Шаршемби жана бейшемби күндөрү Чолпонатада КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин XV отуруму өтөт. Бул иш-чарага катышканы жетекчилер Бишкекке бүгүн келишет. Кечке жуук КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилерин президент Аскар Акаевдин кабыл алышы күтүлөт.
Коңшу Казакстанда «Асар» аттуу жаңы партия түзүлдү. «Асардын» өткөн ишембидеги уюштуруу курултайы партиянын башчысы кылып казак президентинин кызы, «Хабар» улуттук медиахолдингинин жетекчиси Дарига Назарбаеваны шайлады. Президенттин кызынын саясий чөйрөгө ачык келишин айрым маалымат каражаттары Нурсултан Назарбаевдин өзүнө саясий мураскор даярдап жатканы катары сыпатташты. Кыргызстанда бул окуя кандай бааланып жатат?
Өтүп бараткан апта олуттуу саясий окуялардын көптүгү менен айырмаланды. Кантта Орусиянын аскерий аба базасынын ачылышы, Бишкекте «Кыргызстан- Орусия» инвестициялык форумунун өтүшү, бул иш-чараларга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапары менен келиши коомчулуктун көңүлүн бурган негизги окуялар болду. Түркиянын премьер министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары да ушул аптада ишке ашты. Ал эми Кыргыз парламенти сөөк экспорттоо маселесине байланышкан чырлуу маселени талкуулады.
Шаршембиде Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы иш сапары уланды. Эки өлкөнүн соода-экономикалык, саясий, билим берүү жана маданият багыттарындагы кызматташтыгы тууралуу талкуу бул күнү эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларда улантылды. Тараптар «кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү зарыл» деген тыянакка келишти. Бирок Түркиянын өкмөт башчысынын бул жолку таанышуу сапарында кандайдыр жаңы макулдашуу кабыл алынган жок.
Кыргызстанга Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган алгачкы иш сапары менен келди. Бул делегация эки күндүк иш сапарынын учурунда бир катар расмий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуп, Түркиянын негизделишинин 80 жылдыгына арналган салтанаттарга катышат. Ал эми иш сапарынын алгачкы күнүндө делегацияны премьер-министр Николай Танаев кабыл алды. Жолугушууда экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды.
Бүгүн кечке жуук Кыргызстанга Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган алгачкы иш сапары менен келет. Эки күнгө созулуучу иш сапардын учурунда Таип Эрдоганды президент, премьер-министр, парламенттин төрагалары кабыл алышы күтүлөт. Р.Т.Эрдоган «Манас» университетинин имараттарынын ачылышына да катышып, кыргыз-түрк биргелешкен ишканаларын кыдыраары болжолдонууда.
Расмий иш сапары менен Азия мамлекеттерин кыдырып жүргөн Орусиянын президенти Владимир Путин 23-октябрда бир күндүк иш сапары менен Кыргызстанда болот. Эки президенттин катышуусунда ал күнү «Кант» аскер-аба базасынын расмий ачылышы жана «Орусия-Кыргызстан» инвестициялык форуму болушу күтүлөт.
18-октябрда Кыргызстан Коммунисттери партиясы кезектеги ХVIII отчеттук-кайра шайлоо курултайын өткөрдү. Ага жер-жерлерден 117 делегат жана Жогорку Кеңештин «Коммунисттер» фракциясы толук курамында катышты. Партиянын парламенттик, президенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн алдында аткара турган иш багыттары белгиленди. Ошондой эле Борбордук аткаруу комитетинин курамы жаңыланды.
Бишкектеги милиция кызматкерлерине жергиликтүү жана чет өлкөлүк атуулдардын документтерин мыйзамсыз текшерүүгө, кармоого, тинтүүгө тыюу салынат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бейшембиде ушундай мазмундагы буйрук чыгарды. Бирок айрым коомдук ишмерлер милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин буйрук менен тыюу мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө.
Кыргызстандын мыйзамдары бирден көп аял алууга уруксат бербейт. Бирок турмушта токол алган эркектерди арбын жолуктурууга болот. Ошол эле учурда эркектер аялдардын бийлик башында болушун каалашпайт. Мындай көрүнүштөрдү кемсинтүү катары кабылдашкан аялдар жашоону өзгөртүүнү каалашат.
Кыргыз-тажик чек арасына байланышкан маселе акыркы ирет ушул апта ичинде Дүйшөмбү шаарында талкууланды. Бул - өткөн жылдан берки төртүнчү отурум. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине эки өлкө былтыр киришкен Төрт отурумда тең тараптар чек араны тактоонун механизмдерине байланышкан маселелердин айланасында талкуу жүргүзүштү.
Кыргызстан коррупцияны кабылдоо индекси боюнча 133 өлкөнүн ичинен 119-орунда турат (тагыраак айтканда, 118-121-орундарды бөлүшкөн өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунда турат). «Transparency international» эл аралык уюму быйылкы иликтөөсүнүн негизинде ушундай аныктама чыгарган. Иликтөөгө байланыштуу эл аралык уюмдун өкүлдөрү жума күнү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. Алардын пикиринде, коррупциянын тамырын кыркыш үчүн ириде өкмөт өзү астейдил аракеттениши керек. Ансыз Кыргызстан эл аралык коомчулуктун ишенимин гана эмес, инвестицияларын да жоготуп алышы ыктымал.
Кыргызстанда «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна байланышкан жагдай оор бойдон калууда. Азыр бул уюмдун өкүлдөрү калктын билимсиз, жарды катмарынын арасында таасирин күчөтүүгө көп күч жумшап атышат. Ал эми коомчулук жактабаган «Ахмадия», «Саентология» өңдүү уюмдардын ички мыйзамдарга кайчы келген аракеттери байкала элек. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Азербайжандын президенти Гейдар Алиев 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Ал өзүнүн саясий мураскорун, уулу Илхам Алиевди колдоп берүүнү өз шайлоочуларынан өтүндү. Азербайжан президентинин бул саясий чечими Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?
Кыргызстандын жаңы Конституциясы президенттикке бир эле адамдын экиден ашык мөөнөткө шайланышына жол бербейт. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев шаршембиде өткөн маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Журналисттердин суроолоруна берген жоопторунда төрага борбордук аянттан Лениндин эстелигинин алынып салынышына, «Адилет» партиясынын келерки шайлоого карата даярдыгына байланыштуу көз караштарын билдирди.
Кыргызстанда кант диабети менен жабыркагандар инсулинге муктаж. Мындай маанидеги билдирүүлөрдү саламаттык сактоо тармагынын бул илдетти көзөмөлдөгөн тиешелүү мекемелери эки аптадан бери байма-бай таратып жатышат. Алардын маалыматы боюнча, кыргыз өкмөтү инсулин сатып берүү маселесин тезирээк жөнгө салбаса, бир жарым айдан кийин 5000ге жакын оорулуунун өмүрүнө коркунуч туулат.
Ишемби күнү Ишкерлер ассоциациясынын II курултайы өттү. Бул 2005-жылкы президенттик шайлоого катышууну Аскар Акаевге ачык сунуштаган алгачкы салабаттуу жыйын болду. Бирок президенттин катышуусунда өткөн бул курултайдын жыйынтык документине ал сунуш кирген жок. Оппозициячыл көз караштагы саясатчылар болсо бул окуяны президенттин мөөнөтүн узартуу максатында бийлик тарабынан атайын уюштурулган өнөктүк катары баалашууда.
Бүгүн Москвада Кыргызстандын «Кант» аба майданына Орусиянын аскер-аба күчтөрүн Кыргызстанга жайгаштыруу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Мындай иш-чара ушу тапта иш сапары менен Орусияда жүргөн президент Аскар Акаев менен президент Владимир Путиндин жолугушуусунун алкагында ишке ашты. Документке Орусия менен Кыргызстандын коргоо министрлери Сергей Иванов жана Эсен Топоев кол коюшту.
Жаз айларынан тарта чектеш өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген эмгек мигранттарынын саны өсөт. Жалданма жумушчулардын эң көп каттаган учуру пахта терими күчөгөн октябрь айына туура келет. Мындай жагдайды жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү убактылуу пайда болгон кадыресе көрүнүш катары кабылдаса, кээ бир жетекчилер жергиликтүү калк жумуш менен толук камсыз болбой жатканда көзөмөлдү күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешет.
Дагы жүктөңүз