Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бир жылдан бери дайынсыз жоголгон 20 жаштагы элеттик кыргыз кызды Эл аралык миграция уюмунун көмөгү менен Бириккен Араб Эмираттарынан июнь айынын этегинде таап келди. Сойкулукка сатылган мындай кыздардын канчасы кайсы өлкөдө жүргөнү, кандай тагдырга тушукканы белгисиз. Белгилүү жагы - аптасына Кыргызстандан мыйзамсыз жол менен 4-5 кыз кетип турат.
Кыргызстанда эгемендүүлүк менен кошо христиан дининин протестанттык багытта ишин жаңы жүргүзө баштаган уюмдарынын бири – Иисус Христ чиркөөсү. Уюмду жана анын филиалдарын каттоого жана кайра каттоого байланышкан акыркы жагдай учурда эл аралык уюмдардын да көңүлүн бурууда. Талаштын себебин чиркөө башчылары уюмду жабуу максаты менен байланыштырышса, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чиркөөнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүн далилдөөгө аракеттенип, анын билдирүүлөрүн жагдайды саясатташтыруу катары баалап келет.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы кызуу талаш-тартыштан кийин дүйшөмбүдө «Кыргыз өкмөтү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун кароого киришти. Талаштын жаралышына долбоорду кароону кийинкиге жылдыруу суранычы менен премьер-министр Николай Танаевдин кайрылышы себеп болду. Парламентарийлер өкмөттүн артка жасаган бул чукул кадамын долбоорду өзү каалагандай өткөрүү аракети катары баалашты. Палатада өкмөт башчынын сунушу жетиштүү добуш топтой алган жок.
11-июнда Бишкекте Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин XII отуруму өттү. Орто, Чыгыш, Түштүк жана Борбор Азия аймактарында жайгашкан он өлкөнүн расмий делегацияларынын катышуусунда өткөн бул отурум уюмдун мурдагы ишин жана келечегин талкуулады.
Өткөн аптанын этегинде Алматыдан Кант шаарына күч менен жеткирилген жарандарга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтерине нота жолдоду. Шаршембиде миграция маселесин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Бишкек жолугушуусунда талкуулаары күтүлөт. Казакстандын бийлиги ишембиде өз чек арасынан коңшу мамлекеттердин 500дөн ашык жарандарын депортациялаган.
Дүйшөмбүдө «Моя» столица гезитинин редактору Александр Кимге таандык «Тойота» үлгүсүндөгү «Жип» жеңил автомашина өрттөлгөндүгү тууралуу маалымат тарады. Муну автоунаанын ээси атайын жасалган саясий кысым жана коркутуу деп болжоду. Ал эми тартип коргоо кызматы мындай билдирүү жасоо эртелик кылаарын, иш иликтөөгө алынганын билдирди.
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттары бейшембиде Тышкы иштер министрлигинде өткөн форумда талкууланды. Анын катышуучулары форумду эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтыгын тездетүүчү шарт катары баалашты.
3-июнда белгилүү филантроп жана финансист Жорж Сорос Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келди. Алгачкы күнү ал экономикалык форумга жана саясатчылардын, эркин маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн “тегерек үстөлдөгү” талкууга катышты. Бул эки иш чарага тең журналисттердин көбү чакырылган жок. Бирок, талкууга катышкандардын пикирлерине караганда, Жорж Сорос Кыргызстандын мындан ары ачык коом катары өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында бир катар сунуштарды киргизди.
Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Москвадагы 29-майдагы жолугушуусунда жети документ кабыл алынды. Алардын катарында уюмдун органдары, мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлчүлүктөрү, Пекинде жайгаша турган катчылыктын аткаруучу катчысын дайындоо, Бишкекте орун алчу антитеррордук структуранын аткаруу комитетинин регламенти жөнүндөгү чечимдер бар.
Аксы окуясы боюнча жазалангандардын апелляциялык арызын караган Республикалык аскер сотунун актоо чечими ар кыл көз караштарды жаратууда. Акыркы ирет бул маселе парламентте аптанын алгачкы эки күнүндө өткөрүлгөн «өкмөттүк саат» учурунда козголду. Айрым парламентарийлердин пикирлерине караганда, айыпталгандардын акталышы аларды мурдагы кызмат орундарына кайтарууга шарт түздү.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө Кыргызстандагы коомдук коопсуздук маселеси боюнча жума күнкү талкууну улантты. Бирок, палата мурда болжогондой, аталган маселеге байланыштуу токтом бул күнү кабыл алынган жок. Талкууда депутаттардын бир пикирге келе албай калышы токтомду кабыл алууну дагы бир күнгө кечеңдетти.
Шаршембиде премьер-министр Николай Танаев бир күн мурда өткөн өкмөттүн чукул жыйыны тууралуу журналисттерге маалымат берди. Жыйында тартип коргоо тармагындагы жагдай талкууланган. Чукул чаралардын көрүлүшүнө Жалалабад облустук жана шаардык ички иштер кызматтарында болгон курал-жарак тоноо фактысы себеп болду. Бул окуянын айланасында коомчулукта ар кыл божомолдор айтылууда.
17-майдан бери Бишкекте ачкачылык жарыялап отурган аксылык аялдар менен шейшемби күнү Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жолугушту. Бул жолугушууга Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу ортомчулук кылды. Бирок, аксылык аялдар өз талаптарына президент жооп бергиче Бишкектен кетпей турууну ылайык көрүшүүдө.
Кыргызстанда жашаган улуттук азчылыкка байланыштуу проблемаларды 19-майда «Көп улуттуу Кыргызстан: кызматташтыктын чектери” аттуу Бишкек форуму талкуулады. Форумду Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун демөөрчүлүгү менен «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук бирикмеси өткөрдү.
Бишкек шаарындагы «Оберон» соода борборунда жана Ош шаарындагы «Ош Ойл ЛТД» аттуу мунай саткан ишкананын имаратында болгон жардырууларды тигил же бул саясий же диний уюмдардын иши катары баалаганга эртелик кылат. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы шаршемби күнү ушундай билдирүү жасады. Кармалган шектүү жарандардын «Өзбекстан ислам кыймылына» таандык экендиги тууралуу акыркы күндөрү тараган маалымат ушундай билдирүүнүн жасалышын шарттады.
Коңшу Кытай өлкөсүндө өнөгөсүз өпкө илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан 12-майдан баштап эки өлкө ортосундагы каттамдарды убактылуу токтотту. Буга байланышкан буйрукту премьер-министр Николай Танаев Саламаттык сактоо министрлигинин сунушуна ылайык чыгарды.
Жергиликтүү бийлик дыйкандардын жер жана мүлк үлүштөрүнө байланышкан укуктарын тепсеп жатат. Ушундай доомат менен Чүй облусундагы Ысыката районунун «Алга» бириккен дыйкан чарбасынын дыйкандары 12-майда башкалаага келишип, Кыргыз парламентинин алдында пикет өткөрүштү.
Кыргызстандагы борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын иш деңгээли экономикалык жараяндардан артта калууда. Мындай пикир бүгүн Өкмөт Үйүндө өткөн семинарда айтылды. Ал Кыргызстандагы административдик башкарууну реформалоо маселесин талкуулады.
5-майда эгемен Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 10 жыл толду. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү конференция уюштурду.
1-май - Кыргызстанда мыйзам боюнча эмгек майрамы. Кыргызстандын солчул маанайдагы партиялары бул күндү мурдагыдай эле «Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү» деп белгилешти. Бишкек мэриясы болсо кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 125 жылдыгына карата «Тынчтык жарышын» өткөрдү.
Дагы жүктөңүз