Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

“Усубалиев менен Кулматовдун тирешинен жабыр тарткам”


“Москва Усубалиевдин ордуна Кулматовду даярдап жүргөн”
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:59 0:00

“Москва Усубалиевдин ордуна Кулматовду даярдап жүргөн”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, дипломат Рысбек Качкеев “Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу болду.

Ал маегинде кантип коммунист болгону, жогорку кызматтарга жетпей калганынын себеби, Усубалиев, Карыпкулов жана Кулматовдун кармашы, Кеминден кантип депутат болгону, бошотуп койгонуна карабай үч ай элчи болуп иштегени тууралуу айтып берди.

- Рысбек агай, коммунист Рысбек Качкеев Фрунзе жылуулук борборунан комсомолдук кызматка келип, андан кийин Бишкек шаардык партия комитетинде инструктор болуп иштептирсиз. Андан кийин Борбордук комитетте инструктор болуп иштеп жатасыз. Сиздей жолду, мектепти басып өткөн совет заманындагы кадрлардын көбү райкомдун биринчи секретары даражасына жетчү экен. Сиз эмне үчүн андай бийиктиктерди багынта алган жоксуз, партия жиберген жокпу?

- Мен Борбордук Комитетте иштеп турганда жеке турмушумда күтүлбөгөн окуя болуп калды. Карындашымды бейтааныш бирөө ала качып кетти. Аны күчкө салып мажбурлап отургузуп коюшкан, издеп бир жумада араң таптым. Барсам карындашым “Мени алып кетиңиз бул жерден” деп кучактап буркурап ыйлап жатты. Ала качкандар ичимдикке берилген адамдар экен, көңүлүм тартпады, карындашымды алып келе бердим. Карындашым ала качкан баланы сотко берди. Анан ошол ишке Борбордук Комитеттин катчысы Аманбек Карыпкулов кийлигишип, кайра менин үстүмөн арыз жаздырды. Мени “жаш үй-бүлө жакшынакай жашап жаткан жеринен келип турмушун бузду, калың сурады, үйдүн баарын талкалады, чатак чыгарды” деп күнөөлөп, Москвага КПСС БКнын баш катчысы Л.Брежневге арыз жаздырат. Ал жактан биздин партиянын Борбордук Комитетине кат келип, партбюродо каралып, мени партиядан чыгармай болушат.

- Аманбек Карыпкулов менен сиздин каршылашып калууңузга эмне себептер болду эле?

- Ал киши менен иш боюнча көп жолукчу элек. Анда комсомолдун Борбордук Комитетинде иштечүмүн, студенттер бөлүмүнүн башчысы элем. Карыпкулов болсо окуу жайлар боюнча бөлүм башчысы эле. Бир жолу конференцияда чогуу болуп, тыныгуу убагында экөөбүз көчөгө чыгып жарым саатча басып калдык. Ошондо ага мени көзөмөлдөп, колдоп жүргөн Кеңеш Кулматов экенин айткан элем. Анан ал “сени өзүбүздүн бөлүмгө алалы деп жүргөн элем, сени тарыхчы деп ойлоптурмун” деп айтты. Мен “инженермин" дедим. Ошону менен эле калганбыз. Чынында эле мени коммунистке алган, комсомолдун Свердлов райкомуна катчы кылган, кийин комсомолдун Борбордук Комитетине, андан Свердлов райком партиясына, Фрунзе шаардык комитетине, Борбордук Комитетке жумушка алган Кеңеш Кулматов болгон. Ошентип мен кимдин арты менен келатканымды Карыпкулов билип атпайбы. Ошондо “мени Кулматовдун куйругу турбайбы, аны кесиш керек” деп, мени карындашымдын окуясына байланыштырып партиядан чыгармай болушкан. Анан мени бюрого салып партиядан чыгара турган болгондо, эрдик иш кылдым десем болот, Турдакун Усубалиевдин кабыл алуусунда болдум.

- Өзүңүз сурандыңызбы, же ал киши чакырттыбы?

- Ал кабыл алган жок. Александр Иванов деген анын жардамчысы бар болчу. Ал экөөбүз жакшы мамиледе элек. Мен Ивановго абалымды түшүндүрүп, Усубалиевге киргиз дедим. Анан ал киргизди. Ал “сен киресиң, бир сөз айтпайсың, каяша айтпайсың, өзүңдү далилдеп эч нерсе айтпайсың, барып угасың, ал кандай чечим чыгарса, ошондой болот” деди. Карыпкулов экөөбүздү чогуу кабыл алды. Ал мен киргенден бир саат мурда кирип мени шыбап, Усубалиевди даярдап койгонун сездим.

- Ал убакта кадрларды тандоо Москва тараптан чечилген да. Ошондо Кеңеш Кулматовду Усубалиевдин ордуна Москвадан даярдап жаткан деген кептер бар, же эл арасындагы кырдаалга байланыштырып айтып жатасызбы?

- Ооба, Москва тараптан тандашкан.

- Усубалиев менен Кулматовдун ортосундагы жаңжалдын курчушуна эмне себеп болду эле?

- Карыпкулов себепкер болду.

- Кеңеш Кулматов кызматтан өзүнүн каалоосу менен кеткенби?

- Жок, ал Борбордук Комитеттин пленумунда кызматынан бошотулуп, куулуп кеткен.

- Ага куугунтук Усубалиев тарабынан болгон дейсизби?

- Пленумдун чечими болгондон кийин аны Усубалиев башкарып жатпайбы.

- Ошондо Москва Усубалиевдин тизгинин тартып койсо болот беле? Эмне үчүн андай болгон жок, жаңжалды жөндөп дегендей...

- Бул өтө эле терең кеткен маселе болчу. Кулматовдун моюнуна Бостоновго байланыштуу өтө чоң кылмышты илип коюшкан. Бостонов ошол убакта Токмок эт комбинатынын директору болуп турган. Ошол кезде ага кылмыш иши козголуп, бир буту түрмөдө болуп турган.

- Кулматов кантип кетти Москвага?

- Пленум болгон күнү түндөп Алматы аркылуу Москвага учуп кетти.

- Кеңеш Кулматов ошол убактагы саясий чоң фигурага айланып калган, Москвада дагы чоң колдоосу болгон деп айтышат. Кеңеш Кулматовдун колдоочусу (СССРдин президенти) Михаил Сергеевич Горбачёв өзү болгон дешет.

- Мен айтып отурган окуя 1983-жылы болгон. Горбачев болсо 1985-жылы бийликке келди. Менимче, ага чейинки байланышы жок.

- Кулматовдун аялы менен Горбачевдун аялы бирге окуган деген дагы кеп бар, ошол чынбы?

- Ооба, чын.

- Кийин Кеңеш Кулматов дипломатиялык ишке өтүп, бир нече өлкөлөрдө СССРдин элчиси да болду. Ошого Горбачевдун түздөн-түз таасири барбы?

- Ооба, бар. Бирок ал барып түз эле элчи болуп кеткен жок. Баргандан кийин Москвада дипломатиялык академияны бүтүрдү, докторлук ишин ошол жакта жактады. Карыпкулов атайын академиктерди жиберип, ага да каршы аракеттерди жасаган. Бирок, Кыргызстандын барган академиктерге Москвадагы илимпоздор “башка элдер илим жактагандарды колдоп койгула деп суранышса, а силер болсо каршы чыгып атасыңар” деп, аларды уят кылышкан. Андан кийин Кулматов дипломатиялык академияны бүтүп, Англияга барып тил боюнча бир жылдык курстан өтүп келгенден кийин СССРдин Тышкы иштер министрлигинде иштеп, андан кийин Цейлонго элчи болуп кеткен.

- Сизди мамлекеттик кызматка келишиңизге, саясатчы болуп тарбияланышыңызга Кеңеш Кулматовдун таасири зор экенин өзүңүз айтып атасыз. Ал киши менен азыр карым-катышыңыздар барбы?

- Туруктуу байланыш жок. Мен Минскиде элчи болуп жүргөндө иштер менен Москвага келип турчубуз. Бир жолку келгенимде ал кишинин дарегин таап, телефон чалып жолугушууну сурандым, “Келип кет, сөзсүз келгин” деп жооп берди. Экөөбүз эки сааттай сүйлөшкөнбүз. Ал мага “экөөбүздүн даражабыз бирдей, сен Кыргызстандын, мен Орусиянын элчисимин. Мен дагы сыртта иштеп келдим, сен дагы сыртта иштеп жүрөсүң. Сыртыңдан байкап жүрөм, сени менен сыймыктанам” деп мактаган жайы бар.

Март ыңкылабына 17 жыл: жеке бийлик кулаган күн
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

- Сиз 1995-2000-жылдары сиз парламентте депутат болдуңуз. Айтып калышат, ошол убактагы шайлоолордун жүрүшүн, кимдин кайсы округдан депутат болушун президенттик администрация чечкен деп. Атайын тизмелерди түзүшчү экен...

- Биз Чүй-Кемин округунан 19 талапкер болдук. Баарыбыз ат салыштык, аягында эл мени шайлады. Бирок, ак үйдөгүлөр кадимки Шабдан баатырдын небереси Абдыбек кызы Жаңылды депутат кылабыз дешкен экен. Ал убакта Кемин районунда Тыналиев деген аким эле. Ага “эгерде Абдыбек кызы Жаңыл өтпөсө, анда шайлоону жокко чыгарасыңар” деп айткан экен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG