30-апрелде Бишкекте «Оппозиция: бийлик үчүн күрөшпү же демократиялык баалуулуктарды коргообу?» деген аталышта «тегерек үстөл» талкуусу өттү. Анда оппозициянын саясаттагы орду жана максаты талкууланды. Талкууну Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун демөөрчүлүгү астында «Келечек долбоору» фонду менен «Республика» гезити уюштурду.
Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюму менен Евразия Экономикалык Шериктештигинин Мамлекет аралык кеңешинин удаа өткөн кезектеги Дүйшөмбү отурумдары уюмга мүчө болгон Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Армения, Тажикстан мамлекеттеринин кызматташтыгына байланышкан жоон топ маселени талкуулады. Алардын ичиндеги өтө маанилүү маселелердин катарында уюмдун Борбордук Азия аймагында жайгашмакчы болгон аскердик-аба базасы да бар.
“Өпкөнүн адаттан тыш сезгениши» деген ат менен Кытай жергесинен дүйнөгө тарап жаткан илдеттен жабыркагандар кыргызстандыктардын арасында жок. Бул тууралуу 28-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирди. Ошентсе да, өлкөнүн санитардык башкы дарыгери Людмила Штейнке кыргызстандык жарандарга Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, алардын ичинде Гонконг менен Кытайга туристтик же ишкердик сапарды токтото турууну сунуштады.
Кыргызстанда адам укуктарына байланышкан мыйзамдарды Конституциянын жаңы редакциясынын жоболоруна ылайыкташтыруу иши аяктады. Президенттин буйругуна ылайык мындан эки ай мурда түзүлгөн жумушчу топ өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 21 мыйзам долбоорун даярдады.
: Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоорун 22-апрелде талкуулап бүттү. Кыргыз өкмөтү жана депутат Азимбек Бекназаров тарабынан эки башка даярдалган мыйзам долбоорлорун парламент адегенде өз-өзүнчө, андан кийин бириктирип талкуулады. Бирок, мыйзам долбоору боюнча добуш берүү бейшемби күнгө калтырылды. Бул, долбоорду сунуштарга ылайыктап кайра кароо зарылдыгы жана депутаттык добуштун жетишсиздиги менен негизделди.
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Каратарык айылындагы Сөгөт аттуу жерде 20-апрелде жер көчкү жүрүп, ал 13 турак үйдү басып калды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, бул кырсыкта 38 адам набыт болду. Чоң же чакан деңгээлдеги мындай кырсыктар өлкөдө маал-маалы менен кайталанып турат.
Швейцариялык «CIMERA» уюму Кыргызстанда жергиликтүү социологдор менен бирге кыргыз жана орус тилдеринде чыккан маалымат каражаттарынын сапаттык айырмачылыктарын талдап чыкты. Иликтөөнү камтыган китеп «Журналистика жана тилдер: Кыргызстандагы орус жана кыргыз тилдүү маалымат каражаттарынын кабыл алынышы жана милдети» деген ат менен жакында жарык көрдү.
Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун укуктарын кеңейтүү зарылдыгы бар. Ушул мазмундагы отчетту учурда Бириккен Улуттар Уюмунун долбоорунун негизинде Польша Омбудсманынын орун басары Ежи Щвенткевич даярдоодо. Бул тууралуу миссия башчысы 15-апрелде өткөн маалымат жыйынында журналисттерге маалымдады.
Бишкек-Торугарт жолунда автоунаада күйүп кеткен кытайлык жарандардын сөөктөрү дүйшөмбү күнү эртең менен өз мекенине жөнөтүлдү. Ушул кайгылуу окуяда набыт болгон кыргызстандык үч кишинин ким экендиги учурда аныкталууда. Ал эми кылмыш фактысы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыга элек.
Кыргызстандагы бийликтин каршылашы, «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов кечээ Юстиция министрлигине таандык № 19 - колонияга которулду. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды, мамлекеттик мүлктү уурдап-тоноду деген айып менен эки ирет сот жообуна тартылган саясатчы үч жылга жакын Кыргызстандын Коопсуздук кызматынын убактылуу абагында кармалып келген.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф Тышкы иштер министрлигинде биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар Ирактагы азыркы жагдай туурасында журналисттер менен ой бөлүштү.
Кыймылсыз мүлккө cалыктын кириши калктын жарды катмарынын жашоо-тиричилигине терс таасирин тийгизбейби? Кыргыз өкмөтү салыктын киришине байланыштуу кандай социалдык кепилдиктерди бере алат? Ушул жана башка маселелерди 7-апрелде Кыргызстандын Кесиптик бирикмелер федерациясынын жамааты өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда талкуулады.
Кыргызстандыктар Ирак согушунун жүрүшүн маалымат каражаттары аркылуу башынан бери ынтызар акмалап келатышат. Акыркы күндөрү «Ирак согушуна катышууну каалаган ыктыярдуулар көбөйүп жатат» деген имиштер эл арасында тарай баштады. Мындай божомолду бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири да жазып чыкты. Кыргызстандык ыктыярдуулар тууралуу божомолдун чындыкка канчалык жакындыгы бар?
Коопсуздук Кеңешинин 31-марттагы чечимине ылайык өлкөдө эми Коррупцияга каршы саясат агенттиги жана Мамлекетти ак ниет башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, атайын стратегия даярдала турган болду. Ал эми коррупцияга каршы күрөштү жөнгө салуу милдети толугу менен Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө жүктөлдү. Коопсуздук Кеңешинин мындай тыянагына саясатчылар кандай көз карашта?
Бүгүн Бишкекте Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму болуп, анда коррупцияга каршы күрөш жана энергетикалык коопсуздук маселелери талкууланды. Отурумда президент Аскар Акаев бул эки маселени жөнгө салуу өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн башкы булагы экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кезексиз кароого киришти. Ушул жылдын апрелинен тартып ишке кирээри көрсөтүлгөн долбоор Кыргызстандын шаарларындагы кыймылсыз мүлккө салык киргизүү максатын көздөйт.
Бүгүн Германия Федеративдик Республикасынын ЕККУдагы элчиси менен кыргыз президенти Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жагдайларын талкуулады.
12-16-мартта кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссия Ташкенде кезектеги отурумун өткөрдү. Ташкен отуруму чек арадагы талаштуу маселелердин айрымдарын чечүүгө мүмкүндүк түздү. Анын жыйынтыктары тууралуу бүгүн Бишкекте тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева маалымат берди.
Аксы окуясынын бир жылдыгына байланыштуу бүгүн Бишкекте парламент имаратынын алдында жана М. Горький гүлбагында курман болгон аксылык демонстранттар эскерилип, аларга арналып куран окулду. Коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын жана «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын, оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын өкүлдөрү катышкан бул иш-чараны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери сырттан.
Бүгүн Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Чек ара кызмат башчылар кеңешинин 46-отуруму өттү. Анда 10 өлкөнүн чек ара кызмат жетекчилери күн тартибине кирген маселелер боюнча чечим кабыл алышты. Чек ара кызмат жетекчилерин ушул эле күнү кыргыз президенти Аскар Акаев кабыл алды. Кеңешке кирген өлкөлөрдүн ичинен Түркмөнстан менен Өзбекстандын чек ара кызмат жетекчилери Бишкек отурумуна катышкан жок.
Дагы жүктөңүз