Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Украина жарылуу боюнча Орусияны айыптады


Жарылуу болгон аскердик кампа Калиновка айылынын жанында жайгашкан.
Жарылуу болгон аскердик кампа Калиновка айылынын жанында жайгашкан.

Украин бийлиги Винницы облусундагы курал-жарак кампасында болгон ири жарылууну "диверсия" деп атап, ага Орусияны айыптады. Орус тарап украин расмийлеринин айыптоосуна жооп кайтара элек.

Калиновка айылынын жанындагы аскердик кампада болгон жарылууну жана андан кийинки өрттү 27-сентябрдын кечи менен гана жөнгө салганга мүмкүн болду. Бул окуядан кийин 30 миң адам эвакуацияланып, Винницы облусунун аймагында аба каттамдары убактылуу токтотулду.

Шейшембинин кечинде болгон жарылууну украин бийлиги бир ооздон "диверсия" деп аташты. Президент Петро Порошенко аскердик командирлерди чукул жыйынга чогултуп, "биз стратегиялык мекемелерибизди диверсиялык топтордон коргогонду үйрөнүшүбүз керек" деп билдирди.

Жарылуу болгон аймакты көрүп келген премьер-министр Володимир Гройсман шаршембиде Киевде министрлер кабинетинин жыйынында бул окуя боюнча "сырткы күчтөрдү" айыптады:

- Душман, Орус федерациясынын куралдуу күчтөрү жана жоочулар чабуул жасашты. Алар бизди алсыратуу үчүн баарын кылат. Бизди кыйрата турган тоскоолдуктарды жаратышат. Бардыңар угушуңар керек, кандай кыйынчылык болсо да, биринчиден, биз дүрбөлөңгө түшпөйбүз. Экинчиден, кандай кырдаал болсо да туура чечимдерди кабыл алууга кудуретибиз жетет.

Жарылуудан учуп чыккан курал-жарак калдыктары Калиновкадагы турак-жайларга зыян келтирди.
Жарылуудан учуп чыккан курал-жарак калдыктары Калиновкадагы турак-жайларга зыян келтирди.

Андан мурдараак өлкөнүн ички иштер министринин кеңешчиси Зорян Шкиряк да бул окуяны “Орусиянын душманчыл диверсиясы” деп атаган. Ал ушуну менен Калиновкада аскерий кампалар жетинчи ирет өрттөнүп жатканын да кошумчалаган.

Азырынча Орусия украин бийлигинин соңку айыптоосуна жооп кайтара элек. Бирок расмий Кремл Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен кармашып жаткан орусиячыл жикчилдерге тиешеси жоктугун бир нече ирет кайталаган.

Кантсе да аскердик кампадагы жарылууну мамлекеттик комиссия иликтеп чыгып, акыркы бүтүмүн жарыялайт деп кабарланды.

Соңку маалымат боюнча, Киевден батышты көздөй 270 чакырым алыстыктагы бул аскердик кампада 188 миң тонна курал-жарак жана аскердик жабдыктар болгон. Мынча ок-дарынын жарылганына күбө болгон Калиновка айылынын тургундары көргөндөрүн айтып түгөтө албай, айрымдары эвакуация аракети чабал болгонун билдиришүүдө.

- Биз дароо унаага отуруп, ооруканага шашылдык. Жолго автоунаалар толуп калган экен. Эл да толтура. Адамдар баштыктарын көтөрүп чуркап баратышты. Үйдүн жанында эч ким жол көрсөтүп же эвакуация кылган жок. Оорукана тарапка келгенде гана бир сааттан кийин бизди автобус менен алып кетишти", - деди Калиновканын тургуну Виталий Слуцкий.

Украинанын жаңылыктар агенттиги (UNIAN) кабарлагандай, жарылуудан кийин Улуттук гвардиянын 600дөй жоокери эвакуация ишине кол кабыш кылуу жана талап-тоноочулуктун алдын алуу үчүн аймакка жөнөтүлгөн. Кампадагы өрттү өчүрүүгө 1200 адам тартылган.

Бул окуядан кийин электр жана газ кызматтары үзгүлтүккө учурап, поезддердин багытын өзгөртүүгө туура келди. Жарылуудан мерт болгондор же олуттуу жараат алгандар тууралуу кабар түшкөн жок.

Ошентсе да соңку жарылуу ансыз да өлкө чыгышындагы жикчилдер менен кармашты үч жылдан бери токтото албай жаткан украин бийлигине кошумча баш оору болду.

2014-жылдын жаз айында Крымдын аннексиясы жана орусиячыл жикчилдердин Донецк менен Луганск облустарын өз көзөмөлүнө алышынан кийин тутанган согушта Улуттар уюмунун эсебинде 10 миңден ашуун киши мерт болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG