Байден дүйнөлүк демократия саммитин өткөрөт

Женева. Жо Байден. АКШ президенти.

АКШ президенти Жо Байден быйыл декабрда дүйнөдөгү демократиялык лидерлердин жыйынын онлайн-форматында уюштура турганы белгилүү болду. Анын бул планын Ак үй 11-августта жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, туура бир жылдан соң, тагыраагы 2022-жылы-декабрда лидерлер демократия саммитине жүзмө-жүз чогулат.

Бул жыйындын негизги максаты авторитардык коркунучтардан коргонуу, коррупция, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана адам укугун коргоо маселеси.

Мындан сырткары жыйында экономикалык кызматташтыкты арттыруу чаралары, пандемияга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш сыяктуу глобалдык маселелер талкууланат.

Бир жылдан соң кайра чогулган демократиялык лидерлер бул убакта жетишкендиктерди баалап, кемчиликтерди жоюунун үстүнөн иштешет.

Мамлекет жана өкмөт башчыларынан сырткары саммитке жарандык коомдун, бизнестин жана кайрымдуулук уюмдарынын лидерлери чакырылат.

Демократиялык өлкөлөрдүн саммитин өткөрүү Байдендин шайлоо алдындагы убадаларынын бири болчу. Ал өзүнөн мурдагы президент Дональд Трампты АКШнын союздаштары менен мамилесин бузуп, айрым мамлекеттердин, анын ичинде Орусиянын авторитардык жосундарына үн катпаганын айыптаган.

Демократиялык саммитке кайсы өлкөлөр чакырылып, алар кандай критерийлер менен тандалары азырынча белгисиз.

Дагы караңыз АКШ Сенаты Байдендин 3,5 триллион долларлык планын бекитти

Дагы караңыз

Лукашенко АКШнын санкцияларына жооп кылдыОоганстан: түндүк борборду сактоо айласыБишкекте балдардын спорт аянтчасы талашка түштүОрусия: Навальный шылтоо болгон нааразылыкCPJ Жапаровду сөз эркиндигин чектеген мыйзамга кол койбоого чакырды  Ооган президенти Ашраф Гани шашылыш Мазари-Шарифке келдиАКШ: аялдарга ыдык көрсөткөнү айтылган губернатор кызматтан кететОоганстандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактарОш шаарынын мэри ишкерлерди коомдук транспорт көйгөйүн чечүүгө чакырды Кыргызстандын элчиси АКШдан жардам сурадыШаардык сот Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты Германия Тажикстанга 100 миң доза Astra Zeneca вакцинасын беретАКШ: инфраструктураны жаңылоого 1 трлн. долларлык долбоор сунушталдыКыргызстан Орусиядан Жириновскийдин билдирүүсүнө көңүл бурууну өтүндү