Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XIV сессиясы ишин баштады. Палата кезектеги бул сессиясында 35 маселени талкуулашы керек. Алардын алгачкы төрт маселесин палата алгачкы отурумунда талкуулап, чечим чыгарды.
Конституциянын жаңы редакциясына таянган кыргыз парламенти өзүнүн президент тарабынан таркатылаары же өзүн-өзү таркатаары тууралуу божомолдорду жокко чыгарды. Ошондой болсо да азыркы Жогорку Кеңештин өткөөл парламент катары мөөнөтү бүткөнгө чейин иштешин Башмыйзамга жараша «Регламент жөнүндө» ийкемдүү мыйзам кепилдей алат. Бул мыйзам парламенттик талкууга ушул аптада коюлаары күтүлүүдө.
Кыргызстанда 2007-жылы Интернет тармагынын ылдамдык деңгээли азыркыдан 100 эсе жогорулап, «дүйнөдөгү эң компьютерлешкен өлкө» деген абройго жетмеги шарт. Ушундай максатты алдыга койгон информатизациялоо программасын Транспорт жана байланыш министрлиги бир катар өнөктөштөрү менен иштеп чыгып, президентке сунуштады.
Кыргызстанда Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш түзүлдү. Кеңештин уюштуруу жыйыны 4-мартта Өкмөт Үйүндө өтүп, аны президент Аскар Акаев жетектеди. Мындай уюмга кайчы пикирдеги айрым оппозициялык саясатчылар бул аракетти президенттин өз бийлигин бекемдөөчү кезектеги кадамы катары баалашты.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун талкуулоого киришти. Жаңы Конституцияга ылайык иштелип чыккан бул долбоор Эл өкүлдөр жыйыны даярдаган бир, Мыйзам чыгаруу жыйыны сунуштаган эки долбоордун негизинде иштелип чыгып, палатанын талкуусуна коюлду.
Өткөн айда жаш социологдор тобу Кыргызстандагы саясий партиялардын азыркы ишмердүүлүгүн талдап чыгышкан. Жыйынтыгында саясий партиялардын саны көп болгону менен, таасири аз деген тыянакка келишкен.
6-мартта Бишкекте «Кыргыз мамлекеттүүлүгү: тынчтык жана бейпилдик» деген аталышта элдик курултай өтөт. Мындай чечимге уюштуруу тобу кыргыз президентинин макулдугун алгандан кийин келди. Курултайды өткөрүү тартибин уюштуруу тобу журналисттерге 26-февралда жарыя кылды.
25-февралда Бишкекте Кыргызстандагы саясий партиялардын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. «Келечек долбоору» аттуу саясий иликтөөлөр фонду уюштурган тегерек үстөлдөгү бул талкуу өлкөдөгү ар кыл көз караштагы жоон топ саясий партиялардын лидерлеринин башын бириктирди.
Кыргызстанда жаңы түзүлгөн Акыйкатчы институтунун алгачкы уюштуруу иштери кандай жөнгө салынууда? Бул маселенин айланасында Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Кыргызстан региондору – Оң ордо» депутаттык тобу түзүлдү. Мурдагы эки топтун башын кошкон бул бирикменин курамы депутат, экс-премьер-министр Курманбек Бакиев менен толукталды.
Сауд Арабиясына ажылык сапарга кеткен кыргызстандык мусулмандардын ичинен төрт жаран набыт болушту. Бул тууралуу маалыматты 18-февралда Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмиратындагы Кыргызстандын башкы консулдугунун билдирүүсүнө таянып таратты.
Европарламент Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтык жагдайына жана Кыргызстандын өзүндөгү саясий кырдаалга байланыштуу парламенттик угуу өткөрдү. 12-февралда Страсбург шаарында өткөн бул жыйында Кыргызстандан барган расмий бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрү билдирүү жасашты. Расмий делегациянын курамында Страсбургга барып келген биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов 17-февралда Бишкекте журналисттерге иш-чара боюнча маалымат берди.
Кыргызстан Ирактагы кырдаалдын саясий жол менен чечилишин жактайт жана 2-февралда өткөн референдумга карата АКШ өкмөтү менен айрым эл аралык уюмдардын сын пикирлерине макул эмес. Мындай билдирүүнү 12-февралда тышкы иштер министрлиги таратты. Ушул эле күнү республиканын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов маалымат жыйынын өткөрдү.
10-февралда аялдардын диний эркиндигин коргогон «Мутакалим» коомдук бирикмеси конференция өткөрдү. Ислам динин туткан аялдардын калың катмарынын башын бириктирген бул уюм мындай жыйынды өткөн жылы Курман айттын алдында алгачкы ирет өткөргөн эле.
Билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурова менен маек.
2-февраль - бүткүл элдик референдум күнү Бишкек шаардык ички иштер кызматы киши уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми 4-февралда бул фактынын негизинде шаардык ички иштер кызматы Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын жетекчилигин аңгемелешүүгө чакырып жаткандыгы тууралуу маалымат тарады.
Референдумга байкоо жүргүзүү боюнча коомдук штаб 2-февралдагы бүткүл элдик референдумга алгачкы баасын берди. Ушул эле күнү «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы өз байкоолорунун болжолдуу жыйынтыгын жарыя кылды.
Жаз айларында Бишкекте «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деп аталган көз карандысыз басма үйү ишин баштай турганы болжолдонууда. Америка Кошмо Штаттарынын «Фриидом Хаус» фондунун долбоорунун негизинде түзүлүп жаткан бул басма үйү 2002–жылдын 30-декабрында Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. «Азаттыктын» суроолоруна фонддун «Глобалдуу тренинг жана адам укугун колдоо» долбоорунун директору Майк Стоун жооп берет.
Кыргызстандагы референдумга Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму баш болгон эл аралык байкоочулар катышпайт. Ушуга байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар өткөн аптанын этегинде референдум мөөнөтүн узартуу сунушун киргизген билдирүүлөрдү таратышкан. Кыргыз бийлиги айрым эл аралык уюмдардын дооматтары референдумдун мөөнөтүн узартууга негиз болуп бербей турганын билдирди.
Референдумду өткөрүү боюнча коомдук штаб 27-январда билдирүү таратты. Ал расмий бийликти, элге түшүндүрүү иштерин өз кызыкчылыгын көздөп гана жүргүзүп жатканы үчүн айыптады. Билдирүүгө байланыштуу чакырылган пресс-конференцияда штаб мүчөлөрү бийлик тарабынан президентти жактабагандарга кысым көрсөтүлүп жаткандыгын маалымдашты.
Дагы жүктөңүз