Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Тажрыйба менен дараметти сынаган Балыкчы - Барскоон жолу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Барскоон жолун курууда көйгөй жаралып, иш создугуп жатканын моюнуна алды. Эксперттер жергиликтүү компаниялардын жол куруудагы тажрыйбасы менен материалдык-техникалык дарамети жетишсиз болуп жатканын айтышууда.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги бир нече райондун тургундарына ыңгайсыздык жараткан бул долбоор үчүн жоопкерчиликти ким алат?

Жергиликтүү эл көлдүн түштүк жээгин бойлой кеткен Балыкчы - Барскоон автоунаа жолунун курулушу дээрлик үч жылдан бери бүтпөй создугуп жатканына нааразы:

Бөкөнбаев айылынын тургуну Эрнис Катчыбаев:

“Жол такыр эле каралбай калды. Жадагалса биздин Тоң райондук администрациясына дагы кайрылып айтканбыз, жок дегенде грейдер менен сүрүп, суу септирип койгонго да жарашпайт. Дөңгөлөктүн баары жарылып жатат. Жол жүргөндөргө оор эле. Ак-Өлөңгө жетпей бир кичинекей жер бар, баштаганына канча болду, ошону деле бүтпөйт”.

Көк-Сай айылынын тургуну Максат Жаңыбай уулу:

“Негизи жол жасалып жатат. Бирок бир жагын баштап коюп, бир жагын бүтпөй жатышат да. Жарым жолду жасаган, жарымы таш бойдон турат. Азыр биз жакты дагы жасай башташты. Жасаган менен, эски казылып калган жерлерди бүтүшө элек, бирок жаңы асфальтталган жагын бузганы жатышат. Ошол жагына дагы бир карап коюшса жакшы болмок”.

Каракол айылынын тургуну Нурбек Сартпаев:

“Жок дегенде Кара-Талаадан аркы жолду сүрүп, суу сээп турса жакшы болмок. Азыр чаңдап атат. Жумушчулар былтыр, мурдагы жылы жакшы башташкан. Быйыл жок, азырга чейин эч ким жок, иштебей эле турушат. Болгону мына бул Балыкчыга жакын жерде көпүрөнү салып атышат. Башка жерде жок”.

“Балыкчы - Барскоон жолу бүтөбү деги?”

Балыкчы - Барскоон жолун реконструкциялоо долбоору 2021-жылдын август айында башталган. Курулуш иштери президенттин жеке тапшырмасы менен жергиликтүү компанияларга берилген.

Дээрлик үч жылдан бери бүтпөй жаткан жолдун маселеси Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында дагы бир жолу көтөрүлдү. Депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинен президенттин элге берген убадасы жүзөгө ашпай жатканынын себебин сурады:

“Балыкчы - Барскоон жолу 2021-жылы башталган. 25 чакырымы 2023-жылы күз айында бүтүшү керек болчу. Бүгүнкү күнү бүттүбү же бүткөн жокпу? Президентибиз Садыр Нургожоевич ошол жерге барып, өзүбүздүн атамекендик ишкерлерге 800 миң доллардан бөлдүк деп элге жарыя салган. “Мына, туурасы мынча, жолдун сапаты мындай” деп жар салган. Президентибиз элге убадаларын берип келатат”.

Балыкчы - Барскоон автожолунун узундугу 141 чакырымды түзөт. Баштапкы документтерине ылайык, реконструкция ишинин ар бир чакырымы 798 миң доллар деп эсептелип, бирок иштин жүрүшүндө анын жетишсиз экени аныкталган. Өкмөттүн билдирүүсү боюнча курулуштун сметасы жакында кайра эсептелип, наркы 926 миң долларга жеткен.

Долбоор боюнча жолдун курулушу эки тилкеге бөлүнгөн. Биринчиси - Балыкчы шаарынан Ак-Сай айылына чейин 71 чакырым болсо, экинчи тилке - Ак-Сай айылынан Барскоон айылына чейинки 70,6 чакырым аралык. Биринчи тилкени “Кыргыз жол курулуш” компаниясы, экинчи бөлүгүн “Арек Строй” компаниясы салып жатат.

“Кыргыз жол курулуш” компаниясы 25 чакырымына асфальт төшөөдө.

“Жолду атамекендик компанияларга берип жатканда катачылыктар кеткен”

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Балыкчы - Барскоон автожолунун курулушун бөлүп-бөлүп курдуралы дегенине карабай, президентти адаштырып 141 чакырым жолду эки компанияга дароо берип ката кетиришкенин билдирди. Ошондой эле тажрыйбасыз ишканалар бюджеттен алган акчасына техникаларды сатып алып, өкмөттүн уруксатысыз эле жолдордун асфальтын бүт сыйрып, жол жээгиндеги жасалма курулмаларды казып салышкандыктан, ушундай көйгөйлөр жаралып жатканын белгиледи:

“Ары жакта “Арек строй” деген курбай коюп, мына эми Транспорт министрлиги өз күчү менен курганы жатат. Негизи эле жол деген аябай узак мезгилге, 50 жылга чыдай турган жол болуш керек да. Үй куруп жаткандар келип алып жол салам дегени катачылык болгон. Мен башында эле “мунун баары эреже бузуу болот, биз парламентке барабыз, Эсеп палатасы болот, отчет беребиз деп айткам. Бирок биз өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдүн күчүн да көрүп жатабыз. Мына 1-июнга чейин дешти, 25 чакырымын толук беребиз деп атат кыргыз курулушчулары. Ошол 25 чакырымын көрөлү, анан калганын дагы көрөбүз. 10,4 млрд сом кетмек, биз 4 млрд сомдон ашык акча бердик. Мына биздин көзөмөл башкармалыгы барып келди, бүгүнкү күнү жалпы 18,8% эле иш аткарылыптыр. Калган дагы 20% акчасын алышкан, азыр бүт отчетторун берип атышат. Мен “отчетторунун баарын бергиле, 25 чакырымды тапшыргыла, муну силер менен бүтүрөбүзбү же бөлөктөрдү алып келебизби - кийин акыркы чечимди кабыл алабыз” деп айттым”.

Акылбек Жапаров жолдун курулушу 2026-жылдын соңуна чейин аяктарын билдирди.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматында айтылгандай, жол төрт тилкелүү болуп, үстүңкү катмары шагыл-бетон кошулмасы менен жасалууда. Мындай ыкма эл аралык стандарттарга ылайык жолдун жүк көтөрүмдүүлүгүн арттырат деп эсептелет.

Жол куруу көйгөйү эмнеде?

Балыкчы - Барскоон жолунун курулушу башталгандан тарта эле бир катар көйгөйлөр менен коштолуп келет. 2023-жылы курулуш компанияларынын жумушчулары эмгек акыны эки-үч айлап албай калып жатканына даттанып, бир нече жолу митингге чыгышкан.

Жол куруу боюнча адис Талант Садакбаев Кыргызстандагы жол курууда өкмөттүн атамекендик ишканаларга жасаган мамилесинен тарта, жергиликтүү ишканалардын тажрыйбасына чейин көйгөйлөр бар экенин айтты:

“Бир мекеме бүт баарын уюштурса арзан болбойбу. Бир грейдериң болсо, керек болсо 100 чакырымга жөн эле жетишет. Тынбай иштеп турат. Булардыкы болсо техникасы жок, күтүп жатышат. Тияктагысы башка. Анан бири-бирине тоскоолдук кылышат. Ошон үчүн ал кымбат да болот. Анан иштеткенге каражаты да жок. Бензин-соляркасы, акчасы жок, турат жумушу. Бүтпөйт. Ошон үчүн жай жасалат. Бирөө бирдемесин бүтүп жатса, экинчисиники ал жакка жакындай да элек. Ошондуктан кыргыз илгери эмне үчүн “бөдөнө сойсо да касапчы сойсун” деп айтчу. Биздики болсо кичинекей бир техникасы бар, калганын тияк-бияктан чогултуп жүрөт ручкасын көтөрүп алып. Ошолорду дагы тактап караш керек. Кээде арзан бааны берип коёт, тияктан-бияктан чампалап жүрөт анан. Анткени жумушчулары, адистери барлар бул жумушка келбейт”.

Жолдун биринчи жарымын куруп жаткан “Кыргыз жол курулуш” компаниясы ишкер Мирлан Исагалиевге таандык. Ал эми экинчи бөлүгүн куруу милдетин алган “Арек строй” ишканасынын негиздөөчүсү - “Каганат инвест” компаниясы (Юстиция министрлигинин малыматы боюнча). “Каганат инвест” компаниясына Нурбек Осмонов менен Айжигит Апсатар уулу ээлик кылары маалым.

"Азаттык" макала жазылып атканда эки компанияга тең байланышууга аракет кылып майнап чыккан жок. Компаниянын өкүлдөрү өз жүйөсүн айткысы келсе пикирине орун берүүгө даярбыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG