Жапырт ууланууга балык себеп экени аныкталды

Суши даярдоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

"Империя пиццы" кафесиндеги тамактан ууланууга лосось балыгындагы "сальмонелла" бактериясы себеп экени белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиология борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махаммад Мурзашев "Азаттыкка" билдирди.

"Уулануу катталгандан кийин биз "Империя пиццы" кафесинин бардык тамактануучу түйүндөрүнүн ишин токтотуп, андагы азык-түлүктөрдүн үлгүлөрүн лабораториялык иликтөөгө алганбыз. Натыйжада лосось балыгынан ичеги ооруларын козгоочу "сальмонелла" бактериясы аныкталды".

"Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегенден кийин өздөрүн жаман сезген адамдар 22-23-24-октябрдан тартып, Бишкектеги бейтапканаларга кайрыла башташкан. Жалпысынан ооруканаларга 318 адам кайрылган. Алардын 40тан ашыгы балдар. Бул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафенин бардык түйүндөрүн убактылуу жапкан. Азык-түлүк лабораториялык изилдөөгө алынган.

30-октябрдан тартып кафе кайрадан ишке киришкени айтылды.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиология борбору кафенин төрт тамактануу түйүнүнө "санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузганы үчүн" жалпы 36 миң сомдук айыппул салды.

“Империя пиццы” кафесинин тамагынан жапырт уулануу фактысы боюнча Бишкек шаардык милициясы “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бул окуядан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланды.(ZKo)

Дагы караңыз

Жеңиш Молдокматов кызынын телефону да тыңшоого алынганын билдирди Meta Platforms компаниясы Казакстандын билдирүүсүн четке кактыЖогорку сот Талант Мамытовго байланыштуу арызды артка кайтардыУкраина "Байрактар" дрондорун өз заводдорунда чыгарууга даярдануудаFacebook Казакстанга ички системасын колдонууга укук бергени кабарландыУКМК коррупцияга шектүү талапкерди кылмыш жообуна тартууну өтүнүүдөАба ырайы: 3-ноябрда жаан жаайтБШК Министрлер кабинетинен Кудрет Тайчабаровго чара көрүүнү сурандыИрандын тышкы иштер министри коронавируска кабылды"Азаттыктын" мөңгүлөрдүн эришин чагылдырган тасмасы Глазгодо көрсөтүлөтКыйноого каршы борбор: Ошто рак оорулуу адамды тергөө абагына кабыл албай коюшкан Мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 8-ноябрда башталат