Кыргызстанда Wildberries аркылуу канча ишкер соода кылат? Алардын өлкө экономикасындагы үлүшү жана соңку чабуулдардан жабыркагандардын масштабы кандай? Кыргызстанда Wildberries аркылуу миңдеген ишкер соода кылары айтылып келет, бирок алардын так саны жана жалпы чыгымы азырынча эсептеле элек. Кыргыз өкмөтү бул маселе көзөмөлдө экенин билдирип, компания менен сүйлөшүүгө даяр экенин маалымдады.
Учурда Кыргызстанда ондогон, атүгүл жүздөгөн ишкер оор жагдайга кабылып отурат. Орусиянын Электросталь, Котовск, Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы Wildberries кампаларына урулган дрон соккулары ушинтип онлайн соода тармагында иштеген кыргыз ишкерлерине түз кесепетин тийгизүүдө.
Маркетплейстердин сатуучуларынын ассоциациясы учурда Орусиядагы кампаларда жабыркаган ишкерлердин чыгымдарын тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Уюмдун аткаруучу директору Арнагүл Бөлөкбаева 22-июлга карата чогулган анкеталык маалыматтар менен бөлүштү:
“Электросталдагы товарлардын саны 430 900гө жетти. Бул маалыматты жаңы эле таблицадан алдым. Котовскиде 23 240 товар экен. Подольск дагы бир аз күйдү, ал жакта 33 900 товар деп келди. Краснодар менен Невинномысск азыр таблицаларды толтуруп атышат. Краснодарда 14 000, Невинномысскта 8 000 деп келип атат. Азырынча маалымат ушундай. Анкетаны 280ге жакын селлер толтурду. Азыр тайпаларга дагы жаңылар кошулуп, дагы толтуруп атышат. Кабинеттин ичинде актылар бар да, бул иш жүзүндө так сандарын алып чыгып жазгандар. Актыларын чыгара албай, товарынын так санын билбегендер да бар”.
Ассоциация билдиргендей, бул айтылган сандар анкета толтурган 280 сатуучунун гана көрсөткүчү болгондуктан 5 кампадагы маалымат толук чогулганда чыгымдын масштабы дагы да чоңоюшу мүмкүн.
Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 23-июль күнү чакан ишкерлердин чыгымдарын калыбына келтирүү иштерин баштаганын билдирди.
“Электросталда товары зыянга учураган соодагерлерге бүгүн алгачкы которууларды баштайбыз. Биринчи кезекте эң чакан жана аярлуу ишкерлерди колдоо зарыл – алар 88 миңден ашуун. Сутка ичинде сатуучулардын балансына акча түшөт”.
2021-жылдан тартып кыргызстандык ишкерлер Wildberries платформасына түз катталып, товарын ортомчусуз сата баштаган. Бүгүн бул маркетплейс өлкөдөгү эң популярдуу онлайн соода аянтчаларынын бири болуп эсептелет. Бирок соңку апталардагы дрон чабуулдары товар жеткирүүнүн коопсуздугу, чыгымды ким көтөрөрү жана эл аралык маркетплейстер аркылуу иштегендер кантип корголушу керектиги тууралуу маселени күн тартибине чыгарды.
Дагы караңыз
"Wildberries'теги товарыбыз бүт күйдү". Ишкерлер миллиондогон чыгымга баттыКыргыз өкмөтүнүн жообу кандай?
21-июль күнү экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries-Russ компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Александр Воробьев менен жолугушканы кабарланды. Министрлик кыргызстандык ишкерлерге келтирилген зыянды баалоо иштерин координациялап жатканын билдирди.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, жыл башынан тартып тигүү тармагындагы ишкерлерди колдоо үчүн пайызсыз насыялар берилип келет. Андан тышкары, орто жана чакан бизнестин жүгүртүү капиталын камсыздандырууга 6% жеңилдетилген насыя беришкен. Мунун баарына бюджеттен 20 млрд сом бөлүнгөн.
Жабыркаган ишкерлер учурда ар кайсы мессенжерлерде атайын чаттарды түзүп, жагдайды түшүнүүгө жана чыгымдарын калыбына келтирүүгө тынбай аракет көрүп жатышат. Арийне, ишкерлердин сөзүнөн улам алардын товары камсыздандырылбаганы жана көпчүлүгү мыйзамдуу ишкерликтен тыш, көмүскө чөйрөдө экени байкалат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ишкерлер өкмөттүн жардамы менен эле чектелбей, тобокелдикти азайтуу үчүн камсыздандыруу механизмин да кеңири колдонушу зарыл деп "Азаттыкка" курган маегинде айтты:
“Жабыркаган ишкерлерибиздин так суммасын тактоо биз үчүн кыйынчылык жаратат. Анткени алардын көлөмдөрү бизде катталган эмес. Бирок, жеңилдетилген насыялардын алкагында жардам бергенге даярбыз. Андан тышкары, камсыздандыруу маселеси да кеңири колдонулушу керек. Анткени, эгерде ишкер кандайдыр бир ишкердик жүргүзсө, анын тобокелдиктерин да тарта билиши керек. Ошол тобокелдиктерин азайтуу максатында сөзсүз түрдө камсыздандыруу механизмдерин да колдонушу керек. Камсыздандыруу механизмдери, мисалы, ЕАЭБдин алкагында кайра камсыздандыруу программасы бар. Ал биздин камсыздандырылган компаниялар чоңураак көлөмдө болсо, анда ЕАЭБдин алкагында кайра камсыздандыруу механизмин колдонгонго да мүмкүнчүлүгү бар”.
Дагы караңыз
"Күйүүчү майды Орусиядан башка өлкөлөрдөн алабыз". Амангелдиевдин маегиКыргызстанда соңку жылдары электрондук соода ийгиликтүү өрүш алып, чоң рынокко айланды. Экономика жана коммерция министрлиги 2025-жылы онлайн сооданын ички рыноктогу көлөмү 600 млн долларга жеткенин, тышкы сооданы кошкондо 1 млрд доллар болорун билдирген.
Ар кайсы эсептерге назар салсак, учурда 27 миңден ашуун кыргызстандык ишкер маркетплейстер аркылуу соода кылат. Кыргызстанда көбүнчө Wildberries, Ozon, Kaspi, Temu өңдүү платформалар популярдуу деп эсептелет.
Арийне, Салык кызматына электрондук коммерция жаатында жүздөй ишкер гана катталган. Мамлекеттик салык кызматынын Ыкчам көзөмөл башкармалыгынын Тармактык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Талант Шайкидинов электрондук соодадан түшкөн салык өсүп жатканын билдирди:
“2026-жылдын 22-июлуна карата электрондук соода багытында атайын салык режиминде 102 ишкер катталган. Бул тармактан бюджетке 2024-жылы 60 млн 600 миң сом, 2025-жылы 66 млн 300 миң сом салык түшкөн. Башкача айтканда, бир жылдын ичинде 9,5% өскөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы алты айында 34 млн сомдон ашык салык чогултулду. Жөнөкөй айтканда, интернет аркылуу товар саткан ишкерлерге жана компанияларга, электрондук соода платформаларынын операторлоруна, ошондой эле товар же кызмат сатып алууга арналган онлайн микрокредиттер жана төлөм кызматтарын көрсөткөн уюмдарга колдонулат”.
Дагы караңыз
"100 млн рублга чейин жоготтук". Wildberries кампасындагы өрттө зыян тарткан кыргызстандык ишкерлерWildberries эмне үчүн маанилүү?
Wildberries компаниясынын изилдөөсү 2025-жылы кыргыз сегментинде көбүнчө сулуулук каражаттары, кийим-кечек, азык-түлүк, ден соолук товарлары жана китеп категориялары активдүү иштегенин аныктаган.
Ошол эле Wildberries’те кыргыз ишкерлеринин негизги экспорттук багыты Орусия болууда. 2025-жылы ал жакка товарлардын 76% кеткен.
Электрондук коммерция ассоциациясынын жетекчиси Айбек Куренкеевдин айтымында, кыргызстандык ишкерлер Орусия менен бизнес кылуу үчүн негизинен Wildberries, Ozon маркетплейстери менен иштеп жатат:
Айбек Куренкеев
"Биз кардар катары Wildberries, Ozon, Кытай маркетплейстеринен Temu'дан, Pinduoduo'дон көп буйрутма берип атабыз. Андан тышкары, атамекендик маркетплейстер дагы бар. Кыргызстан негизи Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНКТАД деген Дүйнөлүк электрондук коммерция рейтинги боюнча 96-орунда турат. Эки жыл мурун 111-орунда турганбыз. Демек, эки жылдын ичинде 15 баскычка жогоруладык. Бул жакшы темпти, бул чөйрө жакшы өнүгүп жатканын көрсөтөт".
Кыргыз ишкерлери эки жумадай гана созулган сезондук мезгилге даярдалган товарлары жок болуп кеткендиктен бүтүндөй рынокту үзгүлтүккө учуратып алуу коркунучунда турганына кабатыр болууда. Согуш кооптуулугу күчөгөн Орусияда соода кылуу тобокелдүү болуп калгандыктан алар башка рынокторго өтүү тууралуу сөз кылып жатышат.
Маркетплейстер боюнча эксперт Бермет Кошоева мурдараак Европанын, АКШнын же Кытайдын соода аянтчаларына чыгууда тилдик тоскоолдуктарга туш болгондуктан Wildberries өңдүү орус базарлары кыргыз ишкерлери үчүн ири экспорттук аянтча болуп кеткенин айтууда:
Бермет Кошоева
“Бирок азыр ал жак көйгөйлүү базар болуп калгандыктан бизде экспорт маселеси кайра көтөрүлүүдө. Ушундан улам мен кайда экспорттойбуз дегенди кайра карап чыгуу керек деп айтар элем. Анткени ал жакка экспорттогондордун көпчүлүгү келишимдик фабрикалар болчу. Алар биздин ишкерлердин, казактардын же орустардын өз буйрутмасы менен тиккен цехтер. Мындай түрдөгү экспорт бир аз кыйын болуп калат. Бирок сиз өзүңүздүн брендди өнүктүрүп алсаңыз бир кыйла жакшы жана пайдалуу болот. Маселен, Wildberries'те экспорттоп иштегендердин 20% гана өзүнүн брендин жылдыргандар. Калгандар келишимдик фабрикалар, башкача айтканда, башкалардын буйрутмаларын аткаргандар. Ар кандай катаклизмдер, өрт, саясий кырдаалдар же азыркыдай жагдайлар жаралган учурда ар дайым фабрикалар жабыр тартышат. Эгерде сиз өзүңүздүн брендди өнүктүрүп алсаңыз, анда сиз үчүн башка рынокко чыгуу жана алдыга жылуу бир топ жеңил болот”.
Украин аскерлери 22-июлга караган түнү Орусиядагы эң ири онлайн-соода операторлорунун бири болгон Wildberries компаниясынын логистикалык борборлоруна жана бөлүштүрүү кампаларына сокку урду.
Бутага Краснодар крайынын Краснодар шаарындагы жана Ставрополь крайынын Невинномысск шаарындагы объектилер алынды. Эки кампада тең өрт чыкты.
Буга чейин, 18-июлда жана 20-июлда да Украинанын Куралдуу күчтөрү Москва облусундагы үч ушундай кампаны жана Тамбов облусунун Котовск шаарындагы бир кампаны бутага алган. Эки жерде өрт чыгып, кампалардын бири толугу менен күйүп кеткен.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Wildberries компаниясынын логистикалык борборлорунда учкучсуз аппараттар үчүн тетиктер сакталганын билдирген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Wildberries: Жабыркаган кыргыз ишкерлер өкмөткө кайрылды