Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Эрдоган күйөө баласына тийишкендерди жазалайт


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө социалдык тармактарды көзөмөлгө алуу боюнча билдирүү жасады. Буга президенттин жаңы төрөлгөн небересин сүйүнчүлөп кабар жазган министрдин күйөө баласынын «Твиттер» баракчасына келген комментарийлер себеп болгон.

1-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кызы Эсра Албайрак уул төрөп, аны күйөөсү, Түркиянын финансы министри Берат Албайрак «Твиттер» баракчасында сүйүнчүлөгөн.

Көп өтпөй министрдин «Твиттер» баракчасына анын жазган кабарын шылдыңдаган жана намысына шек келтирген комментарийлер жазыла баштаган. Президент Эрдоган социалдык тармакта жаңы төрөлгөн небересине жана анын үй-бүлөсүнө карата терс комментарий жазгандар жазасын аларын билдирди:

«Кечээ кечинде менин 8-неберем жарык дүйнөгө келди. Берат Бей өзүнүн уулунун туулган күнүндөгү кубанычын элге жазган билдирүүсү менен бөлүштү. Бул билдирүүнүн астында түмөндөгөн адамдар куттуктоосун калтырып, комментарийлерин жазышты. Бирок кээ бир «караңгылар» аны акарат менен булгаганга аракет кылышты. Биздин сот жана укук коргоо органдары тез арада чара көрүп шектүүлөрдү табат деген ойдомун. Ар бирин жазганы үчүн суракка алабыз. Мындай чабуулдарды мурун да көргөнбүз. Мындай адепсиз иштер социалдык тармак көзөмөлсүз болгону үчүн күчөп жатат».

2-июлда Стамбул шаарынын прокуратурасы президенттин кызынын ар-намысына шек келтирип комментарий жазган 16 шектүү жарандын экөө камакка алынганын маалымдады. Бул окуя боюнча шаардык прокуратура тергөө ишин улантып жатканын да белгиледи.

Президент Эрдогандын бул билдирүүсүнөн кийин Түркиянын министрлеринин дээрлик баары социалдык баракчаларында финансы министри Берат Албайракты колдогон жазууларды таратышты. Ошондой эле 2-июлда бийликтеги АК партиянын өкүлдөрү социалдык тармактар боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдаганын кабарлашты.

Бул мыйзам долбоорунда маңызы «Инстаграм», «Фейсбук» жана «Твиттер» өңдүү социалдык тармактардын Түркиядагы өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча милдеттер коюлганы жазылган.

Түркиянын маалымат министри Фахреттин Алтун өзүнүн «Твиттер» баракчасынан бул жаңы мыйзам долбоорунун максаты өлкөдөгү жарандардын жеке маалыматтарын жана кызыкчылыгын коргоо экенин кабарлады:

Бул социалдык медиа аянтчалары жыныстык зомбулук, кумар оюндары, алдамчылык, терроризмге үндөө, террористтик үгүт, мазактоо сыяктуу маселелерде жарандарыбыздын укугун коргоого көмөктөшпөйт.


«Тилекке каршы, айрым социалдык тармактар бүгүнкү күндө жарандарыбыздын укуктарын тебелеп жатышат. Бул социалдык медиа аянтчалары жыныстык зомбулук, кумар оюндары, алдамчылык, терроризмге үндөө, террористтик үгүт, мазактоо сыяктуу маселелерде жарандарыбыздын укугун коргоого көмөктөшпөйт. Тескерисинче, бардык эскертүүлөрүбүзгө карабастан мындай кылмыштарга өбөлгө түзүшөт. Ошондой эле бул социалдык тармактар биздин өлкөдө көзөмөлсүз киреше таап, эч кандай салык төлөбөй иштейт».

Эгер расмий Анкара сунушталган мыйзам долбоорун бекитсе жана бул мыйзамды бузган фактылар катталса, анда 24 сааттын ичинде социалдык тармак компаниялары бул жазууларды өчүрүүгө милдеттүү. Өчүрбөсө, 50 миллион долларга чейин айыппул төлөөгө мажбур болот.

Ал эми президент Эрдогандын социалдык тармактар боюнча чектөөлөрүн өлкөдөгү опозициячыл лидерлер сөз эркиндигин басмырлоо катары сындашты.

2018-жылы президенттик шайлоодо Эрдогандын оппоненти болгон Мухаррем Инже өлкөдө социалдык тармактан башка эркин ой билдирүү платформасы калбай калганын «Твиттер» баракчасына жазып чыкты:

Мухаррем Инже.
Мухаррем Инже.

«Гезиттер менен телеканалдар өкмөттүн колуна өттү. Мени студияга чакырып, бирок АК партиянын жетекчисин сүйлөтүүгө мажбур болгон телеканалдар бар. Өзүнүн кадыр-баркын жоготкон, рейтинги төмөн маалымат каражаттары өкмөткө кызык эмес, анткени өкмөттүн күчү азайды, жаштарга үлгү көрсөтө албайт. Ошондуктан социалдык тармактарга чектөө киргизип, элдин оозун жапканга аракет кылып жатышат».

Президент Эрдогандын социалдык тармактарга чектөө киргизүү боюнча демилгеси коомдо чоң резонанс жаратып, өзгөчө жаштардын сынына калууда. Жарандык активисттер Интернет колдонуучулардын укугу тебеленип жатканын жазып жатышат.

Буга чейин Түркияда 2007-жылдан 2015-жылга чейин «YouTube», «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактар бир канча жолу соттун чечими менен жабылган. Буга кишилердин намысына шек келтирген посттор, сүрөттөр жана билдирүүлөр себеп болгону кабарланган.

Түркиянын 83 миллиондон ашык калкы бар. Алардын 62 миллиону Интернет колдонот. Колдонуучулардын 54 миллиону социалдык тармакты күнүнө активдүү пайдаланат. Түркияда эң популярдуу социалдык тармактар - «Инстаграм», «Твиттер» жана «Фейсбук».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG