«Аалам» гезитине жарыяланган «Мелис Эшимкановдун саясий жана адамдык бейнеси» аттуу макала боюнча доогердин арызын Свердлов райондук соту 19-сентябрдагы отурумунда канааттандырды. «Агым» гезитинин ээси, «Эл» партиясынын башчысы Мелис Эшимканов өз арызында моралдык чыгым үчүн «Аалам» гезитинен 3 млн. сом, макаланын автору Турсунбек Акундан 2 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон суранган.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын ноябрь айында Бишкекте өтө турган Эл аралык конференция жыйынтыктайт. Ага чейин октябрь айынын башында бул мааракеге байланыштуу эл аралык конференция Франциянын ордо шаарындагы Сорбонна университетиинде өтөт. Анын алдында боло турган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын кезектеги отурумунда да Кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу маалымат угулат. Ушул эле мааракенин алкагында 22-сентябрда Маскөөдө Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы маданият күндөрү башталат.
Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш Баткен облусунда миграцияга, жумушсуздукка байланышкан маселелер, чек ара аймактарындагы өксүктөр кантип чечилип жатат? Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаев бул тууралуу биздин суроолорубузга жооп берди.
Жума күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бир апталык талкуудан кийин Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы боюнча токтом кабыл алды. Аны аткарыш үчүн палата өкмөткө ноябрь айына чейин мөөнөт берди. Премьер-министр Николай Танаев депутаттар көтөргөн маселелерди иликтеп, аткарууга өкмөт ушул дүйшөмбүдө киришээрин убада кылды. Бирок токтомдун өз мөөнөтүндө аткарылаарына бардык эле депутаттар ишенет деп айтууга болбойт.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо көмөктөшүү программасын аткарууга өкмөттүк уюмдарга катар кандай бейөкмөттүк уюмдар тартылат? Реформалоо боюнча мамлекеттик комиссияга жана ЕККУнун аткомунда иштөөчү бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү кандайча тандалат. Бул жана башка маселелер боюнча ЕККУнун адам ресурстары боюнча директорунун кеңешчиси Барри Майерс ой бөлүшөт.
Бул аптада бийлик кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына камылгалар менен алектенди. Ал эми оппозициянын бир бөлүгү Аксыда 3-элдик курултайын өткөрдү. Эл аралык уюмдар Куловго боштондук сурашты. Лениндин эстелигине байланышкан талаш-тартыш уланды. Апта ичинде болуп өткөн ушул жана башка окуяларга байланышкан баяндаманы сунуштайбыз.
Өткөн аптада Алатоо аянтынан алынып салынган пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин эстелигинин айланасындагы талкуу дале уланууда. Өкмөттүн мындай аракетин мыйзамсыз деп санаган коммунисттер сот аркылуу жеңип, Лениндин эстелигин кайра ордуна коюуга үмүт кылышууда. Өкмөттүк маалымат каражаттар болсо ыгы жок ызы-чуу кылып атат деп коммунисттерди сындап жатышат. Ал эми өкмөттүн жооптуу кызматкеринин жума күнү билдиришинче, Лениндин эстелигин которуу менен өкмөт эч бир мыйзамды бузган жок.
Кыргызстанда журналисттер тобу Медиакеңеш түзүү демилгеси менен чыгышты. Алар мындай уюм маалымат каражаттарында көз карандысыздыкка, кесиптик маданияттын калыптанышына, журналисттердин укуктарынын сакталышына көмөктөшөт деген ишенимде. Бирок, бул демилге азырынча журналисттик чөйрөдө өзгөчө колдоо таба элек. Демилгечи топ болсо маселени тереңирээк талдоо максатында бардык маалымат каражат өкүлдөрүн «тегерек үстөл» талкуусуна чакырып атат. Мындай демилгени президенттик администрациянын маалымат кызматы колдоого алууда.
Бул аптада саясий-коомдук турмушта кандай урунттуу окуялар болду? Феликс Куловду 10 жылга эркинен ажыраткан райондук сот өкүмүн Жогорку сот да күчүндө калтырды. Лениндин эстелиги башкалаанын борбордук аянтынан алынды. Кыргыз-өзбек өкмөт жетекчилери Ташкентте жолугушту.
