Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Жалал-Абад: өз имаратын курган милиция


Жаңы курулуп жаткан милиция бөлүмчөсү.
Жаңы курулуп жаткан милиция бөлүмчөсү.

Жалал-Абаддагы аймактык милиция бөлүмдөрүнүн имараттарын акыркы жылдары ашар жолу менен тартип сакчылары өздөрү куруп жатышат.

Кылмыштуулук менен күрөшүү милдетин аткарып, чарбалык иштерди да өздөрү бүтүрүп жаткан кызматкерлердин аракетин баалагандар да, сындагандар да бар.

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы милиция бөлүмчөсүн милиция кызматкерлери өздөрү ашар ыкмасы менен куруп жатышат. Аймактык ички иштер бөлүмчөсүнүн башчысы Бакыт Чимбердиев билдиргендей, ашарга райондук милиция башкармалыгынын өздүк курамы тартылган. Алар курулушту кышка чейин бүтүрүп салууну көздөп турушат. Учурда имараттын дубалы тургузулду.

- Азыр биз айылдагы эски дүкөндүн имаратында, шарты жок абалда иштеп келе жатабыз. Мен жетекчиликке келгенге чейин имараттын пайдубалы курулган экен. Быйыл башталган курулуш иштерин, буюрса, милиция күнүнө чейин бүтүрөлү деген план койдук. Анын курулушуна айылдыктар, менин туугандарым жана досторум жардам берип жатышат. Имараттын жалпы сметалык баасы 8 млн. сомдон ашат. Байкелеримдин кирпич заводдору, башка ишканалары бар, колдон келген көмөгүн көрсөтүүдө. Айыл өкмөт жана райондук администрация да толук бүтүрүүгө көмөктөшө турганын айтышты. Жумушубузга тоскоол болгон жери жок. Иштен соң гана келип кол кабыш кылып жатабыз. Биздин аймак Өзбекстан менен 15 чакырымдай чектешет жана төрт айыл аймактын жайыт жерин кароо биздин милдет, - деди Барпы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Бакыт Чимбердиев.​

Миң-Өрүк айылында салынып жаткан имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзүп, 18 бөлмөдөн турат. Мында иштеген милиция кызматкерлери 32 миң адамды тейлейт. Жаңы имаратта калкты тейлөө борборун ачуу да пландалууда. Учурда имараттын дубалы бүткөрүлүп, үстүнө ылай төшөөгө райондук милициянын башчысы өздүк курам менен кол кабыш кылууда.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун аймагында буга чейин элдин каражатына ашар жолу менен Аксы районунун Ак-Суу айылында жана Сузак районунун Кызыл-Туу айылында милиция бөлүмдөрү курулган. Башка аймактарда да ушундай курулуш иштери жүрүп жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков буларга токтолду:

- Аксы районунун Ак-Суу айылында былтыркы жылдын күз айларында милициянын таяныч пункту, Сузак районунун Кызыл-Туу айылында аймактык милиция бөлүмчөсү ачылып, ишке берилди. Мындан тышкары, былтыр Токтогул райондук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн жаңы имараты да бүткөрүлгөн. Бул курулушка каражатты милиция кызматкерлери, жергиликтүү жашоочулар, ыктыярчы демөөрчүлөр чогултушкан. Сузактын Атабеков айылындагы милициянын бөлүмчөсү 2015-жылы ашар жолу менен башталып, токтоп турат. Мындан сырткары, мурда Кадыржан Батыровго таандык болгон университет да толук бойдон ИИМ аркылуу бюджеттин каржылоосу менен бүткөрүлүп жатат.

"Милициянын имарат курганы - мамлекеттин алсыздыгы"

Иш бөлмөлөрүн өздөрү ашар жолу менен салып жаткан жалаң эле милиция кызматкерлери эмес. Мындай ыкма азыр билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында да кеңири колдонулуп жүрөт. Акыркы жылдары Жалал-Абадда төрт мектеп, беш бала бакча жана эки ФАП демөөрчүлөрдүн эсебинен ашар жолу аркылуу курулган. Жергиликтүү талдоочу Абилбап Мамарасулов мындай аракеттерди мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы менен байланыштырды:

- Азыр дарыгерлер, мугалимдер жана милиция өз имаратын өзү куруп жатканы кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Бул - мамлекеттин алсыздыгы. Жарытылуу маяна төлөп бере албаса да иштөөгө шарт түзүп койсо болмок. Ошол себептүү аларга чарбалык иштер кошулуп, кесиптик ишмердүүлүгү начарлап баратат. Бул жерде кесиптик кызыкчылыктан экономикалык жана финансылык кызыкчылык жогору турганы өкүндүрөт. Бизде система бузулуп, коом өнүкпөй жатканы ошондон улам болуп жаткандай. Анан дагы бир айтчу жагдай: ашар жолу менен курулган имараттардын коопсуздугу жана кепилдик мөөнөтү да узак эмес. Кээ бирлери бат эле керектен чыгып жатпайбы.

Укук коргоочу жана Ички иштер министрлигине караштуу Байкоочу кеңештин мурунку мүчөсү Азиза Абдрасулова мамлекеттик стратегиялык объектилердин ашар жолу менен салынышын туура эмес деп эсептейт:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Милициянын имараты атайын эрежелерди жана коопсуздук жагын эске алып салынышы керек. Ал жерде курал сакталат, кылмышка шектүүлөр кармалып, тергөө жүрөт. Экинчи жагынан, демөөрчүлөрдөн акча сурап, курулуш материалдарын сатып алып бүтүрүп жатышат. Эртең ошол демөөрчү же анын туугандары кылмышка барса, аларды жазага тарта алабы? "Мен сага каражат бергем, караштырып кой" деп айтышы мүмкүн да! Маселе ушунда турат. Ошол себептүү булардын баарын мамлекет көзөмөлгө алып, өзү куруп бериши керек болчу. 2015-жылы ошол учурдагы Жалал-Абаддын милиция башчысы Жеңиш Жоробеков "Тогуз-Тородо ашар жолу менен милиция бөлүмчөсүн салабыз" деп баштаган. "Бирок ага керектелүүчү курулуш материалдарын башка буюмдарын кантип табышат?" деп айткам.

Облустагы тоолуу аймактарда милициянын аймактык бөлүмдөрү негизинен эски имараттарда жайгашкан. 24 миң кишини тейлеген Базар-Коргон районунун Арстанбап айылындагы авариялык абалдагы аймактык милиция бөлүмү да көп жылдардан бери оңдолбой келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG