"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Чуулгандуу “Викиликс” сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Швеция сотунун чечимин талашаарын билдирди. 16-сентябрда апелляциялык сот аны камакка алуу ордерин күчүндө калтырган. Мунун алдында Ассанж ага купуя маалыматтарды өткөрүп берип турган Челси Мэннингдин айыбын кечишсе, америкалык түрмөгө отурууга даярдыгын айткан эле.
Братиславада Евробиримдиктин бейрасмий саммити башталды. Алгачкы жолу Британиясыз чогулуп жаткан лидерлер ортодогу пикир келишпестикти жоюуга, 27 өлкөнүн башын бириктирген шаркеттин саясатын жаңы жагдайга жараша өзгөртүүгө аракет көрүшмөкчү.
Иран менен Сауд Арабиянын араздашуусунан улам ирандыктар быйылкы ажылык зыяратка барбай калды. Перс булуңундагы эки ири өлкөнүн жана эски атаандаштардын бул жолку тиреши эмнеге алып барат? Азербайжандагы талаштуу референдум. Оппозиция Конституциялык өзгөртүүлөрдү президент Илхам Алиевдин бийлигин бе
Бакуда Азербайжан Демократиялык күчтөрүнүн улуттук кеңеши митинг өткөрдү. Оппозиция бийликтен 26-сентябрга белгиленген референдумдан баш тартууну талап кылууда. Акцияга чогулгандар Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен Илхам Алиев өз бийлигин бекемдөөнү көздөйт деп сындашты.
Бир катар өлкөлөр Түндүк Кореянын ядролук сыноосун айыпташты. Пхеньян буга чейин төрт сыноо өткөрүп, БУУнун коопсуздук кеңешинин жазалоочу чараларына кабылган эле.
Түркия Сирия менен чек ара аймагы "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлеринен толук тазаланды деп ырастады.
Германияда мигранттарга каршы турумдары менен белгилүү партия 4-сентябрдагы жергиликтүү шайлоодогу ийгилигин канцлер Ангела Меркелдин өлкөнү “жарга такаган миграция саясаты” менен түшүндүрдү.
Москва жана Вашингтон Сирияда ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдирүүдө. Бирок ортодо бир топ талаштуу маселелер бар.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун саламаттыгы начарлап, ооруканага түшкөнү расмий маалымдалды.
Пентагон 29-августта жасаган билдирүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясы менен АКШ колдогон сириялык күрттөрдүн салгылашууларын айыптады. Түрк куралдуу күчтөрү кошуна өлкөнүн чек арасын 23-августта кесип өткөн.
Хиллари Клинтон Демократиялык партиянын атынан президенттикке номинацияны кабыл алып жатып, америкалыктарды биримдикке чакырды. Мурдагы мамлекеттик катчы өз сөзүндө республикачыл атаандашы Дональд Трампты сындап, ачык эле шылдыңдады.
Орусиянын улуттук командасы 28-июлдун таңында Рио-де-Жанейрого учуп кетти. Орусия бир жылдан бери допинг жаңжалынын чордонунда болуп келатат. Акыркы күндөргө чейин алардын катышуусу күмөн болчу.
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон демократтарды, жалпы америкалыктарды ноябрдагы шайлоодо жубайы Хиллариге добуш берүүгө үндөдү.
Күн батареялары менен учкан Solar Impulse 2 он алты ай бою Жер шарын айланып, 26-июлга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарына конду. Бул миссия толуктануучу энергия булактарынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын даана көргөздү.
Германиянын бийлиги башкалка сураган 60 кишини террордук уюмдарга тиешеси бар деген шек менен текшерип жатат.
Түркияда он чакты күн мурун ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийинки куугунтуктоолор уланууда. Дүйшөмбү күнү 42 журналистти камакка алуу ордери берилгенин бир катар телеканалдар кабарлашты. 24-июлда болсо оппозициялык ири партиялар демократияны колдогон митинг өткөрүштү.
Варшавада НАТОнун саммити башталды. АКШ президенти Барак Обама Financial Times гезитинде 8-июлда жарык көргөн комментарийинде бул жолку каадалуу жыйын "кансыз согуш" аяктагандан берки альянс үчүн эң маанилүү учур болуп калышы мүмкүн деп белгиледи. Варшава саммити кызмат мөөнөтү аяктап жаткан Обама үчүн акыркы болуп калмакчы.
Швециянын парламенттик тажрыйбасынан Кыргызстан эмнелерди уйрөнө алат?
Бангладеш бийликтери борбор шаар Даккада 20 чет өлкөлүк жарандын көзүн тазалаган куралдуу топ "Ислам мамлекети" радикал уюмунун эмес, жергиликтүү жоочулар тобунун мүчөлөрү болчу деп билдирди.
CNN Turk кабарлагандай, Ички иштер министри Эфкан Ала Ататүрк аба майданындагы чабуулга байланыштуу парламентте маалымат берип, үч жанкечтинин биринин тек-жайы жана улуту такталганын айтты. Министр 43 киши каза болгонун, бул санга террорчулар камтылбаганын, маркумдардын 19у чет өлкө жарандары экенин белгиледи.
Дагы жүктөңүз