15-августта Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев баштаган делегация Өзбекстанга иш сапары менен барууга камынып жатат. Бул иш сапарынын учурунда премьер-министр өзбекстандык кесиптеши менен эки өкмөт ортосундагы талылуу маселелерди талкууламакчы.
Жогорку сот дүйшөмбүгө белгиленген «Ар намыс» партиясынын башчысы Феликс Куловго байланыштуу арызды кароону белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырды. Бирок, бул маселеге байланыштуу кандайдыр бир маалымат таратууну ылайык көргөн жери жок. Ал эми Куловдун тарапкерлери Жогорку сот канагаттандырарлык чечим чыгарып береринен үмүт кылышпайт
«Акыйкат жана прогресс» партиясынын башчысы, экс министр Муратбек Иманалиев менен маек
1-августта Казакстандын улуттук банк төрагасы Григорий Марченко Бишкекке жумушчу иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал Кыргызстан улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов менен бирге журналисттер үчүн маалымат жыйынын уюштурду. Төрагалар бул жыйында эки өлкөнүн банк системасындагы өсүштөргө жана проблемаларга анализ жасашты.
Кыргызстан элинин арнамысын жана абийирин коргоо боюнча коомдук комитет ушул аптанын башында «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу китептин авторлорун жана аны чыгарган басманы сотко берди. Комитеттин жетекчилери авторлорду «Кыргызстандын нарк-насилине кайчы келген китеп жазды» деп айыптоодо. Ал эми китептин башкы автору, «СПИД» борборунун башчысы Борис Шапиро доо арыз кандайдыр-бир тараптардын кызыкчылыктарынан улам пайда болуп жатканын белгилеп, «мындай кадам Кыргызстанга аброй алып келбейт» деген ойдо.
Президент Аскар Акаев «Коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жардык чыгарды. Ага ылайык сентябрь айынын этегине чейин тартип коргоочу, фискалдык жана башка мамлекеттик органдар Акниет башкаруу кеңеши менен бирге экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы натыйжалуу иш жүргүзүүчү системанын долбоорун иштеп чыгышы керек.
Кыргыз-өзбек чек арасында болгон 16-июлдагы ок атуу жана андан кыргызстандык атуулдун набыт болушу коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, кыргыз-өзбек мамилелерине байланыштуу ар кыл көз караштардын жаралышын шарттады.
Жакынкы күндөрү Кыргызстандын тартип коргоо кызматы ЕККУнун көмөгү менен реформалана баштайт. Анын багыттарын ушул аптанын башында Бишкекке келген ЕККУнун төрагасынын полиция иштери боюнча кеңешчиси Ричард Монк бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кеңири түшүндүрдү. Бирок бул программанын бир долбоору айрым атуулдук коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн арасында нааразылык жаратууда. Алар ЕККУнун төрагасы Яап де Хооп Схеффер Бишкекке келгенде өз талаптары менен уюмдун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке да чыгышкан. ЕККУ жетекчилиги алардын сыны менен макул эмес.
11-июлда НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон расмий иш сапары менен Бишкекте болуп, бир катар жолугушууларга катышты. Жолугушууларда эл аралык жагдай жана альянс менен Кыргызстандын кызматташтыгынын келечеги талкууланды. Кыргызстанга акыркы үч жылда экинчи ирет келген Жорж Робертсон президент Аскар Акаев менен кошо иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.
Ички иштер органдары акыркы мезгилде Кыргызстан аймагында болуп жаткан чуулгандуу бир катар кылмыштардын бетин ачты. Бирок, эларалык терроризмге каршы күрөшкө алардын каруусу толук жетпейт. Ошондуктан, өлкөнүн милиция кызматы Шанхай кызматташтык уюмунун, Шериктеш өлкөлөрдүн тартип коргоо кызматтарынын кызматташтыгына үмүт артат. Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы, министрдин орунбасары Кеңешбек Дүйшөбаев бейшембиде журналисттерге ушундай пикирин билдирди.
Дагы жүктөңүз