Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

«НТВ мигрант спортчуларды каралады»


Орусиянын НТВ телеканалында борбор азиялыктардын спорт клубдары жана анда машыккан мигранттар тууралуу берүү көрсөтүлдү.

Москвада борбор азиялык мигранттардын спорт клубдары тууралуу НТВнын «ЧП. Расследование» программасы 15-мартта эфирден кеткен. ​

«Күндүз алар тамак ташып, короо тазалашат, ал эми кечкисин өздөрүнүн мушкер клубдарына барып, киши өлтүрүүнү үйрөнүшөт. Жөндөмдөрүн көчөдө талап-тоноо менен каракчылык кылганда сынашат» деп башталат берүү.

Телеберүүдө дээрлик 30 мүнөт бою мигранттардын спорт клубдары «мыйзамсыз», мындай жайларда борбор азиялыктар «кулпуну ачып киргенди, бычак менен курал-жарактарды колдонгонду үйрөнүшөт», «акча үчүн турнирлерде мушташып, ийгиликке жетпегендери ич ара биригип, уюшкан кылмыш топторун түзүп жатат» деп айтылган.

Берүү Москвада кылмышка айыпталган тажикстандыктар менен башталып, «Ихлас» спорт клубунда машыккан кыргызстандыктар, «Ак-Барс», «Айкөл» клубдары өткөргөн эрежесиз эр уруш боюнча турнирлерден кадрлар көрсөтүлгөн.

Мигранттардын спорт клубдарына, машыгуучуларына кылмышкерлер катары мүнөздөмө берген НТВ телеканалынын берүүсү эфирге чыккандан кийин коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары телеканалды "улут аралык кастыкты козутту, мигранттарга карата жек көрүүчүлүктү жаратты" деп айыпташкан.

Адистер талдайт

Медиа эксперттер НТВнын «ЧП. Расследование» программасында журналисттик этика, стандарттар бузулуп, мигранттардын образы терс мүнөздө берилгенин белгилешти.

Москвадагы Маалымат каражаттарынын укуктарын коргоо борборунун директору, юрист, медиа каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган коомдук коллегиянын өкүлү Галина Арапова «ЧП. Расследование» программасы буга чейин да сынга кабылганын белгиледи:

"Берүүдө улуттук аралык кастыкты козутуунун белгилери бар. Биринчиден, бир улутка карата терс образ түзүлүп, ар кандай мисалдар менен бекемделген. Экинчиден, бир адам аркылуу бүтүндөй бир улутту каралоо болгон. Берүүдө күмөндүү статистикага таянып, кылмыштуулук өсүп баратат, ага борбор азиялыктар күнөөлүү дегендей шилтеме жасалган. Албетте, мындай кастыкты, жек көрүүчүлүктү жаратуу коркунучтуу нерсе. Бул коомчулукта толеранттуулукту азайтып, башка этникалык топторду жектөөгө шыкак берет".

Журналисттик этиканы бузган жана пропагандалык материалдар камтылган берүүнү НТВ каналынын журналисти Роман Игонин даярдаган.

Галина Арапова, Маалымат каражаттарынын укуктарын коргоо борборунун директору
Галина Арапова, Маалымат каражаттарынын укуктарын коргоо борборунун директору

Юрист Арапова телеберүүдө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча бир адамга же топко карата кастыкты козутуунун белгилери бардыгын, бирок зомбулукка ачык чакырык жасалбагандыктан, укук коргоо органдарына кайрылуудан жыйынтык чыкпасын белгиледи. Ошол эле эксперт мындай сюжетке реакция болушу керек деген ойдо.

Ал эми Борбор Азиядагы тынчтык жана медиатехнологиялар мектебинин директору Инга Сикорская НТВнын сюжети эмгек мигранттарынын эл аралык деңгээлде бекитилген укуктарын эске албаганын айтууда.

Инга Сикорская
Инга Сикорская

Медиа эксперт мындай сюжет Орусияда жергиликтүү калктын мигранттарга мамилесин гана эмес, кыргыз диаспорасынын ичинде да ажырым жаратарын белгиледи.

"Берүү толугу менен стереотиптик, ксенофобдук көз караш менен даярдалган. Маалымат бир тараптуу берилип, мигранттар душман катары көрсөтүлгөн. Берүүдө айрым статистика апыртылган. Мисалы, Москвада мигранттардын элүүдөй мыйзамсыз клубу бар деп айтылат. Бирок бул сан тастыкталган эмес. Элүүдөй мыйзамсыз клуб бар, анын ар биринде жүздөгөн мигрант машыгат деген тастыкталбаган маалымат коомчулукта коркунуч жаратат. Дагы бир чоң кемчилик – берүүдө эмгек мигранттарынын эл аралык деңгээлде кабыл алынган укуктары корголбогон. Мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунун Мигранттар тууралуу конвенциясында мекенинен тыш жүргөн адамдар уюм, топ, клуб түзө алат деп айтылган. Ал эми берүүдө мигранттардын спорт клубдары мыйзамсыз, жашыруун, жабык, кылмыштуу жайлар катары сүрөттөлгөн.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттарына жана бул аймакта көрсөтүлгөн орусиялык медиаларга мониторинг жүргүзгөн Инга Сикорская 2010-жылы июнь окуясынын алдында Кыргызстандагы улут аралык абал тууралуу НТВ телеканалында бир тараптуу телеберүүлөр чыкканын эске салды.

Эксперт Кыргызстанда коомдук телеканал баштаган медиалар миграциянын оош - кыйыштарын, мигранттардын өз өлкөсү менен Орусиянын экономикасына кошкон салымы тууралуу объективдүү, альтернативдүү маалымат бериши керек деп эсептейт. Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын жүзүн ачып, имиджин көтөрүү үчүн ТРК «Мир», «Первый канал» телеканалдары менен тиешелүү мамлекеттик органдар тыгыз кызматташып, атайын аракеттер көрүлүшү зарыл деген ойдо.

Телеберүүнүн каармандары

НТВнын «Чеги жок мушкерлер» берүүсүндө былтыр футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан маалда Москвада туристтерди автоунаасы менен сүзүп кеткен кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу эми акча үчүн мушташка даярданып жаткандай көрсөтүлгөн.

Чыңгыз өзү НТВ каналынын журналисттерибиз деп келген адамдар анын сөзүн бурмалап, телеберүүнүн өңүтүн түшүндүрбөй эле тартып кеткенин айтты:

"Мага «сен бир турнирге катышат экенсиң, ошол боюнча сурайбыз» деп кайрылышкан. Түнү спорт залдан чыксам күтүп турушуптур. Анан съемкада эле башка суроолорду бере башташты. Кылмыштуу топторго эч кандай тиешем жок, биз андай балдар менен аралашпайбыз деп жооп бергем. Мага акча керек болуп жатат, ошон үчүн мушташка чыгам деп эч айткан эмесмин. Бирок алар кескилеп, менин сөздөрүмдү бурмалап чыгарып салышты. Мен сюжет чыккандан бери эмне кыларымды билбей жүрөм. Кыргызстанга кетейин деп турам. Адвокаттарым ал журналисттер менен байланышып, тактайбыз дешкен. Бирок алар телефон чалууларга жооп бербей, качып жатышат".

Ал эми «Ихлас» спорт клубунда машыккан кыргызстандык мигранттар кылмышкерлер катары көрсөтүлгөн.

Клубдун машыктыруучусу Арап Надиров анда НТВнын журналисттери суроо-сопутсуз эле залга кирип келип тартып кеткенин айтууда.

"Алар биз тренировка кылып жатканда кирип келип съемка кыла башташты. Мен барып сурасам, түшүндүрүшкөн жок. 5-10 мүнөттөй эле тартышкан. Көп жерин монтаждап, кийин балдардын бетин ачык көрсөтүп, өздөрү каалагандай чыгарып коюшуптур. Албетте, нааразы болуп турабыз. Арыздануу үчүн жолун сураштырып, эч нерсе кыла албай отуруп калдык".

Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Раимкул Аттокуров телеберүүдө кыргызстандыктар машыккан спорт клубдар кылмышкерлерди даярдап жаткан жай катары көрсөтүлүп, бардык кыргызстандык мигранттарга шек жаратканына нааразы болгондордун бири.

"Кесепети бир гана спорт менен машыккан балдарга эмес, бардык мекендештерге тиет. Биз кат жазып, өзүбүздүн пикирибизди билдирдик".

Телеберүү социалдык тармакта таркагандан кийин Москвада спорт клубдарда машыккан кыргызстандыктар жана алардын тренерлеринин атынан НТВ каналынын сюжети боюнча нааразылык каты таркатылган.

«Биз жаштарыбызды көчөдө ишсиз ары-бери баспай же түнкүсүн клубдарга барбай, спорт менен машыгууга чакырабыз. Спорт адамды өзүнө ишенимин гана чыңдабастан, тартипке да үйрөтөт. Биз мыйзамдуулукка, биз иштеген өлкөнүн мыйзамдарын сактоого чакырабыз» деп жазылган ал катта.

Раимкул Аттокуров
Раимкул Аттокуров

Аттокуров кыргызстандык мигранттардын баарына шек келтирген бул телеканалдын берүүсүнө өкмөттөн да кандайдыр бир жооп болушу керек деген ойдо.

"Расмий өкмөт, элчиликтен болобу жооп келиши керек деген ойдомун. Себеби, бир жагы саясатпы же жергиликтүүлөргө мигранттарды жаман көрсөтүү максатында жасалганбы, атайлап тартылганы көрүнүп эле турбайбы".

Орусияда кыргызстандыктардын спорт клубдары, мушкерлери менен жөнөкөй мигранттарына көө жапкан НТВнын сюжети боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы тынчсыздануу билдирген кат таркаткан.

Улуттар аралык кастыкты козуткан сюжеттин тарап кетишине жол берилбеши керек деген мекеме Тышкы иштер министрлигине сунуш жөнөткөнүн билдирген.

Орусиядагы элчилик Кыргызстандын ИИМнин өкүлчүлүгү менен бирге Москвадагы бир катар спорт клубдарында мигранттар менен жолугушуу өтүп жатканын кабарлаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG