Эгемен Кыргызстандын тилчи илимпоздору кыргыз тилинин жазуу эрежелери жаатында жаңы талдоону сунуштап жатышкандыгы, албетте, алгылыктуу көрүнүш.
Бир нече айдан бери илимий-чыгармачыл топ чогуу-чаран иштеп, коомчулукка сунуштаган жаңы орфография жаатындагы долбоор 2026-жылы кулжа (июн) айынын 25инде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйын залында кеңири талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Болот Юнусалиев атындагы Тил илими институту уюштурган “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйында козголгон жана талкууга сунушталган көптөгөн өңүттөрдү колдойм.
Жыйында, маселен, көрүнүктүү тилчи, академик Сыртбай Мусаев мындай деп айтты:
“...86 жылдан бери жазуу эрежелери оңдолбой келатат. Орфография мыкты болуш үчүн алфавит мыкты болуш керек. Э тамгасында эле алты-жети эреже бар. Биринчи маселе – жазуу системасында алфавитти оңдош керек, экинчиси – жакшы алфавитке жараша жакшы орфографиялык эрежелерди иштеп чыгыш керек. 1939-жылдан баштап орусташтыруу күчөп, улуттук дөөлөттөргө терс таасири тийген. Анын эң күчтүүсү тилге болгон. Эми муну оңдойлу деп канча аракет кылдык, болбой келатышат. Бир пикирге келбей канчадан бери турабыз. Окумуштуу катары айтайын, кирилицадан кетпей жазуу эрежелерин оңдоп алалы деп бүгүн талап кылынып жаткан маселелерди жасап жатабыз. Эртең өлкөбүз латын тамгасына өтөбүз деп калса, ал – даяр. Биздин алфавитти бөлөк түрк тилдүү элдер үлгү катары көрсөтүшөт. Анткени И.Арабаев менен К.Тыныстанов тилдин табиятын тушүнгөн адам катары биздин төл фонемаларыбызды белгилеп, 28 тамга жасашкан...”
Дал ушул жерден агайыбызга саал каяша айтууга бир оңтойлуу удул алдык.
Эгерде кыргыз жадитчиси Эшенаалы Арабай уулу (1882–1933) жана тилчи профессор Касым Тыныстанов (1901–1938) сталинчилер тарабынан мезгилсиз жайран кылынбай калган болушса, атаганат, анда алар 1940–1950-жылдардагы орусчул орфографиялык эрежелерди кабыл алууга да, кыргыз алфавитинде каткалаң қ жана каткалаң ғ тамгаларын киргизбей коюуга да караманча каршы турушмак эле...
Дагы караңыз
Орток түрк алфавити: Маданий биримдикпи же геосаясий кадамбы?Неге Қ жана Ғ тамгалары жазаланышты?
Чубалжытып узак айтып отурбастан, так кесе маалымдасак, мурдагы Советтер Биримдигиндеги тектеш түрк тилдүү элдердин улуттук алфавиттеринде ич ара айырмачылык болсо, пантүркчү идеяларга да тоскоол жаралат, деген тымызын пикир ошол кездеги советтик борбордо үстөмдүк кылган, деп санайбыз.
Дегиңкиси, жоон жана ичке болгон өндүүлөргө жанашчу эки башка үнсүз тыбышты өзбек жана казак алфавиттеринде эки башка шекилде – Қ тамгасы менен К тамгасы түрүндө жазууга уруксат кылышып, ал эми каткалаң Қ тамгасы аркылуу берилчү жоон үнсүз тыбышты кырым татарлары, карачай жана башка айрым түрк элдери үчүн кош тамгага (КЪ) ажыратып таңуулашып, ал эми кыргыздарга болсо жоон жана ичке болгон эки башка үнсүз тыбышты өтүктүн бир гана кончуна – салттык түрдө ичке үндүүлөрдү коштогон үнсүз тыбыш үчүн колдонулчу жумшак К тамгасына сыйдырып салуунун кандайча кажети бар эле?
Ошентип, арап алфавитинде (“қаф”) жана (“кеф”) тамгалары менен, латын жазмасында Q жана K тамгалары менен айырмаланып жазылып келген тыбыштарды эми кыргызча кирил жазмасында бир гана К тамгасы менен белгилегенибиз – жайытыбыздагы эки башка аргымактын кош ээрин бир гана аргымакка үстү-үстүнө токуп минип алганга тете жорук болуп келет.
Башкаларды мындай коёлу, бул жагдайда өзүнө тийешелүү ээр токулбай жайдак калган берки аргымактын өзү бизди тээ 1940-жылдан бери шылдың кылып карап турат эмеспи!
Дагы караңыз
Борбор Азиядагы эне тил көйгөйү, орус тил басымыКимден уруксат сурашыбыз керек?
Мына, Түркияда Ататүрк доорунда бул эки башка үнсүз тыбышты бир гана латынча K тамгасы менен белгилеп салышып, бир нече муун ичинде түркиялык түрк тилинде байыртадан келген эне тилдин тыбыштык катмарына өлчөөсүз зор кесепет тийгизилди.
Азыр дагы тамгаларды эжелеп окуп жаткан теги кыргыз жеткинчектер “Қа-а, қа-а, қалың қаз” деген сүйлөмдү: “Киа-а, киа-а, киалын киаз”, – деп окуп жатышкандыгына далай ирет күбө болдук.
Латын жазмасына кайрадан өтө электе жана / же бул жазманы удаалаш колдоно баштай электе эле дал ушул азыркы кыргыз кирил жазмасына Қ жана Ғ тамгаларын тартынбастан киргизүү зарыл.
Бул үчүн диктатор Владимир Путинден же четтеги башка бирөөнөн атайын “уруксат алыштын” эч кажети жок.
Тарыхый мурастуулук улантылсын
Айрым тилчилер: “биздин азыркы алфавиттик тизимибиз тыбыштык негизде эмес, муундук негизде түзүлгөн”, – деген эски жомогун кайталап айтып келишет.
Тарыхый мурасыбыз болгон битик (орхон энесай руна сымал) жазмасында дагы Қ жана Ғ тамгалары берки жумшак тыбыштардан өз ара таасын айырмаланып берилгендиги үчүн далай чыгыш таануучулар, анын ичинде академик В.В.Бартолд дагы, дал ушул көөнө түрк (жана кыргыз) алфавитин макташкан.
Эми сөз жүзүндө “битик жазмасын соп-сонун болчу” деп курулай өөп-жыттаганыбыз менен, иш жүзүндө андагы башкы үнсүз тыбыштар чагылдырылган тамгаларды бөөдө эле жерип жатпайбызбы!
Элестетип көрөлүчү: азыркы араптардын айрым диалекттеринде “ъайн” (ع) тамгасынын тыбышын даана айта алышпайт, бирок алар бул тамганы арап жазмасындагы заманбап тизмеден сүрүп чыгарышкан жок да!
Менимче, Қ жана Ғ тамгаларын жерүү – манкурттукка жатат.
Биз Түркиядагы латын жазмасындагы 1928-жылдан берки катачылыкка жол бербестен, казак, өзбек сыяктуу коңшу элдердин тилчилери совет доорунда эптеп кирил жазмасында сактап калган дал ушул Қ жана Ғ тамгаларын тартынбастан заманбап кыргыз кирил жазмасына кайрадан киргизишибиз зарыл жана латын алфавитинде дагы сактоого тийишпиз.
Дагы караңыз
"Алиппе" китебиндеги негизги үч катаДолбоордогу башка өңүттөргө кийинчерээк да кайрылабыз.
Долбоордогу сунуштардын айрымдарына учкай кайрылып айтсак, “э” тамгасын жоюу, “е” тамгасын “э” деп окуу сунушу мага деле майдай жакты.
Кыргызча төл сөздөрдө Ъ, Ь, Ё, Ю, Я, Щ, Ц тамгаларын алып салуу идеясы да өзгөчө жакты.
Арийне, чет элдик жер-суу аталыштарын, маселен, Мьянма, Сейшель деп кыргызча вариантта ичкертүү белгиси менен кошо таңуулоонун кандай кажети бар?
Кыргызча деле Мйанма, Сейшел деп жаза берели да. Мйанма өлкөсүнүн англисче берилиши “Myanmar” делет. Ал эми креолчо “Seychelles unies”, англисче “United Seychelles” деп аталган бул мамлекетте ичкертүү белги жөнүндө түшүнүк да жок.
Ростов-на-Дону, Франкфурт-ам-Майн дебестен, Ростов-Дон, Франкфурт-Майн десек деле жетиштүү.
“Манас” эпосундагы “Бээжин” сөзү турса, ага жанаша “Бейжин” деп атаандаш жазыштын кыргыз тили үчүн кандай кажети бар?
Nobel деген ысымды эмне үчүн орус тили аркылуу Нобель деп ичкертүү белги кошуп жазышыбыз керек? Бул сөздүн латынча түп нускасында эч кандай ичкертүү белги жок.
Немистин Georg Wilhelm Friedrich Hegel деген ойчулунун тегатын эмне үчүн “Гегель” деп ичкертүү белгиси менен жазышыбыз керек? Немистин Johann Wolfgang von Goethe деген акынынын тегатын кыргызча “Гөте” деп берсек, түп нускага жакын; маркум Гөте көрүнөн туруп келип, менин тегатымды кыргызча текстте орусчалап “Гёте” деп жазбай коюпсуңар, деп эч таарынбайт болуш керек.
Демек, ал түгүл чет тилдеги сөздөргө да чыгармачыл мамиле кылышыбыз абзел.
Казак тилинде “Чыңгыз Айтматов” дегенди эч учуратпайсыз. Казак туугандар “Шыңгыс Айтматов” деп гана ырааттуу жазышат. Анын сыңарындай, Мухтар Ауэзов дебестен, Муқтар Авезов деп кыргызчалап жазуубузга сырткарыдан ким бизге тыюу салышы керек?
Ушул жаңы орфографиялык долбоордо “Россия” деп жазылып жүрөт. Эми ал өлкө аталышын “Орусия” деп жазууга ким тоскооол боло алат, Ансыз да эне тилибизде “рус тили” дебестен, “орус тили” деп жазып келебиз го!..
Казактар “Мәскеу” деп ээн-эркин атап жаткан шаарды биз деле “Маскөө” дешибиз керек, ал эми сунушталган долбоор буга жол береби?
Болочокто, Теңир насип кылса, бул сыяктуу көйгөйлөргө кайрадан кайрылабыз.
Дагы караңыз
Латын ариби: муктаждык жана саясатКыскача тыянактык сунушум
Заманбап кыргызча кирил жазмабызга Қ жана Ғ тамгаларын тартынбастан киргизишибиз керек.
Бул эки үнсүз тыбышты билдирчү тамгалар заманбап кыргыз арап жазмасында ق (қаф) жана غ (ғайн) шекилинде татынакай орун алып келет.
Бул тамгаларды болочоктогу кыргызча латын жазмабызга Q жана Ğ шекилдеринде киргизүү абзел.
Жалпысынан, долбоорду даярдаган чыгармачыл жамаатка алкыш айтам.
Тынчтыкбек Чоротегин,
Ж.Баласагын атынлагы КУУнун профессору,
тарыхчы, чыгыш таануучу, түрколог, кыргыз таануучу