Март-апрелде “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму”, “Түндүк”, “Кыргызиндустрия”, “Кыргызтелеком” мекемелери да Министрлер кабинетинен алынып, башкармалыкка берилген. Ага чейин “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Учкун” басмаканасы, “Унаа”, “Кызмат” жана башка ишканалар да тапшырылган.
Өлкө жетекчилигинин ишин уюштуруудагы чарбалык маселелерди гана тейлеп келген орган соңку беш жылда ыйгарым укуктары өтө кеңейип, иш жүзүндө өкмөттүн жарым ишин колго алды.
Бул аракеттердин максаты эмне? Кыргызстанда “кош өкмөт” түзүлүп калган жокпу? Бул эмнеге алып барат? Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин таасирдүү фигурага айланышынын сыры эмнеде? “Азаттык” мына ушул суроолорго жооп издеди.
Иш башкармалыктын учкай тарыхы
Эң ириде Президенттин иш башкармалыгынын тарыхын учкай эстеп алалы.
Кыргызстан эгемендик алган соң шайланган биринчи президент Аскар Акаевдин 1994-жылкы жарлыгы менен мамлекет башчынын алгачкы иш башкармалыгы уюшулган. Ага президенттин, премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн ишин чарбалык жактан камсыздоо милдети жүктөлгөн. Башкача айтканда, президенттин, анын администрациясынын жана өкмөттүн ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик, санаториялык-курорттук жана медициналык жактан тейлейт. Резиденцияларды жана имараттарды карайт.
Акаевдин башкаруу маалында жана кийинки президенттер Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин, Сооронбай Жээнбековдун тушунда мекеменин функциялары бир кыскарып, бир кеңейип жүрүп отурду. Бирок президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин башкармалык болуп көрбөгөндөй таасирдүү органга айланды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Иштин баарын Каныбек Туманбаев башкарабы?
Эки органга бир башкармалык
Атамбаев 2014-жылы Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы деп атаган мекемени Жапаров 2021-жылы Президенттин иш башкармалыгы деп кайра өзгөрттү. Ошол эле жылы ал Жогорку Кеңештин иш башкармалыгын жоюп, парламентти тейлөөнү да Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берди. Кезинде бул айрым депутаттардын нааразылыгын жаратып, талкууга жем таштаган.
2022-жылдын 18-майында президент башкармалыктын ыйгарым укуктарын кеңейткен жаңы жарлык чыгарып, мекеменин макамын жана иш тартибин тескеген жаңы жобо кабыл алынган. Мындан он күндөн кийин Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалган.
Мына ошондон тартып башкармалыктын ыйгарым укуктары кеңейе баштады.
Беш жыл ичинде президент мекеменин функцияларын чоңойткон беш жарлык чыгарды.
Жапаров өзүнүн иш башкармалыгынын 30 жылдык мааракесинде мунун баарын минтип түшүндүргөн:
“Бүгүнкү күндө бийлик бутактары өз-өзүнчө иш алпарганы менен бир мүдөөнү көздөп элибиздин бакубаттуулугун камсыз кылууга, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформаларды жүргүзүү аракетинде экенин жакшы билесиздер. Бул, өз кезегинде, биздин ишибизге кошумча талаптарды белгилеп, алдыбызга жаңы максаттарды жана жаңы милдеттерди коюп келет. Мындан улам, буга чейин Президенттин администрациясы менен кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуу максатында өз-өзүнчө иш алпарып келген эки иш башкармалыкты бириктирүү менен көп тармактуу чоң уюмга айландыруу чечимин кабыл алганбыз. Жоопкерчиликти мойнубузга алган соң айрым түзүмдөрдү Иш башкармалыктын карамагына алуунун өзү дагы логикага туура келди. Тагыраак айтканда, ортодогу ортомчуларды четтетип, түз иштешүү маселеси колго алынды, натыйжасын жалпы элибиз көрүп атат”, – деген ал 2024-жылдын 8-августунда.
“Учкун” ишканасы
Ошентип, мекеменин ыйгарым укуктары кеңейген үч айдан кийин – 2022-жылдын 1-августунда Министрлер кабинети өзүнө караштуу “Учкун” ачык акционердик коомун Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берди.
Башкармалык адегенде ишкананын 77,36% акциясын алса, кийин Социалдык фонд ээлик 8% акцияны да сатып алган. Акырындан жеке адамдардан да сатып алып жатып, азыркы убакта мекеме “Учкундун” 98,45% акциясына ээлик кылып калды. Аз күн мурдараак калган акционерлер да Президенттин иш башкармалыгы аларды акцияларын сатууга мажбурлап жатканын айтып чыгышты.
“Учкун” Кыргызстан эгемендик алганда негизделген, ал документтерди, китептерди, окуу куралдарын, гезит-журналдарды жана башка басма материалдарын басып чыгарат. 2024-жылдан тартып анда кыргыз жарандарынын паспорту, ID карталары, айдоочулук күбөлүктөр басып чыгарыла баштаса, 2026-жылдан тартып басмакана Кыргызстандын валютасын – сомду басууга киришти.
Дагы караңыз
Кыргызстан улуттук валюта сомду өзү басып чыгара баштады“Асман” шаарын куруу дирекциясы
Президент Садыр Жапаров кызматка киришкен 2021-жылдын жайында Ысык-Көлдүн аймагында “Асман” деп аталган экологиялык шаар куруу тууралуу дымактуу планын жарыялаганы эсиңизде болсо керек. Муну үчүн атайын дирекция түзүлүп, долбоорго ар кайсы компаниялар чакырылып, иш толук жүрбөй жатты.
2023-жылдын башында келечектин шаарын куруу дирекциясы да Министрлер кабинетинен алынып, Президенттин иш башкармалыгына берилди. Садыр Жапаров ошол жылы жайында бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган. 2025-жылы “Асманды” куруу үчүн кытайлык компания менен меморандум түзүлдү. Бирок бийлик бул долбоор үчүн дале башка өлкөлөрдөн инвесторлорду издеп келатат.
“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова буларга токтолду:
“Жаңы Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары өтө кеңейтилип, бийликтин башка бутактарынын, анын ичинде Жогорку Кеңештин ыйгарымдары кыркылганын билебиз. Ага чейин Президенттин иш башкармалыгы дайыма президенттин ишмердигин камсыздоочу гана орган болуп келген. Жөн гана чарбалык субъект болчу, эч кандай мамлекеттик башкаруучу орган болгон эмес. Бул экөө эки башка түшүнүк. [...] Ошондуктан президент алгач өзүнүн иш башкармалыгынын жобосу жөнүндө жарлык чыгарып, ага жаңы ыйгарым укуктарды берди. Кийин дагы бир нече жарлык чыгып, кошумча функциялар кошулду. Эгер формалдуу укуктук жактан караганда иш башкармалыктын ишмердиги президенттин жарлыгы жана өкмөттүн токтомдору менен мыйзамдаштырылды. Бирок эгер “функциялар эмненин эсебинен кеңейтилди?” десек, анда маселе пайда болот. Анын укуктары башка башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кыскартуунун эсебинен кеңейип жатты”.Санаторийлер, пансионаттар, парктар, мейманканалар
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын сентябрь айында Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин сынга алып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин иретке келтирүү тапшырмасын берген. Мындан эки айдан кийин мамлекет башчы токтом чыгарып, 2028-жылга чейин Кесиптик кошуундар федерациясынын эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизген.
“Кесиптик кошуун тутуму былтыр бюджеттен 550 миллион сом алган экенсиңер, быйыл 600 миллион сомго жакын акча алган атасыңар. Бул элдин акчасы, мамлекеттен силерге барып түшкөн акча. Ошону силер талап, тоноп, жеп атасыңар. Бирок бул тармакты өнүктүрүүгө бир тыйын салбапсыңар. Финансисттер эсептеп чыгып колума берди, 30 жылда жалпы 6,5 млрд сом алыпсыңар. 6,5 млрд алып, 6 тыйындык имарат салып койгон эмессиңер. Эмне үчүн 29 киши биригип алып, сырттан эч кимди койбой, бири-бириңер менен талашып, өзүңөрдүн ичиңерден башчы коёбуз деп келатат экенсиңер. Кызматты талашуунун болгон сыры ушул экен. Кызыл чеке болуп, бөлмө талашып, эшик талкалап, бири-бириңерди таяктаганыңардын сыры ушул тура. Эгерде жылына эң кур дегенде бирден курорт салып отурсаңар да 30 жылда 30 курорт салып коймоксуңар. Тескерисинче, бүт сатып жиберипсиңер. 134 объект сатыпсыңар”, – деген Садыр Жапаров 2023-жылдын 10-сентябрында.
Ошол жылдын соңуна чейин кошуундун менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин баарын Президенттин иш башкармалыгына убактылуу акысыз пайдаланууга берүү сунушталган. Мындан сырткары Социалдык фонд Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чогулган каражатты Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берген.
Ортодо “Ысык-Көл Аврора”, “Кыргыз деңизи” (“Кыргызское взморье”), “Жети-Өгүз”, “Улан”, “Жыргалаң”, “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ысык-Ата”, “Жалал-Абад”, “Арстанбап”, “Алтын балалык” сыяктуу санаторий, пансионат, курорт жана эс алуу борборлору, “Аврора Грин” эс алуу жайындагы 20дан ашык коттеж да Президенттин иш башкармалыгына өткөн. Башкармалык мунун көбүн оңдоп, өзү иштетип жатса, айрымдарын кайра тиешелүү мекемелерге кайтарып берген. Президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрү Кесиптик кошуундар федерациясына караштуу 29 санаторий жана курорт оңдолуп бүткөн соң кайра кайтарылып берилерин айтканы бар.
Он жылча мурдараак мамлекетке алынган “Ак кеме” мейманканасы тууралуу да айта кетели. Ал дагы Президенттин иш башкармалыгына өткөн экен. “Достук” мейманканасынын да акциясынын бир бөлүгү башкармалыкка берилген. Мекеме аларды кайра ижарага берип, акысын алууда. Мурдатан “Ала-Арча” мамлекеттик паркын иштетип келген иш башкармалык Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркын да өзүнө өткөрүп алганын ушул жерге кыстара кетели.
Дагы караңыз
"Асман" шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлдүМамлекеттик ипотекалык компания
2024-жылдын март айында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания Министрлер кабинетинен алынып, Президенттин иш башкармалыгына өттү. Мунун максаты анын ишин жакшыртуу ниети менен түшүндүрүлгөн. Башкармалык учурда компаниянын 100% акциясына ээлик кылат.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен мамлекеттик кызматкерлердин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Бирок 2021-жылдан кийин мамлекеттик кызматта иштебегендерге да бериле баштаган жана компания үй курууну өз колуна алган. Үйдүн тең каражатын бергендер өзүнчө кезек менен батир алууда.
Компания курулушту өзү жүргүзгөндүн эсебинен акыркы беш жылда үй алгандардын саны кескин өстү. 2015-2020-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания 9,5 миңдей адамга турак жай сатып алып берсе, 2021-2025-жылдары 10 миңдей батир беришти.
2026-жылы жалпы 20 миңдей батир берилери кабарланса, 2030-жылга чейин бул компания курган батирлердин саны 80-90 миңге жетиши мүмкүн экен. Бул Кыргызстан эгемендик алгандан берки эң масштабдуу курулуш өнөктүгү экенин айтып коюш керек.
Бирок коомчулукта жана парламентте үй берүүнүн кезегине, батирлердин баасынын кымбаттыгына жана курулуш сапатына байланыштуу нааразылыктар айтылып келди.
Албетте, Мамлекеттик ипотекалык компания бул батирлерди бюджеттен берилген каражаттын, үй алган жарандардын акчасынын жана сырттан алынган насыянын эсебинен жүргүзүүдө. Айталы, компания Сауд өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 60 млн доллар насыя алган.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 2025-жылдын 22-декабрындагы жыйында мындай отчёт берген:
“2021-жылы Иш башкармалыктын кирешеси 770,9 миң сом болгон. 2022-жылды 1 млн 249,0 миң сом менен жапканбыз. 2023-жылы 5 млрд 296,7 млн сом болгон. 2024-жылы 8 млрд 334,7 млн сом менен чыкканбыз. Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча киреше 14 млрд 138,9 млн сом менен чыгып жатабыз”.
Дагы караңыз
Орунбеков быйыл 20 миң үй-бүлө ипотека менен батир аларын айтты"Кызмат" ишканасы жана “Паспорт үстөл”
2024-жылдын октябрь айында президенттин жарлыгы менен санариптик тармактагы башкы оператор саналган “Инфоком” ишканасы "Кызмат" деп өзгөртүлүп, Президенттин иш башкармалыгына өттү. "Кызмат" ишканасы калкты каттоо, жарандык алууну тариздөө, жарандарга документ берүү жана тейлөө ишин жүргүзгөн Калкты каттоо департаментинин да милдетин өзүнө өткөрүп алды.
Башкача айтканда, эл оозунда “Паспорт үстөл” деп аталып калган Калкты тейлөө борборлорун иштетет. Демек, Иш башкармалык мамлекеттеги бардык Калкты тейлөө борборлорун башкарып калды десек болот.
Чаңгы база жана авиакомпания
Албетте, Президенттин иш башкармалыгына өткөн айрым мекемелер жоюлуп же кайра чыгарылган учурлар да жок эмес.
Айталы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы үч чокуну – Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учукту бириктирген чаңгы базасын куруу үчүн 2024-жылы Президенттин иш башкармалыгынын алдында “Кыргыз Куршевель” деп аталган мамлекеттик ишкана түзүлүп, 1624,26 гектар жер өткөрүлүп берилген. 2025-жылы эс алуу жайы “Ала-Тоо резорт” деп өзгөртүлүп, курулушу башталган. 2026-жылдын башында ал кайра башкармалыктан чыгарылып, Министрлер кабинетине берилди.
Мындан сырткары “Манас” аэропорту “Эйр Кей Жи” деп аталган авиакомпанияны 2023-жылы Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берген эле. Бирок 2025-жылы бул компания толук жоюлуп кетти.
Башкармалыктын ишин аткарган департамент
Программабыздын башында Президенттин иш башкармалыгы мамлект башчынын ишин камсыздоочу орган катары уюшулганын айта кетпедикпи. Бирок бул аралыкта башкармалыктын функциялары кеңейди, кошумча ишканалар жана мекемелер баш ийип калды, демек, иш көбөйдү.
Ошондуктан 2024-жылы Президенттин иш башкармалыгы алдында Президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча департамент түзүлдү. Эми бул департамент мурда иш башкармалык жасап келген жумушту аткарууда.
Дагы караңыз
Ширшов Кыргызстандын атынан Москвадагы сүйлөшүүгө эмнеге катышкан?“ЭлКат” жана интернет
Кыргызстандагы интернет тараткан популярдуу провайдерлердин бири, 6 миллиард сомдук активи бар жеке менчик “ЭлКат” компаниясынын 100% акциясы 2025-жылдын март айында мамлекетке алынган. Анан кайсы органга өттү дебейсизби? Президенттин иш башкармалыгына.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков буга байланыштуу түшүндүрмөсүндө 2007-жылга чейин Президенттин иш башкармалыгы “ЭлКаттын” негиздөөчүлөрүнүн катарында болгонун, ошол кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин кийлигишүүсү менен фирма толук менчикке чыгарылып кеткенин билдирген. Орунбеков кенже Бакиевдин мурдагы өнөктөшү Алексей Ширшовдун көмөгү менен кайрадан мамлекетке кайтарылганын түшүндүргөн.
“Бир убакта “ЭлКаттын” 51% акциясы мамлекеттики, иш башкармалыктыкы болгон. Кезинде бир себептер менен жеке менчикке өтүп кеткен. Укук коргоо органдарынын жардамы менен толук мамлекетке өттү”, – деген Каныбек Туманбаев өзү ошол маалда журналисттерге.
“ЭлКатка” байланыштуу кызык кеп муну менен эле бүтпөйт. 2025-жылдын жайында президент Садыр Жапаров эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана камсыздоо боюнча убактылуу мамлекеттик монополия киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Муну үчүн улутташтырылган “ЭлКат” компаниясына “эксклюзивдүү укук” берилди.
Министрлер кабинети мурдараак интернетти чет жактан алып келүүнү тейлөө ишин “Кыргызтелеком” компаниясына берүүгө токтом даярдап жатканы белгилүү. Байланыш операторлорунун ассоциациясы муну кескин сынга алып, базардагы атаандаштык шартын бузуу катары баалаган. Бирок жыл айланбай бул аракет тескерисинче масштаб алып, интернет-трафикти “ЭлКат” жалгыз тейлеп калды. Өлкөдөгү башка провайдерлер интернетти так ушул компаниядан сатып алышат.
Иш жүзүндө Кыргызстанга кирген-чыккан интернеттин баарын “ЭлКат” компаниясы, демек, Президенттин иш башкармалыгы көзөмөлдөп калды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул аракеттин күңгөй-тескейине мындайча баа берди:
Дастан Бекешев
“Негизи президент өзү чечет. Себеби өкмөт президенттин алдында иштейт. Бирок логикага таянсак, көпчүлүк мамлекеттик органдар өкмөттүн алдында иштесе туура да, жакшы да болмок. Ошол эле айдоочулук күбөлүктү, интернет провайдерди жана башка нерселерди берип жатышат. Бул Президенттин иш башкармалыгынын иши эмес. Башкармалык негизи чарбачылык жумуштарды аткарышы керек болчу. Курулушту, президентти, өкмөттү, депутаттарды материалдык жактан камсыздоо менен иштеши керек. Азыр эми эки өкмөт болуп калууда. Бирок, жакшы нерсеси, анын баарын президент көзөмөлдөп жатат. Менимче бул убактылуу нерсе. Негизи мындай болбош керек”.
“Унаа” ишканасы жана автомектептер
2025-жылдын сентябрь айында Ички иштер министрлигине караган "Унаа" мамлекеттик мекемеси, же, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул чечимди улай ноябрдын башында Каныбек Туманбаев 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер жабыларын, жалаң мамлекеттик автомектептер каларын айткан. Ал мамлекеттик автомектептерде окуу 14 ай жүрөрүн билдирген.
Ошентип, былтыр декабрь айында Президенттин иш башкармалыгы менчик автомектептерге курсант кабыл алууну токтотууну сунуштап, 80ден ашуун жеке борбордун ээлери президентке кайрылышкан.
Ага карабай быйыл январь айында алардын иши мажбурлап токтотулду. Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу башталып, окуу мөөнөтү 10-12 ай деп бекитилди. Буга нааразы болгон менчик окуу борборлорунун айрым жетекчилери кармалып, парламентте талаш-тартыш жүрдү. Бирок президент да, анын иш башкаруучусу да бул реформа улантыларын айтышты.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев быйыл февралда эркин журналист Ыдырыс Исаковго берген интервьюсунда мындай деген:
“Мен кепилдик менен айта алам. Булардын окутканын көрдүк, курсанттар сабакка деле барбайт, бир саат көрүнүп коёт, бүттү. Мурда автомектептерде моторду да чачып койчу, буларда эч нерсе жок. Курсант баарын көрүш керек да. Мына, азыр мамлекет эч кандай монополия кылган жок. Менчик мектептер бизнес катары иштеп, акчасын таап алышты. Ошол эле мезгилде коррупциялык аракеттерге да барышкан. Ага мамлекет да аралашкан. Ошол коррупциялык элементтердин баарына чекит койдук. Бул оор болду. Мамлекет бир-эки жыл окутсун, ошонун жыйынтыгына карап көрөлү”.
Буга оро-пара мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк жоюлары жарыяланып, документти он жылдык мөөнөткө берилүүчү күбөлүккө алмаштыруу өнөктүгү башталды. Тиешелүү мекемелерге күбөлүгүн алмаштыруу үчүн баргандардын кезеги узарып, талаш-тартыш күчөгөн. №083 формасындагы медициналык маалымкат алууга байланыштуу нааразылык чыгып, ошондон кийин Президенттин иш башкармалыгы эски күбөлүктү алмаштыруу үчүн маалымкатты жойду.
Каныбек Туманбаев буга чейинки маегинде бул чечимдерге баа бере албай турганын айткан:
Дагы караңыз
Автомектептер: Эки жетекчиге иш козголду, Жапаров реформага каршы чыкпоого чакырды"Эми бул боюнча чечимди мен кабыл албайм. Биз жөн гана жоокербиз, аткаруучубуз. Чечимди президент кабыл алат. Мунун өзү президент жеке көзөмөлүнө алды дегенди билдирет. Мунун бардыгын, ошол реформалардан жыйынтык чыкканын президент көрүп жатат. Ошол жыйынтыктардын баарынын башында президентибиз турат. Президент өзү көзөмөлгө алган үчүн бардык жерде реформалар жүрүп жатат. Биз командабыз менен президент берген тапшырманы аткарабыз".
Ортодо күбөлүк акысыз алмаштырылып, кийин кайра акы төлөнө баштады. Бирок суроо-талаптын өскөнү арыздарды кабыл алган “Түндүк” системасында үзгүлтүк жаратып, тиркеме күн алыс катып калып жатты.
Баса, президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 31-январындагы жарлыгына ылайык, Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү уюштурууну да Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тагыраак айтканда, техникалык кароону аталган башкармалыктын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору аткарып калды.
Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин пикирин угалы:
Тилек Токтогазиев
“Көп секторлор Президенттин иш башкармалыгына өтүп кетип жаткандыгынан биз экинчи негативдүү бир трендди көрүп жатабыз. Бул – монополизация. Мында базарлардын монополизациясы болуп кетип жатат. Ошол эле Мамлекеттик ипотекалык компанияны алсак, ал жакта азыр мамлекеттик буйрутма менен көп курулуш жүрүп жатат. Бирок анын баарын кайра эле ошол президенттин иш башкармалыгы жана МИК чечип коюуда. Бул жерде атаандаштык канчалык сакталып жатат? “Кыргызнефтегаз” компаниясында Ташиевге байланыштуу ызы-чуу чыкпадыбы. Келечекте бул жакта да ошондой нерселер чыгып калышы мүмкүн. […] Экинчиси, ошол эле “Унаа” ишканасын алсак, канчалаган менчик автомектептер ушу кезге чейин ийгиликтүү иштеп келди. Бул абдан майда иш, бирок ушунча майда ишти мамлекет монополизация кылып алганы күлкү жаратат. Мына ушунун баарынын эмне кереги бар эле?”.
“Түндүк” сервиси
Калктын жеке маалыматтары сакталган жана элге онлайн кызмат көрсөткөн “Түндүк” порталына ээлик кылган “Түндүк” ачык акционердик коому апрелдин башында Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өттү.
“Түндүк” акционердик коому – Кыргызстандагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүү жана ылдамдатуу үчүн түзүлгөн улуттук санарип платформасы. Компания бир нече мамлекеттик мекеменин милдетин бириктирип, өлкөнүн маанилүү тармактарын санариптештирүүгө жооптуу.
Акционердик коомго “Түндүк” системасынан тышкары Агартуу министрлигинин алдындагы “Санарип билим берүү борбору”, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору”, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” жана Жогорку соттун Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемеси кирген. Ошондуктан “Түндүк” компаниясын алуу менен Президенттин иш башкармалыгы мына ушунун баарын өзүнө өткөрдү.
Дагы караңыз
"Түндүк" аркылуу 261 миң адам өзүнө насыя алууга тыюу салды“Айдоочулук күбөлүктөр, паспорт, мында президенттин иш башкармалыгына эмне тиешеси бар? Ал деген президенттин гана ишмердүүлүгүнө тиешелүү чарбачылык маселелерди жабыш керек. Биздин, ар бир жарандын жеке маалыматыбыз да бар. Бул деген купуя сыр эмеспи. Ошонун баары эч кимге жооп бербеген, Жогорку Кеңештин алдында жооп бербеген президенттин башкармалыгына өтүп кетип жатат. Бул дагы чоң мыйзам бузуу. Анткени биз өзүбүздүн жарандык укуктарыбызды пайдаланып Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылсак болот. Азыр болсо президенттин иш башкармалыгына кайрылсак алар айтат: “биз силерге баш ийбейбиз, биз президентке түз баш ийебиз" дейт да. Биздин жеке маалыматтарыбыздын баары кичинекей бир топко өтүп кетип жатат да”, – деди Тилек Токтогазиев.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму
Мурдагы бийликтерден айырмаланып азыркы бийлик камсыздандыруу маселесине көп көңүл бөлүп келди. Президент Садыр Жапаров 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” деген аталыш менен жарлык чыгарып, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды, капиталында 50% ашык мамлекеттин үлүшү бар бардык чарбаларды балансындагы мүлкүн жана жоопкерчилигин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан камсыздандырууга милдеттендирди.
Ага чейин улам-улам жылдырылып келген автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы мындан бир жылдан кийин – 2025-жылы 1-июлда күчүнө кирди. Бирок айдоочулардын нааразылыгынан улам машинесине полис албагандар үчүн үч айлык өткөөл убакыт берилип, сентябрдан тартып аларга айып салына баштады.
Натыйжада Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кирешеси артты. Айталы, уюм 2024-жылы 1,1 млрд сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйнаса, 2025-жылы 2,4 млрд сомдук сумма менен чыкты. Албетте, тургундар жеке компанияларга деле мүлкүн камсыздандыра беришет, бирок мамлекеттик компанияда артыкчылык болду.
Анткени, биринчиден, мамлекеттик мекеме-органдар менен мамлекеттик үлүшү көп компаниялар ошодон камсыздандырууга милдеттендирилген. Экинчиден айдоочулар машинелерин мамлекеттик компаниядан камсыздандырууга көбүрөөк умтулушат. 2025-жылы Кыргызстандагы 19 компания 3,2 млн тарапты камсыздандырса, анын 700 миңден ашыгы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна туура келген.
Мына ушундай секириктин фонунда – 2026-жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомун Финансы министрлигинен чыгарып, өзүнүн иш башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча жарлыкка кол койду.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков башкармалыктын тиешелүү мекемелерди өзүнө алуу максатын минтип чечмеледи:
Мүсүркул Кабылбеков
“Албетте, мунун баарын башкаруу жагынан жөнөкөй эле түшүндүрсө болот, жөн гана бардыгын көзөмөлдөгүсү келип жатат. “Түндүк” менен жарандардын паспортундагы маалыматтарын көзөмөлдөйт. “Мамлекеттик камсыздоо уюмунда” болсо чоң акча бар. Мамлекеттик ипотекалык компания да Президенттин иш башкармалыгында болгон соң алар курган бардык батирлер менен үйлөр камсыздандырылат. Канча батир ишке берилди, анын аянты канча, ар бир батирден кеминде 100 доллар камсыздандыруу төлөмү түшөт. Президенттин иш башкармалыгы мына ушул каржы агымынын баарын өзү көзөмөлдөгүсү келүүдө. Бизде ансыз да супер президенттик бийлик, мамлекет эми андан бетер күчтөнүп, баарын колго алууга ниеттенүүдө. Ал эми аппараттык оюн жагынан чечмелесек, мунун баары Каныбек Туманбаев президенттин фаворити экенин билдирет. Президент аны мыкты менежер, мыкты башкаруучу деп эсептейт жана ага толук ишенет. Ошондуктан анын каалоосун аткарып, башка мекемелерге баш ийген түзүмдөрдү башкармалыктын алдына бириктирип берди”.
“Кыргызиндустрия” жана “Кыргызтелеком”
Апрелдин аяктарында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик башкарган "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому Президенттин иш башкармалыгына өттү. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы "Азаттыкка" берген маалыматта бул аракет “мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максаты” менен түшүндүрүлдү.
"Кыргызиндустрия" ишканасы.
"Кыргызиндустрия" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн жана анда баштапкы капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. "Кыргызиндустрияга" түзүлгөн күнүнөн тартып эле сегиз ишкана берилген. Кийин ага берилген ишканалардын саны 40ка жеткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Кыргызиндустрияда" "коррупциялык схема" аныкталганын билдирип, ошол кездеги жетекчилерин кармаган эле.
Апрелдин соңунда мындан сырткары дагы бир интернет оператору – мамлекеттик “Кыргызтелеком” компаниясы да Президенттин иш башкармалыгына өткөнү ырасталды. Бул да коомчулукта бир топ талкуу жаратты.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги
30-апрелде “Ынтымак Ордонун” басма сөз кызматы маалымат таратып, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулганын жарыялады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүдө олуттуу өсүш болгону, бирок бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболор дагы эле тоскоол болуп жатканы айтылган. Андан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде олуттуу кемчиликтер аныкталганы белгиленген. Министрликтин бардык милдеттери, штаттык саны иш башкармалыкка өттү.
Ички иштер министрлигин кошпогондо мамлекеттик мекемелердеги санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлардын кызматтары кыскартылат.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылы Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлгөн. 2025-жылы Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги деп кайра аталган.
Ошентип, Президенттин иш башкармалыгы катардагы ишканаларды эле эмес, бүтүндөй министрликти "жутуп" кетти.
Кезинде Убактылуу өкмөттүн аппаратын, Роза Отунбаеванын тушунда Президенттин администрациясын жетектеген Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы постунда бул аракеттердин оң-терс жактарын жазды:
Эмилбек Каптагаев
“Элибизде "жыргаганымдан кошокчу болуптурмунбу...?" - дейт эмеспи... Ошол сыңар президент деле жыргап кеткендигинен, же эригип башка кылар иши жоктон мындай кадамдарга барып жаткан жок го дейм. Ал деле ишти алдыга сүрөөнүн аракетин кылып жатат да, министрликтердин чарк-чамасы жетпей калып жаткандыгын карап отура бербей алардын ишин башка жактан сүрөмөлөп жаткандай, кыязы. Тээ илгери, эгемендиктин алгачкы жылдарында, "Өкмөт деген түнкү кароолчудай болушу керек, чарбалык иштерге тикелей киришпеши керек... Министрликтер, мекемелер чарба иштерин жүргүзбөй, ар ким өз тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүсү, укуктук-ченемдердин аткарылышына, чарба жүргүзүүнүн, айрыкча атаандаштык эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөшү керек..." - дегендей саясат болгон. Бардык мамлекеттик органдардын чарба жүргүзүү функциялары алынып салынган болчу. Бирок тиги жагында дагы, бул жагында дагы башаламандык боло берип, экономика таптакыр ыдырап бара жатканда акыры барып министрликтер менен мекемелерге чарба жүргүзүү функциялары кайтарылып берилген. Ошол учурда туура эле кадам болгон. Учурдагы тенденцияларды карап отуруп менде бир пикир пайда болду - балким ошол кезде ишке ашпай калган нерсенин учуру эми келгендир, чынында эле министрликтер менен мекемелер мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө кайтып, ал эми чарба жүргүзүүнү баша түзүмгө тапшыруу туура болуп жүрбөсүн. Буга азыркы Иш башкармалыктын аткарып жаткан иштери, иштердин жыйынтыктары негиз болуп жатат”.
Ири курулуштарды башкаруу
Маалым болгондой, бул жылдар аралыгында Президенттин иш башкармалыгы Кыргызстандагы эң ири курулуштарды да колго алды. Мекеменин алдындагы “Кыргызкурулушсервис” (“Кыргызстройсервис”) ишканасы 2022-2024-жылдары Президенттин администрациясынын имаратын – “Ынтымак Ордону” куруп бүтүрдү. Албетте, өзү эмес, жалданмачы компания – “Иншаат строй билдинг” менен чогуу салды. Жеке компанияга мунун акысына 25,7 гектар жер берилери жарыяланган.
Башкармалыктын алдындагы ишкана мындан сырткары ушул эле имараттын жанына түшүп жаткан “Конгресс Холлду” же “Ырыс Ордону” да куруп жатат. “Кыргызкурулушсервис” ошондой эле Бишкектеги өкмөттүк шаарчаны долбоорлоп, куруу милдетин өзүнө алган. 19 кабаттан турган имарат “Ынтымак Ордонун” маңдайына түшөрү айтылган.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев ушул тапта курулуп жаткан “Бишкек Арена” стадионунун, жаңы “Ош” базарынын, Бишкектин автобекетинин курулуштарына да жеке өзү жоопкерчилик алууда. Аларды өзү барып текшерип, курулуштун этаптары жөнүндө коомчулукка маалымат чыгарып турат.
Журналист Тынчтык Алтымышев береги иштерди мындайча баалады:
Тынчтык Алтымышев
“Акыркы беш жылда МИК аркылуу “80 миң жаранга үй беребиз” деп жатат. Борбор Азияда эң чоң стадион курулуп жатат, Конгресс Холл салынууда, Кыргызстан эл аралык жыйындарды өткөргөндө ушундай жыйындар залдан мукурап келген. Конок тосчу жайыбыз, көргөзмө, салтанат залдарыбыз жок болчу. Эми ошондой залыбыз болот. Мындан тышкары Кесиптик кошуундар бирлигинен алган 15 санаторий-курортту мыктылап оңдоп салышты, анын баары кирешеге чыкты. Калк күндө каттап жаткан оорукана-бейтапканаларды оңдой албай жатканыбызда санаторийлер тапткыр көз жаздымда калып кетмек”.
Ондогон мекемени башкарган орган
Жыйынтыктап айтканда, Президенттин иш башкармалыгы 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 кызмат-сервисти, 2 дирекцияны, 7 компанияны, 7 ишкананы, 2 паркты, 7 эс алуу жайын түздөн-түз башкарууда.
Мындан сырткары Кесиптик кошуундар федерациясынан мамлекетке алынган пансионат, курорт, эс алуу борбору, коттеж жана мейманканаларды Иш башкармалыктын алдындагы Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекция карап жатат. Жогоруда айтканыбыздай, алардын саны айрым маалыматтарда 29 деп көрсөтүлүүдө. Кээ бир кабарларда 16, кай биринде 14 экени маалымдалган. Ошондой эле “Кыргызиндустриянын” ичиндеги 40тай ишкананы башкарууну да башкармалык аткарып калды.
“Азыркы учурда биз президенттик башкарууда жашап жатпайбызбы. Анда мамлекеттик башкаруунун кандай формасын тандап алат, кандай рычагдарды колдонот, кандай институттарды киргизет, бул президенттин өзүнүн ыйгарым укугу болуп калат да. Канча жылдан бери өкмөт оор кыймылдаган, кеч бурулган, баш-аягын жыя албаган чоң орган экенин билип бүттүк. Ошондуктан президент ийкемдүү башкаруу киргизейин деп өзү түз көзөмөлгө ала турган иштерди өзүнүн иш башкармалыгына берип туруп, ошол аркылуу карайын деп, береги чечимдерди кабыл алып жатат окшойт. Мунун баарын ар ким ар кандай баалап жатат, бирок мен иш башкармалыктан аша чапкан нерселерди байкай элекмин. Өкмөт да өз ишин кылып атат, башкармалык да өз жумушун аткарууда. Экөөнүн кызыкчылыгы кайсы бир жерден кесилишип, бири-бирине жолтоо болгон деле жок. Менимче, иш башкармалык президент бөлүп берген чакан объектилер менен гана ишти алдыга жылдырып баратат. Бул, тескерисинче, өкмөткө жеңилдик деп ойлом”, – дейт Тынчтык Алтымышев.
5 миңге жакын кызматкер
Мурдагы бийликтердин тушундагы Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлеринин саны миңдин тегерегинде болчу. 2022-жылы президентти жана парламентти чогуу тейлей баштаганда башкармалыктын өзүндө жана ага баш ийген мекемелерде 2083 штаттык бирдик бекитилген. 2025-жылдын жыйынтыгында мындагы жалпы кызматкерлердин саны 4674кө жетти. Төрт жылда эки эседен ашыгыраак көбөйдү.
Улуттук статистика комитетинин соңку эсебине ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 19 миңди түзөт. Демек, Президенттин иш башкармалыгында мына ушунун төрттөн бирине тете кызматкер иштеп жатат десек болот.
Тилек Токтогазиевдин пикирин кайрадан ортого салалы:
“Эгерде Каныбек Туманбаев ушунчалык таланттуу болуп жатса анда Касымалиевди кетирип, анын ордуна Министрлер кабинетинин төрагасы катары Туманбаевди дайындап коюш керек. Ошондо туура болот. Тилекке каршы, мен бийликтен эмнени байкап жатам - система адамга ылайыктап өзгөртүлүүдө. Тескерисинче болуш керек. Системага ылайыктап адамдарды тандаш керек. Учурунда УКМКнын төрагасы ушунча күчтүү болуп турду, таасирдүү болуп турду, президенттин досу болуп турду дегендей. Анан өзүнө ылайыктуу эмес башка тармактарды дагы башкарып жатканын көрбөдүкпү. Билим берүү тармагына да, медицина, курулуш тармагына да көңүл буруп, бүт жагына аралашып жүрө берди. Анда калган вице-премьерлер эмне кылат? Же премьер-министр эмне үчүн турат? Мунун баары биз кимге баш ийебиз деген маселени жаратышы мүмкүн. Президенттин иш башкармалыгында жүргөндөр таасирдүүрөөк болуп калат. А министрлер же ошол министрлердин алдындагы иштегендер болсо, “тигилер эмне дейт, ошону күтөлүчү, алардын чечимин күтөлүчү” деп, кимге баш ийебиз деген бюрократиялык аппаратта башаламандык болуп, чечимдер көп жерде солгундайт. Иш жайыраак жүрүп калышы мүмкүн. Же бирөө чечимди чыгарат, экинчиси аны жокко чыгарышы мүмкүн”.
“Кош өкмөт”
Ошентип, Президенттин иш башкармалыгы Кыргызстанда Министрлер кабинетинен кийинки эле чоң орган болуп калды.
Иш жүзүндө ал бир ишканасы аркылуу жалпы жарандык паспортторду, ID карталарды, айдоочулук күбөлүктөрдү, башка документтерди басып чыгарып, экинчи ишканасында калкты тейлеп, аларды элге берүү жумуштарын аткарууда. Бир жагынан айдоочуларды окутуп, экинчи жагынан алардан кайра экзамен алып, бир жагынан транспортко документ берип, экинчи жагынан аны кайра камсыздандырууда. Ири курулуштарды аткарып, санаторий-курортторду оңдоп, аларды иштетип, интернет берип, акчаны басып чыгарып жатканын да белгилей кеттик.
Бул маселелерди “Азаттык” да, башка медиалар да бир нече ирет жазып турду.
Айрым талдоочулар муну Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын тартып алуу катары баалашса, кээ бир серепчилер өлкөдө “параллель өкмөт” же “кош өкмөт” түзүлүп калганын айтып турушту.
“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова өз сөзүндө буларды кошумчалады:
Чолпон Жакупова
“Эгер жөн гана баш ийүү принциби менен карасак, анда баарыбыз президентке баш ийебиз. Түшүнүп атасыңарбы? Мен конституционалдуулук жөнүндө кеп кылып жатам. Бул жөн эле ченемдердин тизмеси эмес, бул толук илим. Башкаруу тажрыйбасы бар ар бир адам, мамлекеттин биринчи адамдары, депутаттар, саясий элита муну түшүнүп, биринчи кезекте конституциялык маданиятка ээ болушу керек. Мамлекет деген кандай болот, ал кантип иштейт дегенди аңдашы керек. Антпесек, анда келгиле, бардык нерсени бир эле кишиге берип салалы, бүттү. Бирдемелерди ойлоп таап, өзүнчө министрликтерди түзүп эмне кылабыз? Мен дагы айтып атам, Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдын ар бир чечимин карашы керек, бул мыйзамдык ченем. Бул Конституциянын талабы. Президент өкмөттүн түзүмүн сунуштайт, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде аны бекитет. Азыр болсо Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн бекитип берип жатат, андан соң президент өз жарлыгы менен ага каалашынча оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүдө. Андай болсо Баш мыйзамга “өкмөттүн түзүмүн бекитүүнүн таптакыр кереги жок” деп жазып алгыла. Мыйзамга киргизгиле. Кааласаңар монархия жарыялап алгыла, бирок анда мыйзамдарды монархияга ылайыктап жазып чыккыла. А бизде бир нерсе экинчи нерсе менен шайкеш келбей калууда. Мен монархияда деле жашаганга даярмын, бирок бири-бирине карама-каршы келбеген мыйзамдарды жазып чыккыла. Азыр башыбыз айланып калды”.
Туманбаевдин ийгилигинин сыры
Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болгонго чейинки жолу өзүнчө узун сөз, бирок биз учкай эстеп көрөлү. Ал Аксынын Кербен шаарында туулуп-өсүп, Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. 2012-жылдан тарта "БКС" деп аталган курулуш компаниясынын жетекчиси болгон.
Туманбаевдин ысымы коомчулукта ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, айрым маалыматтар боюнча, айдоочусу Икрамжан Илмиянов менен тыгыз байланышта аталып келген. Илмиянов Ак үйдө турган кезде анын эң жакын адамы, жардамчысы катары сыпатталып келген. Муну бир нече факт да далилдеп турат. Маселен, убагында Илмияновго таандык экени айтылган ON1 каналы дал ушул Туманбаевге катталган. Кийин бул каналдын негизинде "Апрель ТV" түзүлгөн.
Каныбек Туманбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) талапкер болуп аттанып, 2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы болгон. Ал 2020-жылкы шайлоодо бийликчил "Биримдик" партиясынын тизмесине кирген. Дал ушул шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам элдик толкундоолордун натыйжасында Жээнбеков кызматтан кетип, Садыр Жапаровдун бийликке келишине жол ачылган.
Туманбаевдин ысымы "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык схемаларга, муфтияттагы айрым чатактарда да аталган. Ал башка бир катар журналисттик иликтөөлөрдүн да “каарманы” болгон.
Президенттин иш башкаруучулугуна келген соң Каныбек Туманбаев Садыр Жапаровду көп жерде коштоп жүрөт. Талдоочулар анын Кыргызстанда таасирдүү фигурага айланышынын сырын ар кандай чечмелеп келишет.
Саясатчы Адахан Мадумаров “Азаттыкка” курган соңку маегинде биздин тема жөнүндө мындай үн кошту:
Адахан Мадумаров
“Бизде таасир ээлеген кызматы боюнча эмес, президентке жакындыгы боюнча болот. Кезинде таасири премьерден да күчтүү болгон “айдоочулар” болду го. Премьерден да күчтүү “достор” болду, премьерден да күчтүү “туугандар” болду. 35 жылдык тарыхыбызда мына ушунун баарын көрбөдүкпү. Ошону үчүн айтып атам - Конституция иштебеген жерде эч кандай тартип болбойт. Маселе кызматтын аталышында эмес, маселе сен канчалык деңгээлде жакынсың, канчалык деңгээлде ишенимдүүсүң. Керек болсо кызматта иштебеген азаматтар өкмөт чече албаган маселелерди чечип коёт. [...] Мындай нерсе менен мамлекетте параллель түзүм пайда болот. Өкмөт биякта эле калат, ошол чечет. 2008-жылы беле, же 2009-жылы беле ЦАРИИ деген кызмат түзүлгөн. Өкмөттөн беш эсе күчтүү, керек болсо өкмөттөгү киши ага барып отчёт берип калган. “Бул туура эмес, Конституцияга туура келбейт” деп кыйкырып чыгып, ошондо да жаман көрүнгөм. Керек болсо кызматтан кетүүгө туура келген. Аскар Акаевичтин тушунда ар кайсы жылдарында ар кандай программалар кабыл алынат эле. “Элет”, “Айыл”, “Аялдар” программасы деп... Мына программага ким координатор болсо, ал өкмөттөн да кыйын болуп чыга келчү. Бул быйыл пайда болуп калган жок, бирок соңку мезгилде чектен чыгып кетти. Орусияда президенттин иш башкаруучусу ким, билесизби? Казактардыкы, өзбектердики ким, билесизби? Билбейсиз. Өкмөт башчысын, вицелерин тааныбайсыз. А бизде ким жакын болсо ошол атактуу, белгилүү, эң бай, таасирдүү, эң акылдуу, эң көрөгөч болуп чыга келет”.
Калыстык үчүн президент Садыр Жапаров жүзүнө кармаган инфратүзүм жаатындагы ийгиликтер Каныбек Туманбаевдин иши экенин да айтып коёлу.
Ошол эле “Ынтымак Ордонун”, “Ырыс Ордонун”, “Бишкек Аренанын” курулуштары, паспорт, күбөлүк жана акча басып чыгаруу, ипотекалык үйлөрдү салуу жана башка жумуштардын баарына мамлекет башчы өзү катышып, тасмасын кесип, мезгил кутусун салып же социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу сүйүнчүлөп турат.
Журналист Тынчтык Алтымышев бул иштердин баары Туманбаевдин менежерлигинин жемиши дейт:
“Каныбек Туманбаев өзү түз, айткан ишин аткарган, өзүнө иш тапшырган кишиге берилгендик менен кызмат кылган, чынчыл адам экен. Башында баары эле айтып чыгышкан, “бул шылуун экен, жегич, отургузуп кетет, андай-мындай экен” деп... Тилекке жараша, андай болгон жок. Каныбек Туманбаев өзүнүн менежерлигин, чынчылдыгын, түздүгүн көрсөттү. Президент кандай ишти тапшырбасын, майын чыгара аткарууда. Биринчиден, иш билги экен. Экинчиден, мыкты команда түзө алат экен. Азыр жалаң жаш, прогрессивдүү, сырттан окуп келген, көп тил билген жигит-кыздардан куралган команда түзүп алды. “Кабыл алсамбы, албасамбы” деп ыңгыранган мурдагы аткаминерлердей болбой, алар батыл кыймылдап, иштиктүү иш алып барышат экен. Ошонун баары азыр эффект берип жатат”.
Кыргызстанда 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өлкө башына келген бийлик Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясий тандеминен турганын билебиз. Мурдатан дос болуп келген саясатчылардын бири президент болуп шайланып, экинчиси Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп келген.
Шарттуу түрдө Жапаров биринчи деп айтылса, Ташиев таасири жагынан өлкөдөгү “экинчи адам” катары айтылып жүргөн. Быйыл февралда Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, тандем урады. Мунун фонунда президенттин иш башкаруучусу алдыңкы планга чыккансыды.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков мунун жөнүн төмөнкүчө чечмеледи:
“Албетте, формалдуу алганда кызматтык жактан ал ондукка да кирбейт. Иерархия боюнча президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр жана башкалар бар. Мында президенттин иш башкаруучусу жөн гана чарбалык иштей, саясатка эч кандай тиешеси жоктой көрүнөт. Формалдуу алганда ошондой. Бирок чынында Каныбек Туманбаевдин таасири өтө чоң. Анын таасири премьер-министрди да басып өтүүдө. Парламент төрагасын, же башкаларды айтпай эле коёлу. Иш жүзүндө аппараттык салмагы боюнча Туманбаев президенттен кийинки экинчи адамга айланып калды. Анткени ал биринчи кезекте өкмөттүн эң майлуу жерлерин тартып алды. Муну менен Министрлер кабинетине параллель түзүм болуп калды десек болот. Эл ичинде “Кабинет министров” дегенди өзгөртүп, “Каныбек Министров” деп бекеринен айтылып жатпаса керек. Кыргызчалап, “Министрлер Каныбеги” деп койсо болот окшойт. Айтор, ал азыр абдан таасирдүү. Мурда анын таасири бийликте Камчыбек Ташиев менен тең салмакталып турса, жогоруда айтканымдай, ал азыр экинчи киши болуп калды”.
Маалыматтарга караганда, алдыда дагы бир нече мекеме-компания Президенттин иш башкармалыгына өтүшү мүмкүн экен. Алар кайсылар, азырынча так айтуу кыйын.