"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
“Ооган согушунун ардагерлери” партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбеков үч кылмыш иштин негизинде кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
12-ноябрда Бишкекте судьялар кезексиз курултайга чогулуп, соттор тууралуу мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы бекиди.
Дүйнөлүк Банктын ишкердикке шарт түзүү боюнча “Doing Business” рейтингинде Кыргызстан 44-орунду ээледи.
Азыр Сауд Арабияда жүргөн Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын Ажылык боюнча штабынын башчысы Жусуп Балтабаев ажылык сапарды уюштуруп өткөрүү боюнча "Азаттыкка" соңку маалымат берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы “Люстрация тууралуу” мыйзам долбоордун демилгечилерин каттады.
28-октябрда Тажикстан Кыргызстанга өтө жакын жайгашкан Исфара районунда атайын операция өткөргөн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов шайлоонун жыйынтыгынын чыгып-чыкпай жатышы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Болотбек Абдрахманов ажылык сапарды уюштуруу иштери тууралуу кеп салып берди.
Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова аймактагы адам укугунун абалы боюнча “Азаттыкка” маек курду.
“Трансперенси интернешнл” эл аралык уюму дүйнө боюнча паракорчулуктун деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялады.
“Ар-Намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев “Азаттыкка” 27-октябрга белгиленген акциясынан баш тартуу себебин, коалициялык өкмөт маселелери тууралуу айтып берди.
Акыйкатчы Т. Акун “Ата-Журт” партиясынын лидери К. Ташиевдин үйүндөгү окуя боюнча УКМК аракеттери толук мыйзамсыз деп эсептейт.
КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жедигер Саалаев кеңештин мүчөлөрү тарап кетпей, бул демилгени аягына чыгаруу чечимине келгенин айтат.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун доо арызын кароо мурда айтылгандай Майлуу-Суу шаарында эмес, коопсуздук чараларынан улам Таш-Көмүр шаарында болмой болду.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин үйүндөгү окуяны кокустук катары баалайт.
“Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин үйүндө болгон жаңжал боюнча текшерүү жүрүп жатат. Аскер прокурору бул окуяны саясатташтырбоого чакырууда.
Укук коргоочу А. Абдрасулова июнь коогасы боюнча сот жараяндарына катышып жаткан жактоочулардын коопсуздугуна байланышкан жагдай тууралуу суроолорго жооп берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын санап бүтпөй жатат. Ал ортодо шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышууда.
Комиссия Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңдын себептерин талдайт жана мындай окуялардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
Шайлоодо жеңген партиялар коалицияга биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Бирок мындай аракеттерден азырынча бир жыйынтык чыга элек.
Дагы жүктөңүз