"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.
Орусияда борбор азиялык мигранттардан түзүлгөн "ГТА" бандасынын үстүнөн сот башталды. Февралда төрт жашар наристенин өлүмүнө шектелген Гулчехра Бабакулованы орусиялык адистер оорулуу деп аныктады. Орус премьери Медведев Мамдумадан мигранттарга жеңилдик сурады.
Тверь шаарында кыргызстандык өспүрүмдөрдүн тобу каракчылык, талап-тоноо сыяктуу оор кылмыштарга шектелип сот чечимин күтүп жатат. Алар шаарда таксист болуп иштеген айдоочуларды ээн жерге алып барып сабап, автоунааларын тартып алышкан деп айыпталууда.
Москвада кыргызстандык мигранттардын арасында улуттук ID паспортко байланышкан мыйзамсыз иштер көп катталууда.
Орусиялык басмалар акыркы жума ичинде Түркмөнстанда жаңы Баш мыйзам кабыл алынарын, Тажикстанда 12 миң жаран майыптык пенсиядан ажыратылганын, Өзбекстанда 43 өндүрүш ишканасы ишке киргенин, ал эми Казакстан диний радикализмге каршы мыйзамдарды катаалдаштырып жатканын жазып чыгышты.
Орусияда ишсиз, үй-жайсыз, каралашкан туугандары жок көчөдө калып, селсаяктын күнүн көрүп жүргөн мекендештерибиз көп эле кездешет.
Москвага кыргызстандык ырчылар ат тезегин кургатпай келип турушат. Мурда концерттер чакан кафелерде уюштурулуп келсе, эми Москва дарыясында кемеге түшүп же оюн-зоок менен коштолгон шоу программасы бар түнкү клубдарда жылдыздар менен эс алуу жөрөлгөсү модага айланган.
Орусияга иштөөгө барып, ар кандай оор сыноолордон улам үй-жайсыз көчөдө калып, кайыр сураган кыргызстандыктар жөнүндө кез-кезде айтылып келет. Ал эми Орусияга атайын кайыр сурап баргандар буга чейин болгон эмес.
Москвадан 500 чакырым алыстыкта жайгашкан Воронеж шаарында иштеген кыргызстандыктар Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин жанына кыргыздардын конок үйүн тургузууга бел байлашкан.
Орусиялык басылмаларда акыркы жума ичинде Кыргызстандагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар, Орусиянын тажик мигранттарынын үй-бүлөлөрүнө жардамы, 20 жылдан бери талашы бүтпөгөн Каспий деңизи тууралуу макалалар жарыяланды.
Бүгүнкү күндө беш миллион калкы бар Санкт-Петербург шаарында расмий маалыматтар боюнча 12-13 миң, ал эми такталбаган маалыматтар боюнча андан эки эсе көп кыргызстандык мигрант эмгектенет.
Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев "Азаттыктын" миграция, соода, экономикалык алака жана адам укугу жаатындагы суроолоруна жооп берди.
Орусияда террордук жана экстремисттик кылмыштар үчүн жаза күчөтүлдү. Өткөн жумада Думанын депутаты Ирина Яровая менен Федерация кеңешинин мүчөсү Владимир Озеров сунуштап чыккан мыйзам долбоорлор түрмөгү кабыл алынып, ага президент Путин 7-июлда кол койду.
Орусиянын Думасы жакында Тажикстан Евразиялык биримдикке кирет деп күтүүдө, орусиялык "Газпром" "Түркмөнгаздан" 5 миллиард доллар талап кылууда, ал эми Кремл Украинадан Орусия аркылуу Казакстан менен Кыргызстанга өтчү жүк ташуучу авто жана темиржол каттамдарын токтотту.
Москвада мекендештер мигранттык турмуштун сыноолорунан тышкары чоң шаарда көз боёмочу шылуундардын торуна түшүп, акчасынан ажырап, жагымсыз жагдайларга туш болуп келет.
Орусияда өз алдынча жеке ишкердикке өтүп, ал жакта мигранттарды жумуш менен камсыз кылган кыргызстандыктар күн санап көбөйүүдө. Москвада эки жылдан бери бир нече сулуулук салонун иштетип, мекендештерине ондогон жумуш ордун түзгөн Жылдыз Кадыралиева тууралуу видео баянды сунуш кылабыз.
Владимир Путин орусиялыктардын Түркияга барышына карата чектөөнү алгандан бери орусиялык турагенттиктер түрк курортторуна сатылган жолдомолор 40 пайызга чейин көтөрүлгөнүн айтышууда. Ал эми адистер орусиялык туристтердин Түркияга агымы бир нече жагдайларга байланыштуу жылдагыдай болбостугун белгилешет.
Акыркы жума ичинде орусиялык маалымдоо каражаттары Кыргызстанда балдардын көп чарчап жатышы, жарандык боюнча тажик-кыргыз макулдашуусунун жокко чыгарылышы, өзбек-тажик алакаларынын жакшырышы тууралуу жазып чыкты.
“Журтташтар” түмөгүнүн коногу – мекендешибиз Самат Анарбеков. Ал ушу тапта Москвадагы италиялык алдыңкы ресторандардын биринде брендшеф. Ишкердикти ашпозчулуктан баштаган Саматтын бүгүнкү ийгилигинин сыры эмнеде?
Москвада мурдагы президент Курманбек Бакиевдин атынан кыргызстандыктарга ифтар уюштурулуп, ага эки жүздөй адам катышкан.
Орусияда үй кызматында бала багып же кары-картаңдарды карап иштеген кыргызстандык кыз-келиндер арбын. Үй кызматчысынын жечү тамак-ашы бекер, жашачу жери белен делген менен жумуш берүүчү менен бирге жашап, күнү-түнү кызмат кылуунун оорчулуктары дагы бар. Айкөл Сулайманова Москвада 81 жаштагы орус кем
Дагы жүктөңүз