Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 06:33

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-26-март)

Independent: "Трамп Саддамды колдомок"

Британияда чыккан Independent гезитине Роберт Фисктин "Саддам Хусейндин учурунда Дональд Трамп президент болсо эмне кылмак?" деген аталыштагы макаласы жарыяланды.

"15 жыл мурда БУУнун эч кандай уруксаты жок эле араб дүйнөсүндөгү эң бай өлкөгө кол салдык. Ирактын миңдеген уул-кызы өлүп, миллиондогон калкы багытсыз калды. Аларга азыр ким кам көрөт? Биз эч качан чындыкты айткан жокпуз. Согуштук кылмыш кылдык. Батыштын 2003-жылы Иракка багытталган агрессиясы экстремисттик "исламдын" түптөлүшүн шарттады.

Албетте мындай калабаны Дональд Трамп деле ишке ашырмак. Азыр опурулуп, дүйнөнү өзөктүк курал менен коркуткан дымагын ошондо да көрсөтмөк. Бирок Трамп Саддам Хусейнге окшош лидер. Саддам да өз учурунда дүйнөнү азыркы Трамптай коркутууга аракет кылган.

Батыш үчүн Жакынкы Чыгыштагы согуш азабы тек гана үй-бүлөдөгү чатак сыяктуу сезилгени менен араб дүйнөсү Ирактагы кандуу окуя артынан башкаларын ээрчитип келгенин жакшы билет", - деген автор Роберт Фикс.

Ал "эгер Трамп Саддамдын учурунда бийликте турганда Саддам менен тил табышып, Жакынкы Чыгыштын тарыхындагы кандуу доорду болтурбай коет беле" деп ой жоруган.

Москвада өзгөргөн мусулмандар

James Town Foundation изилдөө борборунун аналитиги Пол Гобл Орусияга барган мигрант мусулмандардын диний көз карашы өзгөрүп, тереңдеп жатканын иликтеген макала жазды.

Советтер Союзу учурунда Москвадагы мусулмандардын жалпы эсеби 60 миңдин гана тегерегинде болгон. 2000-жылдан кийин Кавказ, Азербайжан жана Борбор Азиядан агылган мигранттардан улам бул сан азыр 3 миллиондон ашты.

Гобл "орустардын мусулмандарга сабырдуу мамилесинин сыры эмнеде" деген суроого жооп издеген. Москвадагы экономикалык жогорку мектептин социологу Дмитрий Опарин менен баарлашкан.

​1930-жылдары Орусиядагы мечиттер тыптыйпыл жоголуп, молдолор атууга кеткени менен СССР кыйрагандан кийин Орусиянын Рязань, Казан сыяктуу ири, бай шаарларында кайрадан мечиттер ачылды.

Намаз окуган мигрант. Москва.
Намаз окуган мигрант. Москва.

Опаниндин пикиринде, Орусияга келген эмгек мигранттары мечитке барганда жеке эле сыйынуу үчүн эмес, өзүнө санаалаш адамдарды таба алат. Москвада жергиликтүү айрым топтор башка улуттарды жек көргөнү менен жалпы мусулмандарга багытталган агрессия аз.

Айрым мигранттар туура эмес диний топтордун агымына кошулса да, басымдуусу орусча сүйлөгөн, заманбап билимдүү татар молдолордун таасири менен бейтарап, салттуу исламга ооп жатат.

"Мусулмандардын саны күн санап арбыган сайын орус бийлиги диндер аралык толеранттуулукту колдоону күчөтүүдө", - дейт Гобл.

Кытай АКШны да карызы менен муунтат

Asian Nikkei Review басылмасы Бээжин менен Вашингтондун экономикалык тирешин талдады. "АКШ Кытай экспортуна салыкты жогорулатууну пландаса, Бээжин буга жооп иретинде карыз көзүрүн колдонуп жатат", - дейт басылма.

23-мартта Кытайдын АКШдагы элчиси Цуй Тянкай Блумберг телеканалына "Эки тараптын кызыкчылыгын коргоого даярбыз. Бийликтин салыкты көтөрүү чечими орто жашаган америкалыктар менен чакан ишкерлердин жашоосуна сокку урат" деп интервью берди.

Ушу тапта Американын Бээжинге 1,17 триллион доллардык карызы бар. Дүйнөнүн экономикалык дөө-шаалары тирешсе, соода алсырайт деген коркунуч бар. Элчинин билдирүүсүнө удаа эле Кытайдын коммерциялык министрлиги 128 АКШ товарына салыкты 28 пайызга көтөрдү.

Март айынын башында коммунисттик партиянын съездинде Ван Цишан вице-президент болуп шайлангандан кийин эксперттер Вашингтон - Бээжин дипломатиялык пикир келишпестиги токтойт деп үмүттөнүшкөн.

Өспүрүмдөрдүн мүнөзү оңолду

АКШ, Түштүк Корея сыяктуу бай өлкөлөрдө жашаган өспүрүмдөрдүн дүйнө таанымы кеңейип, 1998-жылдагы өспүрүмдөргө салыштырмалуу кулк-мүнөзү жакшырганын The Economist журналы баяндады.

"Маселен, Британияда азыркы 16 жаштан 24 жашка чейинки муун алкоголду аз ичет. Ушундан улам арак-шарап саткан жайлар, түнкү клубдар да кескин азайган. Европанын маңзатты көзөмөлдөө борбору 15-16 жаштагылар арасында 1999-жылга салыштырмалуу чылым, маңзат чеккендер 31 пайызга кыскарганын билдирди.

Кыргызстандык жаштар
Кыргызстандык жаштар

2007-жылы Англия менен Уэлсте 3 миң өспүрүм сот жообуна тартылса, 2016-жылы алардын саны миңден ашкан жок. 1991-жылы америкалык жаштардын 54 пайызы 12 жаштан баштап жыныстык катнашка барса, 2015-жылы ал 41 пайызга түштү" деп жазды журнал.

Жаштар эмнеге өзгөрдү деген суроого жапониялык эксперт Шоко Йонемая "өнүккөн өлкөлөрдө үй-бүлөгө камкордук, бала тарбиялоо болгон жоопкерчилиги артты" деп жооп берген.

"Айрыкча, аталар бала багууга убактысын көп бөлгөн доор өспүрүмдөрдүн мүнөзүн жакшыртты. 1965-жылы ата болгон киши күнүнө 41 мүнөт бала менен убактысын өткөрсө, 2012-жылы ал 88 мүнөт болду" деген эксперт.

2000-2016-жылдагы байкоолор жаштардын билим алууга өзгөчө көңүл бурганын аныктады. Айрым окумуштуулар Батыштагы азыркы жаштардын далайы ар улуттун өкүлү болгондуктан позитивдүү прогресс болуп жатканын басылмага айтышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG