"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
13-ноябрда Эл аралык Мунапыс укук коргоо уюму - Amnesty International (AI) Иран бийлигин Ахваз шаарындагы жүздөгөн араб тууралуу маалымат берүүгө үндөдү.
Германиянын канцлери Ангела Меркел бирдиктүү Европа армиясын түзүү демилгесин колдоду. Газа тилкесинде ок атышуу токтотулду. Жапониялык Акихико Кондо виртуалдык аниме ырчыга үйлөндү.
12-ноябрда Киевде крым татарларынын курултайы болду. Акыркы жолу мындай чоң жыйын 2013-жылы, жарым аралды Орусия аннексиялай электе өткөн. Ал эми орус бийлиги менен кызматташкан крым татарлары октябрдын соңунда Симферополдо альтернативалуу курултайга чогулушкан.
Украинанын прокуратурасы добуш берүүнү уюштургандарга кылмыш ишин козгоду.
Кремлдин расмий өкүлү АКШдагы шайлоого реакциясын билдирип, "Вашингтондун Москва менен мамилелери азыркыдан начарлай албайт, оңоло турган түрү да көрүнбөйт" деген пикирин ортого салды.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) комитети никабга же аялдар кийе турган чүмбөттүн бир түрүнө салынган тыюуну адам укуктарын бузуу деп тааныды. Комитет Франция өкмөтүнө тиешелүү мыйзамдарды кайра карап чыгууну жана жапа чеккендерге кенемте төлөп берүүнү сунуш кылды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен кездешүүдө саудиялык журналист, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Жамал Хашоггинин маселесин талкуулады.
"Amnesty International" укук коргоо уюмунун кызматкери Олег Козловский Ингушетиядагы митингдерди иликтөөгө барган жеринен өздөрүн атайын органдардын өкүлдөрү деп тааныштырган адамдардын зомбулугуна кабылды.
Германиянын полициясы болгариялык журналист Виктория Маринованы өлтүрүүгө байланышы бар деген кишини кармады. Бул тууралуу Болгариянын бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Интерполдун жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кетти. 7-октябрда баш кеңсеси Лиондо жайгашкан уюмдун баш катчылыгы анын арызын кабыл алды. Ага чейин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун билдирген.
Ингушетияда Чеченстан менен административдик чек араны аныктаган карама-каршылыктуу келишимге нааразы болгондор демонстрацияга чыгышты. "Макулдашуу адилетсиз түзүлгөн" деген миңдеген киши 4-октябрда республиканын баш калаасы Магастагы парламент имаратынын алдына чогулушту.
Колонияда отурган кезде кыйноолорго туш болгонун айтып чыккан орусиялык Евгений Макаров түрмөдөн чыкты.
Жер титирөөдөн жабыркаган Индонезияда чиркөө урандыларынын алдынан отуздан ашуун студенттин сөөгү табылды.
Француз ырчысы, даңазалуу Шарль Азнавур 95 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Парижде туулуп-өскөн, зоболосу ошол шаарда көтөрүлгөн шансонье тарыхый мекени Армения менен да байланышын үзбөй келген. Азнавурдун атагы дүйнөнүн чар тарабына тараган.
Ирандын президенти Хасан Роухани аскердик парад маалындагы чабуул үчүн араб жикчилдерин жана аларды колдогон Перс булуңундагы бир өлкөнү күнөөлөдү. Ал тапта Кошмо Штаттар Ахваз шаарындагы кол салууну айыптап, Иран элине көңүл айтты. 22-сентябрда Ахваз шаарында болгон теракт 25 кишинин өмүрүн алып кеткен.
Орусияда Приморск крайынын шайлоо комиссиясы губернаторду шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимин бейшембиде кабыл аларын билдирди. 19-сентябрда БШК жекшемби күнкү добуш берүүдө бурмалоолор болгонун айтып, жыйынтыктарды жокко чыгарууну сунуш кылган. Экинчи айлампада губернаторлук кызмат үчүн башкаруудагы «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жана коммунисттер партиясынын талапкерлери ат салышкан.
Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусияны “калп айтып, баш айландырууга” аракеттенүүдө деп айыптады. Мунун алдында, 12-сентябрда өздөрүн Руслан Боширов жана Александр Петров деп атаган кишилер Russia Today (RT) телеканалына интервью беришкен. Британ полициясы дал ушундай ысымдагы эки кишини экс-тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызын ууландырган деп айыптаган.
Италиянын Савона шаарында Кыргызстандан бала асыроо боюнча кылмыш иши каралууда.
Украиналык режиссер Олег Сенцовдун саламаттыгы күндөн күнгө начарлап баратат. Бул жөнүндө бөлөсү Наталья Каплан 10-сентябрда "Фейсбукка" жазды. Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп Орусия соту тарабынан 20 жылга кесилген режиссер 121 күндөн бери ачкачылык кармап келатат.
Орусияда аймак башчыларын шайлоо бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясы регионалдык парламенттердеги үстөмдүгүнөн кол жууп баштаганын көргөздү. Кээ бир облус губернаторлору экинчи айлампада гана белгилүү болушу мүмкүн. Карама-каршылыктуу пенсия реформасы жарыялангандан бери бул – биринчи элдик добуш берүү. Шайлоо күнү айрым шаарларда пенсия жашын көтөрүүгө каршы митингдер өттү.
Дагы жүктөңүз