Ак илбирсти, Тянь-Шань аюусу менен аркарды ким коргойт?

Жаратылыш министринин орун басары Алмаз Мусаев. Кыргызстанды байырлаган ак илбирс жана аркардын сүрөтү. Коллаж.

Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча дүйнөлүк коомчулуктун алдында Кыргызстан кандай милдеттенмелерди алт, кандай колдоого ээ болуп, чечимдерге жетишүүнү көздөйт? Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Ак илбирс, Тянь-Шань аюусу, аркар. Кыргызстан - биологиялык түрдүүлүк боюнча дүйнөдөгү өзгөчө маанилүү аймактардын бири. Өлкөнүн тоолуу экосистемасы, мөңгүлөрү, сейрек кездешкен жаныбарлары жана өсүмдүктөрү Борбор Азиянын экологиялык коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээ.

Бирок климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн тездик менен эриши, жаратылыш ресурстарына күчөгөн басым жана каржылоонун жетишсиздиги бул байлыкты сактоо маселесин күн тартибине чыгарууда. Биологиялык түрдүүлүк боюнча дүйнө коомулугунун алдында Кыргызстан кандай милдеттенмелерди алат, кандай колдоого жана чечимдерге жетишүүнү көздөйт?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Ереван шаарынан "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ереванда лидерлердин жыйынында төрт демилге көтөрдү. Эмненин негизинде ал демилгелер эл аралык коомчулукка сунушталды?

- Ысык-Көлдү сактоо, коргоо боюнча кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү, келип чыккан маселелерди чечүү боюнча трасттык фонд түзүү сунушталды. Андан тышкары, Кыргызстандагы тоолуу региондордун өнүгүүсүнө климаттын өзгөрүшү кандай залакасын тийгизип жатканы, кандай иш-чараларды жүргүзүшүбүз керектиги тууралуу маселелер көтөрүлдү. Табиятты сактоого берилген кредиттерди жоюу боюнча да ойлор айтылды. Биздин президент мына ушул багыттагы саясий чечимдерди белгилеп өттү. Бул маселелердин COP17 өңдүү чоң аянтчада айтылышы эл аралык өнөктөштөр үчүн маанилүү. Себеби алар кайсы приоритеттүү багыттарды тандашыбыз керек, кандай иштерди алып барышыбыз керек деген маселелерде чоң көмөк көрсөтө алат.

Президент айткан эң негизги демилгелердин бири - Тоо борборун ачуу болду. Себеби Кыргызстан жайгашкан аймагы боюнча бийик тоолуу региондо турат. Ошондуктан бийик тоолуу өрөөндөрдөгү климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, биотүрдүүлүктүн азайышы боюнча жеринде илимий изилдөө жана мониторинг иштерин жүргүзүү үчүн биздин тарап Кыргызстанды сунуштап жатат. Бул үчүн өлкө жетекчилиги мындай борбордун ачылышын толук колдой турганын белгиледи.

- Кыргызстанда биотүрдүүлүктүн абалы кандай? Кайсы жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн же экосистемалардын абалы өзгөчө тынчсыздандырат? Муну тастыктаган акыркы илимий маалыматтар барбы?

- Жалпы жаныбарлар дүйнөсүндө бизде азыркы тапта 80ден ашык түр катталган болсо, анын 23 түрү Кызыл китепке киргизилген. Бул тизмеге жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар кирет. Анын ичинде абалы өтө кооптуу болгон ак илбирс бар. Азыр бул жаныбарды коргоо жана кайтаруу иштери жакшы жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан бул багыттагы абал кандайдыр бир деңгээлде жакшырып калды. Буга далил катары айтсам, ак илбирсти коргоо иш-чаралары башталганда анын саны Кыргызстанда болгону 200 баш деп белгиленген. Азыркы учурда анын саны 500дөн ашып калды.

Андан сырткары, биздин өлкө аймагында жоголуп кеткен жаныбарлардын катарына кирген жейрен боюнча да иштер жүрүп жатат. Бул маселени чечүү үчүн министрлик, Улуттук илимдер академиясы жана эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен жейрендер Өзбекстандан алынып келген. Азыркы учурда алардын санын көбөйтүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.

Ал эми канаттуулар дүйнөсүнөн Кызыл китепке киргизилген алгыр куштардын да түрлөрү бар. Өзүңөр билгендей, бул куштар улуттук оюндарды өткөрүүдө чоң роль ойнойт. Мындан улам аларды кармагандар көбөйүп, көзөмөл жетиштүү жүргүзүлбөй калган учурлар болгон. Бул көрүнүш өнөкөткө айланып кеткен деп да айтсак болот. Биздин министрлик алгыр куштардын эсебин жүргүзүп, ырааттуу иштерди аткаргандыктан алардын саны акырындап калыбына келе баштады.

- Кыргызстандын алдында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу эң чоң үч чакырык кайсылар? Климаттын өзгөрүшүбү, мөңгүлөрдүн эришиби, браконьерлик, жердин өздөштүрүлүшүбү же каржынын жетишсиздигиби?

- Биз өткөн жылдардын статистикасын карасак, кыш, жаз, жай, күз мезгилдери өз убагында келип турчу. Азыр андай эмес. Климаттын өзгөрүшүнөн улам күз менен жай гана бардай сезилет. Кыш мурдагыдай кар жана катуу суук менен коштолбой бара жатат. Бул өз кезегинде адамдарга да, жаныбарлар дүйнөсүнө да чоң таасирин тийгизүүдө.

Азыркы учурда ысыктын күчөшүнөн улам жер которгон жаныбарлар көбөйдү. Алардын төлдөп-көбөйүү процесстери да басаңдап баратат. Өсүмдүктөр тууралуу айта турган болсок, уруктардын жетилиши жана аларды толук көлөмдө жыйноо маселеси жаралууда.

Климаттын тездик менен өзгөрүшү жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келүүдө. Мисалы, жер көчкү жана селдердин саны өсүп жатат. Ошондуктан биз климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл буруп, бул тармакты өзүнчө карашыбыз зарыл. Биздин өлкө ага даярбы? Кандай кечиктирилгис чаралар көрүлүшү керек? Дал ушул багытта иштерди күчөтүү зарыл.

Андан да олуттуу маселе - климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында мөңгүлөрдүн эриши. Бул бүгүн бир гана Кыргызстанда эмес, бүт дүйнөдө чоң көйгөй болуп жатат. Биздин өлкө бул процессти токтотуу же мүмкүн болушунча жайлатуу үчүн кандай иштерди жүргүзүшү керек деген суроо актуалдуу бойдон калууда.

Мисалы, токой массивдеринин азайышын жана деградацияга дуушар болгон жайыттардын көбөйүшүн токтотуп, аларды калыбына келтирүү иштерин күчөтүү учурдун талабы болуп турат. Бул үчүн жашылдандыруу иштерине негизги көңүл бурушубуз керек.

Баарыңыздар билгендей, "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында алдыдагы беш жыл ичинде аткарыла турган иштердин планы бекитилген. Бирок көчөттөр туура отургузулдубу, жер туура тандалдыбы жана көчөттөр жаңы шартка ыңгайлаша алабы деген суроолор жаралып келет.

Ошол себептүү биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл менен иштеп, ар тараптуу жана эң башкысы сапаттуу иш алып барууга аракет кылып жатабыз. Себеби сугат суу менен камсыз кылуу жана көчөттөрдүн айланасын тосуу дагы деле оорчундуу маселе бойдон калууда. Ар бир көчөттүн тамыр алып, жакшы өсүп кетиши үчүн кеминде беш жыл талап кылынат.

Азыр чоң маселелердин бири - малдын көптүгү. Курчоо иштери жетиштүү болбой жаткандыктан, күзүндө жайлоодон түшкөн мал көп көчөттөрдү талкалап кетип жатат.

- Браконьерлер менен күрөшүү маселеси кандай жүрүп жатат? Ысык-Көлдө же Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо же болбосо сырт өрөөндөрдө Кызыл китепке кирген жаныбарларга кол салуу дагы деле токтой элек. Биз муну улам чыгып жаткан жаңылыктардан көрүп жатабыз. Бул жаатта иштердин жыйынтыгы жетишсиз болуп жатышына эмне тоскоол болууда? Балким каражат жетишсиз бөлүнүп жаткандыр?

- Туура, көп жылдар бою мыйзамсыз балык уулоо өтө чоң көйгөй болуп келди. Көзөмөлдүн аздыгынан улам көлдүн түбүндө абдан көп тор топтолуп калган.

Мына ушул багытта соңку жылдары жакшы иштер жүрдү. Тонналаган торлор чыгарылып, көл тазаланды. Бул өз кезегинде Ысык-Көлдөгү эндемикалык балыктардын санын калыбына келтирүүгө жардам берди. Себеби балыктардын көбү көлгө ташталган торлорго түшүп өлүп кала берчү. Азыр балыктар табигый шартта көбөйүп жатат.

- Сиз балык көбөйдү деп айтып атасыз. Бирок буга расмий эсептер мисал боло алабы? Балким атайын изилдөө иштери жүргүзүлгөндүр?

-Бүгүнкү күндө Ысык-Көл жана Соң-Көлдөгү балыктын запасын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлө элек. Биз 2027-2028-жылдарга карата Ысык-Көлдү сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекиткенбиз. Анын алкагында Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен биргеликте чоң иштерди алып барабыз. Буга чейин биз негизинен браконьерлерден арылуу жана көлдү тазалоо менен алек болуп келген болсок, мындан кийинки этап илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак илбирс, Тянь-Шань аюусу, аркарды кантип сактайбыз?