«Социнформбюро» социологиялык кызматы Кыргызстандагы таасирдүү мамлекеттик жана коомдук 40 ишмердин атын атады. Таасирдүүлөрдү тандоо үчүн уюм эксперттерге 78 саясатчынын тизмесин сунуштаган.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстандын 2004-жыл үчүн бюджети жөнүндө» мыйзам долбооруна өзүнүн макулдугун берди. Мыйзамды Эл өкүлдөр жыйыны декабрдын башында кабыл алган.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окулушунда талкуулай баштады. Биринчи окулушун депутаттар ноябрь ичинде карашканда. Анда президент Аскар Акаевдин жана депутат Бектур Асановдун демилгеси боюнча иштелип чыккан эки мыйзам долбоорун бириктирип, аны кайра карап чыгуу иши тиешелүү комитетке тапшырылган. Шейшембиде парламент долбоордун алгачкы төрт беренесин талкуулап, экөөнү кабыл алды.
Өзбекстандын тартип коргоо кызматкерлеринин 10-декабрда Аксы районунда жасаган мыйзамсыз аракеттерине байланышкан маселени Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбү күнү карады. Бирок, палатанын Мамлекеттик коопсуздук маселери боюнча комитети иштеп чыккан токтомдун долбоору жетиштүү добуш топтой албай, кабыл алынган жок. Долбоордо Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Кыргызстандын мыйзамдарын жана эларалык укук нормаларын бузгандыгы белгиленген.
Кыргыз өкмөтүнүн эсеп-кысап аппаратын киргизүү демилгеси мыйзамга каршы келет. Шаршембиде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында өткөн парламенттик угуунун тыянагы ушундай болду. Парламенттик угуу Мыйзам чыгаруу жыйынын Салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча комитетинин өкмөткө даярдаган сунуштарын колдоду. Анда эсеп-кысап аппаратын киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомунун аракетин токтотуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна атайын жобо сунуштоо тууралуу айтылат.
Кыргыз өкмөтү февраль айында парламентке калкты жылуулук менен камсыздоонун абалы боюнча кайрадан маалымат бермей болду. Мындай пунктту Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйыны бүгүн аталган маселе боюнча даярдалган токтом долбооруна киргизди. Бирок, жума күнкү талкуунун жыйынтыгы менен иштелип чыккан бул токтом долбоору бүгүн кабыл алынбай калды. Анткени, кышка даярдыкка байланыштуу токтомго депутаттар бул күнү 30га жакын кошумча сунуш беришти.
Президент Аскар Акаевдин өткөн аптанын этегинде аяктаган Словакияга жана Швейцарияга иш сапарлары кандай тыянак берди? Ушул суроого жооп берүү максатында бүгүн президентти коштоп барган делегация мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүштү.
Кыргызстанда Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин ишмердүүлүгүнүн биринчи этабы аяктап, экинчи этабы башталды. Бул туурасында президент Аскар Акаев кеңештин мүчөлөрү менен шейшембиде жолугушканда айтты. Президенттин белгилегенине караганда, президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүктөрү алдыда турганда, коомдук кеңеш Кыргызстанда эле эмес, эл аралык деңгээлде үлгү болгудай аракеттерди көрүшү керек. Бирок бул кеңешти жактабаган коомчулук өкүлдөрү анын коомдук уюмдун табиятына туура келбесин айтышат.
Президент Аскар Акаев шейшембиде Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин курамы менен жолугушту. Анда коомдук кеңештин буга чейин аткарган иштерине баа берилип, мындан ары аткара турган иш багыттары белгиленди.
Бир катар коомдук уюмдар ушул аптадан баштап «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Куловду боштондукка чыгаруу талабын койгон акцияларды өткөрүүнү көздөп жатышат. Бул иш-чаралар адам укуктарын коргоонун 10-декабрда белгилене турган эл аралык күнүнө байланыштырылууда. Бирок бейөкмөт уюмдардын башка бир тобу саясатчыны бошотуунун мындай аракеттеринен майнап чыкпастыгын белгилешүүдө.
Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын, Кытайдын, Орусиянын жана Европа Биримдигинин кызматташтыгын, алардын таасирин жана кызыкчылыктарын Кыргызстандагы саясатчылар жана эксперттер Бишкекте 19-ноябрда талкуулашты. «Тегерек үстөл» форматындагы талкууну Эберт фондунун колдоосу астында «Седеп» иликтөө борбору уюштурду.
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа 18-ноябрда Бишкекке келди. Ушул эле күнү ал тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту.
Эртең Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму башталат. Ага катышуу үчүн 6 мүчө-мамлекеттин тышкы иштер министрлеринен тышкары уюмдун катчылыгынын жана КМШ иштери боюнча аткаруу комитетинин жетекчилери келишет.
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев декабрь айында Казакстанга расмий иш сапары менен барууга камынууда. Ага камылга көрүү максатында кечээ Астанага кыргыз өкмөтү эксперттик топ жөнөттү. А.Акаевдин сапарына байланышкан маселе Кыргызстандын өзүндө 19-ноябрда талкууланат. Бул үчүн Бишкекке иш сапары менен Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев келиши болжолдонууда.
Кыргызстандагы туризм жана ишкердик ассоциациялары өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Анда алар туризм тармагына мамлекеттик колдоону арттырууну, өкмөттүн алдындагы Туризм боюнча координациялык кеңештин ишин жандандырууну сунуш кылышты. Мындан тышкары, кайрылууда мыйзамдарды өзгөртүү, туризмдин эл аралык мамилелелерге байланышкан проблемаларын жөнгө салуучу консультативдик кеңеш түзүү, ишкерлер менен өнөктөштүк мамилени жакшыртуу сыңары сунуштар айтылды.
Коңшу Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын абалы кандай? Ушул маселени иликтеш үчүн эмгек мигранттары жыш жайгашкан Чилик районуна Кыргызстандын акыйкатчысынын өкүлдөрү жана «Аялдар жардамы» борборунун жетекчилери барып келишти. Алардын баамында, кыргызстандык жалданма жумушчулар оор жагдайга тушугуп, укуктары тепселип жатат. Бул тууралуу шейшембиде акыйкатчынын кеңсесинде өткөн маалымат жыйынында кабарланды.
Коомдук жана саясий ишмер Ишенбай Абдразаковдун өлкөдөгү саясат жана саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу биз менен ой бөлүштү.
Борбор Азияда энергетика жана суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматташтык проблемалары Бишкекте 4-ноябрда башталган эл аралык конференцияда талкууланууда. Бул конференция Бириккен Улуттар Уюмунун «СПЕКА» программасынын алкагындагы үч жылдык долбоорду жыйынтыктоого арналып, ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн тиешелүү тармак адистери жана эл аралык уюмдардын жоон топ өкүлдөрү катышып жатышат.
3-октябрда Бишкекте «Билим берүү - көп улуттуу коомдогу интеграциянын каражаты» («Образование как средство интеграции в полиэтнических обществах») аттуу эки күндүк эл аралык конференция башталды. Конференциянын жалпы отурумунда президент Аскар Акаев жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Рольф Экеус сөз сүйлөштү.
КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук жана атайын кызмат башчылар кеңешинин XV отуруму 29-30-октябрда Чолпоната шаарында өтөт. Ага катышканы шейшембиде өлкөгө бул кеңешке мүчө болгон 10 өлкөнүн ушундай кызматтарынын жетекчилери келишти. Ушул эле күнү кеңештин отуруму Бишкекте президент Аскар Акаевдин катышуусунда ачылды.
Дагы жүктөңүз