Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:15

"Кызматтын ордуна аялымды тандагам"


Тенти Тамашаев аксакал

Соңку 100 жыл дүйнө тарыхын өзгөрткөн чоң окуяларга бай болду. Ушул доорду өз көзү менен көргөн журтташтардын баянын сунуш кылабыз. "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнүн каарманы - Түп районундагы Талды-Суу айылында жашаган 98 жаштагы Тенти Тамашаев аксакал ондогон жылдар бою партиялык кызматтарда, райондук гезитте, айыл башкармасы, мугалим болуп иштеген.

Териден жасалган күрмө, шым кийип чоңойдук

1930-жылдары атам малдуу, колунда бар киши экен. Оокаттуу кишинин баласы болуп менин кийгеним тери тон, шымым да териден жасалган эле. Ойлосом кийимдин баары териден жасалчу экен ал кезде.

16га чыкканда алгачкы жолу чүпүрөктөн тигилген көйнөк, пальто кийип Бишкекке барганым эсимде. Биз бала чакта азыркыдай жайнаган түрдүү тамак, таттуу-паттуу жок эле. «Мампасый» деп бир жолу таттуу нерсе жеп көргөнүм эсимде калыптыр. Ал кезде машине жок, кыргыздар жалаң атчан жүрүшчү. Ошондо да улуу кишини көргөндө ийилип саламдашып, өзүбүздөн улууну аттан жөлөп түшүрүп, атын казыкка байлап, сыйлап, урматтап турчубуз.

Адамдар азыркыдан мээримдүү, боорукер болор эле. Анын зыяны да тийген учурлар болду. Айылыбызда апийим саткан эки киши бар эле, аларды элдин баары билчү. Милицияда иштеген жердешибиз "ал эки апийимчини алыстан көргөндө аттын башын буруп кетем, "өз айылдаштарыңды каматтың" деп эл мени тытып салбайбы" деп айтып калчу. Көбүнчө милиция күйөөсүнүн сөзүн укпай койгон келиндерди тартипке салып, ошондой майда маселелер менен алек болчу. Башка чоң кылмыштар деле болчу эмес ал кезде.

Адамды аябаган согуш, кайгыга алдырган айыл

1941-жылдын 22-июнунда педучилищени бүтүрүп келип, Долон айылындагы мектепте мугалим болуп иштей баштадым. Касымбек деген жалгыз бир тууганым бар эле, аны 6-июнда согушка узатып районго жеткирип келдим, ошол бойдон кайтып келбеди.

Ошол эле жылы мага да согушка чакыруу кагазы келип, 1941-жылдын 9-декабрында урушка аттандым. Токмокто кыргыз дивизиясын курап жатышкан экен, мени ал жерден дароо офицердин окуусуна жиберишти. Алты айлык курс экен, аны аяктаар замат “офицердик чинди согуштан аласыңар” деп вагонго салышты да Куйбышевдин жанындагы Бузулук деген жерге жеткиришти. Күнү-түнү куралдарды асынган бойдон жөө жортуулдап жылып отуруп, Сталинградга жакындадык. Биринчи жолу бизди ошол жерден бомбалашты. Алгачкы эле бомба биздин ашканабыз жайгашкан чоң үйдү кыйратыптыр, ал жерде тамак жасап жүргөн ашпозчуларыбыздын буту-колдору ар кайсы жакка чачырып, теректин бутактарына илинип калыптыр.

Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт
Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт

Сталинграддын жанында немис генералы Паулюстун күчтөрүн курчап алабыз деген чоң операция экен, биз аны кайдан билебиз, "Алга!" десе алга жүрүп отурдук.

1942-жылдын ноябрь айында кырчылдашкан чоң уруштар болду, Сталинград үчүн. Токойдун арасынан салгылашкан бизге немистер окторун ар тараптан жаадырышты. Мен бутума ок тийип жарадар болдум ошол жерден. Катуу уруштар башталганда "артка жол жок, жалаң алдыга жүрмөй" деген талап коюлган. Артка кетенчиктегендерге аёо жок, атып да салышчу.

Бутума ок тийип ооруканага жеткирилгенден кийин Камышов, Саратов, Энгельс деген 3-4 жерде госпиталь котордум. Аягында 1943-жылы 27-мартта Пермь шаарындагы госпиталда медкомиссия саламаттыгымды текшерип чыгып, алты айга отпуска берди. 15-апрелде эки балдак менен бутумду сүйрөп басып айылым Талды-Сууга келдим. Дароо эле Көөчү айылындагы жети жылдык мектепке директор кылып дайындап салышты.

Элдин согуш маалындагы кедейлигин айтып отурса сөз жетпейт. "Согуштан аман келди" деп айылыбыздагы Бейшек деген киши конокко чакырды. Дасторкондо нан, талкан, чай турду. Согушка чейин айылыбызда эки эле аял арак иччү, элдин баары билчү, Бөтөкөй анан Уулкелди деген экөөнү. Согуштан келсем “ачууну ачуу басат” деп кемпирлердин баары арак ичип калышыптыр. Согушта жакынын жоготкондордун кайгы-муңу, жокчулук баскан экен журтту. Чай да тартыш эле, айылда элдин көбү "ак чай" деп чамасы жок эле кайнаган сууга бир аз сүт кошуп ичишчү.

Тенти Тамашев. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт
Тенти Тамашев. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт

Алты айдан кийин аскер комиссариатынан бирөө келип машинеге салып кетти, үйдөн. "Билимдүү экенсиңер" деп бир тобубузду Семейге алып барып, дагы офицерлик окууга салышты. Орусча шар сүйлөп, немис тилин окуган элек мектептен, кирди-чыкты сөздөрүн билчүмүн, анын да пайдасы тийди. Окуу бүткөндө дароо эле Польшада Варшаванын жанындагы аскер бөлүктөрүнө кошулдук. Немистер да, биз тарап да Варшаваны бир топ талкаладык, аткылап, жардырып отуруп. 1-Беларус фронтунун курамында Берлинге чейин бардык. Мага окшогон “каралардан” бир-эки эле киши, калгандары баары орус жана башка славян, европалык калктардан. Ушунчалык уруштардан чарчап-чаалыгып, тамак да иче албай ооруп калдым. Старшина ошол жерден өмүрүмдө биринчи жолу кыйнап арак ичирди. "Ушуну ичсең айыгасың" деди.

Апрелдин акыркы күндөрү Рейхстагга чабуул койдук. Ошол немис парламентинин имаратынын ичинде алты күн туруп калдым. Америка, Англия, дагы башка жактардын аскерлери жайнап кетти, баары кирип чыккысы келет. Командир Нестроев деген бар эле, ошонун жетекчилиги астында Рейхстагдын ичи булганып талкаланып кетпесин деп кайтарып турдук. "Экинчи кабатка эч кимди киргизбегиле" деген буйрук болгон, элдин баары кирип чыгып сүрөткө тартып атышты.

Бир күнү генерал Жуков келди. “Ушул жер фашизмдин очогу болгон!” деп бизге кайрылып куттуктап коюп кетти. Беш метрдей жерден көрдүм ал кишини. Мыйзамсыз иштер биз тараптан да, немистер тараптан да көп болду. Согуш деген ушундай экен, адамды такыр аябайт.

"Аны Гитлерден сурап ал"

Согуштан баарыбызды дароо бошотпой, адегенде жашы өйдөлөрдү, андан кийин мугалим, агроном, зоотехниктерди жөнөтүп башташты. Берлинден поездге отуруп, Москвага, ал жактан дагы канча жол жүрүп, 1945-жылы августта Талды-Сууга келдим. Эркинбаев деген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы бар эле, жолугуп калып “сен мектепти өткөрбөй кетип калыптырсың согушка” дейт. “Аны Гитлерден сурап ал” деп жооп бердим (каткырып күлөт).

Согуштан келсем “ачууну ачуу басат” деп кемпирлердин баары арак ичип калышыптыр. Согушта жакынын жоготкондордун кайгы-муңу, жокчулук баскан экен журтту.

Коммунисттик партияга өткөм, бат эле райкомго инструктор, кийин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. Исхак Раззаков Министрлер Кеңешинин төрагасы эле, ал келип Жаркынбаев деген Ысык-Көл облустук комитетинин жетекчиси экөө чогулуш өткөрүп, бир айылдын башкармасын “арпанын планын аткарды, буудайдыкын аткарган жок” деп катуу жемелешти. Талкалайлы деп бет алышкан окшойт. Мен ал башкарманын күнөөсү жок экенин, буудайдын планы толбой калышына башка да себептер бар экенин айттым эле, Раззаков “сен туура эмес сүйлөдүң, партиялык мектепке барып оку” деп үйдөгү кийимим менен эле Караколго, андан ары Фрунзеге салып ийишти. Республика боюнча төрт киши тандалган экен, экзаменден бирөө өтпөй калып, калган үчөөбүз 1948-жылы бүтүрдүк партмектепти. Мени ошол жерден Гүлчөгө (Алай районуна) партиялык комитеттин 2-катчысы кылып дайындашты. "Мен улгайган ата-энемди карашым керек, бара албайм, жалгыз бир тууганым согушта курман болгон" деп макул болгон жокмун. Ысык-Көл обкомуна инструктор болуп калдым.

Тенти Тамашев үй-бүлөсү менен, 1968-1969-жылдар
Тенти Тамашев үй-бүлөсү менен, 1968-1969-жылдар

Кийин Каракол шаардык партиялык комитетте үчүнчү, экинчи катчы болуп алты жыл иштедим. Биринчиликке дайындалайын деп калганда, бардык аңгемелешүүдөн өтүп, "мына иштеп баштайм" деп атканда артыман телеграмма барган экен. Сулейкин деген бир орус киши бар эле, “Каап, Тенти Тамашаевич, абдан өкүнүчтүү болду” деп эле башын чайкап калды. "Эмне болду?" десем “оку” деп колума карматты. Карасам “Тамашаев компартиянын талаптарын эсинен чыгарып, эл душманынын кызына үйлөнгөн” деп байкуш ыраматылык кайнатамды казып чыгышыптыр. Аялым сегиз жашында атасы кулакка тартылып, ошо бойдон дайынсыз экен, мен келинчегим 18ге чыкканда үйлөнүп атпайымбы. "Атаң эмне болду эле?" деп сурасам “өлүп калган” деген, башкасына кызыгып деле койбоптурмун. Обкомдогу бир жетекчи айтат, “аялың менен ажырашып башка келинчек албайсыңбы, ушинтип кызматтан да кол жууп каласыңбы” деп. "Эл катары эле жашайм, ушунча жыл ачуу-таттууну бирге татып калган аялымды чанбайм, кызматтын кереги жок" деп жооп бердим.

Ошону менен 1-катчы да болгон жокмун, даражасы төмөн эле бир иштерде жүрдүм. 1963-1972-жылдары Талды-Сууда он жылдай башкарма болуп иштедим. Райондук жетекчи болуп ар кандай кишилер келип атты. Кээ бир алар билбеген айыл чарба маселеси боюнча кеңеш-сунушумду ачык айтсам жакпай калат экемин, он жылдан кийин бошонуп Түп райондук гезитинде партиялык иштер боюнча бөлүмдү башкарып дагы он жыл иштептирмин. 1984-жылы пенсияга чыктым. Пенсиям адегенде аз эле болчу, кийин улам кошулуп отуруп азыр 30 миң сомго чамалап калды. "Министрлер деле мендей пенсия алат" деп күлүп калам.

Алдамчылык менен уурулук гүлдөгөн кез

Азыркы турмуш менен мурункуну салыштырып болбойт. Мен башкарма болуп турганда элдин 70-80% айла жок уурулук кылып жашачу. Алдамчылык менен уурулук укмуш болуптур азыр ойлосом. Бир үйгө он кой, бир уйдан ашык мал кармаганга уруксат жок эле. Жылкы бакканга болбойт эле. Мал жандуу, мал багууга жөндөмдүу кишилер ар кандай жолун таап оокат кылышчу. Мисалы, койчуга барып семиз койду тандап алат, ордуна өзүнүн арык коюн берет. Өлсө колхоздуку өлөт, жеке менчиктики өлбөйт.

Ысык-Көл облустук партия активдери менен түшкөн сүрөт, 1970-жылдардын башы.
Ысык-Көл облустук партия активдери менен түшкөн сүрөт, 1970-жылдардын башы.

Маленков өкмөттү башкарып турганда кыргыздарга бирден жылкы кармаганга уруксат берген. Кийин Хрущев келип кайра ал уруксатты жокко чыгарды. Ошондо кыргыздар “Маленков берген байталды Хрущев келип кайта алды” деп ырдап калышкан. Он койдон ашыгын барып эле алып койчубуз. Кимдир-бирөөнүн эки уйу бар экени билинип калса, жетип барып бирөөнү контрактация кылчубуз. Эч ким ыйлап ызы-чуу деле салчу эмес.

Коллективдүү чарбанын жакшы жактары деле көп болуптур. Колхоз-совхоздордо айдоо жерлердин абалын, сапатын жакшылап изилдеп, арык, канал казып, жер астындагы суунун деңгээлин, жердин семиздигин такай карап турчубуз. Азыр ар кимиси "бул менин жерим, арыгыңды алып кет, сугаттын кереги жок" деп урушуп калганын көрчү болдум. Талды-Сууда миң кою барлар чыкты ушу тапта.

Узак жашоонун сырлары

Аракты көп ичкендердин баары эрте өлүп кетишти. "Жүрөгү кармаптыр, жүрөгү токтоп калыптыр" деп ар кайсыны айтышат. Алардын көбү арактан кетишти, мен көрүп-билип калбадымбы. Оорусу да ошондон, өлүмү да ошондон болуп кетти, канчалаган сонун, зыңкыйган жигиттердин. Мени кудай ушундан сактады. Жаш кезимден ашказаным гастрит, дагы башка оорусу жабышып, догдурлар арак ичкенге тыюу салышты. Азыр да элүү граммдан ашык иче албайм. Тамакты да мүнөздөп аз-аздан ичкениме көп жыл болду. Жыл сайын бир маал Ысык-Көлдүн жээгиндеги курортко барып эс алып дарыланам. Согуштун ардагери деп мага жылда “Көгүлтүр Ысык-Көл” жайына барып эс аласыз" деп чалып айтып турушат.

Ар кимдин өзүнөн болот экен. Кызмат, аял деп чарпылып-чабылбай, ден соолукту карап, ашказан-боорго аяр мамиле кылса өмүрдү узартып койсо болот экен.

Венера Сагындык кызы жана Тенти Тамашев, 22-май, 2015-жыл
Венера Сагындык кызы жана Тенти Тамашев, 22-май, 2015-жыл

Редакциядан: Азыр да баскан-турганы тың Тенти Тамашаев аксакал байбичеси Сакып Жамал апа менен 60 жыл чогуу жашагандан кийин 2006-жылы жубайын түбөлүк жайына берген. Экөө төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүрүп, небере-чөбөрөлөрдүн курчоосунда бактылуу карылык сүрүштү. 30дан ашуун орден, медаль, мамлекеттик сыйлыктардын ээси Тенти агай азыр да дүйнөдө, Кыргызстанда болуп аткан жаңылыктардан артта калбай, жаштарга топтогон тажрыйба, акыл-насаатынан бөлүшүп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG