Жапаров Ташиевдин казынага 4 млрд доллар кайтарганын төгүндөдү. Жемкорлукка каршы күрөштөн канча каражат түшкөн?

"Азаттыктын" коллажы

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго маегинде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөштөн казынага 4 млрд доллар түшкөн деген маалыматын четке какты. Билдирүү коомдо талкуу жаратып, коррупцияга каршы күрөштө өндүрүлгөн каражат боюнча суроолорду пайда кылды.

УКМКнын экс-жетекчисинин буга чейинки маалыматы эмнеге негизделген? Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын чыныгы суммасы канча?

"Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок"

Президент Садыр Жапаровдун соңку маегиндеги кызыгуу жараткан маалыматтардын бири коррупцияга каршы күрөштөн казынага түшкөн каражаттын суммасына байланыштуу болду. Ал УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин жемкордукка каршы күрөштөн 4 миллиард доллар өндүрүлдү деген маалыматын жокко чыгарды:

"Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле "Мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда, "Ай, досум, сандар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса "жеп алды" деп айтат эл. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени - мисалы, базар баасы 100 миң долларлык батирин алса 300 миңге баалап туруп эле ала берген. Аны кимге сатасың, эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы?" - деген Садыр Жапаров.

Мындай жол менен быйыл февралга чейин өлкөдө экинин бири болгон Ташиев ишинин негизги жыйынтыгынын бири катар көрсөткөн маалыматты эл алдында четке какты.

Дагы караңыз

Ташиевдин тагдыры, Кумтөрдү башкаруу, камалган активисттер. Жапаровдун жаңы маеги

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн соңку беш жылда мамлекеттин кирешесине 352 миллиард сом кайтарылганын, бул 4,14 миллиард долларга барабар экени быйыл 29-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коллегиялык жыйынында айтылган. Коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ошол эле күнү "Регион" телеканалына курган маегинде муну ырастап, өлкөдө жемкордук элементтер азайганын билдирген.

"Азыр мамлекеттик мекемелерде коррупцияга баруудан жок дегенде айбыгып, мыйзамдан коркуп, токтоп калышты. Эми ушул процессти биз мындан ары өнүктүрө бере турган болсок, анда коом көнөт", - деген Ташиев.

Камчыбек Ташиев ага чейин да 2020-жылы келген бийликтин тушунда коррупциядан мамлекеттин бюджетине миллиарддаган сомдор кайтарылганын бир нече жолу кайталаган. Анын 2024-жылдын аягында берген маалыматында мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) кайтарылганы айтылган.

Дагы караңыз

Ташиев беш жылда коррупциядан 300 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн айтты

Айрымдар 4 млрд доллар же андай эмес деп айтылган маалыматтардын артында мамлекеттин каражаты же кайтарылып алынганы айтылган ишкерлердин иштеп тапкан акчасы турганын белгилешүүдө.

Эксперт Венера Сайпидин президент Садыр Жапаров коррупциядан "кустурулуп алынган" акчанын суммасын төгүнгө чыгарганда кайсы фактыга таянып айтканы коомчулукка белгисиз болуп калды деген оюн ортого салды.

Венера Сайпидин

"Кана ошол так сандар? Кайсы банкка келип түштү? Кайсы соттун чечиминин негизинде? Кайсы ишкердин же кайсы коррупцияга шектелген адамдан алынды? Же криминалга аралашкан адамдан алынганы тууралуу так маалымат барбы? Кана соттун чечими? Булардын баары көп суроо. Президент 4 млрд доллар алынбаганын айтканда эмнеге негиздеп айтты? Кайсы фактыга таянып айтып жатат? Бул өтө чоң маселе. Ошондуктан, президент эле эмес, бул маселеге тийиштүү органдар - УКМК, Эсеп палатасы, Каржылык көзөмөлдөөгө байланыштуу мекемелер, Жогорку Кеңеш тыкыр иликтеп, сандарды тактап коюшу керек. Ошондо гана кайсы бир деңгээлде суроолорго жооп табылып, чекит коюлмак. Жогорку Кеңеш жакында ишке киришет, алар комиссия түзүп, иликтөө жүргүзсүн. Жогорку Кеңеш эмне үчүн буга чейин унчукпай келди, мага ушул кызыктуу. Биз да бул маселени ушул бойдон калтырып койбой, парламентти бул маселени көтөрүп чыгуусуна милдеттендирип турушубуз керек", - деди Венера Сайпидин.

Коррупцияга айыпталган мамкызматкер, ишкер, криминал

Кыргызстанда алгач коррупцияга шектелген мурдагы аткаминерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди кармап, камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жүрсө, 2023-жылы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин, криминалга "байланышы бар" делген адамдар, ишкерлерден да "кустуруу" жүрө баштады. Акыркы жылдары УКМК, прокуратура тарабынан "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен жүздөгөн имарат, ишканалар мамлекетке кайтарылганы жарыяланган. Бул эң ириде ишкерлердин нааразылыгын жараткан. Ушундан улам, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар мамлекет ишкерлерге басым жасап, менчик укугу тепселенип жатканын айтып, “1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамын жазышкан. Коомчулукта мамлекетке кайтарылган ишканалар кайра эле бийликтеги бир ууч адамдардын жакындарына "ижарага берилгенине" же болбосо талкаланып, жок болуп баратканына нааразылыктар айтылып келген.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынары менен ага удаа УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Элдар Жакыпбеков дагы иштен алынып, кармалып, камалган. "Эду" атка конгон Жакыпбеков коррупцияга каршы күрөш деп ишкерлерди текшерүү, камоо, "кустуруу" деген ат менен таанылган иштин башында туруп, мүлкүн, каражатын камакка алуу өңдүү айрым ири операцияларды жетектегени көптөн бери эл арасында айтылып келген. Ага каршы ондогон ишкер арыз жазып, айрымдары "мыйзамсыз" деген негиз менен мамлекетке кайтарылган мүлктөрүн Жакыпбеков менчиктеп алганына даттанышкан.

Дагы караңыз

"Эду сүрүп чыкты". Нарындагы "Чардын" ээси Жапаровго даттанды


Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова коррупцияга айыпталгандардан, шектүүлөрдөн, "мыйзамсыз иштерден" деген жүйө менен мамлекетке кайтаруу же акчалай өндүрүүнүн өзү мыйзамсыз болгонун белгиледи. Анын айтуусунда, кустуруу же мамлекетке алуу боюнча мыйзам жок, ал эми "улутташтыруу" деген мыйзамга бул туура келбейт.

Клара Сооронкулова

"Улутташтыруу деген мыйзамга да туура келбейт. Жөн гана рейдерлик же басып алуу десек болот. Тергөө жүрүп жатканда эле жазып өткөрүп берип коюшуптур. Бир да мыйзамга туура келбеген соң, рейдерлик деп айтуу туура болот. Ташиевдин кол алдында иштеген кызматкерлерге айыптоо коюлуп жатканда "булар тартып алып эле, өздөрүнө же жакындарына каттатып алыптыр" деген маалыматтар чыкпадыбы. Демек, булар өздөрү кылмыш кылып жүрүшкөн да".

Клара Сооронкулова коррупциядан мамлекетке кайтарылган акчанын так суммасы боюнча президенттин маалыматы болбошу да мыйзамсыз жасалган иш-аракеттердин натыйжасы деп эсептейт.

"Президентте так маалымат болушу керек эле, бирок тактала элек болушу мүмкүн. Анткени азыр ошол "кустуризация" боюнча бир топ кылмыш иштери козголуп жатпайбы, канчалаган ишкерлер "мүлкүмдү мыйзамсыз тартып алды" деп кайрылып атышат. Так сан чыккан күндө да коомчулукта "кандай мыйзамдын негизинде тартып алдыңар, соттун чечими барбы?" деген суроо туулат да. Бул деген бандиттик жол менен барып, басып алган болуп жатат", - деди Сооронкулова.

Ушундай эле пикирди активист Эрлан Бекчоро да айтууда. Ал "кустуруу" саясатын "билимге эмес, билектин күчүнө салынган коррупциялык күрөш" деп сыпаттады.

Эрлан Бекчоро

"Чындыгында тандалма сот, тандалма мамиле азыр деле уланып жатат. Шайырбек Ташиевдин, Конгантиевдин (Куванычбек) сотторунан кийин элде "булар ушунча жептирби, ушунча кустуруп кое берди" деген ача пикирлер жаралып жатат. Эгер жөнөкөй бир жаран же ишкер болгондо кандай саясат жүрмөк? Президент өзү да бул сөзү менен бүдөмүк ойлорду жаратып койду, биз да ошондой бүдөмүк ойдо калып жатабыз", - дейт Эрлан Бекчоро.

Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөш жүргөнүн колдоп, мамлекетке мүлк катары, акчалай кайтарылган каражат элдин, өлкөнүн өнүгүшү үчүн жумшалып жатканын белгилегендер да бар. Алар коррупциядан өндүрүлгөн каражаттар аймактарды өнүктүрүүгө, инфраструктура жакшыртууга, мектеп бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык объектилерди курууга, жолдорду жаңыртууга сарпталып жатканын айтышууда.

Дагы караңыз

"Томми Моллду батирдин баасына алып койгон". Шаки Жапаровго даттанды, Ташиев четке какты

Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа Муканова коррупцияга каршы күрөш эң ириде мамлекеттик жетекчиликтин - президенттин саясий эркин талап кыларын белгиледи.

Нурипа Муканова

"Коррупцияны азайтып, деңгээлин өтө төмөнкү көрсөткүчкө түшүргөн мамлекеттердин тажрыйбасын карасак, эки эле нерсе бар: биринчиси - мамлекеттик жетекчиликтин коррупцияга каршы саясий эрки. Экинчиси - экономиканын өсүшү. Кыргызстанда коррупция азайганынын белгиси - 2024-жылдан тартып, экономикабыз өсүп жатат. Дагы бир көрсөткүч - айлык акы жана пенсия. Бюджеттик кызматтагылардын айлык маянасы көбөйдү, алар татыктуу айлык алып жатышат. Пенсия жылдан-жылга өсүп жатат. Бул дагы коррупция менен күрөштүн бир механизми. Бул механизм биздин өлкөдө аябай жакшы колдонулуп келе жатат".

Нурипа Муканова коррупция менен күрөштүн натыйжасында бала бакчадан тартып, мектеп, оорукана жана башка мамлекеттик мекемелердеги коррупция токтогонун, санариптештирүү күчөгөнүн да белгилеп кетти.

УКМКны Камчыбек Ташиев башкарып турганда коррупцияга каршы күрөш деген негизде мүлкүнөн, бизнесинен мыйзамсыз ажыратылганын айткан жүздөгөн адам ал кызматтан алынгандан кийин арызданып чыгышкан. Ташиев күнөөсү жок экенин айтып келет.

Ташиев кызматынан алынгандан көп өтпөй, президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарын жана жергиликтүү бийлик ээлерине ишкерлерди негизсиз текшере берүүнү токтотуу талабын койгон.