Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Кытай Түштүк Кореядагы антиракеталык системага каршы


THAAD ракеталык системасы кыска жана орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алат.
THAAD ракеталык системасы кыска жана орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алат.

Сеул менен Вашингтон Түндүк Кореянын ракеталык коркунучуна жооп иретинде Түштүк Кореяда заманбап ракеталык системаны жайгаштырууну чечишти. Бирок алардын мындай чарасына коңшу Кытай нааразылык билдирип чыкты. Корей жарым аралындагы антиракеталык системага каршы экенин мурдараак Орусия да айткан эле.

Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык ракеталар жагынан кубаты улам артып бара жатышынан коргонуу үчүн ракеталарга каршы THAAD деп аталган системаны жайгаштыруу чечимине келгенин АКШ менен Түштүк Корея 8-июлда расмий жарыялашты. Сеулдагы маалымат жыйынында Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча министринин орун басары Ю Че Сон буларды айтты:

- Түштүк Кореянын жана анын элинин коопсуздугун кепилдөө, аскер күчтөрүбүздү Түндүк Кореянын массалык кыргын салуучу куралдарынан жана баллистикалык ракеталарынан коргоо үчүн Түштүк Корея менен АКШ коргонуу чарасы катары THAAD системасын жайгаштыруу боюнча биргелешкен чечим кабыл алды. Бул система Корей жарым аралына жайгаштырылганда Түндүк Кореянын гана өзөктүк жана ракеталык коркунучуна көңүл бурат, башка үчүнчү өлкөлөрдүн бирине да каршы багытталбайт.

Түштүк Корея менен АКШнын Корей жарым аралында THAAD ракеталык системасын жайгаштыруу чечими, баяндамачылардын баамында, буга чейин эле Улуттар уюмунун, АКШ менен Түштүк Кореянын кошмо-кош санкцияларына кабылып, ансыз деле изоляцияда турган Түндүк Кореяга кысым көргөзүү боюнча кезектеги чаралардын бири.

Өткөн аптада эле АКШ туңгуч ирет Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын өзүнө каршы санкция жарыялап, өлкөдөгү адам укугун бузууларга байланыштуу "кара тизмеге" киргизди.

Түштүк Кореяда учурда АКШнын 28 500 аскери турат жана ракеталык системаны жайгаштыруу Вашингтондон миллиондогон доллардык кошумча чыгымды талап кылмакчы.

Бул өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча министринин орун басары Ю Чен Сондун айтымында, эки тарап ракеталык системаны жайгаштырууда экологиялык, саламаттыкты сактоо жана коопсуздук стандарттарына жооп бергидей кылып, туура жерди аныкташмакчы.

Түштүк Кореяга коңшу Жапониядан өкмөт өкүлдөрү Токио бул планды колдой турганын, анткени ал аймактагы “коопсуздукту чыңдап жатканын” айтышты.

Түндүк Кореянын 'Musudan' ракеталары.
Түндүк Кореянын 'Musudan' ракеталары.

Мурдараак Жапония өз тарабынан Жапон деңизиндеги Aegis кемесинде турган ракеталарына жана кургактагы Patriot ракеталык комплекстерине кошумча баллистикалык ракеталардан коргонуунун дагы бир катмарын караштырып жатканын билдирген.

Бирок Вашингтон менен Сеулдун ракетадан коргонуу планын буга чейин Орусия менен Кытай Түндүк Корея туудурган ыктымал коркунучка тең келбеген ашыкча чара катары сындашса, Кытай бул ирет кескин каршылыгын билдирип чыкты.

Өткөн жума күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигине АКШ менен Түштүк Кореянын Бээжиндеги элчилери да чакыртылды. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хонг Лей Бээжиндеги басма сөз жыйында буларды айтты:

- АКШ менен Түштүк Корея тиешелүү өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытайдын ачык каршылыгын жээрип коюшту. Кытай буга кескин нааразылыгын жана чечкиндүү каршылыгын билдирет жана расмий нааразылык тиешелүү өлкөлөрдүн элчилерине да берилди. Биз Кошмо Штаттар менен Түштүк Кореяны THAAD ракетадан коргонуу системасынын жайгаштыруу жараянын токтотууга, аймактагы кырдаалды татаалдаштыруучу жана Кытайдын коопсуздук боюнча стратегиялык кызыкчылыктарына зыян келтире турган кадамдарды жасабоого чакырабыз.

Баяндамачылар Кытайдын нааразылыгын Корей жарым аралына жайгаштырылуучу THAAD системасынын радарлары анын аскерий кадамдарын да көзөмөлдөп калабы деген чочулоосуна байланыштырууда.

Кытай өзү Түндүк Кореянын башкы өнөктөшү, бирок анын өзөктүк куралга жетүү мүдөөсүн каршы тургандыктан быйыл мартта БУУнун Пхеньяга каршы акыркы санкцияларын колдогон.

Түндүк Корея болсо орто жана кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын утур-утур сыноодо.

Ким Чен Ын ракета дүрмөтүн көрүүдө.
Ким Чен Ын ракета дүрмөтүн көрүүдө.

Соңку ирет Пхеньян баллистикалык ракетасын 9-июлда суу астында жүргөн кемесинен атып, бирок Түштүк Корея армиясынын баамында, ракета учуунун баштапкы баскычында эле деңизге кыйрап түшкөндөй.

Быйыл май айында бийликтеги “Эмгек” партиясынын дээрлик акыркы 40 жыл ичинде алгачкы ирет өткөн курултайында жол башчы Ким Чен Ын өлкөсү өзөктүк куралды “коргонуу” үчүн гана колдонот деп ырастаган болчу.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдо жайгашкан эл аралык институттун өткөн айдагы жаңы баяндамасында келтирилген маалыматка караганда, Түндүк Кореянын колунда азыр ондой өзөктүк дүрмөт бар.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG