"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган Орусия жана Иран президенттери менен кездешип жатып Сирия армиясы жана анын өнөктөштөрү Идлибге чабуул кое турган болсо, арты “кыргынга” алып келерин эскертти. Башар Асаддын армиясы козголоңчулардын колундагы акыркы ири чөлкөмдү кайтарууга бир нече күндөн бери даярданып жатат.
Ооганстан жана Пакистанда иш алып барган террордук ири уюмдардын бири - Хаккани түйүнүнүн негиздөөчүсү Жалалуддин Хаккани оорудан кийин өлдү. Бул тууралуу ооган талибдери 4-сентябрда билдиришти. Бирок ал качан өлгөнү белгисиз. Буга чейин көптөгөн теракттардын артында турган уюмдун ана башы каза болгону жөнүндө маал-маалы менен айтылып, бирок маалымат эч качан тастыкталган эмес.
Кыргызстан көз карандысыздык күнүн белгилеп жатат. Өлкөнүн буга чейин басып өткөн жолу татаал болду. Бирок эки ыңкылаптан кийин бийликтин тынч жол менен алмашканы башка өлкөлөргө үлгү болуп бере алабы? "Азаттык" казакстандык саясатчы Амиржан Косанов менен маектешип, пикирин тыңдады.
Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2017-жылы 16 миллион доллар болгон.
Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемаль, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев киши колдуу болду. Чыгармачыл жамаат “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө даректүү фильм тартмак. Орусиялык тергөөчүлөр кылмыш ишин иликтеп жатышат.
Греция өрттү өчүрүүгө башка мамлекеттерден жардам сурады. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 19-июлдагы буйругу менен министрлер кабинетине караштуу "Узатом" агенттиги түзүлдү. Мекеме атомдук энергияны пайдалануу жана өнүктүрүү тармагында бирдиктүү саясат иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу менен алектенмекчи.
АКШда Чоң жюри Орусиянын жараны Мария Бутинага "чет элдик агент" деп каттоодон өтпөгөнү үчүн жаңы айып такты.
18-июлда Түштүк Африканын биринчи ынды кара президенти, Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты, апартеидге каршы күрөшү үчүн 27 жыл түрмөдө отуруп чыккан Нелсон Манделанын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Шейшембиде борбор шаар Йиоханнесбургда Манделага арналган сөзүндө АКШнын мурдагы президенти Барак Обама дүйнөдө баш көтөрүп жаткан популисттик кыймылдарды, авторитаризмге ыктоону, эркин басма сөзгө кысым көрсөтүүнү сынга алды.
Дүйнө чемпиону болгон Франциянын улуттук курама командасы 16-июлда мекенине кайтты. Жекшемби күнкү матчтын каармандары түшкөн автобус Париждеги Елисей талаасын аралап өтүп, он миңдеген күйөрмандарга баалуу трофейди тартуулашмакчы. Финалда Хорватияны 4-2 эсебинде уткан француздар ушуну менен экинчи жолу дүйнө чемпиондору болушту.
Карловы Вары кинофестивалинин лауреаты, "Сулайман-Тоо" тасмасынын режиссеру Елизавета Стишова 15 миң доллардай байгесин камактагы кесиптештери Олег Сенцов менен Кирилл Серебренниковдун жакындарына бергени жатат. Режиссер буга чейин да Кыргызстанда тарткан кыска метраждуу фильм бир катар фестивалдарда мыкты деп табылган.
Батыш өлкөлөрү тажикстандык журналист Хайрулло Мирсаидовго чыккан өкүмдү айыпташты.
Арменияда Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Вачаган Казарян мыйзамсыз байлык топтогон деген кине менен камалды.
Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Режеп Тайып Эрдоган шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялады.
Орусияда оппозициялык саясатчы, Коррупция менен күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный пенсия реформасына каршы акция өткөргөнү жатат.
Грек жана македон тышкы иштер министрлери соңку жумурияттын аталышын өзгөртүү боюнча келишимге кол коюшту.
Өткөн айда кызматтагы жаңы мөөнөткө расмий киришкен президент Владимир Путин бейшембиде 16-ирет түз эфирде орусиялыктардын суроосуна беш саат бою жооп берди. Президент менен түз байланыш маалында экономика, ички жана тышкы саясат, социалдык маселелер, күнүмдүк турмушка байланышкан суроолор берилди.
Италиянын жаңы премьер-министри Жузеппе Конте анын өкмөтү мыйзамсыз иммиграцияга чекит коюуга жана Орусия менен алакаларды бекемдөөгө артыкчылык берерин билдирди. Бир нече күн мурда Австрияга аттанардын алдында президент Владимир Путин Москва Орусия менен жакын алакаларды жактаган оңчул, популисттик партияларды колдоо менен Европанын бөлүнүп-жарылуусун көздөйт деген дооматтарды четке каккан.
Гватемалада жанар тоонун атылышынан өлгөндөр көбөйүп, 70 кишиге жакындады. Жекшембиде Фуэго вулканы акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй күч менен атылган. Бийликтин маалыматына ылайык, 3 миңдей киши коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Президент Жимми Моралес табигый кырсыктан жабыркаган аймактарда чукул кырдаал жарыялады.
Казакстан парламентинин Жогорку палатасы – Сенат президент Нурсултан Назарбаевге өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектөө укугун бекиткен түзөтүүлөрдү жактырды.
Дагы жүктөңүз