"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
25-августта Бишкекте IFES эл аралык уюму өлкөдөгү шайлоо процессин жакшыртуу максатында жыйын өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясый партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, ой- пикирлерин билдиришти.
23-августта Бишкекте БУУнун СПИДге, кургак учукка жана безгек илдетине каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонду каржылаган долбоорлордун аткарылышы талкууланды. Ага фонддун Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү долбоорлорунун аткарылышына жооптуу өкүлү Валерий Чернявский катышты.
23-августтагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема Башкы прокуратуранын суроолоруна жооп бериш үчүн экс-премьер-министр Николай Танаевдин Бишкекке келиши болду. Кыргызстандын маалымат айдыңында орус тилинде “Новый Кыргызстан” аттуу жаңы гезиттин тушоосу кесилди.
18-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү. Шаар башчылыгына өлкө президенти тарабынан Аскар Салымбеков менен Арстанбек Ногоевдин талапкерлиги сунушталды. Буга чейин шаар башчысынын милдетин аткарып келген Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков шайлоо алдында өз талапкерлигин алып койгондуктан шайлоо атаандашсыз өтүп, вице-мэр Арстанбек Ногоев шаар башчылыгына шайланды. Аны шаардык кеңештин шайлоого катышкан 40 депутатынын 37си колдоду.
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен 18- августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо белгиленген. Мэрди шаардык депутаттар 4 жылга шайлайт.Учурда шаар тургундары баш калаанын мэри ким болоор экен дешип, кулак түрүп турган кез.
16-августта жарык көргөн “Эркин тоо” гезити Үркүндүн 90 жылдыгына “Асаба“ партиясы тарабынан уюшулган экспедиция тууралуу партиянын лидерлеринин бир Дөөлөт Нусупов менен маекти жарыяланды. Анда “Асаба” партиясынын 7 мүчөсү, журналисттер Бедел ашуусуна барып, Үркүндө курман болгондордун сөөктөрүн таап, бата кылышып, жерге көмүлгөнү, бул жерди сыйынуучу ыйык жайга айландыруу керектиги тууралуу кеп болот. “Бедел ашуусунан Үркүндө курман болгондордун 7 кабыргасын Бишкекке алып келип, экспертизага тапшырдык. Бул тарыхый окуяны кыргыздарды геноцид кылуу катары баалоо керек” дейт Дөөлөт Нусупов.
Мындан бир ай мурда Вильнюс шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 2 алтын жана 2 коло медаль утуп алышкан. Ал эми 10 күн мурда Жапониянын Ибараки шаарынан Азия чемпионатында кыргызстандык уландар 1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байгелүү болуп келишкен. Күч сынашуулардын жыйынтыктары Кыргыз туризм, спорт комитетинде бир айдан кийин белгиленди.
Куш тумоосу мындан жүз жыл мурда Италияда биринчи катталган. Жай чилдесинде Орусияда куш ылаңы башталып, учурда ал кошуна Казакстан менен Монголияда да табылганы кыргызстандыктарды да кооптондура баштады. Кыргызстанда учурда куш ылаңы катталган жок. Учурда өлкөдө илдеттин алдын алуу чаралары көрүлүүдө.
«Эл ичи- өнөр кенчи» дегендей элет жеринде техниканын тилин билген, ал түгүл өздөрү ойлоп таап, жоктон бар кылган жаштар да бар. Ошондой техникага шыктуу жигиттин бир - Ишен Исмаилов Аксуу районунун Керегеташ айылында жашайт.
5-август күнү кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Белгилүү сатирик жана лирик акын катары таанылган маркум Эсенгул Ибраев чыгармачылык жолунда ырлардан, сатиралардан жана поэмалардан куралган 30га жакын жыйнак чыгарган.
6-августта Бишкекте мындан 60 жыл мурда Жапаниянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган атом бомбасынан курман болгондор эскерилди. “Тынчтык күнү” деп аталган бул акцияны кыргыз-жапан кызматташтык борбору уюштурду.
Эртең 6-августта Финляндиянын борбору Хельсинкиде жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Ал мелдеште Кыргызстандын намысын эки гана спортчу коргомой болушту. Алар кимдер жана дарамети, мүмкүнчүлүктөрү кандай?
4-августта Жапан мамлекетинин Нагоя шаарында өтүп жаткан эл аралык “ЭКСПО-2005” көргөзмөсүндө Кыргызстандын күнү белгиленди. Көргөзмөгө кыргызстандык кол өнөрчүлөрүдүн буюмдары, түрдүү экспонаттар коюлган.
Өлкөдө яхта, парус боюнча спорт түрүн өнүктүрүү үчүн Ысыккөл абдан ыңгайлуу. “Дордой” ассоциациясы 2002-жылдан бери кичи яхталарды куруп, анын үчөө Ысыккөлгө жеткирилген. Узундугу 8 метрлик яхталарга 7-8 киши түшүп, көл үстүндө сейилдөөгө ылайыкташкан. Ушул ассоциация жакында эле Кыргызстандагы алгачкы 15 метрлик “Шаршенбай М” деген аталыштагы яхтаны куруп, Бишкектен Ысыккөлгө жеткирди.
Азия спорттунун тарыхында жайкы биатлон боюнча биринчи Азия чемпионаты кыргыз жергесинде чолпоната шаарында мындан 2 жыл мурда өткөрүлгөн. Ошондон бери жыл сайын жайкы биатлон боюнча Азия Кубогу же биринчилиги Ысыккөлдө өткөрүү салтка айланып баратат. Бул жолку Азия Кубогунда караколдук Жамила Турарбек кызы 2 алтын медаль жеңип, Азия аймагына таанылды.
Кыргызстандын тарыхында чет өлкөдө биринчи жолу кыргызга эстелик коюлду. Советтер Союзунун баатыры Жумаш Асаналиев Белорусияда кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согуш убагында салгылашкан. Эми анын жаркын элесине Минскиде эстелик тургузулду.
6-июлдан 11-июлга чейин Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар ийгиликтерге жетишип, 2 алтын, 2 коло медаль утуп алышты.
Президенттик шайлоонун жыйынтыктары, Курманбек Бакиевдин жеңиши, шайлоонун жүрүшү өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема болууда.
Кыргызстанда президенттик шайлоодо добуш берүү 10- июлда саат 21де аяктап, бюллетендер саналып жатса, чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар убакыттын айырмасы боюнча жаңы эле добуш берип бүтүштү.
10-июлда саат 10 жарымда президенттикке талапкерлердин бири Кеңешбек Дүйшөбаев Бишкектеги экономика жана менеджмент инситутунун имаратындагы №1148-шайлоо участогуна жубайы менен келип добуш берди.
Дагы жүктөңүз