Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Чек арасын ачкан Өзбекстандын утушу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (28-октябрь - 4-ноябрь, 2019-жыл).

Британиянын «Economist» журналы Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чечилбеген чек ара маселесин талдады. «ХХ кылымда Советтер Союзу бар кезде Фергана өрөөнүндө чек аранын чечилгис түйүнү келип чыккан. Азыр аймактагы эл ошонун кесепетин тартып жаткан чагы. Айрым уламыштарга караганда, Иосиф Сталин дини, тили бир өлкөлөр ич ара ынтымакташып кетпесин деген ниетте аймакты атайын бөлүп-жарган. Бир нече анклавдарды түздүргөн. Кыргыз-өзбек чегиндеги Риштан, Сох, Ворух анклавдары да ошол түйүн болуп саналат», деген басылма 2016-жылы Өзбекстанда авторитардык бийликтин деми кайтып, Шавкат Мирзиёев мурдагыдай чек араларына мина коюп, чычкан мурду өтө албаган системаны токтотуп, аймакка ачылып жатканын баса белгилейт. Журнал Ферганадагы чек ара маселесин чечүүдө Өзбекстан аймактын эң калктуу жана таасирлүү өлкөсү катары маанилүү роль ойноорун, Өзбекстан чек араны ачуу аркылуу коңшулары менен соода-сатык потенциалын 54% көтөрүп алганын кошумчалады. «Быйыл жайдан бери эле кыргыз-тажик чек ара чырынан улам 4 кызматкер каза таап, кагылышуулардан айыл тургундары да көз жуумп жатканы өкүнүчтүү. Риштан менен Сохтогу улам ачылып, жабыла берген чек ара постторунан азыр жергиликтүү айыл тургундары эң көп жабыркайт», деп жазат басылма.

Путин Нобел сыйлыгына көрсөтүлөбү?

Американын «The Daily Beast» гезити Орусиянын президенти Владимир Путиндин жактоочулары аны жерге-сууга тийгизбей мактап, Нобелдин Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү боюнча демилге көтөрүп жатышканын жазды.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

Автор Анна Немцова: «Москванын басма сөзү «Украина менен Сириядагы азыркы кырдаалдагы ролу үчүн дүйнө Путинди сыйлашы керек» деп байма-бай жазып жатат. Орус-түрк коомчулугунун форумунун баш катчысы Сергей Марковдун айтымында, Тынчтык сыйлыгынын номинациясына Путинден башка ылайыктуу киши жок. Ал 2014-жылы Украинанын чыгышындагы согуш маалында дүйнөнү өзөктүк курал колдонуу коркунучунан куткарды. Миңдеген адамды кыргынга учурата турган түрк-күрд кагылышын чечип берди. «Эхо Москвы» радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов өткөн жумада «Твиттерге»: «Мага жогору жактан «Путиндин Сирия маселесин чечкени 1978-жылы Израил менен Египеттин ортосунда жетишилген Кэмп-Дэвид келишиминдей эле» деп атышат. Эми Путин эмне үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыктуу экенин түшүндүңөрбү?» деп жазды.

Путин Нобелдин Тынчтык сыйлыгын көптөн бери эле ала албай жүрөт. 2007-жылы «Time» журналы аны «жыл адамы» деп атаганда эле, Кремлдин идеологдору Нобелди алсын деп чыгышкан. Грузия, Украина, Сириядагы согушту алар көзгө илишпейт», деген оюн билдирген.

Гезиттин маалыматына караганда, 2014-жылы Владимир Путин бул номинацияга көрсөтүлгөн. Бирок Нобел комитети абройлуу сыйлыкты Кальяшу Сатьяртхи менен Малала Юсуфзайга берүүнү туура тапкан. 2015-жылдан бери Орусия Асадды түздөн-түз колдоп, андан бери кандуу уруш уланды. Жакында эле Хаас менен Идлибдеги качкындарга урулган соккудан 20 жайкын тургундун өмүрү кыйылды. «Human Rights Watch» уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Таня Локшина «The Daily Beast» гезитине: «Сирияда адам укугун тепсеп, тыюу салынган ыкмалар менен кишилерди өлтүргөн ыплас согуш оюндарынан улам Путинге Тынчтык сыйлыгын берүү дегендин өзү акылга сыйбаган нерсе. Анткен менен 31-январга чейин сыйлыкка талапкерлер көрсөтүлө бермекчи. Балким ошого чейин Путин дүйнөдөгү тынчтык миссиясын оңдоп ийеби?» - деди.

Кыйналган кыргыз дыйкандары

«Eurasinet» басылмасы Кыргызстанда кыйналган дыйкандардын абалын чагылдырды. Айыл чарбасы жалпы улуттук экономиканын 15% түзөт. Бул тармакка көңүл бурулбай, дыйкандар өз киндигин өздөрү кесүүгө мажбур. «Өкмөттө стратегиялык саясат жок, тармак барган сайын чөгүп баратат» деп айткан сын пикирлер да арбын экенин белгилеген басылма Чүй боорундагы бир үй-бүлөнүн мисалында абалды сүрөттөгөн.

200дөй кою, 10 гектар жери, 15 жылкысы бар үй-бүлө таңкы беш жарымдан тартып эле малын карап, жерин тытып иштегени менен сүттүн бир литрин 17 сомдон кымбат өткөрө албайт. Уйларына илдет жабышса, айыл өкмөттөн жардам сурап кайрылса «дарылоого каражат жок» деген жооп алган. «Бийликке төккөн салыгыбыз алардын айлыгы менен кеңсесинен ашпайт. Элди ойлогон эч ким жок», - дешет дыйкандар. 2018-жылдагы эсеп боюнча 480 миң адам өлкөнүн айыл чарбасында алектенери маалым болгон. Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргени менен айыл чарба товарларын экспорттоо толук ишке ашпай келет. Бул аз келгенсип Советтер Союзунун заманында курулган сугат системасы толугу менен талкаланып бүткөн. Дыйкандар сугат суудан, үрөндөн кыйналып, арга издегени менен азырынча бийликтен жооп жок.

«Nomad Greenhouse» аттуу айыл чарба компаниясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигинин адистери чет жактан инвестиция тартуунун жолун билбегенин айтат. Токтогазиев басылмага: «Маселен, быйыл жайында президент Сооронбай Жээнбеков баштаган топ Швейцарияга барды. Алар сый көрүп эле келе беришти. Мунун баары мамлекеттин эсебинен да. Президент «бизге акча бергиле» дегенден башканы айткан жок. Аябай уялдым. Биз инвесторлорго Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн ачып беришибиз керек да», - деген оюн айткан.

Бээжинде машине айдоого чектөө кирди

«China Daily» гезити Бээжин бийлиги шаарга тиешелүү мамлекеттик номуру жок машинелерди киргизүүнү чектөө тууралуу чечим кабыл алганын кабарлады.

Кытайдын баш калаасындагы булганыч абадан жана машине тыгындарынан улам мындан ары Бээжин мэриясынын чечимине ылайык шаарга тиешеси жок автоунаалар атайын уруксат алмайынча баш калаанын чок ортосундагы алты алкактуу чоң жолго кире алышпайт. Бээжиндин жол көзөмөл кызматына атайын акы төлөп, уруксат алгандан кийин гана кирсе болот. Шаарда токтотмолор аз, тыгын көп болгондуктан жана аба булгана бергендиктен, маселени чечүүнүн бул ыкмасы эми иштей баштамакчы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG