"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткенге чектеш Тажикстандын Исфара шаарындагы атышууда төрт жоочу жок кылынып, бирөөсү колго түштү. Андан бир милиция кызматкери да жараат алды.
Баткен областына чек араны бузуп кирип, Ворух анклавына өтүп кеткен куралдуу топту издеп жок кылуу боюнча кыргызстандык жана тажикстандык чек арачылар биргелешкен операция жүргүзүүдө.
Баткен областына Тажикстан менен чектешкен жагынан түн ичинде чек араны бузуп өткөн куралчан топ басып кирди. Алар кыргыз чек арачыларына куралдуу каршылык көрсөтүп, тоо таянып качып жашынышты.
Кадамжайдын мурдагы акими А. Ташов кызматтан алынышын облус башчысынын акча топтоо талабын аткарбай коюшу менен байланыштырса, губернатор М. Жумабеков аны четке кагууда.
Кыргыздардын аш-тойлору заманга жараша өзгөрүп жаткан менен мурдагыдай эле көп ысырапкорчулукка жол берилүүдө.
Айылдан келип билим алууну калаган жаштар батирден батирге көчүп же тааныштарында жашап окушат
Жаңы окуу жылынан тарта кирип жаткан мугалимдерге окуучунун санына жараша айлык төлөө ыкмасы кошумча түйшүк жаратышы мүмкүндүгү айтылууда.
Баткендин Өзбекстан менен чектешкен Чечме айылынын тургундары өз булагына жете албай, кошуналардын кысмагына кабылууда.
Он жыл мурда бир топ күн эл аралык террорчулардын барымтасында калган Баткендин Зардалы айылында азыр да жашоо-шарт оор.
Баткендин Чарбак айылындагы кыргыз чек арачыларына өзбек жарандарынын кол салуу аракети чырга айланып, тополоңдон эки кыргыз жараны жабыркады.
Өткөн жумадан баштап Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын экинчи базасын ачуу маселеси массалык малымат каражаттарында байма-бай айтыла баштады. Ал эми баткендиктер болсо кошуналар менен мамиле ансыз да жакшы эмес болуп турганда бул иш чара маселени оорлотушу мүмкүн дешет.
Президенттикке талапкер Курманбек Бакиев Кызыл-Кыядагы өз продукциясын чыгара элек цемент заводунда болду. Ал заводду курууга салым кошкон бир катар адамдарга сыйлык тапшырды.
Президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Баткендеги штабы талапкер Курманбек Бакиевди талапкерлердин катарынан чыгаруу маселесин козгоодо. Талапкердин облустагы штабынын башчысы Ташболот Балтабаевди аймактагы кабарчыбыз кепке тартты.
Баткендиктер көбүнчө кошуна Тажикстандын ооруканаларына барып текшерилүүгө мажбур. Мындай көрүнүш дарыгерлердин сапатынан эмес, алардын жетишпестигинен болууда.
Президенттикке талапкер Курманбек Бакиев 29-июнда Баткен шаарында шайлоочулар менен жолугушту. Жыйын алдын-ала даярдалган сценарий боюнча өтүп, жергиликтүү бийликтин ашыра даярданганы өлкө жетекчисине анча жага бербеди. Жолугушууда аксакалдардан, жаштардан, аялдардын өкүлдөрү сүйлөп, баары жалаң ыраазычылык айтып, 147 пайыз добуш беребиз дегендер да болду.
Президенттике талапкер Алмазбек Атамбаевдин түштүк жергесинде жолугушуулары бүгүн Баткенде жыйынтыкталды. БЭКтин талапкеринин облус борборундагы шайлоочулар менен жолугушуусу бийлик тарап менен оппозицияга тарапкер аялдардын чыры менен коштолду.
Өлкөдө президенттик шайлоо жарыяланганы жаштар үчүн кыйла түйшүктү жаратканын баткендик студенттер айтышууда. Анткени алар жайкы эс алуунун ордуна желек көтөрүп К. Бакиевди тосуп алууга камынышууда.
Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Баткендеги штабы облустук шайлоо комиссиясын сотко берди. Ага эмне себеп болгонун билүү үчүн аталган талапкердин облустагы штабынын башчысы Ташболот Балтабаевди аймактагы кабарчыбыз сөзгө тартты.
Өлкөдө мугалимдердин жетишсиздигинин айынан, студенттерди да ишке тартуу уланууда. Мектепти жаңы эле аяктап, ЖОЖдо сырттан окуп, бир эле мезгилде мугалим болуп жүргөн жаштар устаздык талапка жооп беришеби?
Баткенде президентикке талапкер Алмазбек Атамбаев үчүн кол тамгалдарды топтоп, шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун көзөмөлүнөн өткөрүү бир кыйла түйшүктөрдү жаратканына карабай үч миң кол тамга тапшырылган. Анын 24 пайызы жараксыз деп табылып, жумушчу топтун текшерүүсү өтө катуу деңгээлде жүргөн. Ушул кол тамга топтоонун жүрүшү тууралуу Бириккен элдик кыймылдын облустук штаб жетекчиси Бакир Имаров “Азаттык” менен маектешти.
Дагы жүктөңүз