"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Дүйшөмбүдө Польшанын Гданск шаарынын мэри, бир күн мурда соопчулук иш-чарасы маалында бычак жеп жарадар болгон Павел Адамович көз жумду. Полиция шектүү катары жакында абактан бошогон 27 жаштагы жергиликтүү тургунду кармады.
Михаил Ходорковскийдин борбору жарыялаган тыянакка ылайык, былтыр Борбордук Африка Жумуриятында киши колдуу болгон орусиялык журналисттерди, расмий версияда айтылгандай, тоноо максатында өлтүрүшкөн эмес.
Ырайым берүү, кайсы өлкө болбосун гуманизмдин, айкөлдүктүн белгиси деп таанылып келет.
Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжан өкмөтү иликтөөчү журналист Хадижа Исмаиловага 19 миң 300 доллар төлөп берүүгө милдеттүү деп чечти.
Шаршембиде Демократиялык партиянын жетекчилери Мексика менен чек арада дубал куруу долбооруна каршылыгын кайталаган соң, президент Дональд Трамп жаңы эле башталып жаткан кездешүүдөн дароо чыгып кетти.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Кытайга аттанышын айрым байкоочулар АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушарда Пхеньян менен Бээжиндин стратегиясын координациялоо аракети катары баалашууда.
Ооганстанда талиб согушкерлери кайрадан коопсуздук бекетине чабуул коюшту. Дүйшөмбү күнү кабарлангандай, өлкөнүн батыш тарабында болгон кол салууда 21 кишинин өмүрү кыйылды.
Орусия менен Түркиянын президенттери жакын арада кездешип АКШнын Сириядагы аскерлерин чыгаруу боюнча чечимин талкуулашмакчы.
7-январга караган түнү жаңы түзүлгөн украин православ чиркөөсүнүн башчысы митрополит Епифаний Киевде ортодокстордун Рождествосуна арналган алгачкы таат окуду.
Президент Петро Порошенко аскердик абал алынганы тууралуу 26-декабрда Улуттук коопсуздук кеңештин жыйынында билдирди. Армия Керч кысыгындагы инциденттен кийин толук даярдыкка келтирилген.
АКШда Колумбия округунун соту президент Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге өкүм чыгарууну кийинкиге калтырды. Флинн Орусиянын Вашингтондогу элчиси менен сүйлөшүүнүн мазмунун ФБРден жашыргандыгы үчүн соттолууда.
17-декабрда Таиланддын борбору Бангкокто "Аалам сулуусу" (Miss Universe) тандалды. Бул жолку сынакка алгачкы ирет Кыргызстандын чүрөгү да катышты.
Орусиянын Биатлон биримдиги австриялык полиция бейшембиге караган түнү алардын улуттук командасы жайгашкан жерге барып кеткенин бышыктады.
Франциянын полициясы 11-декабрда Страсбург шаарында ок аткан кишини издеп жатат. Крисмасс базарында болгон окуяда 3 киши каза тапты, 13 адам жарадар болду. Бийлик кол салууну теракт деп баалап жатат.
Кыргызстанда абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган көмүр энергиянын башкы булагы бойдон калууда.
Кремл АКШ президенти Дональд Трамптын президент Владимир Путин менен кездешүүдөн баш тартканына өкүнөрүн билдирди.
Тажикстандын Хатлон облусундагы базарлардын биринде жакында өзбек ишкерлери да соода кыла башташат. Бул үчүн облус бийлиги 3 гектар жер бөлүп берди.
Өзбекстанда ырчы жана обончу Санжар Жавбердиев мамлекеттик мекеме лицензия алуу үчүн сакалдан "арылууну" талап кылганын айтып чыкты. Кошуна өлкөдө ырчылар бир жылга берилчү лицензиясы бар болсо гана чыгармачылык менен алектене алышат.
Тажикстандын жүздөгөн жарандары террордук же экстремисттик уюмдарга эмгек миграциясында жүргөн кезинде кошулушкан. Бул тууралуу парламенттик угууда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Мансуржон Умаров билдирди.
Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммити өз тарыхында биринчи жолу жыйынтыктоочу декларациясыз аяктады. АКШ менен Кытай эл аралык соода маселелеринде мунасага келе алган жок.
Дагы жүктөңүз