Ташиевдин тагдыры, Кумтөрдү башкаруу, камалган активисттер. Жапаровдун жаңы маеги

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен мамилеси, Теңгиз Бөлтүрүктүн айткандары боюнча жана башка суроолорго жооп берди

13-августта президент Садыр Жапаровдун журналист Али Токтакуновго курган маегинде айткандары кызуу талкууга айланды. Ал Кумтөр, коррупцияга каршы күрөш, Камчыбек Ташиевдин саясий жолу, Кытай менен кызматташтык тууралуу жана башка коомчулукту кызыктырган бир топ суроого жооп берди.

Кумтөр кенин Кыргызстандын көзөмөлүнө алуу

Президент Садыр Жапаровдун дээрлик эки сааттык маеги Кумтөр алтын кенинин тегерегиндеги суроодон башталып, аны канадалыктар иштеткен компаниядан мамлекетке алуу жараяны 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин башталганы, ишкананы алуу планын шайлоо бүткөнчө купуя сыр катары сакташканы белгиленди. Мамлекет башчы ага чейин кенден казылып, "Кыргыз алтында", Улуттук банкта жана Кара-Балтада жаткан 500-600 килограммдай алтынды чыгарбай коюшканын билдирди.

"Шайлоо бүткүчө алабыз десем, Кумтөрдүн баарын талкалап, эртең эч ким ким иштете албай калгандай кылышкан жатпайбы. Кумтөр токтоп калгандан кийин аны жылдырыш үчүн эле 300-500 млн доллар керек болмок. Шайлоодон өтүп келдим, 80% эл колдоду. Анын өтүп келгенден кийин Акылбек Жапаровду бурай баштадым. Ошентип жатып майда даяр болду. Парламентке бүрсүгүнү киргизип, тышкы башкарууга алабыз дегенибиз тигилерге жетип калыптыр. Алар иштеп жаткан электрондук системаларын талкалап баштайт да, ошон үчүн чукул өткөрдүк. Парламенттен бир жумадан кийин каралмак. Чукул киргизип, денонсацияны кнопкага салдык да, шак басып калдык", - деди Жапаров.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жапаров-Ташиев тандеми эмнеден бузулду?

Жапаров кенди мамлекетке алганга чейин Теңгиз Бөлтүрүктү мурда-кийин тааныбаса да, Акылбек Жапаров аркылуу таптырганын белгиледи. Аны Канадага директорлор кеңешиндеги үч адамдын биринин ордуна жибергенин, купуя документтер болсо таап келүүнү табыштаганын, бирок андан майнап чыкпаганын айтты.

Теңгиз Бөлтүрүккө Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин "ар бир литр солярка, бурамага чейин көз салып, алтын Кара-Балтадагы аффинаждык заводдон өтүп, Улуттук Банкка барганча уурдатпа" деп табыштаганын кошумчалады. Бирок Бөлтүрүк баргандан көп өтпөй эле "акчаны чача баштаганын" айтты.

Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр” иши боюнча 2022-жылдын сентябрь айында кармалып, бир жылдан ашык абакта отурган.

11-августта Канадада жүргөнүн айткан Бөлтүрүк Фейсбуктагы түз эфиринде “Кумтөрдү” мамлекетке кайтаруудагы эмгеги бааланбай калганын белгилеп, Жапаров баш болгон жетекчилерди сындап, өзүнө козголгон иш боюнча ачык сот өткөрүүнү сунуштады.

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиевдин саясий сапары кандай болот?

"Камчыны президент кылуу планым болгон", "келерки шайлоого катышам"

Жапаров азыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди "президент кылуу" планы болгонун билдирди. Ал Ташиев "дос бойдон кала берерин", бирок аны мамлекеттик кызматка алып келүү планы эми жок экенин айтты.

Жапаров "20 жылдан бери дос болгон" Ташиевдин "эмгегин баалап, "беш жыл жакшы иштеп бергенин", бирок "жакындарына, классташтарына, группалаштарына жакшы көз сала албай калганы анын кемчилиги" болгонун, кызматтан ошондуктан кеткенин кошумчалады.

"2027-жылы өзүм шайлоого барбай эле, ушу даяр болуп калса, жакшы иштеп калды, тажрыйба топтоп даяр болуп калса Камчы катышса, мен катышпай эле Камчыны президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген өзүмдүн планым болгон. Ушул мөөнөттөн кийин. 2027-жылы январда шайлоо болот да. Ушундай кылсам деген планым болгон. Өзүнө эки-үч жыл мурун айткам. "Даяр болгун, айлана-тегерегиңди тазала, тарбияла" деп келгем. Анан, карасам, даяр эмес. Эл эми биригип, бир Кыргызстан болуп баратса анан "сен тияктасыңбы же бул тараптасыңбы" деген болбойт. "Мен сени кызматтан алып жатам ошол үчүн, капа болбо. Кийинки шайлоого катышам десең шарт түзүп берем" деп айткам.

Жапаров Ташиевди ал кызматтан алынгандан кийин эки жолу кабыл алганын айтып, сот ишине кийлигишпей турганын белгиледи.

УКМКнын мурдагы төрагасы 2027-жылы боло турган президенттик шайлоого барбай турганын жана бул өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын 16-июлда билдирген.

Дагы караңыз

"Жапаровго дагы 10 жылдык мандат берүү керек". Акаевдин айтканы талкууга айланды

“Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары, досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам”, - деп жазган Фейсбуктагы кайрылуусунда Ташиев.

Ал эми алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу өзү тууралуу суроо берилгенде Садыр Жапаров бул жараянга катышарын жана бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлөрүн билдирди.

“Барам. Мен жана башында эле айтпадымбы “өзүм дагы бир мөөнөткө барышым керек болуп калды” деп. Эч кимди чектебейбиз, бирөөнө бут тоспойбуз. Мыйзам кандай болсо, ошондой коюп, ар бир талапкер бара берсин. Мурдагыдай мугалим, врачтарды колдонуу, үгүткө иштегиле деген болбойт. Анын баарын убагында иш менен далилдейбиз. Азыр сөз менен мактанбай турайын”.

Жапаров маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жемкорлукка каршы жүргүзгөн иштин натыйжасында мамлекетке 4 миллиард долларлык киреше түшкөнү тууралуу маалымат негизсиз экенин билдирди:

"Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле "Мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда "Ай, досум, цифралар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса "жеп алды" деп айтат эл. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени - мисалы, базар баасы 100 миң долларлык батирин алса 300 миңге баалап туруп эле ала берген. Аны кимге сатасың эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы?".

УКМК соңку беш жылда мамлекеттин кирешесине 352 миллиард сом кайтарганы, бул 4,14 миллиард долларга барабар экени быйыл 29-январда атайын кызматтын коллегиялык жыйынында айтылган.

10-февралда Жапаров Ташиевди кызматтан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Дагы караңыз

Кыргыз саясатын кызыткан каттын "изи"

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча өкүмүн жарыялап, башка соттолуучулар менен катар Ташиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылга соттогон, бирок жаза чарасы пробациялык көзөмөл деп аныкталган.

УКМКны Ташиев башкарып турганда коррупцияга каршы күрөш деген негизде мүлкүнөн, бизнесинен мыйзамсыз ажыратылганын айткан жүздөгөн адам ал кызматтан алынгандан кийин арызданып чыгышкан. Ташиев күнөөсү жок экенин айтып келет.

Пикири үчүн кармалгандар, сот системасынын иши

Маектин дагы бир бөлүгү өз пикири үчүн кармалып, түрдүү жазага тартылган журналисттер, блогерлер, активисттер тууралуу болду. Президент алар бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген оюн айтты.

Жапаров Кыргызстанда мыйзам иштегени үчүн "кемпирабадчылар" 100% акталганын, акын Аскат Жетигенди өзүн сөккөнү үчүн каматпаганын, буга башка себептер түрткү болушу мүмкүн экенин билдирди.

Массалык башаламандыкка чакырды деп 3,5 жылга соттолуп, аялдар абагында жазасын өтөп жаткан Каныкей Аранованын иши тууралуу билбей турганын айтып, аты-жөнүн жазып алды.

Абактагылардын ырайым сурап жазган катын окуп, айрымдарына боору ооруп эркиндикке чыгарып жибергенин да кошумчалады.

Бирок "айкөлдүк, жумшактык коркоктук эместигин", "революция кылабыз" деп ар кимден акча топтоп, өз жакындарын абакка салгандар барын, аларды өзүнө атаандаш деп эсептебей турганын белгиледи.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктары корголорун кайталап келет. Бирок эл аралык уюмдар соңку жылдары пикир үчүн соттолгондор көбөйгөнүн, жарандык коомго, журналисттерге кысым күчөгөнүн белгилешет.

Быйыл апрель айында Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму жылдык баяндамасын жарыялап, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда жарандык коомго кысым күчөп жатканын билдирген.

Дагы караңыз

Аскарбековдун камалышы, Абдирасулованын суралышы пикир үчүн куугунтукпу?

Президенттин ишмердигинин натыйжалуулугун балоодо Садыр Жапаров журналисттин пикирин сурап, 10 упайлык шкаладан 8 деген баа айтылды. Калган эки упай өлкөдөгү жарандардын эркиндиги басымга кабылып жатканына жана саясий иштерде соттордун көз карандылыгы уланып келатканына байланыштуу кемип жатканы белгиленди.

Соңку жылдары сөз эркиндиги басымга кабылып, ондогон активисттин, журналисттин камалышын президент өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү жана жарандык жоопкерчилик орноп жатканы менен түшүндүрдү. Жапаров сот адилеттигин бийик деңгээлге көтөрө алганын, аймактарда элдин сотторго болгон ишеними мурдагы 20 пайыздан 70-80 пайызга чейин жогорулаганын айтты.

"Эми пендечилик кылып атышы мүмкүн, анча-мынча туура эмес, адилетсиз чечим чыгарып коюп атышы мүмкүн. Анча-мынча пара ала койгондорун кармап атабыз. Бирок, мен 100% ишенимдүү айта аламын – 2020-жылга чейинки соттор менен азыркы соттордун айырмасы асман менен жердей".

Агасы Сабыр Жапаров жана "көмүскө кеңсе" тууралуу суроо

Маекте соңку күндөрү кыргыз саясий аренасында түрдүү жоромолдорго жем таштаган окуя тууралуу да сөз болду.

7-августта Ютубда чыгып, башка соцтармактарга да таратылган видео кайрылууда Сыргак Кенжебаев аттуу жаран бийликтин "көмүскө кеңсеси" бар экенин, аны президенттин жакындары башкарарын айткан. Ал президенттин агасы Сабыр Жапаровдун атын атаган. Ошол кеңсе аркылуу бийлик башындагылардын жакындары мамлекеттик маанилүү тармактарды, өзгөчө бажы жана логистикалык схемаларды көзөмөлдөп келатканын кошумчалаган.

Президент Кенжебаев менен жеке жолугушуусу болгонун, ал европалык өнөктөштөрү менен бирге айыл чарбасын «2-3 жыл ичинде жомокко айландырарын» айтканын, ошол кездеги министр Бакыт Төрөбаев менен көздөштүрүп койгонун билдирди:

"Жапаровдор, деги эле бардык чиновниктер өзүбүздүн жеке чөнтөгүбүздү мамлекеттики менен алмаштырбайбыз. Бул боюнча мен кепилдик бере алам. “Казынага тиймей жок, казына ыйык, тийбегиле, бул элдин акчасы. Бизнес кылгыла, башка жактан тапкыла” деп дайым айтам. Кимде ким казынага кол салса аларды аёсуз кармап, "кустуруп" келе жатабыз. Мамлекеттин акчасын уурдаганга эч кимге жол бербейбиз. Бул жигиттин айтканын мен деле көрдүм, уктум. Муну мен кабыл алгам башында, мага да алып келишкен. Инвестормун деп келгендин баарын кабыл алам мен, кимиси болбосун, анан тиешелүү адамдарга жиберем. Бакыт Төрөбаев экөө Италия, Германияны, Европаны бүт кыдырып келишти. Бакыт мырза “Бул аферист өңдөнөт, мунуку жомоктой болуп жатат, фантастика өзүнчө эле” деп дароо айтты. Мен ишке ашпаса, анда болуптур деп койдум".

Кенжебаев өзүнүн билдирүүсүнө кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес. Президенттин айрым жакындары менен чогуу түшкөн сүрөт, видеолорду көрсөткөн. 44 жаштагы ишкер 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени, ага чейин "Юнилаб" деп аталган логистикалык компанияны жетектегени ачык булактарда көрсөтүлгөн.

Дагы караңыз

"Көмүскө кеңсе". Чуулгандуу видео, "Ынтымак-Ордонун" жообу

2019-жылы декабрда УКМК аны "алдамчылык" тууралуу айыптоонун негизинде кармап, кытайлык ишкер 350 миң долларын ала албай жатканына арызданганын кабарлаган. ИИМ Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.

Анын камакка алынышы ошол учурда жубайы, мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген "Үмүт 2020" кыймылынын коррупцияга каршы билдирүүлөрү айтылып, бийликти жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындап жаткан маалына туш келип, түрдүү талкуу жараткан.

Кытай темасы

Президенттин жаңы маегинин дагы бир бөлүгү Кытай темасына арналды. Журналист эл арасында «Кытайдан карыз ала берип көз каранды болуп калбайбызбы?», «Кыргызстанда иштөө квотасын алгандардын баары эле кытайлыктарбы?», «Жер ижарага чет элдиктерге бериле турган болсо кытайлыктар алып коюшу мүмкүн» деген суроолор, кооптонуу бар экендигин айтты.

Жер тилкелерин өндүрүштүк максатта узак мөөнөткө ижарага берүү Акаевдин мезгилинен бери келатканын айткан Жапаров аны системага салуу аракети жүрүп жатканына токтолду. Кытай жарандарынын көбөйүшү ишке ашып жаткан ири инфратүзүмдүк долбоорлорго ал жактан адистерди тартып жатышканы жана курулуш, жеңил өнөр жай тармагында кол жетпегендиктен чет элдик жүмүш күчүнө суроо-талап күч экендиги менен түшүндүрдү.

Жапаров тышкы карыз боюнча жооп берип Кытайдан тышкы карыз деп акыркы беш жылда Кыргызстан 1 тыйын албаганын билдирди:

«2020-жылга чейин биз 5 млрд доллар карыз болчубуз, ички жана тышкы жалпы карызыбыз. Ички дүң продукциябызга (ИДП) салыштырмалуу 70% түзчү. Мунун тышкы карызы 4 млрд 217 млн доллар, ичкибиз 708 млн доллар болчу. 2026-жылга карата жалпы карызыбыз 10 млрд доллар болду. Бул ИДПнын 37%. Салыштырмалуу ылдыйлады. Мунун ичинен тышкы карыз 5 млрд 200 млн доллар, ички карыз 4 млрд 800 млн доллар. Тышкы карызыбыз көп деле өскөн жок. Ток этер жерин айтсак, тышкы карыз 1 млрд долларга гана көтөрүлүптүр. Муну биз жалгыз Кытайдан алган жопкуз. Европа, Азия банктарынан, эл аралык каржы уюмдарынан алып жатабыз. Кытайдан тышкы карыз деп акыркы беш жылда 1 тыйын албаптырбыз. Тескерисинче, Кытайдын Инексимбанкынан алган 1 млрд 800 млн карызыбыз бар эле, ошонун болжол менен 500 млн долларын жаптык беш жыл ичинде. Калган 1 млрд 300 млн долларга жакынын 2035-жылга чейин толук жабабыз».

Дагы караңыз

Министр Баетов соңку алты жылда Кыргызстан Кытайдан карыз албаганын жазды

Мамлекет башчы Кытай темасын атайын козгоп жаткандар бар экенин айтты:

“Бул жерде тышкы күчтөр бар. Анан ички “ичи чаарлар” да бар “ушул темир жол, көпүрө же жол бүтпөй калышы керек, кокуй Кытай басып кетти” деген. Кытайдан эмне жамандык көрдүк биз? Кытай менен иштесем, ушулардын технологиясын алсам дегенде бардык мамлекеттерде “эки көзү төрт”. Биз кошуна туруп ошону пайдалана албайбызбы? Пайдаланалы да. Кытай менен чек арабыз бүткөн, бир да чарчы метр талаш жерибиз, эл аралык талаш маселебиз жок”.

Соңку мезгилде Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жараткан. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээ бирлерин кармаганын кабарлады.

Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөсүнө мажбурлап чыгарылганы маалымдалган.

Жапаровдун маегинен кийинки талдоо жана пикирлер

Президенттин маеги калк арасында активдүү талкууланып жатат. Коомдук пикир, адаттагыдай эле, бир кылка эмес. Айтылган пикирлерге канааттанып, айрым маселелерге берилген ачык жоопторду кубаттагандар да көп. Ошол эле маалда, мамлекет башчынын маегинде бир катар олуттуу маселелер козголбой калганын айткандар да бар.

Саясат талдоочу Эмил Жороев президенттин сөз эркиндиги жана соттордун көз карандысыздыгы тууралуу айткандары ынанымсыз дейт:

Эмил Жороев

“Биринчиден, Алинин сотторго берилген ишеним боюнча кошумча суроосу эле ачыктап атат. Мыйзам өзү чечкендигине эл ишенбей жатпайбы. Мыйзам туура эмес чечип коюп атат. Президент айткан, өздөрү электеп, сөзүн тактап сүйлөшү керек деген боюнча дагы – сөз эркиндиги деген ушунда да. Сөз эркиндиги дегенде, албетте, элдин баары эле толук кандуу фактыларга ээ боло албайт, бирок, оюнда болгон, көкүрөгүн өйүткөн сөздөрүн айтууга эркиндик болуш керек. Сөз айтса эле бирөө дароо бийликти оодара сала албайт. Бир сөз айтса эле дароо көтөрүлүш болуп кетпейт. Бир сөз айтылса эле дароо элдер өз ара касташып, аймактык же улут аралык бир нерсе болбойт. Ошол мыйзамдын беренелери менен камап атпайбы элдин баарын”.

Жороев өлкө башчысы калк арасында кызыгуу жараткан бир катар суроолорду ачыктап койсо жакшы болмоктугун кошумчалады. Маселен, ипотекалык компаниянын жана президенттин иш башкармалыгынын айланасында күбүр кептер көп. Курулуп жаткан масштабдуу долбоорлордун айлана-чөйрөгө таасири да президенттин пикирине арзымак. Санкциялар, финансылык иш-аракеттер жана Кыргызстанды акча адалдоо үчүн колдонуп жатышат деген жүйөлөр калктын кулагын кызытып келет.

Жапаровдун президенттик кызматты өзүнөн кийин Камчыбек Ташиевге өткөрүү планы тууралуу айтканы кызуу талкууланууда.

Саясат талдоочу Марс Сариев мунун себебин Кыргызстанда жана жалпы эле аймакта демократиянын чыныгы үлгүсү калыптанбаганы менен байланыштырды:

Марс Сариев

"Европада, АКШда 200-300 жылдан бери калыптанган саясий институттар Азияда, анын ичинде Кыргызстанда таптакыр иштебейт. Бул жакта урук-туугандык мамиле, ич ара сүйлөшүү деген бойдон эле калды. Айырма ошондо болууда. Орусияда деле ошондой – өз ара сүйлөшүү, кландык, корпоративдик кызыкчылыктар. Батышта бир адамдан көз каранды болбогон институттар иштейт. Ал институттар Азияга “жугабы” же жокпу, чоң суроо. Жапония, Түштүк Корея сыяктуу перифериялык Азияга жукту. Бирок, мисалы, Кытай, жада калса Түркия жакка көп таасири тийбей жатат, ошондуктан авторитардык режимдер. Бизде да ошондой болууда. Лидердин көз карашына жараша. Объективдүү, калыс иштеген институттар жок. Мурда демократия, парламенттик республика куруу аракети болгон, бирок кийин кайра президенттикке бурулуп кетти. Ошого жараша корпоративдик кызыкчылыктар күчөдү. Европада негизделген президенттик демократия Азияда - Кытайда, Орусияда, Кыргызстанда деле сезилбейт. Атамбаев менен Жээнбеков, азыр Жапаров менен Ташиев эмне болду, көрүп жатпайбызбы. Бул институттар системасы иштебегендиктин натыйжасы".

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Узарбек Жылкыбаев командалык ишти улантуу максатында ич ара келишүү нормалдуу нерсе экенин, бирок президент болуп туруп, тигил же бул талапкерди сүрөөгө мыйзам жол бербесин эске салды:

Узарбек Жылкыбаев

"Партиялар, саясий күчтөр максатына жетүү, программасын ишке ашыруу үчүн кийинкиге өз командасынан киши чыгарганы саясий процессте мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Биздин республиканын 35 жылдык тарыхында социал-демократтар биринчи Алмазбек Атамбаевди сунуштап, президент кылып, кийинки шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп, өткөргөнү бар. Садыр Жапаровдун Камчыбек Ташиевди президент кылмакмын деп айтканын эки жактуу кароого болот. Мыйзам боюнча президент болуп элдин көпчүлүк добушун алган талапкер шайланат. Бул жерде эң негизги маселе – элдин добушун алыш керек, бир күч, бир адам элге таңуулап бирөөнү президент кыла албайт. Президенттикке сүрөп, колдоп чыгарса болот, бирок мыйзамда талап бар. Мисалы, Садыр Жапаров президент болуп туруп бирөөнү сүрөйм десе, бул мыйзамга туура эмес келип калат".

Журналист Айданбек Акмат уулу Жапаровдун да, Ташиевдин да биринчи болгусу келген амбициясы күчтүү экенин айтууда. Анын белгилешинче, дал ошонун айынан да соңку окуялар жаралды:

Айданбек Акмат уулу

“Бул Жапаров менен Ташиевдин өздөрүнүн жеке мышык-чычкан оюну. Бири "барат элем" деп, экинчиси "убадалашкан элек" деп. Бири "жок, мен барам" деп, экинчиси "мен колдойт элем" деп публикага ойноо деп эсептейм. Чындыгында, экөө тең «мен болсом» деп президенттикти бекем эңсеп турат. «Мен болсом экен» деген амбициялары аябай күчтүү. Ушул амбициялардын кагылышуусунан «75чилердин каты» жана башка окуялар келип чыкты. Бийликтен эч ким «чарчадым» деп кача элек. Бул жөн эле сөз. Бийликтин кумары ушунчалык күчтүү болгондуктан токсонго кирсе деле «мен болсом» деп тургандар абдан көп. Азыркы кезде Ташиевдин президенттикке барышына бөгөт коюлду. Анын соттуулугу бар, катыша албайт. «Барам-барбайм» дегени куру сөз”.

Жарандык активист Улан Канат уулу кызматтагы президенттин мөөнөтү аяктаган соң бийликти тапшыруу ниети болгону жакшы экенин, бирок ордуна кимдир бирөөнү дайындап кетүү планын шайлоо институтуна шек келтирген аракет деп бааласа болорун белгиледи:

Улан Канат уулу

“Алдыдагы окуялардын президент айткандай болушу туура эмес болмок деп ойлойм. Президенттике, элдин тагдырын чече турган жерге адамдар биринчи мыйзам, экинчиден, элдин тандоосу аркылуу келет. Президенттин “менин досум, менин таанышым эле” деп колдоо көрсөтүп, алып келүүсү туура эмес. Буга чейин деле мындай окуя болгон Атамбаевдин убагында губернатор болуп турган адамды тез арада мамлекеттик кызматтагы тепкичтерден көтөрүп, президент кылып койду. Ал киши кандай иштеди? Кандай окуяларга алып келди? Баарыбыз жакшы билебиз. Биз өткөн нерседен сабак алышыбыз керек. Президент ал оюнан кайтканы жакшы негизи”.

Ал эми кыргыз саясатынын ардагерлеринин бири, мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов президент Жапаровдун Ташиевди өзүнөн кийин бийлик башында калтыруу планы тууралуу сөзүн мындай чечмеледи:

Феликс Кулов

"Менимче, эл туура эмес түшүнүп алды. Анткени президент антип айта албайт, муну башкача түшүнүүгө болбойт. "Мен аны президент кылып коём" деп кантип айтмак эле? Мындайды эч ким айта албайт. Ал жөн гана: "Мына, мен 6 жыл иштедим. Сен баргың келсе, бар. Кааласаң, президенттикке бар, мен сени колдойм. Албетте, эгер эл сени колдосо президент болосуң. Эл колдобосо, эмне кыласың? Менин колдоом деле чечүүчү роль ойнобойт" деген мааниде айтты. Мааниси ушундай. Бирок эл арасында дароо эле «аны ушинтип президент кылгысы келген экен” деп, түз түшүнүп жатышат".

Садыр Жапаров Кыргызстанды 2020-жылдын октябрынан бери башкарып келатат. 2021-жылдын январында расмий түрдө президент болуп шайланган. Кезектеги шайлоону 2027-жылдын январында өткөрүү мыйзам менен белгиленген. Ага катышуу ниетин азырынча эч ким айтып чыга элек. Арийне, жыл башынан бери шайлоого астыртан даярдыктар тууралуу кеп-сөз жанданган. Өзгөчө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы тирештин өзөгү жана кийин-соң айтылып жаткан пикирлер шайлоо аракеттери акырындап күчөп баратканын көрсөткөндөй.