“Ар-Намыс” партиясы коалиция түзүү тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын сунушун кабыл алган жок.
Парламентте фракциялар ортосунда коалиция түзүүдө кырдаал бир топ чаташып, татаалдашып калганы байкалууда.
Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы коалиция түзүү боюнча жаңы багыттагы сүйлөшүүлөрдү баштады.
Бишкекте коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок азырынча андан натыйжа байкала элек.
УКМК алдындагы Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Ч. Турусбеков үй камагындагы мурдагы бийликтин үч төбөлү өлкөдөн чыкпаганын айтууда.
“Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу Кыргызстандагы саясий элитанын өлкө алдындагы жоопкерчилиги жана коалиция маселесине арналды.
19-ноябрда КСДПнын лидери А.Атамбаев “Ата Мекендин" лидери Ө.Текебаев жана “Республиканын” лидери Ө.Бабанов менен өз-өзүнчө жолугушту.
17-ноябрда 7-апрелдеги окуялар боюнча сот башталды. 86 кишинин өлүмүнө алып келген бул кандуу окуя боюнча 28 кишиге айып коюлган. Бирок негизги шектүүлөр деп саналгандар өлкө ичинде жок.
Президент Роза Отунбаева Кыргызстан социал-демократиялык фракциясына коалиция түзүүнү тапшырды.
Президенттин сөзүнө караганда, жаңы шайланган парламент ушул жума ичинде алгачкы жыйынына чогулууга тийиш.
БШК 1-ноябрда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаган соң коомчулук көңүлү эми жаңы парламентте кандай коалиция түзүлөөрүнө бурулууда.
“Ар-намыс” партиясы президент Р. Отунбаеванын өтүнүчүн эске алып, 27-октябрда митинг өткөрүү ниетинен баш тартты. “Ата-Журт” дагы өз тарапкерлерин митингге чыкпоого үндөдү.
10-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө кандай коалиция түзүлөт деген маселе коомчулуктун көңүл борборунда.
10-октябрдагы парламенттик шайлоодо салыштырмалуу жеңишке жетишкен партиялар коалиция түзүү багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө.
"Бүтүн Кыргызстан" БШК беш пайыздык чекти кескин көбөйтүп жибергенине нааразы болуп, сотко кайрыла турган болду.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Азыркы мезгилге карай бюллетендердин 90% ашууну саналып бүттү.
Шайлоо жакындаган сайын “кара пиар” өнөктүгү күч алууда. Айрым партиялар өлкө президентине кайрылып, мыйзамсыз иштерди токтотуу талабын коюшту.
Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү геосаясий жарыштар менен коштолууда. Өлкөнүн экономикасы аксоо жолуна түштү. Орус аскердик базалары бириктириле турган болду.
Кыргызстанда үгүт өнөктүгү башталганына эки жумага чендеп калды. Ат чабышка түшкөн саясий партиялар бири-биринин күчүн аңдап, кимдин эмнеге жөндөмдүү экенин, кимдин артында кайсы күчтөр турганын байкап калышты.
Үгүт өнөктүгү башталып калган мезгилде президент Роза Отунбаева күч структураларында олуттуу кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүздү. Мындай өзгөртүү шайлоо өнөктүгү учурунда партияларды теңдештирүү үчүн жасалганы айтылды, бирок ошол эле учурда бул кадрдык жүрүштөрдүн соңунда кээ бир партиялар алсызданса, башкалар күчтөндү. Ал ортодо Москвада кыргыз-орус аскер кызматташтыгы жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.
Дагы жүктөңүз