"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Бир нече сааттан кийин Вашингтондо 47 жаштагы Барак Обама Америка Кошмо Штаттарынын 44-президенти катары ант берет. Капитолийдеги аземди жеринде 2 миллиондой киши, ал эми дүйнө жүзү боюнча 1 миллиарддай адам сыналгы аркылуу көрөт деп күтүлүүдө. АКШда азыр оптимизм, көтөрүңкү маанай өкүм сүрүүдө.
Израилдин артынан Хамас тобу ок атышууну токтотууну чечти. Кыймыл жөөт армиясынын Газадан чыгарылышына 1 жума берди. Ишембиден жекшембиге караган түнкү саат 12ден тартып Израиль ок атышууну бир тараптуу түрдө токтоткон. Бирок Телавив аскерлер тилкеде азырынча кала берет деп жарыялаган.
Кабулда жан кечтинин жардыруусунан 4 киши жана америкалык бир жоокер каза тапты. Жыйырмадай жайкын тургун жана америкалык беш аскер жарадар болгонун Ооганстандын расмий өкүлдөрү билдиришти. Чыгыштагы Нангархар чөлкөмүндө жан кечтинин кол салуусу бир кишинин өмүрүн кыйды. Бул эки теракт үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алышты.
Израиль армиясынын операциясы Газа шаарынын жака белинде уланууда. Жөөт аскерлеринин ырастоосунда, алар шейшембиде 30 согушкерди жок кылышты. Бир нече израилдик жоокер жарадар болду. Ок атышууну токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттер да уланууда..
Россиянын мамлекеттик Газпром ишканасы ырастагандай, Украина өз аймагы аркылуу газ ташууну жандандырууга жол ачкан келишимге эч кандай шарт койбостон кайрадан кол койду. Газ транзитине байкоо салуу жөнүндөгү макулдашууга Еврошаркеттин арачылыгы менен жетишилген. Орус газы дээрлик 1 жумадан бери европалык кардарларга жеткирилбей калган.
Украина, Россия жана Еврошаркет орус газын Европага жеткирүүгө жол ача турган мониторинг тууралуу келишимге жетишти. Ишембиде сөз болгон макулдашууга орус тарап кол койгондон кийин Европа биримдигинин учурдагы төрагасы, Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Тополанек кайрадан Киевге жол тарткан.
Еврошаркеттин газ маселесин жөнгө салуу боюнча тобу орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Топтун жетекчиси, биримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек жума күнү Украин бийлиги менен кездешти.
Оогандык режиссер Абдул Рашид Азими өлкөдө анча талкууланбаган маселеге - аялдарды зордуктоого кайрылып, ал жөнүндө фильм тартты. Жүздөгөн кыз-келиндер, өспүрүм балдар сексуалдык кылмыштан жабыркаганы менен, консервативдүү Ооганстанда бул тема жабык бойдон кала берүүдө.
Казакстандык эркин журналист, “Алма-Ата инфо” апталык басылманын баш редактору Рамазан Есергепов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын адвокаты Анна Пахота кабарлады. Журналист шейшембиде камакка алынган. Аны Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери ооруканада жаткан жеринен кармап кетишкен.
Украинанын ырастоосунда, Россия 7-январда эртең менен Европага газ берүүнү токтотуп койду. Шейшембиде Түштүк Европанын бир катар өлкөлөрү Украина аркылуу өтчү орус газы келбей калганын маалымдашты.
Кээ бир кабарларга караганда, Израилдин куралдуу күчтөрү Газа тилкесиндеги Хан Юнус шаарына кирип барышты. Палестиналык күбөлөрдүн айтымында, Хамас согушкерлери аларга ок кайтарышкан. Түн ичинде Газа шаарынын чет жакасында айыгышкан салгылашуу жүргөнү кабарланууда.
Мунай экспортерлорунун картели - OПЕК мунай өндүрүү кыскартылаарын жарыялаганы менен, кара майдын баасы дагы төмөндөдү. Аны менен бирге доллардын куну да качты. АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама бүгүн кечинде Баалуу кагаздар жана биржалар коммиссиясынын жаңы төрагасын атамакчы.
Өткөн жумада АКШнын космос агенттиги – NASA “Хаббл” телескопу биринчи жолу Күн системасынын сыртында көмүр кычкыл газын аныктаганын маалымдаган. Бул – жашоо башка жерлерде да пайда болушу мүмкүн деген теорияны далилдейт. Аны менен бирге биздин галактиканын чордонунда кара тешик бар экени бышыкталды.
Түркмөнстандын шайлоо комиссиясы жекшемби күнкү добуш берүү мыкты өттү деп билдирүүдө. Ал эми шайлоочулардын комментарийлери алар ким үчүн добуш бергенин билбей деле калышты болушу керек деп айтууга негиз берет.
Түркмөнстандагы парламенттик шайлоо сентябрда кабыл алынган жаңы конституцияга ылайык өткөрүлдү. Эми парламент 125 депутаттан турмакчы. Бийликтер шайлоону демократияга карай кадам деп баалашса, эл аралык уюмдар өлкөдө бир эле мыйзамдуу партия бар экенин белгилешүүдө.
Еврошаркеттин лидерлери пикир келишпестиктерди жеңип, климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү жана экономиканы жандантуу чаралары жөнүндө макулдашышты. 27 өлкөнүн жетекчилери катышкан саммит жума күнү Брюсселде жыйынтыкталды.
Түркмөнстанда белгилүү коомдук активист Валерий Паль президенттин мунасасына ылайык абактан кое берилди. Мунаса өлкөнүн Нейтралитет күнүнө карата жарыяланган. Human Rights Watch жана бир катар башка укук коргоочу уюмдар Палга тагылган айыптын артында саясий жүйөө турат деп ырасташууда.
Грек өкмөтүнө кысым күчөөдө. Бир нече күндөн бери токтобой келаткан тополоңдорго удаа өлкөдө жалпы улуттук иш таштоо жана антиөкмөттүк демонстрациялар башталды.
2 миңдей полиция жана юстиция кызматкеринен турган топко Косовонун бийликтерине коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кеңеш берүү жана мониторинг жүргүзүү вазийпасы жүктөлөт. Миссия өз ишин жайында эле баштамак, бирок Белграддын каршылыгынан улам кечеңдетилген.
Өткөн кылымдын 30-жылдарында орун алган ачарчылык казак тарыхынын кайгылуу барактарынын бири болуп эсептелет. Азаттык/Эркин Европа үналгысынын казак кызматынын жетекчиси Эдиге Магауин макаласында ушул ачарчылык окуясын иликтеген.
Дагы жүктөңүз