Букен апанын репрессия жуткан балалыгы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын 82 жаштагы тургуну Букен Моңолбаева мындан 80 жыл илгерки Сталиндик репрессиянын запкысын тарткан балдардын бири. Атасы Султанбек Моңолбаев 1937-жылы эл душманы аталып камакка алынып атылган. Бирок жергиликтүү мамлекеттик кызматкердин качан атылып, сөөгү кайда көмүлгөнү белгисиз бойдон калган. Репрессиянын азабын тартып чоңойгон байбиче атасынын эмгегинин баркталбай калганына алигиче өкүнөт экен.