“Атабызды беш-алты жылдан бери өпкө оорусу кыйнап келет. Концентратор менен дем алат. Төрт-беш күндөн бери жарык эки-үч саатка өчүп жатат. Ошол убакта концентратор иштебей калат, атам дем ала албай кыйналууда. Биринчиден, концентратор иштебейт, кондиционер иштебегендиктен үйдүн ичи дагы үп, эшикке алып чыгайын десек лифт иштебейт”, - деди “Азаттыкка” атын атабаган тургун.
Ал эми кичи райондордун биринде жашаган Айжан электр өчкөндө суу дагы чыкпай жатканына даттанды.
“Кичи райондордо эртең мененки саат 10дон кечки 9:25ке чейин жарык өчтү. 11 саат күйгөн жок. Бул эмне деген шумдук? Анысы аз келгенсип катуу ысыкта муздак суу дагы чыкпай калды, чалсаң эч ким трубканы албайт. Шаарда жашап жатып ушундай абалга түштүк”.
Дагы караңыз
"Дем кысылып, баш айланды". Тандырдай ысыган Бишкек, көздөн учкан көлөкөЖарыктын эки же андан көп убакытка өчүшүнөн айрыкча чакан бизнес менен алектенгендер кыйналууда. Электрди маал-маалы менен өчүрүүдөн ишкерлер канча чыгым тартканы азырынча белгисиз.
Бишкектин тургуну Чынара (аты өзгөртүлдү-ред.) соода түйүндөрүнүн биринде бутик иштетет. Ал электр өчкөн үч күн ичинде 800 доллардай чыгым болгонун айтууда:
“Мен соода борборлорунун биринде иштейм. Бизде жарык бат-бат өчүп жатат. Бир айда үч күн жарыксыз отурдук. Кечээ жарык эки саат жок болду. Мурдагы күнү төрт саат, андан мурунку күнү алты саат күйгөн эмес. 800 доллардай чыгым болдум. Бул бир айлык ижара акысы чыкпай калды деген сөз. 18 чарчы метр бутикти иштетем, коммуналдык кызматка айына 5 миң сом төлөйм, ижара акысы 500 доллар. Аларды иш болсо да, болбосо дагы беришибиз керек. Андан тышкары сатуучу кыздын айлыгы бар дегендей”.
"Керектөө тарыхый максимумга чыкты"
Буга чейин, 17-июлда Бишкекте электр жарыгы жапырт өчүп, бир канча сааттан кийин күйгөн. Ток менен иштеген насостор тартпай калгандыктан, айрым үйлөрдө суу дагы чыкпай калган.
Мындан кийин “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” борбор калаада жана анын чет жакасында электр эки сааттан өчөрүлөрүн эскерткен. Мекеменин маалыматында, керектөөнүн өсүшү электр тутумдарына күч келтирүүдө.
“Кыргызстандын улуттук электр тармагынын” маалыматында, электрди колдонгон эң жогорку тарыхый чек 2025-жылы 22-июлда катталып, керектөө 44,0 кВт/саатка жеткен.
Быйыл 19-июлда электрди суткалык керектөө андан ашып, 50 млн 122 миң кВт/саатты түздү. Былтыркы 19-июлдагы көрсөткүч 42 млн 514 миң кВт/саат болчу. Учурдагы көрсөткүч суткалык электр энергиясын керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18% өстү дегенди түшүндүрөт.
Кырдаалга байланыштуу 21-июлда энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттер үчүн брифинг өткөрдү. Ал учурдагы өчүрүүнү электр линияларын, көмөк чордондорду, чубалгыларды сактап калуу аргасы катары түшүндүрдү.
Алтынбек Рысбеков
“Салыштыруу үчүн айтсам, бир жылда электр энергиясын суткалык керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18% өстү. 16-июлда 48 млн, 17-июлда 47 млн 600 миң, 18-июлда 50 млн 76 миң, 19-июлда 50 млн 122 миң, 20-июлда 50 млн 749 миң кВт/саатты түздү. Былтыр бул күндөрү болгону 40-42 млн кВт/саат гана керектөө болгон. Бул абанын температурасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу болду. Кондиционер колдонгондор көбөйдү. Ашыкча жүктөмдөрдөн улам аймактын энергетикалык тутумунун жабдуулары өз мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча иштөөдө. Абанын температурасы +45 градус болгондо электр чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25% чейин төмөндөйт. Бул өткөрүмдүүлүк мурда 100% болсо, 45 градус ысыкта 75% түшүп кетти дегенди билдирет. Чубалгыларды эрип, кабелдерди күйүп кетүүдөн, көмөк чордондорду жана башка жабдууларды аварияга кабылуудан сактап калыш үчүн жөнгө салуучу чараларды өткөрүүгө туура келет. Мунун негизги максаты коопсуздук. Антпесек, алар жарактан чыгып калат”.
Министрдин белгилешинче, 20-июлда республика боюнча электрди керектөө 2330-2350 кВт/саатты түзсө, анын 600 миңи борбор калаага туура келген. Ошол себептүү электрди чектөө иш-чаралары негизинен Бишкек шаарына жана Чүй облусунда жүрүп жатат. Башка аймактарда электр кышка даярдык, ремонт иштерине байланыштуу график менен өчүүдө.
Энергетика министрлигинин имаратындагы кондиционерлер. 21-июль, 2026-жыл.
Бүгүнкү күндө Бишкекке электр тогу Чалдыбардагы 500 киловольттук (кВ) Фрунзе көмөк чордонунан ортодогу кубаттуулугу андан азыраак көмөк чордондор аркылуу шакекче түрүндө айланып отуруп жетет.
Министр жыл сайын өсүп жаткан керектөөнү жабууга алардын күчү жетпесин, өкмөт андыктан жаңы, кошумча көмөк чордондорду жана линияларды курарын айтты.
“Ачыгын айтыш керек, бул бүгүн же кечээ пайда болгон акыбал эмес. Буга биз көп жылдар аралыгында келип кеттик. Буга чейин чакан линияларды жана көмөк чордондорду өз акчабызга кылып келген болсок, чоң линияларды, 220 же 110 киловольттук (кВ) аба чубалгыларды алмаштырганга, жаңылоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бирок акыбал ушундай деп отуруп калган жокпуз. Жума күнү энергетикада түзүлгөн кырдаал тууралуу президентке кирип, маалымат бергем. Ошол жерде сүйлөштүк. Шаар ичинде чоң линия, көмөк чордондорду куруу сунушу айтылды. Эсептеп көрсөк 300 млн доллар кетет экен. Президент Садыр Жапаров абалды туура түшүнүп, бул акчаны өз фондунан бөлүп бермей болду”, - деди Рысбеков.
Энергетика министрлиги. Бишкек.
"Коңшулардан энергия сурагандан уялам"
Энергетикада түзүлгөн кырдаал боюнча президент Садыр Жапаров дагы 21-июлда Фейсбук баракчасы аркылуу маалымат берди.
Президент мамлекет тартыштыкты жоюу үстүндө иштеп жатканын, беш жыл ичинде баш-аягы 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтер ишке берилгенин белгилеген.
"Эгемендик алгандан бери “Камбар-Ата - 2” ГЭСинин жападан жалгыз бир агрегатын ишке киргизиптирбиз. Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып жатканбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш. Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз. Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз. Бүгүнкү күндө беш жылдан бери баш-аягы 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтерди ишке бердик. Дагы 50дөй ГЭС курулуп жатат. Бирок дагы деле дефицит болуп келген энергияны жаба элекпиз. Себеби күндөн-күнгө, айдан-айга энергия талабы өсүп келе жатат. Завод-фабрикалар, социалдык объектилер, үйлөр курулуп жатат".
Бирок энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков чакан ГЭСтер жана күн, шамал менен иштеген станциялар көйгөйдү чече албайт деген пикирде.
“Токтогул суу сактагычындагы сууну башкара албай агызып, саан уйдай саап атып, суунун көлөмүн көп жылдан бери көтөрө албай жатабыз. Ошон үчүн бизге кандай аба ырайы болбосун альтернативдүү электр станция керек. Ошол эле Кара-Кечеде көмүр менен иштеген 1200 мегаваттык (МВт) станция курсак болмок. Ал ашып кетсе үч жылда бүтмөк. Сууну дагы көп агызбай сактап, өз саясатыбызды жүргүзөт элек. Анын ордуна “Жашыл энергетика” деп президентти туура эмес жолго алып кетишти. Базалык электр станциялар болбосо, ал көйгөйдү чечпейт. Анын чоң вольттук линияларды мурда эле ойлонуп куруш керек болчу. “Датканы” куруп жатканда мен Кеминге эмес, Балыкчыга алып келгиле дегем. Бир насыя менен курулуп, Ысык-Көл облусу дагы электр менен камсыз болмок. “Жок, Советтер Союзунда долбоор ушундай чийилип калган” деп болбой коюшкан. Эми насыя алып Кеминден Балыкчыга кайра станция курганы жатышат. Мамлекет керектөө өсүп жаткан шартта инфраструктураны бекемдеп алыш керек. Азыркы өзгөчө кырдаалды эске алып, жеке менчик станциялар өндүргөн энергияны “элге бересиңер” деп алганы туура. Азыркы энергетиканын абалын оңдош үчүн жаңыча көз караш, жаңыча ыкма керек. Эртеби-кечпи акыры атомдук энергияга өтөбүз. Анткени мунай, газ, көмүр түгөнөт. Бирок атомдук электр станциянын эски үлгүсүн орнотуп албай, жаңыларын алып келишибиз керек. Өзүбүздүн илимпоздорду дагы иштетип, мамлекет аларга буюртма бериши керек. Бирөөнүн эскисин, таштандысын алууга болбойт”.
Жашыруун иштеген майнинг-фермалар жокпу?
Өткөн жылы ноябрда электр энергиясына чектөө киргенде коомчулукта “майнинг-фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылган. Мындан кийин бир катар майнинг-фермалар ишин токтоткону маалым болгон.
Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун айтымында, ушу тапта Кыргызстанда "Камбар-Ата-2" ГЭСинде жана Кемин районунда эки майнинг ферма иштеп жатат. Ал борбордогу кырдаалга аларды күнөөлөө туура эместигин белгиледи.
Анткен менен эксперт Эрнест Карыбеков азыркы шартта ошол эки майнинг-ферманы дагы иштетүү дагы ойлонулбаган, энергосистемага күч келтирген кадам болгонун айтууда.
Эрнест Карыбеков.
“Майнинг-ферма экөө эле деп жатышат. Бирок батирлерде майдалары толтура эле болсо керек. Аны эми текшерип, изилдеш керек дечи. "Камбар-Ата-2де" көмөк чордонду кеңейтип, 30 МВт энергия чыгарабыз деп жатышпайбы. Майнинг-ферма ошол акчаны беребиз, электр энергия менен эсептешебиз деп Акылбек Жапаров кол коюп берген. 1,5 млрд сом үчүн 1 сомдон энергия берсе, 4,5 млрд кВт/саат энергия алат. 4,5 млрд кВт/саатты булар экспортко 3 сомдон сатса эле чыкмак. Майнинг-ферманын техникасы жок, кайра эле “Нарын гидро курулуштан” подрядга алып жатат. Министрлик 1,5 млрд сомду Каржы министрлигинен деле карызга алса болмок. 500 млн кВт/саатты 3 сомдон сатып, бир жылда эле кайтарып коймок. Демек, “Нарын гидро курулуш” электр энергиядан эле 50 млн доллар чыгаша болуп жатат. Энергетика элдики дагы, элге жетпей жатса, алардын эмне кереги бар?”.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт саатты коңшу өлкөлөрдөн сатып алат.
Кыргызстандын өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилинде Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат.