жар чакырар акындарын тандап, катуу бүлүнүшчү тура. Ошондо деле кедей байкуш катуу каржалып, "ынтымактан" чыга албай, бересеге батып келиптир. Азыркы ач өзөк тарткан доордо той десе, анча-мынчасы сүйүнүп, карапайым калк: "Капырай-е, капкайдагы шылтоону бетине кармашып, элдин кызылын кырып ала турган болушту" - деп шыпшынышат.

Кеп ыңгайынан улам жазуучунун ушул философиялык этюддарынын жаралышына байланышкан дагы бир үзүндүнү келтире кетүүнүн ыңгайы келип турат:

“Ошондой тойлорго атак-даңкка чулгангандар, анча-мынча аты билинип, бийликке илингендер чакырылат эмеспи. Алардын чачпагын көтөргөнсүп, жапыздана куйрук улаш олтурган, орто бойлуу, жашы алтымыштан ашкан, адеп сактап аз сүйлөгөн, наркка салып, алдындагы ашты апылдатып ийбеген ак саргыл абышка колго суу куйган балага:

- Өмүрүңө береке берсиң, ырыс-кешиктүү бол, айланайын, - деп алкады. Андан саал жогору олтурган тыржыйган кара сур киши күлгөн болду:

- Ой, сен деле илгерки жетимиш-сексен ашкан чалдардай бата берет экенсиң го...

- Алтымыш ашканы "айланайын, жарыгым, алтын башың аман болсун", - деген сөз оозума кирчү болду. Адам аттууга озунуп салам айтма адетим ого бетер күчөп, ким болбосун алкамайын койбойм...



Аны көпкө тиктеп турган, терең карыган эл акыны Сүйүнбай Эралиев:

- Мунуң жакшы карыгандын белгиси, азыркы күндө салам менен батанын үрөнү үзүлүп, кысыр жерди алабата, эрмен баскан сымал көчө-көчөдөн болсун, базардан болсун сөгүнгөн сөздөрдөн заарканасың. Бата адамдын бар кудуретин байкатат, - деп калды. Сөзүнүн акырында муну кошту, - мен муну дамбылда деп коём.

Анда куйкум сөзгө шыкакчыл бирөө: "Батакөй чал" деген куп жарашып жүрбөсүн, - десе көпчүлүк дуу күлүп жиберди. Ошондон улам ал "Батакөй чал" атка конду.”

Кыргыз эл жазуучусу, "Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери" наамынын ээси, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, жазуучу, сатирик, фельетончу Калканбай Ашымбаев - тегин жерден чыккан эмес.

Ал - айтылуу манасчы Мамбеталы Ашымбай уулунун (1897, азыркы Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылы —1969, ошол эле жер) урпагы.

Мамбеталы Ашымбай уулу жаш кезинде Караколдогу өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып, Көл аймагын кыдырып, элге «Манас» айтат. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен өнөрүнүн декадасына катышкан. Ал ошол жылдан тартып 1944-жылга чейин Ысык-Көл облусунун драма театрында артист болуп иштейт. Ден соолугуна байланыштуу ал өнөрпоздүк кызматты таштап, өз айлына кайткан. Ал өмүрүнүн акырына чейин айылдаштарына "Манас" эпосун айтып келген.

Манасчынын урпагы Калканбай агайдын кичинесинен сөзгө жакын болгону, андан да аксакалдардын батасын алып чоңойгону түнүктүү. Келме кезек демекчи, эми ал өзү бата айтуу салтын жаш муундарга ырааттуу аңдатып келе жатат.

Жакшы сөз, баба батасы – улуттун улуулугун, айкөлдүгүн айгине кылчу эн-белгилердин бири.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG