Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

Слоткин: Орусия урушта чоң жоготууга учурады


Украина. Иллюстрация сүрөт.
Украина. Иллюстрация сүрөт.

Орусия Украинадагы согушка жиберилген күчтөрүнүн жарымын жоготту. Америкалык конгрессмен Элисса Слоткин CNN каналына курган маегинде "согушта орус армиясынын 75 миңден ашык аскери каза тапты же жаракат алды" деп билдирди. Москва ушул күнгө чейин Украинадагы жоготууларынын так санын ачык жарыялабай келет.

Америкалык конгрессмен, демократиялык партиянын өкүлү Элисса Слоткин маекти утурлай президент Жо Байдендин администрация өкүлдөрү менен жабык брифингге катышкан.

"Бизге маалымдалгандай, 75 миңден ашуун орус аскери Украинада өлтүрүлгөн же жаракат алган. Бул өтө көп көрсөткүч", - деди Слоткин.

Американын Борбордук чалгын кызматынын эсебинде, Украинада он беш миңдей орусиялык аскер курман болгон. Ал эми украин президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүсүндө, бул сан кырк миңдин тегерегинде.

Москва жоготуулар тууралуу акыркы жолу мартта гана маалымат берип, Украинада 1351 жоокери гана өлгөнүн ырастаган. Ошол бойдон үн ката элек. Эгер АКШ жарыялаган сан ырасталса, Орусия урушта чоң жоготууга учурап жатканынан кабар берет.

Телеграмдагы "Жакыныңды изде" деген каналда Орусия тарапта согушуп жүрүп, Украинада дайынсыз жоголгон же курман болгон аскерлер тууралуу маалымат тапса болот. Аны негиздөөчүлөрдүн айтымында, каза болгон көптөгөн орус жоокерлеринин жанында тек-жайын күбөлөгөн документтер болгон эмес. Ошондуктан миңдеген аскердик сөөгү Украинада кала берген.

"Биз кандай кылышты билбей турабыз. Сөөктөрдү эч ким алып кетпейт. Миңдеген адамдын сөөктөрү... Эми жакындарын издегендер чалгандан да корко баштаганын байкадык. Биздин каналга да кирбей калышты. Менимче, кандайдыр бир олуттуу кампания жүрүп жатат. Аларга биздин ресурстарга кирүүгө тыюу салып жатышы мүмкүн",- дейт каналдын негиздөөчүлөрдүн бири.

Көз карандысыз эсептерге караганда, Орусия аймактарынан Бурятия менен Тыва жан башына алганда Украинада набыт кеткен аскерлердин саны боюнча алдыда турушат. Бурятия 160, ал эми Тыва жүздөн көп аскеринен айрылганы кабарланып келет. Ал эми "Эркин Бурятия" коомдук фондунун президенти Виктория Маладаева өлгөндөрдүн саны андан да көп болушу мүмкүн деп боолголойт.

"Жүк-200 ушул күнгө чейин аябай көп келип жатат. Баары биздин аскердик бөлүктөрдү жөн эле окко салып беришкенин түшүнүп турат. Аны бизге жеткен аудио сүйлөшүүлөрдөн да угуп атабыз. Бизди аяшпайт алар. Буряттарды, тывалыктарды, дагестандыктарды жана калмыктарды алдыга жөнөтүп жатышат. Ошондуктан бизде жоготуулар көп",- дейт Маладаева.

Орусиянын Бурятия, Тыва сыяктуу жакыр аймактарында армияда келишим аркылуу кызмат өтөө - эптеп акча табуунун бир жолу. Маселен, Тывада орточо айлык 10-15 миң рублди түзөт (13-18 миң сом).

Украинада орусиялык күчтөрдүн катарында согушкан эки кыргыз жаранынын сөөгү июнь айында мекенинде жерге берилди. Ага чейин колунда орус паспорту бар, келишимдик негизде орус армиясынын жүргөн теги кыргызстандык беш адам урушта мерт болгону ырасталган.

Ал эми Киев майданда күнүгө жүз чакты украин жоокери набыт болуп жатканын билдирген.

Ушу тапта украин куралдуу күчтөрү түштүктөгү стартегиялык Херсон шаарын кайтарып алуу үчүн контрчабуулга өткөнү жатат. Согушка чейин 290 миң киши жашаган шаар толук масштабдуу агрессиянын алгачкы күндөрүндө орус армиясынын колуна өткөн.

Британиянын Коргоо министрлиги 28-июлдагы бюллетенинде Херсонду кайтаруу операциясы күчөп жатканын билдирди.

"Түштүк" ыкчам командычылыгынын маалымат катчысы Наталья Гуменюктун айтымында, облустагы Андреевка жана Лозовое айылдары баскынчылардан бошотулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG