Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Чоочун жерде соолуган кырчын өмүр


Владивостокто 18 жаштагы С.А аттуу кыргызстандык жаран бычактын мизинен каза тапты.

16-июлда шаардагы «Престиж» азык-түлүк дүкөнүндө күзөтчү болуп иштеген 18 жаштагы кыргызстандык кардардын колунан каза болгон.

Дүкөндөн бир бөтөлкө суу алып, акча төлөбөстөн чыгып кеткен кардар артынан чыккан күзөтчүгө бычак шилтеп, изин жашырып кеткен.

Маркумдун туугандарынын айтымында, С.А дүкөндө январь айынан бери иштеп жаткан. Бирок жумуш берүүчү менен мыйзамдуу эмгек келишими түзүлгөн эмес.

- Орусияга келгенине бир жылдай болуп калган. Мектептен кийин эле келген. Дүкөндө декабрь-январь айынан бери иштеп жаткан. Жумуш берүүчү айлыгын төлөп берди. Консул менен сүйлөштүк. Бала дүкөндүн ичинде каза болгон эмес, короосунда 100 метр алыстыкта табылган. Окуя кандай болгону белгисиз. Полиция териштирип жатат.

Тааныштары С.А жумуштан кийин спорт залда машыгып, кикбоксинг боюнча таймаштарга катышканын айтышууда.

Владивостокто жашаган Нуркыял Аматова Орусиянын Приморский аймагында беш миңдей кыргызстандык мигрант иштерин билдирди. Буга чейин аймакта турмуштук чырдан улам киши колдуу болуп өлгөн мигранттар болгон эмес дейт ал.

- Кичинекей, тынч шаарда турабыз. Кыргыздар аз болгону менен баары өзүнө тың. Жергиликтүү калк дагы кыргыздарды сыйлайт, кыргыздар дагы өзүн түз алып жүрүшөт. Мурда мындай окуя болгон эмес. Жаш жигит бөөдө каза болуп калды ушинтип. Бул жерде кыргыздар ынтымактуу, дароо колунан келгенин чогултуп, жардамга келишет. Азыр баланын өлгөнүн уккан орустар дагы жардам берип жатышат.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин пресс-кызматчысы Гүлбарчын Байымбетова учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

- Окуя болгондо эле биздин ал жактагы канцеляриянын кызматкерлери байланышып, дароо көзөмөлгө алган. Бүгүн-эртең сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт деп жатышат. Кылмышка шектүү делген адам кармалган. Азыр баланын дүкөндөгү иши - эмгек келишими, иш убактысы сыяктуу маалыматтар такталып жатат. Ал иш маалында каза таап жатпайбы. Жумуш берүүчү мыйзам чегинде көмөк көрсөтүшү керек.

Бул кылмыш боюнча 52 жаштагы Орусиянын жараны камакка алынып, Кылмыш кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча иш козголгон.

Маркумдун сөөгү Кыргызстанга бүгүн, 19-июлда жөнөтүлөрү айтылды. Жылына Орусиядан ар кандай себептерден улам каза тапкан мигранттардын 300дөйүнүн сөөгү ата журтуна жиберилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG