Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ооганстан: түндүк борборду сактоо айласы


Ооган президенти Гани Мазари-Шарифке келди
Ооган президенти Гани Мазари-Шарифке келди

Ооган президенти Ашраф Гани өлкөнүн "түндүк борбору" аталган Мазари-Шариф шаарына барды. Бул шаарда ооган бийлик өкүлдөрү талибдерге туруштук берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ооган президенти Ашраф Гани Балх провинциясынын борбору Мазари-Шарифке 11-августта барды. Президенттин кеңсеси Гани ал жакта түндүк аймактардагы жалпы коопсуздук даярдыкты текшере турганын кабарлады. Ооган бийлиги үчүн өлкөдөгү түндүк борбор саналган Мазари-Шарифти колдон алдырса абдан оор сокку болот.

Гани сапарынын жүрүшүндө бул аймактагы таасирдүү талаа командирлери Атто Мухаммад Нур жана Абдул Рашид Дустум менен талибдерге каршы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тажик тектүү Балх провинциясынын мурдагы губернатору Мухаммад Нур жана өзбек тектүү Рашид Дустум Талибанга каршы позициясы менен белгилүү.

Соңку сүйлөшүүлөрдө генерал Дустум өкмөттүк аскерлер менен бирге Талибанга каршы топтордун башын бириктирген өлкө түндүгүндөгү куралдуу күчтөрдүн коргонуу штабынын башчылыгына дайындалышы күтүлүүдө.

Генерал Дустум. Архивдик сүрөт
Генерал Дустум. Архивдик сүрөт

Президент Гани Мазари-Шарифке келердин алдында бул шаарга Дустум да мыкты куралданган аскерлердин коштоосунда жөнөп жатканы тартылган сүрөттөр тарады. Муну өкмөттүн социалдык тармактагы расмий аккаунттары да жайгаштырды.

Учурда ооган өкмөтү үчүн кандай гана болбосун талибдерге туруштук берүү абдан зарыл болуп турат. Талибан соңку апталарда бир нече аймакты ээлеп алды. Өткөн түнү согушкерлер түндүк-чыгыштагы Бадахшан провинциясынын борбору Файзабадды басып алганы кабарланды. Муну менен өлкөдөгү 34 аймак борборунун тогузу талибдердин колуна өттү.

Файзабаддагы жергиликтүү бийликтин өкүлү өкмөттүк күчтөр бир нече күнгө созулган салгылаштан соң артка чегинүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Анын алдында 10-августта Талибан түндүктөгү Баглан аймагынын борбору Пули-Хумрини, Самаган аймагынын баш калаасы Айбакты жана түштүк-батыштагы Фарах шаарын өз көзөмөлүнө алган.

Ага чейин Кундуз, Сары-Пүл, Талокан, Зарандж сыяктуу калаалар талибдерге өткөн.

Согушкерлер басып алган аймактарда жайкын тургундарга кол салып, айрымдарын өч алуу максатында өлтүргөнү боюнча кабарлар тынбай келип жатат. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму Ооганстандагы согуштук аракеттерден жайкын тургундар жабыр тартып жатканына бир нече жолу тынчсыздануусун билдирген.

Газни провинциясынын тургуну Ахмад Шекеб оогандыктар өз коопсуздугу үчүн убайым тартып жашап жатканын билдирди.

“Абал көзөмөлдөн чыгып кетти окшойт. Биз күн өткөн сайын улам бир аймак, провинциялардын борборлору талибдердин колуна өтүп жатканын көрүүдөбүз. Мунун баары сөзсүз түрдө биздин жашоого таасирин тийгизет”.

Талибан Ооганстандагы чабуулдарын майдан тарта өлкөдөн АКШ баштаган эл аралык коалиция аскерлерин чыгара баштаганда күчөткөн. Кошмо Штаттар ушул айдын аягына чейин ооган жергесиндеги бардык аскерлерин чыгарууну көздөп турат.

10-августта АКШнын президенти Жо Байден америкалык аскерлер белгиленген мөөнөттө чыгарыларын дагы бир ирет кайталап, бул чечими үчүн өкүнбөй турганын билдирди.

АКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден

Ал ооган өкмөттүк күчтөрүнүн Талибанга туруштук берчү кубаты бар деп эсептейт.

“Алар Талибанга караганда саны боюнча көп. Мен күн сайын маалымат алып жатам. Алардын дале болсо мүмкүнчүлүгү бар. Ооганстандын коргоо министри Исмаил Ханды олуттуу күрөшчү катары таанымал. Алар саясий жетекчилик биригиш керек экенин түшүнүп жатышат. Албетте, биз өз милдеттенмелерибизди аткарабыз. Мен өз чечимим үчүн өкүнбөйм”.

Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин салгылашы күчөп турган чакта америкалык дипломаттар Дохадагы эки тараптын ортосундагы тынч сүйлөшүүлөрдү улантууга аракет кылышты. АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад талибдерди ок атууну токтотууга көндүрүү айласын көрдү.

Ал тапта Ооганстан менен чектеш Тажикстанда орус, тажик жана өзбек аскерлеринин биргелешкен машыгуусу аяктады. Анда талибдердин соккуларына каршы туруу боюнча биргелешкен тактикалык жүрүштөр даярдалды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, машыгууга үч өлкөнүн 2500дөй жоокери, танктар, чопкутталган транспорт, СУ-25 үлгүсүндөгү учактар, тик учактар тартылган.

Ооганстанда кырдаал күчөгөндөн бери аны менен чектеш Борбор Азиядагы өлкөлөр чочулап жатышат. Учурда талибдер бул өлкөлөргө жакын бир нече аймакты ээлеп алышты. Буга чейин согушкерлерден качкан оогандыктар Тажикстандын аймагына бир нече жолу өтө качышкан.

Тажикстанда аскердик базасы жайгашкан Орусия талибдерден коркунуч жаралса, Борбор Азиядагы өнөктөш өлкөлөрүнө жардам көрсөтөрүн убада кылып келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG