Талаштын баары эски жана жаңы Конституциянын ченемдеринен улам чыгууда. Жапаров алты жылдык убакыт менен бир гана мөөнөткө иштөөгө укук берген мурдагы Баш мыйзам учурунда шайланган, жаңы Баш мыйзам беш жылдык убакыт менен эки мөөнөт иштөөгө укук берет.
Президенттин сунуштамасы, юристтин кайрылуусу
Мамлекет башчы 11-февралда Конституциялык сотко кайрылганы аталган соттук органдын расмий маалыматынан белгилүү болду.
Садыр Жапаров 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам менен 2021-жылкы Баш мыйзамдагы президенттин мөөнөтүнө байланыштуу ченемдер талаш жаратып жатканын белгилеп, түшүндүрмө берүүнү суранды.
“Конституциялык сотко Конституцияга расмий чечмелөө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин сунуштамасы келип түштү. Сунуштамада көрсөтүлгөндөй, кайрылуунун зарылдыгы коомдук-саясий мейкиндикте жана эксперттик чөйрөдө кызуу талкуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, ошондой эле кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоолорду дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду карама-каршы түшүнүктүн пайда болушу менен шартталган”, – деп айтылат Конституциялык соттун маалыматында.
Конституциялык соттун судьялары.
Ушул эле пресс-релизде айтылгандай, президент өз кайрылуусунда Кыргызстандагы юристтердин, укук таануучулардын жана коомдук ишмерлердин ортосундагы карама-каршы пикирлери кеп болуп жаткан маселе боюнча конституциялык-укуктук аныксыздык пайда болгонун көрсөтөт деп белгилеген.
Мындай аныксыздык конституциялык түзүлүштүн негиздерине, элдик бийликтин принцибине, Конституциянын үстөмдүгүнө жана түздөн-түз колдонулушуна таасирин тийгизиши мүмкүн экен.
Президент Садыр Жапаров 13-февралда "Кабар" улуттук агенттигине берген интервьюсунда Конституциялык сотко кайрылган себебин минтип түшүндүрдү:
Садыр Жапаров интервью берип жаткан учуру
"Мен ар дайым коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу маселелерге мыйзамдуу, так жооп болушу керек деп эсептейм. Бүгүн Кыргызстанда Конституциялык сот бар, дал ушул орган Конституцияга байланыштуу бардык талкууларга, ар кандай чечмелөөлөргө акыркы, так аныктамасын, укуктук баасын бере алат. Ошондуктан бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылганыбыз укуктук жактан туура жана логикалуу кадам деп эсептейм".
10-февралда парламенттик демократия маселелери жаатында алектенген юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстандын президентинин иш мөөнөтү боюнча расмий түшүндүрмө берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылган. Ал президенттик мөөнөт Баш мыйзам менен Жогорку Кеңештин шайлоо боюнча кабыл алган мыйзамында эки башка көрсөтүлүп калганын, мындан улам тактап коё турган жагдай жаралганын белгилеген.
Президенттин сунуштамасынан кийин “Азаттыкка” берген комментарийинде юрист буларга токтолду:
Таттуубүбү Эргешбаева
“Азыркы Конституциянын 67-беренесине ылайык, президент беш жыл гана иштей алат. Бирок президент 2021-жылы 10-январда шайланып жаткан учурда, мурдагы Конституция менен алты жылга шайланган, Конституцияны ишке киргизүүчү өткөөл мыйзамда да ушул норма көрсөтүлгөн болчу. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин Конституцияда императивдик ченем бар, ал ошол бир мөөнөт беш жылдык мөөнөттү түшүндүрөт. Ортодон укуктук белгисиздик болуп калды. Аны ким чече алат? Конституциялык сот. Мен жаран катары кайрылсам, алар мага маалымдоо гана кылышат. Жогорку соттун төрагасы, Жогорку Кеңештин төрагасы, көпчүлүк депутаттар же президент кайрылса, анда Конституциялык сот аларга расмий түрдө талдоо берет. Ошондуктан президент өзү кайрылганы да жакшы болду. Мен 10-февралда жеке жаран катары кайрылдым, президент 11-февралда кайрылыптыр. Мен муну колдойм. Азыр өлкөдө туруктуулук керек. Ортодо укуктук белгисиздик же аныксыздык бар. Биз укуктук аныксыздык жана саясий аныксыздыкты жоюп, саясий туруктуулукту тандашыбыз абзел”, – деди Таттуубүбү Эргешбаева.
Конституциялык сот президенттин сунуштамасын 17-февралда карай турганын билдирди. Анын жыйынтыгы менен юристтин кайрылуусуна да жооп берилиши ыктымал.
Талаштын төркүнү
Талаштын төркүнүн түшүнүү үчүн бир аз артка кайрылууга туура келет.
2020-жылкы Октябрь окуяларынын шары менен бийликке келген үзөңгүлөштөр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев алгачкы билдирүүлөрүндө Кыргызстан ага чейинки парламенттик башкаруудан кайтып, толук президенттик башкарууга өтүшү керектигин айтышкан. Муну үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү керек эле. Бирок президенттин милдетин аткарып калган маалда Жапаров адегенде шайлоо өткөрүп, андан соң Баш мыйзам боюнча референдум өткөрүү зарылдыгын кеп кылган.
Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетип, мамлекет башчылык милдетин Садыр Жапаровго өткөрүп берген күн. 16-октябрь, 2020-жыл.
2021-жылдын 10-январында президент Садыр Жапаров мурдагы Баш мыйзамдын негизинде алты жылдык убакыт менен бир мөөнөткө президент болуп шайланат. Дароо конституциялык реформа демилгеленип, 11-апрелде референдум өтөт. Анын жыйынтыгында президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен Баш мыйзамды көпчүлүк жактырды деп табылып, ал 5-майда кабыл алынат.
Жаңы Конституцияда президент беш жылдык убакыттан эки мөөнөткө шайланары такталган. Бирок аны күчүнө киргизген мыйзамда эски Баш мыйзам менен шайланган Жапаровдун мөөнөтү жаңы Конституциянын негизинде биринчи мөөнөт деп эсептелери көрсөтүлгөн.
Дал ушул маселе соңку беш жылдан бери талаш жаратып келди. Бир тарап мурдагы Баш мыйзамдын негизинде беш жылдык мөөнөттө кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керек дешсе, экинчи тарап шайлоо алты жылдан кийин өтүшү керектигин айтып келишти. Кээлери атүгүл Садыр Жапаров алты жылдык мөөнөтү бүткөн соң, жаңы Конституцияга ылайык, беш жылдан дагы эки ирет шайлана аларын кеп кылып турушту.
Ортодо парламентте да маселе көтөрүлүп, 2026-жылы президенттик шайлоо өтүп калышы ыктымалдыгы айтылды. Ошондуктан 2026-жылы өтө турган парламенттик шайлоо бир жыл алдын – 2025-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү. Ошентсе да Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына белгиленген.
Соңку талаш январдын аягында башталды. Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова “Сереп” басылмасына 29-январда комментарий берип, 2021-жылы жаңы Баш мыйзам кабыл алынган соң кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керектигин белгилеген. Ал президенттин жаңы Конституция белгилеген беш жылдык бир мөөнөтү өткөнүн, ошондуктан 2026-жылы шайлоо өткөрсө боло берерин сунуштаган.
Мындан соң бир катар саясатчылар жана юристтер социалдык түйүндөрдө пикирлерин удаа жарыялашты. Маалымат айдыңындагы айрым пикирлерди сунуштайбыз:
Канат Хасанов, юрист, адвокат:
Канат Хасанов
“Эгер президент эски Конституция менен алты жылга шайланса, жаңы Конституция бул убакытты бир мөөнөт катары эсептесе, бул мөөнөт автоматтык түрдө беш жыл болуп калат дегенди билдирбейт. Мөөнөт өзү биринчи мөөнөт катары каралат, бирок анын узактыгы өзгөрбөйт. Президентти эл конкреттүү мөөнөткө шайлаган. Ал мөөнөт азыр уланууда. Конституция арткы дата менен аны кыскарта албайт. Ошондуктан президент жаңы Конституцияга ылайык башында шайлангандай алты жыл иштей алат. Ал эми жаңы Баш мыйзамда каралган беш жыл деген ченем анын кийинки мөөнөттөрүнө колдонулат. Мында карама-каршы эч нерсе жок”.
Нурбек Токтакунов, юрист, адвокат:
Нурбек Токтакунов
“Садыр Жапаров же 2027-жылдын январына чейин башкарышы керек жана экинчи мөөнөткө барбашы керек, же президенттик шайлоо азыр өткөрүлүп, ал экинчи мөөнөткө шайланса болот. Бирок азыр шайлоо болгон жок, демек, ал мурдагы Конституция боюнча алты жыл башкарып, анан азыркы Конституция менен дагы беш жылдык мөөнөткө баргысы келет. Алар мунун баары Конституцияны күчүнө киргизген мыйзамда жазылып турат деп жатышат. Бирок мындай мыйзам өзү Конституцияга каршы келет. […] Балким, кийинчерээк үчүнчү мөөнөт жөнүндө да маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Анда биринчи мөөнөт эски Конституция менен, эки мөөнөт жаңы Конституция менен деп далилдегенге умтулушат”.
Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:
Исхак Масалиев
“Көп жыл мурун, Аскар Акаев кайра президенттик кызматка шайланганда да анын буга укугу барбы деген маселе коюлган. Анткени ал 1990, 1991, 1995-жылдары, андан соң 2000-жылы шайланган. Конституциялык сот биринчи шайлоолор башка шарттарда өткөнүн жүйө келтирип, алар эсептелбейт деп тапкан. Мындайча айтканда Конституциядагы өткөөл өзгөртүүлөр менен ага жекече уруксат беришкен. […] Азыр да ошого окшош кырдаал болууда. Садыр Жапаров 2021-жылы шайланган. Ошол кездеги Конституция президенттик мөөнөттү – алты жылдык бир мөөнөт деп аныктаган. Болду”.
Канатбек Азиз, юрист:
Канатбек Азиз
“Азыр “Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү бүттүбү, кийинки шайлоого катышкысы келсе ал кызматтан кетип турушу керекпи?” деген башкы суроо катуу талкууланууда. Буга бир эле жооп бар. Жок. Садыр Жапаровдо “өзүнүн алты жылдык мөөнөтүн толук өтөп, андан соң шайлоого катышууга” да, “мөөнөтү аяктаганга чейин кетип, мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга да” укугу бар деп айтсак болот. Эгер өзү кааласа гана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун зарылчылыгы жаралат”.
Таалайгүл Токтакунова, юрист:
Таалайгүл Токтакунова
“Эгер азыркы президенттин жагдайы жөнүндө айта турган болсок, анын алдында мыйзамдуу түрдө дагы бир жылча убактысы бар жана аны кызматтан кетүүгө мажбурлаган кандайдыр бир негиздер жок. Бирок эгер ал өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууну ыктыярдуу түрдө чечсе, анда ал кийинки президент кызматка киришкенге чейин президенттикти тапшырбай коюшу да ыктымал. Кийинки президенттикке өзү шайланып келиши деле толук мүмкүн”.
Феликс Кулов, экс-премьер-министр:
Феликс Кулов
“Президенттин биринчи мөөнөтү алты жылдык убакыт менен биринчи мөөнөт катары эсептеле турган мыйзамды эч ким жокко чыгарган жок. Эгер шайлоону кааласаңар анда Конституциядагы ошол ченемди айыптап, жокко чыгаргыла. Эгер силерге жакпай жатса, анда Конституциялык сотко кайрылгыла. Бирок мен айткан нерсе конституциялык мыйзамда так жазылып турат, ошондуктан президент кызматта мыйзамсыз олтурат деп айтканга болбойт. Таптакыр болбойт”.
Мына ушул өңдүү талкуунун фонунда – 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө үндөгөн.
Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров. Архив.
Бул окуядан кийин – 10-февралда Жапаровдун үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынды. 11-февралда талаштуу кайрылууга кол койгон бир нече мурдагы жетекчи кармалды. 12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланды.
Адистер мамлекет башчы коомчулукта кайчы пикирлер дале калып жатканын сезип, ага Конституциялык сот аркылуу чекит коюуга умтулуп жатканын белгилешет.
Саясат талдоочу Төлөгөн Келдибаев мындай дейт:
Төлөгөн Келдибаев
“Массалык маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө, анын ичинде Фейсбукта жана Инстаграмда президенттин мөөнөтү жөнүндө талкуу уланууда. “75 адамдын каты”, кызматтан алуулар жана башка саясий окуялардан кийин деле талаш токтогон жок. Кээлери “азыр шайлоо өтүшү керек” дешсе, башкалары келерки жылы шайлоо өткөнү туура” деп жазып жатышат. Менимче, президент так ушул талашты токтотуп, чекит коюу үчүн Конституциялык сотко кайрылып отурат. Конституциялык сот кандай чечим чыгарары белгисиз. Бирок эгер мамлекет башчы ошону коомчулукка көрсөтүп, “мына, болду, тынчыгыла” деп айтат го. Менимче, президенттин соңку аракетин ошентип чечмелеген туура болот”.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев соңку күндөрдөгү саясий окуялар боюнча 13-февралда билдирүү таратып, өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданып жатканын айтты. Ал кырдаалды “туруктуулукту бузган окуялар” деп атады.
Эркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Садыр Жапаровдун Конституциялык сотко кайрылуусу маанилүү экенин белгилеп, алдыдагы шайлоодо каалаган жарандарга катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Абдыганы Эркебаев
“Сот бул маселе боюнча, өткөн жолку өлүм жазасы боюнча чечиминдей эле, юридикалык жактан дыкат такталган, принципиалдуу чечим кабыл алат деп ишенем. Мындан кийин бардык талаш-тартыштар ушуну менен токтоп, Конституциялык соттун чечими менен аныкталган президенттик шайлоого чейин өлкөдө тынч жана бейпил өнүгүү улана бериши керек. Шайлоо жарыяланганда ар бир жаранга өз укугуна, каалоосуна жараша катышууга толук мүмкүнчүлүк берилиши керек”, - деп билдирди Эркебаев.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Конституцияны жана өлкө мыйзамдарын так сактоого, улуттук биримдикти камсыз кылууга чакырды.
Коомчулукта президент Садыр Жапаровдон эки мөөнөт кызматта отуруп, андан соң анын эбактан берки үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев шайлоого барышы мүмкүндүгү сөз болуп келген. Соңку жылдары ал тургай Ташиев экинчи мөөнөттө Жапаров менен тең жарышка түшүүсү ыктымалдыгы да айтылган. Камчыбек Ташиев муну бир нече ирет четке кагып, “Садыр Жапаров менен кыйышпас дос экенин, өзү азыр шайлоого барбай турганын” айткан. Саясатчы кызматтан алынгандан кийинки билдирүүсүндө мындан ары “мыйзам чегинде гана аракетке өтөрүн” белгилеп, шайлоого катышарын же катышпасын тактаган жок.
75 кишинин кайрылуусу: Сот кармалган беш саясатчыны эки айга камакка алды
Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт башаламандыкка айыптап кармаган беш саясатчыны Бишкектин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алды. Алардын бөгөт чарасы 12-февралда каралып, 10-апрелге чейин абакта кармоо чечими чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан. Кармалган саясатчылар да мына ушул кайрылууга кол койгондор.
Дагы караңыз "75чилердин иши": сот беш саясатчыны эки айга камадыСадыр Жапаров 13-февралда “Кабарга” курган маегинде алардын кайрылуусун бөлүп-жаруу катары мүнөздөдү.
10-февралда Жапаров Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирди. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.